presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Тарых
Генерал Ысакбек -
легендарлуу аскер башчы
Кыргыздын биринчи генералы, 1944-жылы азыркы Кытай Эл Республикасынын Тарбагатай, Иле, Алтай облустарынын аймагында түзүлгөн Чыгыш Түркстан Республикасынын башкы аскер командачысы Ысакбек Мону уулунун аты Исхакбек, Ыскакбек, Исакбек, Ысакбек болуп; ал эми фамилиясы Мунинов, Мононов, Мониев, Монуев делип, ар кайсы булактарда ар кандайча жазылып жүрөт. Мындай чаржайыттык генералдын ишмердиги эки-үч мамлекетте, жана да, ар түрдүү улуттар арасында жүргөндүгүнөн улам келип чыккан. Анткени, анын аты-жөнүн ар кайсы улут өз тилине ылайыктап, ар түрдүүчө атап, жаза берген. Чындыгында анын аты Исхак деген байыркы араб аттарынан алынып коюлган. Искахты кыргыздар өзүнүн тил мыйзамына ыңгайлаштырып, Ысак же Исак деп аташат эмеспи. Биздин каарманыбыз, тунгуч кыргыз генералын туугандары Ысакбек деп эле чакырышкан. Ысакбектин атасынын аты Мону. А энесинин аты Кадича. Атасынын аты кандай мааниде коюлган, же Момун дегенден өзгөрүп калганбы, белгисиз. Кыскасы, биз чыгаан тарыхый инсандын аты-жөнүн Ысакбек Монуев деп эле кабыл алганыбыз туура.
Улуттук салтыбызга салып, уруусун сүрүштүрө турган болсок, Ысакбек Монуевдин теги кыргыздын оң канатына кирген муңгуш уруусуна кирет. Кыргыз санжырасы боюнча, Муңгуш Долон бийдин Адигине, Тагайдан кичүү үчүнчү уулу болуп эсептелет. Ал эми Муңгуштан Төлөйкөн, Жапалак, Соколок, Кодогочун, Жоош, Тээке, Көкжатык, Жылкелди, Маңгыт, Сарылар, Сарай, Эркекашка деген уруктар тарайт. Алар негизинен илгертен Алай-Анжиян-Кашкар аймагын мекендеп келишет. Ысакбектин ата-бабалары ошол муңгуш уруу тутумундагы жоош уругунун ыман бутагынан тараган, илгертен Кыргызстандын азыркы Алай районунан Кытайдын Улуу-Чат ооданына чейинки аймакты мекендеп келишкен кыргыздар. Жетинчи атасы -Ыман, андан-Нарбото, андан-Бакы, андан- Абдырай, андан -Болот, андан -Чамаш, андан- Мону, анан- Ысакбек.
Кытайдагы маалымат булактарында Ысакбек Монуев 1902-жылы азыркы Синьцзянь (Шинжаң) уйгур автономиялуу районунун Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу облусундагы Улуу-Чат ооданынын Көш-Өтөк айылында туулган деп айтылып, жазылып жүрөт. Чындыгында ал ошол жылы күздө азыркы Алай районунун Кытай мамлекетине чектеш жайгашкан Нура айылында туулган. Ошол учурда Ысакбектин чоң атасы Чамаштын кыштоосу Улуу-Чат ооданындагы Кош-Өтөк, Сымкана айылдарында болгону менен, анын бир тууганы Карагул Нура айылын кыштоо кылып турган экен. Демек, болочок генералдын ата-бабалары илгертен ошол Нурадан Жыгынга чейинки аймакта жашап келишкен. Чамаштын Сейитакун, Калыкберди, Кадырберди, Мону деген төрт уулу, Бурул, Тоту, Мөлтөй, Сейил аттуу кыздары болгон. Бир тууганы Карагулдун уулу жок болгондуктан, Чамаш өзүнүн кичүү уулу Монуну өспүрүм курагында анын колуна берет. Мону ошентип Нурада кыштаган абасы Карагулдун колунда эр жетип, үйлөнүп, туну Ысакбек төрөлгөндөн кийин гана өз атасынын кыштоосу Кош-Өтөккө көчүп кетет. Ысакбектин Нурада туулгандыгынын жөнү ушундай.
