presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кулматов кремлге качабы?
"Ата-Журт" фракциясынын депутаты Жылдызкан Жолдошева парламенттик жыйында Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы жакынкы убактарда Москвага качат деп айтып чыкты. Анын айтуусуна караганда Бажы кызматынын башчысы аталган тармакта коррупциялык схемаларды куруп, иш жүргүзүп жатыптыр. Эми Кулматов качып кете турган болсо, Акаев-Бакиев жеп-ичип качып кеткендей болуп, Москвада унчукпай отурган болот деген оюн билдирди. Жылдызкан айым бир нерсенин жытын билип айттыбы, же көрө албастыктан улам айттыбы, тиешелүү органдар коррупцияга батып калганы айтылып келе жактан тармакты текшерүүгө алып койсо ашыкча болбойт эле. Дегенибиз, Кытай мамлекети Кытай менен Кыргызстандын товар жүгүртүүсү 4 жарым миллиард долларга жеткенин маалымдаса, биздин Бажы кызматы араң 450 миллион доллар болгонун айтып, 10 эсе азайтып көрсөткөнү бар. Ошондо 4 жарым миллиард доллардан бажы төлөм катары 450 миллион доллар түшө турган болсо, биздикилер 45 миллион доллар түштү деп билдиришкен. Ушунун өзү эле, канчалаган миллион доллар сол чөнтөккө кетип жатканын айгинелеп жатпайбы.


Жарык өчпөйт дейт...
Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев калкты жана социалдык мекемелерди камсыз кылууда электр жарыгы же жылуулугу өчүрүлсө электр бөлүштүрүү компаниялары жеке жоопкерчилик тартаарын билдирди. Кышында свет өчөт экен деп, сарсанаа болуп жаткан карапайым калк Өкмөт башчысынын мындай билдирүүсүнөн кийин бир аз да болсо ток пейил тартып калды. Эми өкмөт башчысынын айтканы орундалып, жарык өчпөсө болгону. Болбосо Жантөрө мырза калкка калпычы атыгып калышы ажеп эмес.


"Батыров менин досум"
Космонавт Салижан Шарипов 9-декабрда Кыргызстанга келди. "Манас" аба майданында Ошко жөнөп жатып "Азаттыктын" кабарчысына чакан маек курду. Анда Батыровдун эч кандай мүлкүн сатып албаганын айтып: "Ал киши менин досум. Жакын мамиледебиз. Июнь окуясы болгон учурда ал Кыргызстанда эмес болчу. Май айынын башында чет өлкөгө кеткен эле. Анын окуяга тиешеси жок деп эсептейм. Ушул темада сүйлөшпөй эле коёлучу" - деп билдирди.


Көлбаев өзү келдиби же алып келиштиби?
Илгери 25 жылга абакка кесилип, качып кетип, кайра амнистия менен эркиндикке чыккан "вор в законе" макамы бар Камчы Көлбаевдин алыскы Дубайдан алынып келингени өткөн жуманын башкы жаңылыгы болду. 8-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту бир айга УКМКнын СИЗОсунда камакка алуу чечимин чыгарды. Көлбаев кылмуштуу топту уюштурган, баңгизаттарын, курал жарактарды мыйзамсыз сактаган, бийлик адамдарына зомбулук көрсөткөн, адам уурдаган, талап-тоноочулук кылган, мыйзамсыз түрдө адамды эркинен ажыраткан деп айыпталып жатат. ИИМдин айрым өкүлдөрү Көлбаевди Бириккен араб эмираты менен Кыргызстандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, атайын операциянын негизинде алып келдик деп оозун көптүрүп, мактанып бүтө электе Жогорку Соттун басма сөз кызматы Камчы Көлбаев УКМКга өз эрки менен келгендигин жар салды. Буга чейин айрым маалымат булактарында Камчы Көлбаев, Алманбет Анапияевдер жаңы жылга чейин Кыргызстанга кайтып келээрин, Ак үйдөгү айрым чиновниктер менен алака түзүп койгондугун жазып чыгышкан. Камчы Көлбаевдин карматпай эле өзү кайтып келгенине караганда айтылган маалыматтардын акыйкаттыгы бар окшобойбу. Атамбаев жарыялаган уюшкан кылмыштуулукка каршы айыгышкан күрөштө алдыда жүргөн Зарылбек Рысалиев, Какен Сатыбалдиевдердин кызматтан кыскартылып жатканын да жөнү ушунда окшойт.


