presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз өкмөтүнүн коррупцияга
болгон кайдыгерлиги…
"Колдо бар алтындын баркы жок"
Президент Алмазбек Атамбаев туура бир жыл мурун мамлекетти 20 жылдан бери сүлүк курттай соруп жаткан коррупция деген балекетке каршы күрөш жарыялаганы белгилүү. Ошентип президенттин айтканы айткан, дегени деген болуп, алгач бул өтө актуалдуу маселеге бир катар даярдыктар көрүлгөндөй болду. Мисалга алсак, президенттин буйругу менен Улуттук коопсуздук кызматынын алдында Коррупцияга каршы күрөш жана андан көп өтпөй, Каржы кызматын (финполду) жоюп, анын ордуна Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматтары да түзүлдү. Бул эки жаңы кызматтан тышкары, Баш прокуратура менен ИИМдин коррупцияга каршы бөлүмдөрү илгертен иштеп келет. Ошондой эле буга кошумча Бажы кызматынын да коррупция менен күрөшкөн бөлүмү бар. Жалпылай алып караганда, коррупция гүлдөп турган мамлекетке мынча кызмат анча деле көптүк кылбайт. Кандай деген күндө да, ортодо аздыр-көптүр атаандаштык бар. Эгер коррупцияга каршы күрөштү бир эле органга берип койсо, анда даана "карга карганын көзүн чукубайт " болуп, атаандаштык деген нерсе такыр жок болмок. Атаандаштык бар үчүн, башкасын айтпаганда да органдар ортосунда, тактап айтканда прокуратуранын же УКМКнын "бөрк ал десе, баш алган", же кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган айрым ашынган кызматкерлерин ИИМ кылтакка илсе, айрым учурда тескерисинче прокуратура ИИМ баштаган башка кызматтардын мыйзамды уруп ойнобогон кызматкерлерин кылтакка илип келишет. Бул демократиялуу өлкөдө нормалдуу көрүнүш. Буга ИИМ менен Баш прокуратуранын быйылкы ич ара тирешин мисалга тартсак жетиштүү болоор. Ал тиреште экс-министр Рысалиев менен Баш прокурор Аида Салянованын коомчулук анча биле бербеген жеке кызыкчылыктары бар болгонуна карабастан ал тиреш мамлекетке аздыр-көптүр пайда алып келди десек жаңылышпайбыз. Неге дегенде, милиция менен прокуратуранын бетине көө сүйкөп, уят кылып, коррупция менен шугулданып, жүрүшкөн ондогон кызматкерлери кылтакка илиништи.
Эгер бийлик коррупция менен күрөш жүргүзүп жаткан кызматтарды кыскартып, терең ойлонбой, "оптимизация" деген оңой ишке басым жасай берсе, атаандаштык (бул нерсе азыркы учурда көзгө сүртөр дарыдай керек нерсе экенин эстен чыгарууга укугубуз жок) да өзүнөн өзү эле жоюлуп кетери турган иш. Себеби, жогоруда айтылгандай "карга, карга көзүн чукубайт" сыяктуу өзүм билемдиктер азыркыдан да чегинен ашып, орун алат.
Тилекке каршы, Жантөрө Сатыбалдиев башында турган кыргыз өкмөтү коррупция менен үзүрлүү күрөш жүргүзүп келаткан Ички иштер министринин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгына караштуу коррупцияга каршы бөлүмүн жоюу боюнча 23-ноябрь күнү атайын чечим кабыл алып, бул чечимди аткарууга февраль айына чейин мөөнөт коюптур. Бул маселе жөнөкөй эмес, өтө олуттуу маселелердин бири болгондуктан коомчулуктун талкуусуна алып чыгууну туура көрдүк. ИИМ коррупцияга каршы күрөшүүдө башка кызматтарга салыштырмалуу чынында бир топ чоң иштерди аткарып, көп учурда коомчулукка сенсация жараткан чуулгандуу иштердин да бетин ачып келатканын танууга болбойт. Балким ИИМдин коррупцияга карата жүргүзгөн ишмердүүлүгү кыргыз өкмөтүнө дал ушунусу менен жакпай жатпасын?! Бир сөз менен айтканда "колдо бар алтындын баркы жок" дегендей эле болуп тургандай...
Жогоруда аттары аталган кызматтар коррупция менен кандай жана канчалык деңгээлде күрөш жүргүзүп жатышат? Эмесе, айтканыбыз ынанымдуу жана ишенимдүү болуш үчүн коррупция менен күрөш жүргүзгөн мекемелердин 2010-жылдан ушу күнгө чейинки аткарган иштеринин жыйынтыктарын сиздерге сунуш кылалы.

