presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Элеси элдин эсинде...
Эшимканов сыйлыгы өз ээсин тапты
Чыгаан журналист, белгилүү саясатчы Мелис Эшимкановдун 50 жылдык мааракеси кечээ, 9-декабрда Улуттук филармонияда эки бөлүк менен өттү. Кыргыз эгемен журналистикасы жана Мелис Эшимкановдун орду туурасында кеп козголгон конференцияда белгилүү журналисттер Кубан Мамбеталиев, Эсенбай Нурушев, Түгөлбай Казаковдор доклад жасап, жарыш сөзгө Шайлообек Дүйшеев, Султан Раев, Кубатбек Байболов, Чолпон Жакупова, Байма Сутенова, Мамат Сабыров, ж.б. чыкты. Аталган иш-чарага бардык маалымат каражаттарынын жана чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү катышты.
Экинчи бөлүгүндө Мелис Эшимкановдун элеси эскерилип, достору, кесиптештери сөз алып, көзү тирүүсүндө достук мамиледе болгон чыгармачыл чөйрө өкүлдөрү да кеченин катышуучуларына, конокторуна чыгармаларын тартуулашты.
Кеченин соңунда калемдеш устатыбыздын ысымын алган коомдук фонддун атайын стипендиясына Жогорку окуу жайлардын Журналистика факультеттеринин окуу менен ишти айкалыштырып келаткан мыкты студенттери ээ болушту:
- Екатерина Шошина, Борбордук Азиядагы америкалык университет, 3-курс;
- Айнура Турсунова, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети, 3-курс;
- Улан Эгизбаев, "Манас" кыргыз-түрк университети, 5-курс;
- Диана Эсеналиева, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, 4-курс.
Кыргызстан журналисттеринин арасында жарыяланган сынактын да жыйынтыгы чыгарылып, Мелис Эшимканов атындагы сыйлыктын ээси болуп "Жолбүгүн" рубрикасынын алдында "Агым" гезитине жарыяланган:
- "Дөңгөлөк";
- "Дөңгөлөк II";
"Кайда?.." макалалары үчүн калыстар тобунун эң жогорку баасына татыган Алым Токтомушев табылды. Сыйлыктын өлчөмү 100 000 сомду түзүп, 2012-жылдын мыкты журналистти наамын алып, атайын төш белги тагынды.
Эске сала кетсек, маркумдун жубайы Асел айым буга чейин жолдошунун атын эскерип жүрүү максатында атайын коомдук фонд түзүп, интернет сайтын ачкан эле. Ошондо фонддун ачылышына катышкан Ф. Кулов, К. Байболов сыяктуу достору Эшимкановдун арбагы үчүн фондго жардам берээрин билдиришкен. Бирок, бизге жеткен маалыматтарга караганда алар ушул кезге чейин эч кандай жардам беришпептир. Ал тургай Асел айым Алымга берген жүз миң сомду дагы бир туугандары чогултуп бергенин эл алдында жашырган жок.
Мирлан Алымбаев




кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??