presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Өнөр кенчи
Үсөн Сарыбаев, сүрөтчү:
"Менин чыгармачылыгымды
баалап, эстеген киши жок..."
- Үсөн байке, жакында эле Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде жеке көргөзмөңүздү ачып, башка картиналарыңыз менен кошо "Кыргыздар" деген аталыштагы көлөмдүү картинаңызды дагы көргөзмөгө койгон экенсиз, ошол картинаңыз тууралуу айтып берсеңиз?
- Ал картина мындайча башталган. Акаевдин убагында Чынгыз Айтматовдун иниси Илгиз Айтматовдун портретин тарткам. Аны тарткандан кийин эле ал киши мага "менден эмне жардам керек" деди. Эч нерсе кереги жок, болгону өнөркана ачып берсеңиз, десем "Бета сторес" соода борборунун артынан чакан өнөркана ачып берди. Тарткан портретимди болсо агасы Чынгыз Айтматовго көрсөткөн экен, Ч. Айтматов, "бул жигиттин колунан келчүдөй экен, материалдык жактан жардам бер" деп Мукай Кыштобаев деген бизнесмен жигитке тапшырды. Ошону менен иш башталып, Муратбек Бегалиев, Союзбек Салиев, жеке ишкер Жумабек Токтогазиев, Садык-Шер, Аскар Салымбеков, Акыл Осмоновдор жардам беришти. Бирок картина толук бүтпөй, тогуз жылга созулуп кетти. Бүтпөгөн себеби, Ч. Айтматовдун көзү өткөндөн кийин таасири өтө күчтүү адамдар картинанын бүтпөй калышына колдон келген аракетин көрүштү. Бакиев бийликтен куулгандан кийин "Актык" дары суусунун негиздөөчүсү Баатыр Исмаилов баардык жоопкерчиликти мойнуна алып, аталган картинаны бүткөрүп берди. Баса, картинанын башталганына жарым жыл болгондон кийин тунгуч ханайым Майрам Акаева атайын келип көрүп, иштин жүрүшүнө өзүнүн адамдарын жиберип көз салып турду. Алар качып кеткенден кийин президент Бакиевди кошпой эле тартып жаткам. Ал угуп калган экен, бир күнү Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын ректорун жибериптир. Ал келип эле "картинага шефтин сүрөтүн кошпосоңуз болбойт"- деди. Мен көп көңүлдөнбөй Бакиев кийин Акаевдей болуп качып кетпейби десем, тиги " жок антпейт, Бакиев азыр Разаковго окшоп төртүнчү класска чейинки мектеп окуучуларына ысык тамак бердирип жатат, Нарындын жолун оңдоп, аксакалдардын пенсиясын көбөйтүүдө"- деп Бакиевди мактап кирди. Ары ойлонуп, бери ойлонуп, бул маселени мен чечпейм, көркөм кеңеш деген бар, ошол чечет дедим дагы, көп өтпөй эле Ч. Айтматовго телефон чалып, окуяны түшүндүрүп айттым. Айтсам ал өзүң бил деп койду. Кыскасы ошентип Бакиев да сүрөткө кошулуп калган. Анан Бакиевдер менен сүрөттүн баасын бычыша баштадым. Жаныш Бакиев "баасы канча болот" деп суратыптыр. Мен болсо президент менен баа бычышпайм, көңүлүңөрдөн чыкканыңарды бергиле, Европада уйдун сүрөтү түшүрүлгөн картинаны аукционго коюп, беш миллион долларга сатышты, мен беш миллион дебейин, бир миллион доллар бергиле дедим. Эртеси эле алабыз деп келишти. Кайда алып барып илесиңер десем Ак үйгө алып барып илебиз дешет. Мен ойлогом музейге алып барып илет го деп. Ошону менен Ак үйгө алып барып илебиз дегенинен бербей койдум. Алар дагы кайра кайрылып сурап келишкен жок.
- Сүрөтчү эмес жазуучу да болуп чыгарма жазат экенсиз, Рыспай Абдыкадыров жөнүндө повесть жазыптырсыз. Окуп чыктым. Сүрөтчү болбой жазуучу болсоңуз деле болмок экен го...
- Рыспай жөнүндө жазгам. Аны окурмандар бааласын. Учурда дагы эки-үч китептик кара сөз чыгармаларымды жазып, басууга даярдап койдум. Буюрса каражат болсо эле чыгарам.
- Ушундай талантыңызды мамлекет кандай баалай алды?
- Курманжан Датканын генерал Скобелев менен жолуккандыгы тууралуу картина тартып, төрт жыл мурун Токтогул сыйлыгына көрсөткөм. Комитеттеги Тургунбай Садыков, Аскар Исаев, Сарман Асанбеков, Юристанбек Шыгаев баардыгы картинамды жактырышып, жогору баа беришкен. Ал тургай жогорудагы Токтогул сыйлыгына дагы көрсөтүшкөн. Бирок ошого карабай аталган сыйлыктын ээси Бексултан Жакиев колунан келет экен, сыйлыкты бербей койду. Анан кечээ Жакиев "Ата-Бейиттеги" Айтматовду эскерүү кечесинде "эл арасында талантуулар көп, аларды биз колдошубуз керек" деп сүйлөп турат.
- Буга чейин жок дегенде бир жолу сыйлык менен сыйландыңыз беле?
- Эч кандай сыйлык, наамга ээ боло элекмин. Былтыр Курманжан Датканын 200 жылдыгына ага тиешеси бар чыгармаларды жараткан инсандардын көбүнө сыйлык ыйгарып, мени унутуп коюшту. Ошондой эле быйыл дагы Г. Айтиевдин жүз жылдыгына карата сыйлык уюштурулуп, анда да мен эске алынган жокмун. Айтор, менин чыгармачылыгымды баалап, эстеген киши жок.
Даярдаган
Мирлан АЛЫМБАЕВ




кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??