Албетте, кызыл-суулук улутташтарыбыздын легендарлуу генералды өздөрүндө туулган дегендигинин негизи бар. Ошентсе да тарых тактыкка муктаж эмеспи. Мында Алай да, Улуу-Чат дагы илгертен түпкүлүктүү кыргыз жери болуп келип, кийин эле эки зор мамлекеттин ортосунда бөлүндү болуп калгандыгын эстен чыгарбашыбыз керек. Улуу-Чат ооданы да курамына кирген Кытай Эл Республикасындагы Кызыл-Суу аймагында азыр дагы автономия статусуна ээ болуп, улуттук касиетин, өз салтын, тилин, маданиятын сактап, өнүктүрүү иши өз колуна берилген өз улутташтарыбыз - кыргыздар жашайт.
Генерал Ысакбектин ата-теги илгертен бай, бий болуп өткөн, калк ичинде кадырлуу, өтүмдүү адамдар болгондугу жөнүндө эл оозунда айтылып калган. Айрыкча , жотосу Абдырай бийдин калыстыгы, элчилдиги тууралуу ар кандай уламыштар айтылат. Ал Атбашыдагы чериктерден чыккан үлкөн тарыхый ишмер Ажыбек баатыр, Алайдын башкаруучусу Алымбек даткалар менен замандаш болгон, алар менен ар кандай кырдаалда кезигишип мамиле-катыш да кылган. Абдырай бийдин Нура айылындагы күмбөзү арадан канча мезгил өтсө да азырга чейин жакшы абалда сакталып турат. Абдрайдан соң анын уулу Полот, небереси Чамаш дагы өз уругуна бий болуп өткөн адамдар экен. Демек анын балдары баары эле оокаттуу, бардар болгон. Ал эми кичүүсү Мону (1873-жыл,Улуу-Чат ооданы, Кош-Өтөк айылы-1968-жыл, Ош облусу, Мады айылы) жашынан чыйрак, эмгекчил чыгып, анча-мынча соода иштерине дагы аралаша койгондугу менен айрымаланып турган. 1930-жылдардын ортолугунда Бурул деген эжесин алып, Меккеге зыярат кылып келип, Мону ажы атыккан..
Легендарлуу генералдын азан чакырылып коюлган аты Ысакмат. Муну андан кийинки бир тууган инилеринин Шаакмат, Атакмат, Мырзакмат, Кожакмат, Ажакмат болуп, уйкаш коюлушу да тастыктап турат. Мону ажы улуу аялы Кадичадан бул аталган уулдарынан тышкары Чүрөк, Бүбүкан, Сулуу деген үч кыздуу болот. Бирок, Кадича төрөттөн кийин оңоло албай, көз жумгандан кийин Таасил деген кызга үйлөнүп, андан Термез, Өмүрали деген эки уул, Абийба деген бир кыз тапкан.
Кийин бүтүндөй Кытай мамлекетин титиреткен аскер башчынын балалык курагы ошол учурдагы көчмөн кыргыздардын балдарыныкынан эч кандай айрымасы жок. Атасы атайын Кашкар шаарынан алып келген Ысмайыл деген молдодон окуп, арабча кат таанып, баштапкы диний билимге ээ болот.Ал мезгилдин шарты белгилүү эмеспи, калк арасында сабаттуулар өтө сейрек эле. Кичине кат таанып, араб арибинде жазып, окуй билгендер молдо катары эсептелчү. Ысакбек молдодон окуган өз курбалдаштарынан кыйла зээндүүлүк кылып, сабакты мыкты өздөштүрүп, анан да "Куран" сүрөөлөрүн жатка билгендиктен, тез эле Молдо Ысак атыгып кетет. Ал бала кезинде көп сүйлөбөгөн, токтоо, анан да апасы Кадичанын жеңилин жерден, оорун колдон алган эмгекчил, элпек бала болгондугу гана айтылат. Негизи, анын балалык, жаштык курагы тууралуу маалымат аз. Улак (көк бөрү) тартууга да шыктуу б.а. чабандес болгондугу жөнүндө учкай кептер бар. Мисалы, Кыргызстан коопсуздук кызматынын отставкадагы полковниги Болот Абдырахманов өз иликтөөсүндө Ысакбек бир чоң тойдо курбалдашы Сыдыкбектин атасы Молдобайдын улакчы атын сурап улак чаап, анан ал аттын буту сынып калгандыгы, ошонун айынан Мону менен Молдобай жаман-жакшы айтышып, кайра жарашканыгын жазган. А тубаса зээндүү, ар кандай ишке жөндөмдүү болгондугун 16 жашында, али өспүрүм курагында өз айылына бий болуп шайлангандыгы айгинелеп турат.
