presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Повесть...
Баратбай АРАКЕЕВ
"Мен сага өлүм
алып келем"

***
Ошентип Сатар талкаланган үйүн, кебетеси келишкен Асясын көрүп, "өлүм апкелгендер" көзүнө көрүнүп - баары кошул-ташыл болуп катуу жыгылды. Догдурга жатты далайга. Ася болсо Бишкектин эң чоң базарына көп байралып жүрүп кескиленген долларын баштыгы менен көтөрүп аккөңүлү кармаса көрүнгөнгө берип, кереги жок десе урушуп, жин оорусу күчөп анан кышкы суук күндөрдүн биринде дал ошол базардын четиндеги каналда тоңуп өлдү. Сөөгү моргдо биртопко жаткандан кийин ээси жок өлүк катары эптеп көөмп ташталды...
Сатар кийин укту аны. Убагында укса деле колу менен көммөк эмес, үй толо дүнүйөдөн, толгон жылкыдан айрылткан ушул, анан да көрсөтпөй он миңдеген долларды катып жүргөнүн карабайсыңбы! Жок Сатар бу аялын көммөк эмес!
Сатар ооруканада көпкө жатып, баскан жолун көп ойлоду. Ошол жолунда уялчу кылыктары бар экенин алгачкы жолу эсине алды. Мурун ал жөнүндө ойлоп көргөн эмес. Айбандык менен адамдыктын, арамдык менен адалдыктын, айкөлдүк менен наадандыктын, боорукердик менен ташбоордуктун ажырымын тактап-талдоого аракет кылгандай болду. Өзүнөн өзү минтпейт эле, өзү менен бир палатада жаткан бир ажы адам бар экен жалаң эле улуу сөздөн, ыймандан сүйлөгөн ошонун сөздөрү түрткү берди көрүнөт. Өзү чөөдөй жутунган, адамга жылдызы да жок неме болгону менен кеп сөздөрү мыкты экен да! Угуп эле тургуң келет. Дилиңди дароо тазалап салгандай кылат экен анын сөздөрү. Тамагын катып жегени, жаш токолу келгенде уу тили пайда болуп аны каарыганы, майдачылдыгы көргөн адамды жийирткени менен кооз сөздөрү цыгандардын картасындай экен, коенду тарткан удавдай экен, эритип таштайт экен эритип... Сатарды да эритти.
Догдурдан чыккандан бир ай өтпөй Сатар ажылыкка аттанды топкыргыз менен.
Сатар ажылыкка жөнөгөнчө бар байлыгын долларга айлантып Батыштын бир банкына которгон. Өзү ойлогондор ишке ашса, экинчи бул жакка, киндик кан тамган мекенине кайрылып келбейт. Ажылыктан тазаланат да башка турмушту баштайт... Сатардын бир тилеги дароо эле орундалды, баргандан үч күн өтпөй мейманкананын 7-кабаттагы балконунда турат эле, төмөн карай берип башы айланды, бир убакта жерге учуп, былч эле дей түштү. Тилеги кабыл, түбөлүк туулган жерине кайткыс болду. Аны ошол жерге көмүштү, түптүз бейишке чыгат экен, да бир өмүр бүттү ошентип...

***
Мырзабектин өмүрү өтүп жатат. Кез-кези менен кайындарына барып балдары менен үч-төрт күндөй болот. Өз эне-атасына учурашып, бир-эки күн конот. Ал жактарга барганда эч жакка чыкпайт, эч ким менен сүйлөшпөйт. Анын баары Болоттун да, министрликтин да көзөмөлүндө. "Өлүм апкелгендер" Москвага чейин жетип элдин номер биринчи жегичин өлтүрүп кеткенден кийин алар өтө чоң даярдыгы бар күчтүү кылмыш тобу же милийсанын же коопсуздук кызматынын жигиттери деген ойду Болот да ойлоп жүрдү. Бара-бара Мырзабек шек алдырчу ролун аткара албай калды, андан шек албай калышты.
Эне-атасы ушул уулу аял алып оокатын кылса жакшы болбойт беле дегенди күнү-түнү ойлогону менен а жөнүндө уулуна бир ооз сөз айтыша элек. Мырзабек да үндөбөйт. Анын аял алайын деген ойу жок эле азырынча. Турмуш дегениң кеңешип отурмакпы, бир күнү өз билгенин жасайт эмеспи. Жыл кетти. Аялынын өлүмүнө өзүн күнөөлүү сезип жүрөгү мыкчылганы кала элек. Алы өлүмгө түрткөндөрдүн сөөгү небак чириген дечи, бирок башкы айбан Болот дале тирүү жүрөт. Жок, аны дароо өлтүрбөйт, андай жыргалды апкелалбайт ал жексурга, азапты тарттырып, боздотуп, сыздатып туруп, анан гана жакын алат. Мырзабек небак эле ушундай чечимге келген, Самат да билет ал жөнүндө...
Болот Бишкекке иш менен көп келет. Бирок ушул жердеги эң жакшы көргөн көңүлдөшүнүн өзү алып берген үйүнө келбегенине көп болду. Ал бул ирет Бишкекке он-онбеш күнгө келди. Отпускага чыккан. Кыштын кыраан чилдесинде беришпедиби анысын да...
Ушул көңүлдөшүнө кезиккенде Болот баарын унутат, анын сөздөрү, эркелегени менен эркелеткени, жасаган тамагы баары... баары жыргал болуп кетет. Кийин пенсияга чыкса мунусун алып бери дегенде Москвага же андан ары кетип жашашат. Ошонун камын көрүп каражат топтоп жүрбөйбү. Мына, бир жума мурун эле жыйырма миң доллар колго тийди. Бир чириген бай бизнесмендин көпкөн баласы бир кызды зордуктап анысы аз келгенсип кадимки эле кой мууздагандай мууздап салыптыр. Анын атасы уулу камалары менен эле Болотко келип жардам сурады. Экөө мурун чала тааныш эле. Эми жакындашып турушту. Тиги каничкичтин атасы уулунун эркиндигине он миң доллар сунуштады эле, "Баланын өлүмү үчүн оң миң өтө аз, кеминде жыйырма миң" деди Болот, - "уулуңуз атууга кетпесе да, 18-20 жыл кесилет, ал жактан тирүү кайтмай жок". Үч кыздан кийин көргөн жалгыз уулу экен да атанын. Болоттун баасына көнүп турду. Жалгыз эркек кымбат болот тура. Бул иш тергелип, кыз паркта белгисиз бандиттердин колунан мууздалган болуп чыкты. Бизнесмендин баласында "күнөө жок" экен. Кыздын аттуу-баштуу, колунда туугандары жок экен. Жалгыз агасы гана мен баары бир тигини соттотом же өз колум менен өлтүрөм деген сөзү менен калган. Бизнесмендин баласы кайсы бир чет өлкөгө окууга жиберилди дейт. Ушундай абийирсиз иши үчүн Болот жыйырма миң доллар алды. Керек болсо кийин да алса болот... Иликтөөдө жаңы фактылар чыкты, күбөлөр көрсөтмөсүн өзгөрттү дегендерди сууруп чыгып тиги айбан баланы алекизаматта камап койсо болот. Милийсаңдын укуругу каалагандай узара берет эмеспи...





кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??