presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Коңгуроо…
Ар кыл суроого ар кыл жооп…
- "Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт" дейт. Силердин ортоңордо да пикир келишпестиктер көп болобу?
Аскар Сагынбек уулу, ырчы:
- Эми адам болгондон кийин ар кандай нерселер болот. Кыргызда "Ар кимде бар ар кыял, ал кыялды ким тыяр" деген макал бар го. Анын сыңары биздин да ар кимибизде ар кандай кыял бар. Ошондуктан арабызда пикир келишпестиктер болбойт деп айта албайбыз. Бирок бизде бири- бирибизге кол көтөрүү сапат жок. Чыгармачыл адамдын жүрөгү назик келет. Эгерде кол көтөрсөк анда топ да бузулушу мүмкүн. Биз андайга жол бербейбиз. Болгону эркекче сүйлөшөбүз. Сөзүбүзгө турабыз.


- Жаш өткөн сайын адам жаштыгын көп сагынабы?
Атайбек Бөдөшов, обончу:
- Ооба, жаш улгайып, карылык келген сайын жалындуу жаштыкты, таттуу балалыкты көп эстеп, сагынат экенсиң. Кээде жоро-жолдоштор менен жолугуп, кобурашып калганда окуучулук күндөрдөгү кызыктуу окуялардан кеп кылып, көздөн жаш чыкканча күлүп, чер жазышып калабыз. Бу жаштык деген керемет нерсе экен да. Ал ар бирибизге бир гана берилет экен. Жаштыктын кадырын учурунда көп этибарыбызга албай, жаштыктын күчү, деми, курчтук менен дуулдап жүрүп өткөрүп жиберет экенбиз. Бирок мен жаштыгымдын өткөнүнө өкүнбөйм. Карылык баарыбыздын башыбызга келет. Эң башкысы татыктуу, кадырлуу карылык келсе болду.


- Кирип келген жаңы жылда алдыңызга кандай максаттарды койдуңуз?
Эрнест Бөрүбаев, куудул:
- Адам дайыма алдына бир максат коюп, ошого жетүүгө далбас кылып күн кечирет эмеспи. Максатсыз жашоо болбойт да. Бул жалган дүйнөдө ар бирибиз эле алдыга койгон максаттарыбызды ишке ашырсак деп жашап жатабыз да. Мен дагы көпчүлүк адамдар сыяктуу эле кирип келген улуу жылында жакшы иштерди жасап, жеке жашоомдо да, чыгармачыл жаатта да ийгиликтерге жетишип алсам деген тилектери тилеп жатам.


- Сүйүү дартына чалдыкпаган адам жок дешет. Сүйүү дартына чалдыктың беле?
Ильяз Андаш, ырчы:
- 18 жашымда чоң сүйүүгө жолуккам. Ал кыз деле мени сүйчү. Ортодо машина минген байдын баласы пайда болуп, биздин сүйүүбүзгө тоскоолдук кылган. Кыздардын дагы бир алсыздыгы - байлык, акча, бийлик экенин ошондо түшүнгөм. Ал кыз да байлыгына кызыгып, мага билдирбей бай жигит менен да жолугуп жүрө берген. Мен анын баарын билчүмүн. Ал кезде менде кайдагы акча. Бир жумадан кийин жигити таштап кетти. Кайра мага келиптир. Мен өзүмдүн намысымды андай акчага кызыккан кыздар үчүн түшүргөн эмесмин, түшүрбөйм дагы. Менимче, келечегин ойлогон кыз байлык, акча үчүн жигит күтпөйт.