1918-20-жылдардын аралыгында атасы Мону Кашкардан Анжиянга кат-кабар ташыган почто кызматында да иштеп, почтону Улуу-Чаттан Эркеч-Тамга чейин жеткирип турган деген маалымат бар. Ошол почта ишине кол кабыш кылып, анан да атасынын соода иштерине аралашып, нары Кашкар, Аксу шаарларына, бери СССРге өтүп, Ош, Анжиян шаарларына чейин келип-кеткен сапарларына катышып, Ысакбек жашынан эл таанып, жер таанып, көзү эртелеп ачылат.
Алгачкы даярдык
1919-жылы Борбордук Азияда большевиктер толук жеңишке жетишкенден кийин, Түркстанда (азыркы Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан аймагы) Совет бийлигине каршы күрөшкөн куралдуу топтор, калыптанган лексикон менен айтканда, басмачылардын бир бөлүгү Кытайга качып, борбору Кашкар шаары болуп эсептелген Түштүк Шинжаңда баш калкалап, туш тарапка бөрүдөй жортуп күн кечире башташат. Бул куралдуу топтор аердин тынчтыгын бузуп, башаламандык жаратат. Мына ушундай кырдаалда Яң Зеншин деген адам башчылыгындагы Кытайдын Шинжаң провинциалдык өкмөтү Советтер Союзу менен келишимге келип, СССРдин жардамы менен Түштүк Шинжаңдын СССР, Ооганстан, Индия менен чектешкен аймактарында чегара аскер отряддарын түзө баштаган. Ысакбектин коомдук-саясий аренага чыгышы ушул учурга туш келет. Анткени өкмөт чегарачы отряддарды негизинен чегараны бойлой жашаган жергиликтүү эл - кыргыздардан кураган. СССР-Кытай чегарасын көзөмөлдөгөн бир отрядды түзүүгө Ысакбек да катышып, тез эле ал отряддын командиринин милдетин аткара баштайт. Аны менен үзөңгүлөш жүрүп, аскер курашкандардын бири жогоруда кепке алынган Сыдыкбек Молдобай уулу болгон.
Ысакбектин өмүрүнүн акырына чейин уланган советтик атайын кызмат менен байланышы ушул учурда башталганбы, же андан мурдараак, өзү ар кандай иштер менен Кыргызстанга келип турганда, болбосо, атасынын почтодогу ишине жардамдашып, Эркеч-Тамга тез-тез өткөн кезиненби, белгисиз. Кытай мамлекетинин чегара кызматында ал советтик атайын кызматтын адамы катары жүргөн. Ал эми Ысакбек жөнүндө Кытайда жарык көргөн китептерде ал СССР деги турмушту көрүп, ага аябай таасирленгендиги, коммунисттик идеялар менен таанышып, ага өтө берилгендиги тууралуу айтылат. Ал ошол учурдагы Кыргызстандагы чоң өзгөрүүлөрдү, алга карай өнүгүүнү көрүп, шинжаңдык кыргыздар да ушундай турмушка жетсе деп көксөп, ошол максат үчүн күрөшүүгө бел байлаган делет. Чындыгында эле бул убакытта советтик кыргыз жергесиндеги турмушка суктанбай коюуга болбойт эле. Улуу Октябрь социалисттик революциясына чейин Россия менен Цин империясындагы (Кытайдагы) кыргыздар бирдей эле оор турмушта жашаган. Кыргыз эли туташ сабатсыз, тарыхый өнүгүштөн артта калган көчмөн турмушта күн өткөргөн. Мамлекет кыргыздардын улуттук кызыкчылыгы, маданияты, агартуусу түгүл, жөнөкөй жашоо-турмушу үчүн да кымындай кам көрчү эмес.
Большевиктер Россияда ишке ашырган социалисттик революция Россиядагы кыргыз элине бакыт алып келди. Анын аркасында улуттук биримдикке келип, формалдуу болсо да улуттук мамлекеттүүлүккө ээ болду. Экономикалык, социалдык-маданий жактан өнүгүүдө ири секирик жасап, кыргыз эли цивилизациянын даамын тата баштады ж.б. дегендей, айта берсе, кел-кели келди. Ал эми Кытайда жашаган кыргыздардын турмушу мурдагы боюнча эле кала берген. Албетте, мындай көрүнүш көөдөнүндө элчил, мекенчил жигери бар адамды таасирлентмей коймок эмес. Мына ошол таасир Ысакбекти Совет мамлекети менен байланышууга түрткөн. Ал ошондо Шинжаңдагы кыргыздар Совет өкмөтүнүн жардамына, камкордугуна алынып гана эл катары сакталып калып, жашоо-турмушун эл катары жөнгө салат деп ишенген.
