Кадам ушул…
Кыргыз журналисттеринин да
аброй-салмагы бар, жетерлик!

Ушу бүгүнкү күнү "кыргыз журналисттери кыкка жарабайт" маанисинде айтылган сын-пикирлер көбөйүп да кетти. Кези менен орустар чымчып өтчү эле, эми болсо кээ бир депутаттар, саясатчылар, а турсун кайсы бир кыргыз журналисттери да өздөрүнүн кесиптештерин жаратпай турганы. Эң негизги койгон күнөөсү ошол экен: калпты жаза берет экен, ойлоп тапканын да жазат экен, "Самарканддан саман учту десе, Американын Катрин деген талкалап өтчү кара шамалы келатат" дегенди айтып жазышат, билими тайкы, анализдегенди билбейт ж.б.

Туура, журналисттер бир кырдуу бир сырдуу эмес, "кой, аксагы менен жүз" деген мааниден журналисттердин короосу деле куру эмес. А бирок, бүтүндөй кыргыз журналисттерин начар деп жаткандар өтө чоң жаңылышып жатат, алардын оозунда адегенде эле "таш!" деп салалы да оюбузду улайлы.
Бүгүнкү адамзат турмушу, анын ичинде кыргыз турмушу бузулуу жолу менен зуу кетип баратбайбы. Кечээки, жакшы адамдар уялып турчу жаман адаттар бүгүн элес алынбаганга жетти, уурулук-кескилик, адам өлтүрүү, ушак сүйлөө, пара алуу, популизмге алдыруу ж.б. терс көрүнүштөр баалуу, ыйык делген сапаттардын баарын күм-жам кылып жатпайбы. Мына ошол оргуштап кайнаган негативдерден куураган журналисттериң сузуп алып жазат да, асмандын башынан албайт. Анан кайсы бир кылыгы үчүн журналисттен сокку жеген неме журналисттер жазганды билбейт деп турганы. Карапайым адамдын көбү ал кепти айтпайт. Журналисттерден тил уккан шүмшүктөр гана айтат. Кээси менен кээ бир журналисттер болбогон нерселерди, маселен, "баланча менен түкүнчө соо эмес, тиги токол алайын деген ою бар экен, баланча менен түкүнчөнүн мамилеси бузулуп жатыптыр" сыяктуу арзыбаган фактыларга басым жасап коюп жатпайбы. Анын кимге кереги бар?! Сен накта жеп-ичкенди жаз, сен бала-чакасын таштап салып башка аял алып кеткендерди жаз, сен деген бирөөнөн олчойто пара алганды жаз, сен деген ууру менен башкесерди жаз, сен деген өлө-сөлү болуп турган экономикабызды жаз, сен деген жоголуп бараткан ыйык сапаттарыбызды жаз… Ошондо сага тийишкенин көрөйүн!
Турмушка туура баа бергендин өзү оңбогондой оор нерсе, ага туура баа бериш үчүн көп нерсени билишиң керек, анан да өзүңдүн адамдыгың болушу зарыл, токпейил сапатың кокодон болбосо да болгону дурус. Кээ бир журналист пара сурап камалып жатканы, дагы бири пара алып, "ал мага карыз болчу" деп жанын жеп турганы. Жаман атты кылып жаткандар да ошолор эмеспи. Таза жүргөн журналистти, дегеле таптаза адамды жаманга айлантуу болбогон нерсе!