1500 кылмыш иши жана 175 миллион азбы?
2010-жылы коррупция боюнча өлкөдө жалпысынан 2349 кылмыш иши козголгон. Анын 623ү ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы башкы башкармалыгы (ошол учурда 156 кызматкери болгон) тарабынан ишке ашса, мурунку Каржы (ошол кезде 596 кызматкери болгон финпол) кызматы 686сын, прокуратура 900үн, УКМК 67син, Бажы кызматы 73үн козгогон.
Саясий кырдаал күчөп, кыйын эле болуп турган 2010-жылы бул 2349 кылмыштын 403су чоң суммадагы уурулук (хищения особо крупном размере ), пара алуу 119, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу 659 жана кызматтык карыз боюнча 82 кылмыш болгон.
Эске сала кетчү нерсе 2011-жылы ИИМдин (ГУБОПиК ) коррупцияга каршы бөлүмүндө иштеген 159 кызматкер 72ге чейин кыскартылган.
Бул жылы коррупция боюнча кылмыш иши 2010-жылга салыштырмалуу 464кө аз катталган. Тактап айтканда, 1885 болгон. Анын 373үн ИИМдин коррупцияга каршы бөлүмү, прокуратура 761ин, УКМК 60ын, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшү ( кызматкерлердин саны 430) 665ин, Бажы кызматы 25ин козгогон.
Мамлекетке келтирилген материалдык чыгым жалпысынан 996 млн. 876 миң сомду түзгөн. Анын 62 миллион, 209 миң сому ИИМ ачкан кылмыштарга тиешелүү болсо, прокуратура ачкан кылмыштарга 1 миллиард, 65 миллион сому, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшү кызматы ачкан кылмыштарга 237 млн. 187 миң сому, Бажы кызматы ачкан кылмыштарга 1 миллион 532 миң сому, УКМК ачкан кылмыштарга 8 миллион сому тиешелүү болгон.
Ал эми быйылкы жылы 10 айдын жыйынтыгы боюнча жалпы жонунан коррупцияга байланышкан 1683 кылмыш иши козголгон. Анын 1040ын прокуратура, (мунун 195ин милиция менен бирдикте ачкан) УКМК 44үн, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшү (кызматкерлердин саны 260) кызматы 315ин, ИИМдин коррупцияга каршы (кызматкерлеринин саны 82 ) бөлүмү 475ин козгогон.
Мамлекетке келтирилген жалпы чыгым 385 млн. 180 миң сомго жеткен. Мунун ичинен 112 млн. 659-сому ИИМ ачкан кылмыштарга тиешелүү болсо, анын казынага кайтарылганы 47 млн. 817 миң сомду түзгөн.
Прокуратурага тиешелүүсү 149 млн. 817 сом, анын казынага кайтарылганы 18 млн. 947 миң сом.
УКМКга тиешелүүсү 26 млн. 118 миң сом, казынага кайтарылганы 26 млн. 118 миң сомду түзгөн.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына тиешелүүсү 94 млн. 836 миң сом, анын 17 млн. 527 миң сому казынага кайтарылганы 17 миллион. 527 миң сом.
Коррупция менен күрөш жүргүзүп жатышкан органдардын эки жылдан ашык убакытта жетишкен ийгилиги тууралуу кыскача маалымат ушундай. Окурман кайсы орган (ИИМби, УКМК, прокуратурабы, ж.б.) коррупция менен канчалык деңгээлде күрөшкөнүн мына ушул маалыматтын негизинде салыштырып билсе болот. Мисалы, ИИМ ушул жылдар аралыгы коррупция боюнча 1500 кылмыш ишин козгоптур. Мынча кылмыштан мамлекетке 175 миллион сом боюнча соттук териштирүүлөр жүрүп жаткан учуру. Такталып, иликтенип жаткан дагы 100дөгөн миллиондор али алдыда... Бул көрсөткүч албетте жогорку көрсөткүч. Кыргыз бийлиги муну аз деп, ИИМдин коррупция менен күрөшкөн бөлүмүн бөлүп жарып, жоюп салса адилеттикке жатпай калаар... Ушундай 100дөгөн кылмыштардын бетин ачып, уурдалган миллиондогон сомдорду казынага кайсы орган кайтарат? Башка органдар деген суроо туулушу мүмкүн? Аларга тиешелүүсү башка, алар ача турган кылмыштар да толтура...
ИИМдин өзүнүн 88 жылдык тарыхы болсо, бул бөлүмдүн 75 жылдык бай тарыхы, бай тажрыйбасы бар. Милициясына эмгеги сиңген далай адамдар жетекчи болду. Бул бөлүм коомчулукка сенсация жараткан далай иштердин бетин ачып, далай коррупционерлерди тузакка илди. Мисалы, министрлердин орун басарларынын, губернаторлордун орун басарларынын, акимдердин, айыл өкмөттөрдүн коррупциялуу иштеринин бетин ачты.
Эң эле булганган сот тармагы боюнча быйыл он айдын жыйынтыгында 6 кылмыш иши козголгон, анын экөө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу болсо, төртөө пара алуу. Башкасын жазбасак да, дал ушул соттор тууралуу кыскача жаза кетели.

***
Жайыл райондук сотунун судьясы 1978-жылы туулган Чырмашев Урмат пара алуу боюнча шектелип, натыйжада иш бөлмөсүн текшерген учурда 9000 доллар жана 44000 сом чыккан. Андан тышкары, сейфинен бир нече паспорт жана айдоочу күбөлүктөр табылган.

***
2011-жылы Кара-Кулжа райондук сотунун судьясы Асановго коомчулукта көп пикирди жараткан жарандык ишти жеке кызыкчылык үчүн чечип койгондугу аныкталып, ага кылмыш иши козголгон. Себеби ал, 1962-жылы туулган Осмоновду жол кырсыгынан каза болгондугун бурмалап, 2010-жылы Ош коогалаңында каза болгон деген соттук чечим чыгарып берип, мамлекеттен 1 млн. сом компенсация алууга көмөктөшкөн.
Аталган райондун дагы бир судьясы Эргешов Абдыжалилге ушундай эле арыз менен кайрылган дагы бир адамга соттук чечим чыгарып, мамлекеттен 1 млн. сом алып бергендиги үчүн кылмыш иши козголгон.
Айбек Шамшыкеев






кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??