(Уландысы бар)


Ошентип, Ысакбек өкмөт тарабынан түзүлгөн чегара отрядынын командири болуп калгандан кийин отрядга өзүнө ишенимдүү, тың жигиттерди алып, аскер санын көбөйтөт. Анан совет өкмөтүнүн көмөгү менен аскер бөлүгүнүн курал-жарагын мыктылап, күчтөнтөт да, Түштүк Шинжаңдагы басмачы топторду жоготуу үчүн күрөш баштайт. Албетте, анын бул күрөшү жоготуусуз болгон эмес. Ысакбектин душмандары анын айылын эчен ирет талап, жакын туугандарынын өмүрүнө коркунуч туудурган. 1934-жылы ага каршыккан Абылкасым корбашы бир тууган абасы Кадырберди менен бир тууган иниси Шаакматты өлтүрүп кеткен.
1944-жылы түзүлгөн Чыгыш Түркстан Республикасынын жетекчилеринин бири Сайпидин Азизинин эскергенине караганда, ал 30-жылдарга жакын Совет мамлекетине өтүп, бир топ убактан кийин анан Шинжаңга кайра барган. Ал эми Кызыл-Сууда басылып чыккан "Генерал Ысакбек" деген эскерме китепте ал дал ушул мезгилде Кашкар шаарына келип, алдыңкы идеядагы адамдар менен аралашып, 1-2 жыл окуп кеткендиги жазылган. Б.Абдырахманов да анын Кашкарда 2 жыл жүрүп, анан өз айылына баргандыгын жазат. Ар башкача болгон менен бул маалыматтар бир эле чындыкты ишаарат кылып тургансыйт. Демек Ысакбек 1930-жылдардын башында Шинжаңда жашаган эмес, Советтер Союзунда болгон. Бирок, бул маалыматты өтө жашыруун сактап, өзгөлөргө өзүн Кашкар шаарында жүргөн адам катары көрсөткөн деп түшүнүү керек.
Азырынча Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (мурдагы КГБнын мураскери) өз архивиндеги генерал Ысакбекке байланыштуу материалдарды ачыкка чыгарбай жаткандыктан, анын советтик атайын кызмат менен байланышы, СССРге келип-кетиши жөнүндөгү маалыматтар али толук такталбай келатат. Ошентсе да, Ысакбек дал ошол жылдары СССРге жашыруун түрдө өтүп, НКГБнын (мамлекеттик коопсуздук эл комиссариаты) атайын даярдыгынан өткөн деп болжолдоого болот. Генералдын өмүр жолуна назар салсаң, 1931-32-жылдардагы ишмердиги тууралуу дээрлик маалымат жок.(Анын аскер отрядына бул учурда өзүнүн жакын туугандарынан болгон Койчубай Момбек уулу жетекчилик кылган. Убагында Койчубай палбан атыккан, жакынкы жылдарда эле Кара-Суу районундагы Мады айылында көзү өткөн бул адам 30-жылдары Ысакбектин оң колу болуп, басмачылар менен согушууда көп эрдиктерди көрсөткөн.) Ал эми 1934-жылдан баштап активдүү аскердик аракеттерге өткөндүгү байкалат. Дегеле, аскердик-чекисттик атайын даярдык, керектүү билим базасы болбосо, болгону молдодон арабча кат тааныган көчмөн, элеттик кыргыз баласынын бүтүндөй Чыгыш Түркстан регионунда даң салган атактуу аскер башчы, мамлекеттик-саясий ишмер болуп жетилиши дээрлик мүмкүн эмес болчу.