Жыл мыктысын тандайбыз!
Кадырман окурмандар, "Фабула" коомдук-саясий гезити 2012-жылдын ичинде ар тармакта өздөрүнүн көтөргөн демилгеси, мекенчилдиги менен мамлекетибиздин өнүгүшүнө салым кошууга көсөмдүгүн көрсөткөн жылдын мыкты адамдарын тандоону Сиздерге сунуштайт.
Ал үчүн (0312) 53-33-26 номуруна чалып, же forum0312@gmail.com электрондук дарегине Сиз тандаган мамлекеттик ишмер, саясатчы, министр, статс-катчы, ишкер, депутат, губернатор, мэр, аким, мамлекеттик ишкана жетекчисинин аты жөнүн жазып жөнөтсөңүздөр болот.
Келгиле, улуттун жүгүн көтөрүп, калк оозуна алынган 2012-жылдын мыктыларын бирге тандайлы. "Эл тараза, эл сынчы" демекчи, кара кылды как жарган калыстыктан тайбайлы!

Элчилер элди ойлосоңор боло?
Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Жээнбек Кулубаев кытайлардын өлкөсүндө бай-манаптык жашоо кечирээрин ЖК депутаты Бахадыр Сулейманов айтып чыкты. Бээжинде жашаган кыргыз элчисинин батиринин бир айлык ижара акысы 4 миң долларды түзөт экен. "Албетте, батир эң макамдуу райондо жана үйдө жайгашкан. Салыштыруу ирээтинде, Тажикстандын Кытайдагы элчиси 2 миң долларга, ШКУнун баш катчысы 2 миң долларга эле батир ижаралайт. Биздин бюджет менен ушуну элестеткиле?" - деп жаны ачыды.


Мас милицияларды тыйган жан барбы?
Акыркы учурларда кызматына чиренип, алына карабай өлөөрчө ичип, машина айдаган укук коргоо органдарынын кызматкерлери көбөйдү. Бирөөлөрдү койдуруп кетишет, бирок жооп беришпейт. Мас болуп машина айдаган милиция кызматкерлеринин айынан бир канча адам өмүрү менен кош айтышса, ден соолугу жабыркап майып болгондор канча экени белгисиз. Эсиңиздерде болсо, Октябрь районунун ички иштер башкармалыгынын орун басар Арстанбек Ормушев мас болуп машина айдап бара жатып, киши коюп кеткен. Ал адам ооруканага жетпей кайтыш болуп. Ормушев татыктуу жазасын алган эмес. Мындан улам, мас болуп машина айдаган милиция кызматкерлери тиешелүү жазасын албаган соң, Ормушевдин жоругун кайталагандардын аягы тыйыла элек.
Мына 9-декабрь күнү Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын мас опери 1978-жылы төрөлгөн Сейдакматов Данияр Совет-Киев көчөсүнөн мамлекеттик номуру 1517 BAG күмүш түстүү мерседес үлгүсүндөгү машинасы менен, Дыйканбек Керимбаев аттуу жаран айдап бара жаткан Хонда үлгүсүндөгү машинаны сүзүп кеткен. Натыйжада, Керимбаевдин ден соолугуна зыян келип, үч кабыргасы сынып, башы чайкалып ооруканага жаткан. Ал эми Сейдакматов айдап бара жаткан машинаны ичинде толтура мастар болгонун жабырлануучу билдирди. Окуя болгон жерде эреже бузган милиция кызматкерин МАИ кызматкерлери кармап, бирок бошотуп жиберишкен. Буга байланыштуу жабырланчу тарап укук коргоо органдарына арызы менен кайрылып, ээн баш милиция кызматкерлерин жоопко тартуу жагын талап кылышарын билдиришти.

Баркы кеткен мамлекеттик сыр, же Артыковдун эңсегени…
Аксакал депутат Курмантай Абдиев: "министрлерге мамлекеттик жашыруун сырларды алууга тыюу салышыбыз керек" деген маселени көтөрүп чыкты. Анын айтымына караганда, бир жылда бир мекемеге үч министр алмашкан учур болот, кээ бирлерин көчөдөн эле жетелеп келип атышат. Туура, бул кептин калети жок. Ошондой эреже киргизсек, эң эле туура болчудай. Бирок бул маанилүү маселени айрым депутаттар ошол замат өз кызыкчылыгына оодара салышты. Алардын бири өзбек тектүү Анвар Артыков. Ал кебелбей туруп: " мамлекеттик сыр ЖКнын депутаттарына кагаз толтурбай эле, күбөлүгүн көрсөткөн учурда дароо берилиши керек"- деген өтө кооптуу оюн ортого салды. Чынында бул маселе жөнөкөй маселе эмес. Абдиев министрлерди көчөдөн жетелеп келгенин жакшы айтты, бирок ошончо болгондон кийин кээ бир депутаттардын да "кайдан жетелеп" келгенин айта кетсе жакшы болмок. Кайран мамлекетти сыр ушинтип "көчө министри" менен "көчө депутаттарына" кор болуп туру…







кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??