presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Советбек Байгазиев,
филология илимдеритнини доктору, профессор:
"Мезгилинен
озгон обончу"

Рыспай Абдыкадыров - мен үчүн улуу обончу-композитор. Ал 60-жылдары чыкканда эле обондору жандүйнөгө бүлүк салып, такыр башкача стилде ырдап чыккан. Мага бала кезимде Мыскал Өмүрканованын комуз менен ырдаганы өзгөчө таасир берип келсе, 60-жылдардан тартып Рыспай Абдыкадыровдун ырлары өзгөчө обондуулугу менен өзүнө тартып, анын обондорун жаттап алып, ырдап жүрчүмүн. Мен 1969-жылы университетти бүтүп, армиянын катарына чакырылып, Казакстандын Семипалатинск облусунда кызмат кылып, полкто казак балдар көп эле, ошолорго Рыспай Абдыкадыровдун "Түгөйүм" деген ырын ырдап берсем, алар "ушундай да ыр барбы" дешип аябай таңгалышып, кайра-кайра ырдатышар эле.
Көрсө, Рыспайдын обондору бардык калктарга, жалпы адамзатка жаккан обондор экен. Обондорунун кайрыктары нукура кыргызча, аны укканда менин көзалдыма кыргыздын Ала Тоосу, жандүйнөсү көзалдыма элестейт. Обондуу кайрыктарынын тамыры кыргыз музыкасынын түпкү тамырлары менен ашташып, мурдагы салттан өнүп чыккандай, кыргыз музыкасынын нукура уландысы катары сезилет.
Кыргыз обондорун жаңы бийиктикке көтөрүп чыгып, дүйнөлүк деңгээлдеги кайталангыс обондуу кайрыктары ар бир кыргыздын жүрөгүндө жашайт. Абай Кунанбаев айткандай "кулактан кирип бойду алган" улуу обондорду укканда, жандүйнөңдө бороон жүрүп, бүлүк түшөт.
Анын обондорунун масштабы чоң, горизонту кенен мейкиндиктерге обон кайрыктарын алып чыккандыгы менен да өзгөчөлөнөт. Бул - кыргыз элинин байлыгы. Анын жүрүм-туруму дагы көнүмүш стереотиптерге сыйбай, пассионардык толуп-ташкан энергиясы ага тынчтык бербей, жөнөкөй алкактарга сыйбай турган адам, бүтүндөй чыгармачылыгында мезгилден алдыга озгон оригиналдуу чыгармаларды жаратканы да ушундан.
Мезгилден мурун келген мындай генийлердин учурунда бааланбагандыгы,жеке турмуштарынын аянычтуулугу жана өмүрүнөн эрте кетиши,бир эле кыргызда эмес дүйнөлүк маданияттын тарыхында көпле учурайт. Мисалы, Пушкин, Лермонтов, Есенин, Высоцкий жана башкаларды улай берсе болот. Мезгилдин өтүшү менен булардын экинчи чыгармачылык өмүрү жалпы улуттун, маданияттын сыймыгы болуп кызмат кылып келүүдө.
Бирок, тилекке карышы, ал өз убагында эл тарабынан бааланса дагы, бийлик тарабынан бааланбай келгендиги аябай өкүндүрөт. Азыр деле "Эл баатыры" деген наам берсин, анын эстелигин борборго тургузсун, көчөлөргө атын койсо жарашат эле. Айыл-айылдарга кичинекей эстеликтерин туругузуп коюу туура эмес, мындай адамдар көөнөрбөс чыгармалары менен кыргызды дүйнөгө тааныткан. Жалпы улуттун маданиятын бийик көтөргөн инсандардан деп эсептейм.
Анын эстелиги азырынча Ошто гана турат. Бишкекте да эстелигин тургузуп, элибиздин сыймыгы катары "Эл баатыры" наамын берүү керек, себеби ал ошого татыктуу, улуттук масштабдагы фигура.
Булар өздөрүн эркин алып журушуп, айлана-чөйрөдөгүлөргө, учурундагы коомдук түзүлүшкө, маданий процесстердин динамикасына таасир берүү касиетине ээ болушкандыктан, алар өз учурундагы коомдук системанын запкысын тартып келишет. Мындай адамдардын катарына Рыспай Абдыкадыровдун өмүрүн жана чыгармачылыгын келтирсек болот.
Келечек муундарга Рыспай сыяктуу маданияттын мыкты өкүлдөрүнүн чыгармаларын кеңири жайылтып, мектептерде жана окуу жайларда, окуу планына киргизип, мектептерде музыка сабагынын окуу планын көбөйтүп, 1-класстан 10-класска чейин музыка сабагына Рыспай Абдыкадыровдун чыгармаларын идеологиялык тарбиянын күчтүү куралы катары пайдалануубуз керек. Бул - мезгилдин талабы.