Төмөндөгү маалымат дагы ал СССРде окуп кеткен деген болжолду тастыктап тургансыйт. Болот Абдырахманов генерал Ысакбек жөнүндөгү өз очеркинде Улуу Ата Мекендик согуштун генералы Александр Федорович Топорашевдин легендарлуу кыргыз генералына эки жолу жолуккандыгын жазат. А.Ф.Топорашев биринчи жолу 1931-жылы декабрда Алайдагы Эркеч-Там заставасынын начальниги болуп турган кезде Ысакбек менен жолугуп, бир дасторкондо чай ичип, аңгемелешкен экен. Кийин анан ал Ата Мекендик согушка катышып, жеңишти Прага шаарында тосот. Бул учурларда ал Чыгыш Түркстандагы окуяларды унутуп деле калат. 1949-жылы тагдыр буйруп, СССРдин Кашкардагы консулдугунун аскер атташеси менен бирге Кашкарга барып калып, ошондо Ысакбекке экинчи жолу жолугат. Бул учурда Ысакбек генерал, жана ЧТРдын башкы аскер командачысы болчу. Эски тааныштар ошентип 18 жылдан кийин кайра жолугушат. Топорашев кайтарында Ысакбек: "Мен сиздин жакшылыгыңызды көргөм, аны жакшылык менен кайтарам деп ойлоп жүрдүм эле. Азыр ыңгайы келип турат. Бул Осмон паашанын кылычы менден сизге белек" деп, алтын жалатылган оор кылычты ага тартуу кылган экен.


Шинжаң үчүн кармаш

Ысакбек аралашкан коомдук-саясий окуяларды аңдап түшүнүү үчүн ошол учурдагы Кытайдын Чыгыш Түркстан аймагындагы коомдук-саясий абал тууралуу түшүнүк алуу керек. 1911-жылы Кытайда буржуазиялык революция ишке ашып, Цин бүлөсүнүн монархиялык бийлиги кыйрагандан кийин деле бул зор өлкөдөнүн абалы татаал бойдон кала берген. Ал революцияны ишке ашырган Улуттук партиянын (гоминдань) лидери Сун Ятсен өлгөндөн кийин ордуна бийикке Чан Кайши АКШ, Англиянын колдоосуна таянып саясат жүргүзгүсү келген. Анткени 1921-жылы түзүлгөн Кытай Коммунисттик партиясы (гучандань) Комминтерндин түздөн-түз көрсөтмөсү, СССРдин ар тараптан колдоосу менен аракет кылып жаткан. Ошентип, Борбордук Кытай эки ири партиянын бийлик талашында жарандык чыр-чатактарга кабылып, туруксуз саясий абалда болчу.

Жалпы бийлик Нанкинь шаарын борбор катары эсептеген Чан Кайши башчылыгындагы гоминдань партиясынын колунда болгону менен, бул борбордук бийлик Кытайдын бүт аймагын кынтыксыз көзөмөлдөй алган эмес. Ошондуктан борбор калаасы Үрүмчү шаары болгон Шинжаң провинциалдык өкмөтү Нанкинге шартту түрдө гана баш ийгени болбосо, өз алдынча саясат жүргүзүп, өз арбайын өзү соккон, өтө алсыз өкмөт болгон. Ошондуктан, заманбап мамлекеттик бийлик институттары түзүлбөй, дээрлик орто кылымдык деңгээлде калган Чыгыш Түркстанга империялык амбициясы бар ири мамлекеттердин дээрлик бардыгы кызыгып, өз таасирин орнотууга аракет кылган. Кыскасы, Кашкар ири державалардын геосаясий кызыкчылыгы тогошкон майданга айланган. 30-жылдары мында айрыкча Англия менен Советтер Союзунун ролу жогору болчу. СССРден качып өткөн басмачы калдыктарынын Чыгыш Түркстанды пааналагандыгынын дагы бир себеби бар. Кашкар шаарында өз консулдугун ачкан Англия аларга ар тараптан колдоо көрсөтүп, Чыгыш Түркстанды СССРге -өздөрүнүн тили менен айтканда, коммунизм коркунучуна каршы күрөш плацдармына айландырууну көздөгөн. Өзүнүн пантүркчүл идеяларын ишке ашыргысы келген Түркия, жаңы "оюнчу" АКШ да ошол позицияда болчу. Андан тышкары, бүтүндөй Кытайды өзүнө каратып алгысы келген Япония да четте карап турбай, ачык эле экспанциялоо саясатын жүргүзгөн.

