presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Данияр Тербишалиев,
КСДП фракциясынын депутаты:
"Коалициядан чыгам дегендер,
коалицияны оюнчук көрбөсө...
- Данияр мырза, учурда кандай иштеп жатканыңар коомчулукка айтпасак деле белгилүү. Эмнегедир акыркы кездерде "парламентти таркатуу керек" дегендердин саны барган сайын арбып бараткандай, мунун себеби эмнеде?
- Чындыгында биздин, кетирген кемчилигибиз абдан көп. Кемчиликтердин көп болуп жатканынын себеби, парламентте кандайдыр бир деңгээлде демократиялык жүрүштөр болгону менен, биз ошол жүрүштөрдүн негизинде, туура багытка түшүп иштей албай жатабыз. Негизи оппозиция, көпчүлүк коалицияны түзгөн бийликтеги партиялар баарыбыздын тең эле максатыбыз бирдей. Баарыбыз тең Кыргызстанды өнүктүрсөк деп ойлойбуз. Бирок, тилекке каршы иш жүзүнө келгенде ойлогон оюбуз эки башка болуп, туура эмес кадамдарга жол берип койгон учурларыбыз көп болуп жатат. Ошондуктан, баарыбыз биригип оппозиция, позиция дебей, биримдикте иш алып барсак туура болмок деп ойлойм.
- Жакында эле "Ар-Намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов коалициядан чыгуу боюнча оюн билдирип тынчыбадыбы. Куловдун ал кадамын кандай бааладыңыз?
- Эми мыйзам боюнча карасак, бир фракция көпчүлүк коалициядан чыгып кетсе, анда коалиция тарайт. Жаңы коалиция түзүлүп, өкмөт куралат. Парламенттик башкарууда мындай көрүнүштөр болуп келген жана боло берет. Качан гана биз жогоруда айткандай туура багытка түшүп, иштеп баштаганда аталган көрүнүштөрдөн арылабыз. Кыскасы, парламенттик башкаруу болгондон кийин саясий абал бат-баттан өзгөрүп турат. Эртең эле коалиция тарап, жаңы коалиция түзүлүп, бүгүнкү бийликтеги фракциялар оппозицияда, оппозициядагы фракциялар бийликте болуп калышыбыз мүмкүн. Андыктан, коалиция тарайт, же тарабайт деп алдына ала божомолдоп айтууга негиз жок. Эң негизгиси бийликтеги партиялар эртең биз оппозицияга калып калсак эмне болобуз, азыркы оппозициядагылар бизге кысым көрсөтпөйбү, ошону ойлонушубуз керек. Бирок, демократиялык шартта бийликтин оппозицияга кысым кылууга эч кандай акысы жок. Ал эми Куловдун коалициядан чыгам дегенине шайлоодо "Ар-Намыс" фракциясынын утулуп калганы себеп болду. Ачыгын айтканда "Ар-Намыс" партиясы бир гана Куловдун же, КСДП партиясы бир гана Турсунбековдун партиясы эмес да. Партияда эл колдогон ондогон эл өкүлдөрү бар. Анын баары коалицияны колдоп жатса, жалгыз депутат кайда барат. Ошондуктан, коалициядан чыгам деген кээ бир депутаттар, коалициядан чыгууну оюнчук көрбөй, ойлонуп иш кылышса дээр элем.
- Шайлоонун жыйынтыгына кандай баа бересиз? Бийликтеги партиялар бийликтин күчүнө салып алдыга озуп чыкты дегендер да болуп жатпайбы...
- Албетте, шайлоо жүз пайыз таза өттү дегенден алысмын. Катачылыктар болду. Бирок, Акаев менен Бакиевдин убагындагыга караганда шайлоо алда канча таза өттү десем жаңылышпайм. Эгер бийликтеги партиялар бийликтин күчүнө салса, анда КСДП партиясы 30 пайыз эмес, 50 пайыздан ашык добушка ээ болмок. Бийликтин күчүнө салбаганы үчүн КСДП айрым райондордо башка партиялардан утулуп калды.
- ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбековду кызматтан оодарабыз дегендер да жок эмес, бул боюнча эмнелерди айта аласыз?
- Бул дагы демократиялык процесс, муну мен туура көз карашта карайм. Бакиевдин убагында "Ак жол" партиясынын депутаттары спикерди кетиребиз деп бирөө да унчукчу эмес да. Анткени алардын антип айтууга укугу жок болчу. Азыр биз спикер эмес, президенттин дарегине чейин сын айтып, керек болсо президентти дагы кызматтан кетсин дегенге чейин барып жатабыз. Ал эми спикердин аткарган иштерине токтоло турган болсом, Асылбек Шариповичти шайлап жатканда депутаттардын арасынан биринчилерден болуп мен колдогом. Себеби, А. Жээнбеков булганбаган таза, тажрыйбалуу адам.
- "Ата-Мекен" менен "Республика" партиясынын ортосундагы чыр чатакка дагы кайдыгер карабасаңыз керек...