Табылды Актанов,
КР эл артисти:
Рыспайдын ырдүйнө

1968-жылдын декабрь айы эле… Нарын драмтеатрынын ичинде бут коёрго жер жок. Ашыкем, Гүлжан эжелер баштаган филармониянын артисттери концерт коюп жатышат. Чын-чынына келгенде, мынча эл Рыспайды көрүүгө, угууга келишкен эле. Программаны түзгөндөр да элдин кусалыгын курчутуу, көксөөсүн көбүртүү үчүн Рыспайды аягында чыгарышту.


Рыспай ырдайт деп кулактандырганда, эл бир дуулдап алды дейсиң, тимеле көктөн бир укмуш ккеремет түшө тургансып, бүт көрүүчүлөр орундарынан дүр-р эте жапырт тура калып, беш мүнөттөй кол чаап, ырдаганга чамасын келтирбей алкап турушту.
Ары келбеттүү, ары сүйкүмдүү, ары жайдары көрүнүшү бүгүнкүгө чейин көзалдымдан кетелек. Ошончо көпчүлүктөн кобур-собур болмок түгүл, кымындай кыймыл, леп эткен деп жок, какайып катып калышты. Ар бир ыры бүткөн сайын ысыганча чабылган алакандар, чексиз алкоолор адамдын сезимин сөз жеткис бир ажайып дүйнөгө тартып, жүрөктөрдү элжиретип туруп алды. Тупатуура он жети ырын катарынан аткарды. Элдин кетире турган түрү жок! Рыспайдын да чарчай турган түрү жок! Рыспай менен элдин жандүйнөсү ширелишип турган мындай ырмайрамды мурда-кийин көрбөгөм. Мага ошол кечтегидей таасир берип, толкуп-ташыткан концерт али күнгө бололек десем, эч ашыра көркөмдөгөндүк болбос. Жүрөгүмө "эч теңдешсиз" деген гана сөз уялап, улуу талантка таазим этип, астейдил урмат менен чексиз ыраазылык көкүрөгүмө тунуп калды да, ошол бойдон менин жандүйнөмөн чыкпай, ушул күнгө чейин чыгармачылыгымдын күлазыгы катары жашап келет.
Бул - менин улуу талантты биринчи көрүшүм эле. Рыспай аганын да Нарынга биринчи келиши экен. Чыгармачылыктын түйшүктүү чоң босогосунда турган мен үчүн тагдырымда таяныч болотурган ошол биринчи кездешүү бөтөнчө таасир калтырып, ататегимден бери келаткан драмалык, акындык, манасчылык өнөрүмө кошо обончулук чыйырымдын ишенимдүү чыгышын шарттады көрүнөт. Мен муну алкезде аңдап билбесем да, кийин Рыспай аке менен аралашып, анын ырларын ырдап, чыгармачылык чыйырымды сынкөз менен караганга жарап калганда, ал өзүнүн турушу, обонго болгон мамилеси, дегеле артисттик маданияты менен менин тымызын устатым болуп калганын моюнга алууга тура келип жатат. Устат болуш үчүн сөзсүз эле жанаша жүрүп, өнөрүн үйрөтүш эмес. Тыныбек, Актандай атактуу тегим мени жетелеп жүрүп үйрөтпөсө да, каны аркылуу өткөн өнөрдөн башка турган турпаты, ысымдары эле мени алардын айныксыз шакирти кылып таштаган. Рыспай ага да мага ошолордой ыйык, улук туткан устатым болуп калганын ошол алгачкы жолугушуудан тарта кыягым да, кыялым да, үнүм да, түрүм да, сүйүүм да Рыспай ырчыга оой баштаганда сездим. "Рыспайды туурап жатат" - деген сөздөр мага өтө жагымдуу угулуп, жогору баалагандык катары сездим да, арданмак тургай, огобетер күчөп, окшоштура ырдадым. Рыспайга окшошуу - ал мен үчүн бийиктик эле. Ал өзүнчөле чеберчиликтин белгиси болчу. Мен адегенде ошондой түшүндүм. Көрсө, ал өз чыйырымды салганга чейинки устаттын көрсөткөн жүлгөсү, чеберчиликтин алгачкы сабактары, анан жаратмандыкка жол ачкан чыгармачыл тушоонун кесилиши экен. Жумакем, Калыйбек акемдердин мага берген устаттык угуттарына Рыспай аке май чачып жибергендей дүрт эттим окшойт, эптеп-септеп элүүдөй обондун ээси болдум. Бирок ал да чек эмес экенин ошол устаттарым тынбаган мээнет менен жаратып кеткен нечен жүздөгөн обондорунун мисалы мени да тынч жаткырбай, эл үчүн кызмат кылуунун үлгүсү болуп каларын ырастап турат.