Ал эми Советтер Союзу Чыгыш Түркстанды өзүнүн чегара бүтүндүгү үчүн өзүнчө бир буфердик зона катары караган. Бирок, Кашкарда өз таасирин орнотуу үчүн биринчи кезекте ал аймакты басмачы топторунан тазалашышы керек эле. Ошол максатта Шинжаң өкмөтү менен келишимге жетишип, Ысакбекти куралдандырып эле тим болбой, Кыргызстандан жашыруун аскерлерди өткөргөн. Кийин полковник наамында отставкага чыккан, түбү лейлектик Раззак Мавлянов, подполковник, түбү ноокаттык Молдосабыр Матназаров, түбү азыркы Кара-Суу районунун Кызыл-Суусунан болгон Молдо Шермат мына ошондо Ысакбектин аскер бөлүгүнө жардам берүү үчүн өткөн советтик офицерлерден болгон.( Алар менен кошо Кыргызстандан бир топ эле "партизандар" өткөн. Алардын аттарын тактап чыгуу керек.) Молдосабыр Матназаров өз эскерүүсүндө Шинжаңдын Алай району менен чектешкен Улуу-Чат аймагына 1934-жылы өткөндүгүн айткан.

Ал эми Кашкарга Кыргызстандан өткөн совет өкмөтүнө каршы куралдуу топтордон өзгөндүк Жаныбек казы, алайлык Ади паңсат, алайкуулук Айтмерек корбашылардын аттары кеңири белгилүү. Бирок, Англиянын тукуруусу менен СССРге каршы аракеттенген басмачы күчтөрү ошолор менен гана чектелбейт эле. Ал күчтөрдүн негизги бөлүгүн Өзбекстандан жана Тажикстандан өткөн куралдуу басмачы топтору түзгөн.

Осмонали пааша жана "жумхуриятчылар"

Теги эле Чыгыш Түркстандагы кытай бийлиги башынан шовинисттик саясат жүргүзгөн. Уйгур, ж.б. элдер улуттук басмырлоонун астында, теңсиздикте күн кечиришкен. Андан тышкары социалдык теңсиздик дагы аябай жогору болчу. Ошондуктан, көбүнесе уйгур жана дунган дыйкандары улуттук эзүүгө жана социалдык теңсиздикке каршы тез-тез козголуп, көтөрүлүшкө чыгып турган. 1932-жылы Кумул округунда Кожонияз ажы деген адамдын жетекчилиги менен дагы да дыйкандар көтөрүлүшү чыгып, ал ошол аймакта айтарлык жеңишке жетишип, козголоң башка округдарга жайылып кетет. Бара-бара улуттук-боштондук мүнөзүнө өткөн көтөрүлүш оту Чыгыш Түркстандын ар кайсы округдарында чыга баштайт. 1933-жылы Темир шижаң ("ши"-кытай тилинде дивизия дегенди, ал эми "жаң" башчы дегенди түшүндүрөт) деген адам башчылык кылган уйгур көтөрүлүшчүлөрү Хотенди ээлеп, андан ары Түштүк Шинжаңдын жүрөгү саналган Кашкар шаарын көздөй жыла баштайт. Чочулаган өкмөт Улуу-Чаттагы кыргыздардын чоңбагыш уруусунан чыккан Осмонали деген аскер адамын куралдандырып, ага каршы кыргыздарды пайдаланууну чечет.

Осмонали мурда өкмөттүн аскер кызматында иштеген, кытай тилин билген, андан сырткары диний билими да жеткилең, ошол учурдагы кызыл-суулук кыргыздардын арасында таасирдүү адам болгон. Ал өкмөттөн курал алгандан кийин тескерисинче, козголоң көтөрүп, кытай өкмөтүнө каршы чыгып, Кашкардагы бийликти ээлеп алмак болот. Бүт элге кытай бийлигин жоготуу үчүн күрөшө тургандыган жар салат. Анын бул чакырыгы элде зор колдоого ээ болуп, зоболосу көтөрүлөт. Анын кошунуна аскер болгусу келгендер туш-туштан агылып келе баштайт. Ал Кашкарды көздөй жылып келаткан Темир шижаң менен да байланыш түзөт. Түштүк жагы Сымкана айылына , түндүк жагы Какшаал өрөөнүнө чейинки кыргыздарга чабарман чаптырып, алардан аскер топтоп, Артыш шаарынын жанына лагерь куруп, түздүктөгү уйгурларды аскерге алып, зор сандагы аскер курайт да 1933-жылдын 2-май күнү Кашкарга чабуул жасайт. Ошентип, Кашкар шаарынын бир бөлүгүн, өкмөт башкармалагы, аскер идарасы жайгашкан Эски шаарды ээлеп алып, Кашкарда мусулман мамлекети түзүлгөндүгүн жар салат. Калың эл аны эзүүдөн куткаруучу, жаңы мусулман мамлекетинин падышасы катары тааныйт. Ошентип ал Осмонали пааша деген атка ээ болот. Осмонали пааша кыргыздын адигине уруусунун жору уругунан болгон Чыпак казыны дотай-Кашкар округунун башчысы кылып дайындайт.

