presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кечир
мени
наристем!
"Сүйүү деген ар адамга табылат, бирок, адам билбестен жаңылат" деген кеп мага айтылгандай дейт бүгүнкү биздин каарманыбыз Жыпара. Ал бул кең ааламда өзүн ашыкча сезип, жер бетине батпай келет. Жыпара ичиндеги бугун, арманын, кечирилгис күнөөсүн көзүнүн жашын кылгырта биз менен тең бөлүштү.

- Үйдүн эң улуусумун. Менден кийин эки иним бар. Үйдүн улуусу болгондуктанбы айтор, кичинемен эле түйшүкчүл тырышчаак кыз болчумун. Мектепти мыкты баа менен окудум дегенден алысмын, эл катары орто окуп аяктадым. Шартка байланыштуу жогорку окуу жайга да тапшыра алган жокмун. Эмнегедир окууга болгон кызыгуум жок болчу. Мектепти аяктаган соң, шаарга аталаш байкемдердин бириникине келип жашап калдым. Бир жылча шаарга көнгөнчө жумушка чыккан жокмун. Акыры иштеп акча табуу керек экендигин түшүнүп, тигүү цехинде иштеп баштадым. Апам мен үч жашымда эле каза болуп калган экен. Ошондуктан, баардык түйшүк менин мойнумда болчу. Атам болсо, ичкиликти жакшы көргөн адам эле. Менин максатым өзүм окубасам да, инилеримди окутуу болчу. Ошентип, иштеп баштадым.

Таанышуу
Кычыраган кыш мезгили болчу. Бир күнү адаттагыдай эле жумуштан чыгып, аялдамада маршрутка күтүп туруп калдым. Кыштын суугун айтпай эле кой, бутум тызылдап тоңуп чыктым. Мени менен эки аял, бир жаш бала турган эле, эмнегедир демейде бат эле келген маршруткам ошол күнү кечигип жатты. Бир нече убакыттан кийин жанымдагы эки аял түшүп кетишти. Тиги бала жаныма жакын келип, "чоң кыз, сиз кайсы маршрутканы күтүп жатасыз?" деп сурап калды. 137-маршрутту. Эмнегедир кечигип жатат го дедим. "Кечиресиз, ал маршрут сиздин алдыңызда эле өтүп кетти. Турганыңызга көп болуп кетти, үшүп кеттиңиз го, кааласаңыз, мен сизди такси менен жеткирип коеюн" деп, жакын басты. Үшүп кеткендиктенби, айтор, анын сунушун четке какпай, дароо эле макул болдум. Жолду карай экөөбүз жакындан тааныштык. Ал менин чөнтөк телефон номеримди алганга да жетишти.
Ал жигиттин аты Бакыт экен. Күн сайын тынымсыз телефон чалып баштады. Акыркы күндөрү байкалбаган менен мен да ага арбалып бара жаттым. Арадан билинбей күндөр өтө берди. Бакыт экөөбүздүн сүйүүбүз барган сайын күч ала баштады. Ал мага кымбат сөздөрүн арнагандан тажачу эмес. Көрсө, анын оюу башкада экенин кийин билдим. Бакыт экөөбүз шаар айланып, не бир сонун күндөрдү өткөрбөдүк. Мына ошондой күндөрдүн биринде Бакыттын дос баласынын туулган күнү болуп отурушка чогуу барып калдык. Ал жактан кыздар, балдар менен шаңдуу компанияда олтурдук. Кызыктуу оюн ойнолуп, ичимдиктер ичилип жатты. Өмүрүмдө биринчи жолу гана ошол жерден ичимдиктин даамын таттым. Биринчи жолу ичкендиктенби, айтор, өзүмдү бат эле жогото баштадым. Бир карасам, саат түнкү эки болуп калыптыр. Андан кийинкисин өзүм да билбейм. Эртең менен туруп, кыздык абийиримден айрылганымды билдим. Мен ишенген Бакыт ушул жолго барат деп таптакыр ойлобогон экенмин. Көрсө, балдар, алсыз айымдарды жалган сөздөрү менен өздөрүнө багындырып алган соң, кылаар иши ушул тура. Ошол ишке бараарда өзүлөрүнүн карындашын же, эжесин ойлобос бекен. Бирөөнүн тагдырына балта чапкан соң, алардын кийинки тагдырын ойлобостон, жер үстүндө уялбастан кантип басып жүргөнүнө таң каласың.

Кайдасың берекем!
Арадан үч ай өттү. Өзүмдү жаман сезип, акыры кош бойлуу экенимди билдим. Өзүмдү өзүм бул дүйнөдө жок кылгым келди. Бирок, мен жок болсом, эки инимдин жашоосу эмне болот, ар кандай түрлүү ойлорду ойлоп, жан деген баары бир таттуу экен бул ишке бара албадым. Убакытты токтотуп кала албайт экенбиз да ансайын убакыт учкан октой өтө берди. Ичим кичинеден билине баштады. Бир күнү улуу иним, телефон чалып: "Эжеке, айылга качан келесиз? Биз сизди сагындык. Жок дегенде үч күнгө келип кетиңизчи" деп суранды. Кайсы бетим менен бармак элем. Менин кош бойлуу экенимди жан адам билбейт эле. Жүрөгүм тилинип турса дагы кур шылтоону айтып, "мен бара албайм, жумуштан жибербей жатышат" деп жалган шылтоону айттым. Ошол жерден өзүмдү-өзүм жемелеп, жек көрүп шолоктоп ыйлап алдым. Бакыт болсо, күнүгө кур шылтоону айтып, менден өзүн алыстата баштады. Тирүү адамдын күнү өтө берет турбайбы, айла жок тагдырдын жазмышына моюн сунуп, күндөр өтө берди. Акырында кош бойлуу экенимди жеңеме айтууга аргасыз болдум. Бир күнү Бакыт ачуулуу келип: "ичиңдегини алдыр!"- деп катуу чаап жиберди. Алты ай болуп калгандыктан, алдырууга кеч болуп калган эле. Бакыт мага көңүл бурбай, менден кутулуунун жолун издеп жатты. Мына ошентип, айым, күнүм жетип көз жаруума да аз эле убакыт калган эле. Бакыттан болсо дайын жок, менден кабар да алып койгон жок. Ошентип, жеңемдин жардамы менен төрөт үйүнүн биринде аман-эсен уул төрөдүм. Баланы өзүмдүн багып албасыма көзүм жеткенден кийин, мени менен кошо жаткан келиндин баласы чарчап калаган экен. Ал менин баламды багып алуусун суранды. Эч күнөөсү жок наристемди ал келинге берүүгө аргасыздан макул болдум. Канымдан чыккан балама үч күн гана эне сүтүн бердим. Азыр бассам турсам да оюмдун баары ошол баламда анын чаңырып ыйлап жаткан үнү кулагыма жаңыра берет.
Мына ошол күндөн тартып, ушул күнгө чейин өзүмдү кечире албай келем. Азыр баламды көрбөсөм да, бир гана балам үчүн жашап келем. Ал азыр кандай күндү көрүп жатты болду экен, мына ушул ойлор менин жан дүйнөмдү тынч алдырбай келет. Баламды бир көрүүгө зармын. Анын жытын жыттап, энелик мээримимди бере албагандыгым үчүн кечирим сурайм. Кайдасың менин берекем!
Гүлира Токтосунова






кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??