Бул жагынан тагдыр мага жылмайды! Улуулуктун түздөн-түз берген таасири, шыбагасы. Кандай болгон күндө да обончулардын тобунда аталып келем. Улуу Жумамүдүндүн, Калыйбектин, анан, албетте, Рыспайдын шакирт-жолдоочусумун. Эгер тагдырдын жазмышы менен ушул улуу адамдарга жолугушпай, иштешпей, таасирленбей, ататегимдин каны менен келген өнөрдүн өтөсүнө чыккан болсом, азыр башка аткаруучулар аздектеп ырдап жүргөн ырларыма канат бүтпөй, балким, чыгармачылык жолум алардан башка жакка бурулуп кетмек беле, билбейм. Бирок ошол улуу устаттарыма жолуктурган тагдырыма ыраазы болуп, алардын ишенимин актасам дегенде эки көзүм төрт.
1985-жылдын июнь айы…
Нарын театры Ошко он күндүк отчёт менен барып калдык. Обулустук маданият бөлүмүнө кирип баратсам, Рыспай ага чыгып келатыптыр. Баягыдан кийин көргөнүм ошол. Учураштым.
- Рыспай байке, мен нарындык болом, мейманканага кирекетпейсизби!? - дедим. Атымды да сураган жок.
- Жүр, барса баралы, - деди. Эзелки эски тааныштардай кобурашып келатабыз. Негедир өтө көңүлдүү экен ал күнү. Мен жаткан бөлмөгө ээрчитип кирдим түз эле. Керебетте турган аккордеонду көрүп:
- Муну ким ойнойт? - деди.
Уяла түшүп:
- Мен… - дедим акырын. Эми "кана ойночу" дейт экен деп, менде жан жок, күчтүн баары жүрөгүмө чыгып, тимеле батперектей дирилдейт. Рыспайдай булбулдун алдында ойноп, ырдаш мен эмес, "мен укмушмун" деген обончу-ырчылар үчүн да оңойго турбас эле (албетте, шаңырагандар толтура дечи, бирок алардын да даап ойногонун укпаптырмын).
Кулай жалгап, аккордеонду алып, шарт асынды да, бир аз ойноп келип, ырдап жиберди. Айталбай, ыгын табалбай жүргөн жаным, жагалданып, жадырай түштүм. Уялганым кайда учуп кетти, билбейм, ошондо ичимде "ырда" десекен деп делбиреп турам.
- Ырдайсыңбы иним? Атың кимеле?
- Табылды. Анчаделе кыйраткан үнүм жок, бираз үн кошкон болуп жүрөм, байке.
- Үн керек… Эңбашкысы жүрөк керек! - Ойлонгондой, көзүн жуумп, башын саал кыйшата, - Ырда, Табылды иним! Ырда! - деди.
"Таанышыңдай карагын" менен "Ботокөздү" ырдадым. Тескери, терезе жакты карап алып ырдадым. Бурулуп, аккордеонду акырын мойнуман алып, жерге койдум. Кандайдыр күрсүнгөндөй болду. Көздөрү жашылдангандай көрүндү ошондо мага. Саамга үнсүз турдук. Эмне дээр экен деп жүрөгүм дүкү-дүкү.
- Жакшы жүрөк бар тура! Рахмат, Табылды иним. Нарында да бар турбайымбы.
Рыспай акенин ушул баасы мени бүгүнкүгө чейин шыктантат, дем берет, анткени мен үчүн эң кымбат баа! Жөн гана көңүл улап койгон сыпайылык эмес, чын көңүлүнөн чыккан ыраазылык экенин сезип, ошондогу кубанычым азыр эстесем да көңүлүмдү бир ирет гүлдөтүп ийет.