- Бул дагы абдан мыкты процесс. Мындай нерселердин ачыкка чыгып, эл билип жатканына мен абдан кубанычтамын. Буга чейин мындай нерселер Ак үйдүн ичинде эле болуп, ачыкка чыкпай келген да. Эгерде ушул жол менен кете турган болсок, келечектеги беш-он жылдын ичинде биздин өлкө кадимкидей тазаланат. Тазаланганыбыз, эмки шайлоодо азыркы ызы-чуу болгон партияларды эл колдобойт. Качанкыга чейин эле ушинтип жүрө беришибиз керек. Укуктук мамлекет болгондон кийин баарыбыз, мыйзамга баш ийип, мыйзам менен жашашыбыз зарыл. "Ата-Мекен" менен "Республиканын" чырына биз кийлигише албайбыз, аны сот чечет. Соттун чечиминен кийин гана биз өзүбүздүн саясий баабызды беришибиз шарт.
- Сот туура чечим чыгарбай, "Ата-Мекенди" актап жатат дегендер да болуп жатпайбы?
- Сотко нааразы болгондор көп. Буга чейин тандап алган сотторубуз таза иштеп жатабы аны айтыш кыйын. Таза иштеп жатканын практика жүзүндө эле көрбөсөк көрө албайт экенбиз. Текебаевдин сотторго кысым кылып жатканы боюнча менде так маалымат жок. Болсо, болгонун ачык эле айтмакмын. Эң негизгиси биз элдин сотко болгон ишенимин жогорулатып, сотторду реформалообуз зарыл. Эки жылдан бери колдон келишинче реформаламыш этип жатабыз. Кээ бирөө ойлоп жатат, сотко болгон реформа токтоп калды деп. Жок токтобойт. Реформа бир күндө эле жасала койчу нерсе эмес, айлап жылдап жасала турган чоң иш.
- Бекназаров, Тургуналив баш болгон саясатчылар бийликке нааразы болуп, сын пикирлерин айта башташты. КСДП партиясынын мүчөсү, жаш депутат катары бул жөнүндө оюңузду уксак...
- Мен баардык нерсени объективдүү караганга аракет кылам. Объективдүү карай турган болсок, Бекназаров өмүр бою саясат менен алпурушуп жүрөт, бийликте да жүргөн адам. Чындыгында алар Кыргызстандын келечегин, мамлекетибиздин тагдырын ойлосо, "кетсин" дегенди токтотуп, конкреттүү талаптары менен өкмөткө, президентке кайрылып, элге-журтка пайдасын тийгизгендей иштерди жасаса жакшы болмок.
- Камакта жаткан кесиптештериңиз Ташиев, Мамытов, Жапаров, Түлеевдер боюнча эмне дээр элеңиз?
- Алардын күнөөлүү же күнөөлүү эмес экенин сот аныктап, акыркы чечимди сот чыгарат. Менин баамымда аталган депутаттардын бийликти басып алабыз дегени туура эмес. Ошого карабай оппозициядагы эл өкүлдөрү "бийлик тарабынан бизге куугунтук болуп жатат" деп жатышат. Мен коомчулукка эл өкүлү катары баса белгилеп айтып коёюн, эч кандай куугунтук болгон жок. Биз билебиз да куугунтук кандай болоорун. Аны Акаев менен Бакиевдин учурунда бийликтеги кээ бир агаларыбыз жакшы эле көрбөдүбү.
- Жыл аягы болуп калды. Бир жыл аралыгында кандай маанилүү мыйзамдарды жаздыңыз?
- Мисалы, карапайым адамдарыбыз мамлекеттик кызматтарга барып ишин бүтүрө албай кыйналып жатышпайбы. Жөнөкөй эле, жашагандыгы жөнүндө справка алыш үчүн, катарга туруп, бүгүн бүтпөсө эртеңкиге калып, кыскасы чайналып жүрө беришет. Ошол маселени жөнгө салыш үчүн, мен атайын мыйзам жаздым. Эгер ал мыйзам депутаттардын колдоосуна ээ болуп өтүп кетсе, карапайым адамдарыбызга бир топ жеңилдиктер түзүлмөк. Алчу документтин эртең бүрсүгүнү дебей, дароо эле барып бүтүрүп алышат. Документ алчу адам өзү чуркап бүтүрбөй, кызматта иштеген кызматкерлер бүтүрүп берет. Андан тышкары, депутат Эркингүл Иманкожоева экөөбүз дагы "медитация" боюнча жакшы мыйзам жазып жатабыз. Ал чырлуу иштерди сотко жеткирбей чечүү. Ал боюнча иш алып барган атайын медиаторлор болот. Алар чыр болгон жерге барып, маселени жеринен чечкенге аракет кылышат. Аларды атайын окутуп, даярдап чыгарабыз. Буюрса бул мыйзамыбыз да ишке ашат деген ойдомун.

Маектешкен
Мирлан Алымбаев





кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??