- Акыр заман болот дегенге ишенип жатасызбы?
Кыял Мансурова,
ырчы:
- Жок. Акыр замандын качан болорун жалгыз гана Жараткан билет. Азыркы айтылып жаткандар калп эле элди дүрбөтүүнү, ошол нерсенин артынан кандайдыр бир максаттарына жетүүнү каалаган бир ууч адамдардын чыгарган жомогу. Акыр заман болот дегендер деле биз сыяктуу эки буттуу, эртеңки келечегин көрө албаган пенделер. Анан алар акыр заманды кайдан билмек эле. Буга чейин деле чоң жер титирөө болот, элдин баары кырылат деген сыяктуу имиштер көп эле айтылып жүргөн. Кудай сактасын, ал адамдардын айткан жаман ойлору ишке ашпай келет. Жалгыз гана Кудайга ишенем. Балким, күндүн тутулуусу болоттур. Эмне, күн тутулбай жүрдү беле? Кайдагы сөздөргө ишенип, терс энергия жаратпай, жакшы максаттар менен алга деш керек.


- Өзүңүздүн эсиңизде калган эң оригиналдуу белегиңиз?
Назым Меңдибайыров, актер:
- Биз студент кезде акчабыз деле жок болчу. Көп учурда белек бергенге акча таба албай, өзүбүз бир нерсе ойлоп таап, жакындарыбыздын көңүлүн көтөрүп койчубуз. Бир жолу да 7-мартта биз менен театрда иштеген эжебиздин юбилейи болуп калды. Жаныбызда акча жок. Куттуктабай койгонго да болбойт. Марат Козукеев экөөбүз эмне алып барарыбызды билбей, кечке отурдук. Анан театрдын тигүү цехине барсак, жарым метрдей, материал калыптыр. Ошону сурап алып, Марат экөөбүз узундугу 15 см болгон кичинекей чапан тигип, башыбызга ак калпак кийип, эжебизге чапан жаап коелу деп, аким болуп тойго барып, "Эже, биз айылдын акими катары сизди мааракеңиз жана 8-март майрамыңыз менен куттуктайбыз. Биздин атыбыздан бул чапанды кийип коюңуз. Келиңиз сизге чапан жаап коелу"- деп жанагы кичинекей чапаныбызды алып чыгып, эжебиздин далысына жаап койгонбуз. Ошондо эже "Менин бүгүн алган белектеримдин арасынан эң мыктысы болду. Эң сонун белек"- деп аябай ыраазы болгон. Мына ошол чапанды азыркыга чейин сактап жүрөт. Ушул белегибиз эң оригиналдуу болгон деп эсептейм.


- Продюсерлер акча табуу максатында гана продюсерлик кызматты аркалап калышты деген сөздөргө кошуласыңбы?
Азамат Аспеков, продюсер:
- Ооба, акыркы кездерде тилекке каршы, эл арасында ушундай сөздөр айтылууда. Балким, айрым продюсерлер ушундай иштер менен алектенип жатышкандыр. Өзүм туурасында айтсам, биздин негизги курамдагы кыздар акча төлөшпөйт. Эгер мен акча табууну көздөсөм, ушул бий тобуна сарптаган акчамды башка ишке деле сарптап, байып кетмекмин. Менин максатым, кыргыз бийин көтөрүү, дүйнөгө таанытуу. Кыздардын сынактарга кийген кийимдерин өз каражатымдан тиктирип, өзүм каржылап жатам.


- Ырчылыкты кесип катары карасак болобу?
Тынара Кубаныч кызы, ырчы:
- Ырчылыкты эмне үчүн кесип катары кароого болбосун. Ырчылыктын артынан канча деген чыгармачыл адамдар кыргыздын атын дүйнө жүзүнө таанытып келе жатышат. Мисалга алганда; М. Өмүрканова, З. Шакеева, А. Сапаралиев, У.Полотов сыяктуу дагы канча деген залкар ырчыларыбыз элибизге керемет чыгармаларды тартуулашкан жана тартуулап келе жатышат. Албетте, азыр дагы уучубуз кур эмес. Элибиздин сүйүктүү ырчылары; Роза Аманова Гүлнур Сатылганова, Сыймык Бейшекеев, Кутман Жолдошев сыяктуу ага-эжекелерибиз ырчылыктын артынан көп жетишкендиктерди багынтышты десем ашыкча болбостур. Андыктан ырчылык мен үчүн өтө жоопкерчиликтүү кесип.
Жаркынай КАДЫРКУЛОВА






кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??