Кай заман болсо да журналисттердин коомдо ээлеген орду эбегейсиз, кай бир учурда чечүүчү даражага чейин келип жетет. Бирок, чыгаан журналисттер гана ошол абалды алып келе алат. Ал эми "мен сени мактап макала жазайын сен момунча акча бер" деп суксуңдап турган эркек, кыз журналисттер бар, жандан түңүлөсүң ошолордун кылыктарын угуп. Алардын көбү күнүмдүк жаңылыктарды жакшы билгени менен адамды адам кылып турчу маданият маселесинен караманча куру, ныпым билими жок. Алыс барбайлы, гректер менен римдиктердин классикалык чыгармаларын, мейли адабият, же архитектура менен сүрөттү билгенди кой, кечээ жакындагы эле биздин классик делген жазуучулардын, анын менен орус классиктеринин чыгармалары менен тааныш эмес, экинчиден, экономика жаатында жазган болот да бюджеттин "ичегисин чубап" бере албайт. Эмне үчүн Германиянын экономикасы согуш бүткөндөн кийин он-он беш жылда дүркүрөп өнүгө баштаганын, эмне үчүн кырса түгөнгүс Кытайдын экономикасы кээде атайылап басаңдата албай турган учур болорун билбейт, жанагы Франко менен Пиночет деген фашисттер өлкөсүнүн байлыгын өстүрүп кеткени менен түшүнүгү жок… ушундай аттиңдер. Ал эми тиги тигинин ойношу экен сынындагы … имиштерди укмуш билет. "Ошонуңду жазып уят кылам, бирдемеңди бере сал" деген канча журналист бар. Эми чындыкка жакындап баратат окшодук, кыргыз журналисттерин жактырбай олтургандардын жүйөөсү толтура, албетте, коррупционер, эки жүздүү, популист ж.б. адамдарды кошпогондо.
Өткөндө жаздым эле, президент баш болуп жанагы Павлюк дегенди мактап туруп алды. Эмне алардын көзүнө Бөкөнбай Боркеев, Шайлообек Дүйшеев, Алым Токтомушев, Үсөн Касыбеков, Чолпон Орозобекова, Айгүл Бакеева, Султан Жумагулов, Абдубахаб Мониев, Бакыт Орунбеков, Жолдошбек Зарлыкбеков, Айданбек Акмат уулу, Жылдыз Мусабекова, Папан Дүйшембиев, Мамат Сабыров, Бурулкан Сарыгулова, Эрнис Кыязов, Шайырбек Абдрахманов, Эрнис Асек уулу, Данияр Исанов, Кудурет Тайчабаров, Семетей Талас уулу, Күнболот Момоконов, Азамат Кыязов, Айбек Шамшыкеев, Алмаз Темирбек уулу, Эрнис Балбаков сыяктуу ондогон журналисттер бар улуу-кичүүсү менен, алар көрүнбөйбү?! Эмне алар текей оттоп жүрүппү?! Жогоруда аты аталгандардын ар бири чакан кабардан баштап килейген анализге чейин жазып салчу журналисттер, элинин тагдырына чындап күйүп турчу жана да керек болсо чагылгандай чарк этип берчү инсандар!
Кыргыз журналисттери жаман иштеп жаткан жок, жаман иштеп жатса, алар чыгарган гезиттерди ким алып окуп жатат. Ооба, жазылган материалдын эң башкы баалуулугу - чындыгы болушу зарыл, аны менен бирге жалпы эл кызыктырган маселе болуш керек, нечендеген татаал тагдыр, өтөлүп жаткан жана өтөлүп бүткөн өмүрлөр бар, зээнди кейиткен материал менен бирге эле ошол жерге жетип баргыңды келтирген жакшы баяндар бар. Ошолор жазылып жатат, дагы да жазылат.
Кээде ойлоп коем: ушу биз шордуу эл окшойбуз деп, анткени, Жараткан берген, анан да кылымдар сакталып келген тилибизди сактайлы деп айтып койсок бүттү, орус тилдүү гезиттер басып жыгылат да турат, дароо эле "улутчул" деген жардыкты тагып таштайт. Жетекчилер болсо, ошолордун оозун карап оңурайып турганы, бизди жаман көрүп тураны. Мына ушундай учурда кыргыз журналисттери бир муштумга бириге калып, ошол муштум менен "каңк!" эттире уруп турсак кана! Антпей жатабыз. Ошентели!
Дүйнөдөгү бир дагы улут бизге окшоп өзгө улуттарга жакшы мамиле жасабайт!
Баратбай Аракеев