Начар ырчы, обончуларды көргөндө, "чарт эле чаап салат, өңүңө да, тегиңе да карабайт" - деп, көп адамдардан укчумун. Ошонүчүн жана ырдарда биртоп даабай туруп баштагам. Эми кичине эрдемсип калдым.
- Табылды иним, биз дагы жолугушабыз. Ошондо ырдашабыз. Азыр жанагы жерге кайра барам, бир иш калып калыптыр.
Эшикке чейин узатып чыктым. Жанымда бир артист жигит бар эле:
- Рыспай акени көрдүм ээ! Деп, төбөсү көкКө жетип ал турду. Көп нерсени ойлоп мен турдум. Чоочун эле бала жүр десе, ээрчип келеберген Рыспай акенин апендилик кыял-жоругунун аржагында адам көөнүн калтырбаган, боорукер, акпейил, эрке кыял экенине ичтен эзилип, таазим кылып турдум. Бул жарым сааттык кездлешүү мен үчүн жылга тете, балким, өмүр боюн эстен кеткис кездешүү болду. Кээде ойлосом, мага ошол кездешүү тагдырдын тартуусундай, турмушумдагы жандырмагын такыр чечалбаган бир табышмактай, сырдуу аяндай сезилип сезилип, сезимимди уялап калаберди.
Чыгармачылыкта биртууган ага кылып алам го деп, көңүлүм ток жүргөн. Жердин алыстыгы болуп, анүстүнө театр менен мурдагыдай эл кыдырмай салт жоголуп, айтор, Рыспай аке менен жолум кезилишпеди. Телевизордон 50 жылдык мааракесинде тартылган тасмадан көрүп, оорукчал экенин эшитип жүрсөм да, өлүм жөнүндө ойго эчнерсе келчү эмес. Жүрөгүмдүн түпкүрүндө бул улуу адамды жамаандыкка ыраа көргүм жок эле. Ошентип, "нарындык Рыспай" деген атак менен ырдап келем. Биржолу "Ырдүйнө" деген ырымды угуп, Түгөлбай: "Рыспай деген ооруң айыга элекпи?" деп күлөт. Жөнү бар эле, анткени ошол жылдардагы обончу-ырчылар "Рыспай деген ооруу" менен ооруган эмеспи.
1993-жылдын күзүндө Рыспай аке чыгармачылыгынын 35 жылдыгын берген акыркы концерттин эртеси "Миң түркүн" дүкөнүндө саат карап жүрүптүр. Шашып чыгып бараттым эле… Акыркы элеси ошол болду…
Элимдин ырдүйнөсүндөгү сүйүктүүсү да, урмат-сыйлуусу да ушу Рыспай! Улам уксаң, улам башкача, эми уксаң эми таптаза аалам кезген ажайып дүйнө да Рыспай!
Сүйүү келсе, жашыңа же карыңа,
Агып кирип кыйноо салса каныңа.
Эч ылаажы табалбасаң илдеттен,
Рыспайдын үнү менен дарыла.
Мен муну "Рыспай деген ооруу" менен ооруган "рыспайчы" катары айттым. Мендейлер бу алты томдугунда айтылар. Мен биерде азыноолак эскергеним менен, Рыспай ардайым менин жүрөгүмдө, анны уккансайын көңүлүм көбүрүп-жабырып, мени Рыспайдын ырдүйнөсүнө алып кетет. Бирсапар олжолуу кайтсам керек Рыспайга арнап, "Ырдүйнө" деген ыр жазып, обонун да чыгарып, 65 жылдык мааракесинде аткарссам, башбайгени утуп кетпедиби. Мен ошол ырда чындап күйгөн окшойм. Эмесе, окурманым, ошол ыр назарыңызда.
Ырдүйнө
Сөзү, обону Табылды Актановдуку
Алатоо койнун бөлөсүн шаңга деп Теңир,
Жаралган булбул сен элең, жалгыз ыр болуп.
Булуттай калкып, жибектей жумшак жепжеңил,
Катылып калдың, айтылбас жанга сыр болуп.

Кайырма: Билгизбей оору, дартыңды,
Бийикте жандың Ай сындуу.
Бир адам сындуу жай жүргөн,
Билалбай калдың баркыңды.

Ажайып сүйүү айланып ыйык сезимге,
Айлантып жылга астейдил жылган мүнөттү.
Деңиздей толкуп ыр төгүп турган кезиңде,
Адашкан жандар арзуудан тапкан түнөктү.

Кайырма: Эрке жел сындуу кыялың,
Элпек күү төгүп еыягың.
Эзилип тыңшап укчу элек,
Эргиген тоонун уларын.

Кубулжуп үнүң, ботокөз мөлтүр булактай,
Түгөйүн издеп, сагыныч куса илеби…
+тсө да өмүр, өнөрүң жанып чырактай,
Ырдашат элиң, Рыспай болуп жүрөгү.

Кайырма: Ынак жана болсо ыр-күүгө,
Ышкы оту данса сүйүүдө.
Ыйлаган жанды сооротот,
Рыспай деген ыр-дүйнө.






кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??