Ал учуда Кашкарда Үрүмчү өкмөтүнүн өкүлү катары кыргыздар Мадотай деп атаган, дунган улутундагы Ма Жуң Яң бийлик жүргүзүп турган. А Кашкар шаары болсо, Эски шаар, Жаңы шаар деп, эки бөлүктөн турчу. Осмонали башчылык кылган козголоңчулар менен сүйлөшүүгө барып, акырында Ма Жуң Яң өз аскерлерин сактап Жаңы шаарга чыгып кетип, ошол жерде тосмо коюп жайгашып алган болчу. Жаңы шаардын чыңдоосу бекем, ал эми Осмонали паашанын аскерлеринин курал-жарагы өтө начар болгондуктан, аны багынта алышпайт. Ага болбой эле Кашкардын эски шаарын басып алган козголоңчулар Осмонали пааша менен Темир шижаңдын ортосунда бийлик талаш келишпестиги чыгып, ал куралдуу кагылышууга жетет. Бул эки күчтү бири-бирине тукуруп, бул кагылышууну Ма Жуң Яң атайылап уюштурган. Бир салгылашта акыры Осмонали пааша жеңилип, шаарды таштап чегинүүгө аргасыз болот. Бирок, анын артынан сая түшкөн Темир шижаң дунган аскерлеринин капканына кабылып, өлтүрүлөт. Осмонали кайра Кашкардагы бийликти ээлейт. Бирок ал Кашкарда бийликти көпкө кармап тура алган эмес. Англия агентурасынын адамы эсептелген Сабит дамылла Абдулбакиев баштаган багы бир топ ага каршы аракет кылып, Осмоналинин өзүнүн эле кол алдында кызмат кылган кыргыздар Чыпак казы, Орозбек шанжаңды, анан Жаныбек казы, Ади баш болгон советтик басмачыларды ага каршы салышат. Ошентип Осмонали пааша Кашкарды таштап, тоого чыгып кетүүгө аргасыз болот. (Кийинчерээк кытай аскерлерине колго түшүп, түрмөдө өлгөн.)

Көөнө шаардагы бийликти Сабит дамылла Абдулбакиев жетектеген күчтөр тартып алып, 1933-жылдын 12-ноябрында Кашкарда Чыгыш Түркстан ислам жумхуртияты (республикасы) аталган мамлекет түзүлгөндүгүн жар салып, жаңы өкмөт түзөт. Өкмөт башчысы деп, Кумулда башталган көтөрүлүшчү күчтөрдүн жетекчиси Кожонияз ажыны сырттан шайлашат. Кожонияз ажы ал учурда Аксуу, Кумул округдарында согушуп жаткандыктан Кашкарга келген эмес. Кашкардагы козголоңчуларга көмөк дагы көрсөтө албаган. Ошондуктан ал "республиканы" Англия чалгындоо кызматынын көрсөтмөсү боюнча Сабит дамылла өзү эле билгениндей башкарып турган. Ал өкмөттө кыргыздардан Чыпак казы өкмөт башчынын орун басары жана каржы министри, Орозбек аскер министри, Жаныбек казы кеңешчи аталган "креслолорго" ээ болот. Арийне, бул жаңы өкмөттүн өкмөт аты эле болбосо, бийлиги жалгыз Кашкар шаарын да толук көзөмөлдөгөнгө жете берген эмес. Жаңы шаар мурдагыдый эле Үрүмчү өкмөтүнө жан тарткан Ма Жуң Яңдын аскерлеринин колунда турган. Алар 1934-жылыдын апрель айында Көөнө шаарга чабуул жасап, "Чыгыш Түркстан Ислам Республикасын" таратып, Кашкарды кайрадан толук ээлейт. Ошентип бул "мамлекет" болгону 5 ай гана жашап, жоготулган. Лидери Сабит дамолла өкмөт аскерлеринин колуна түшүп, камакка алынат. Башка лидерлери туш-тушка качат. Ади паңсат ага чейин эле Жаныбек казы тарабынан өлтүрүлгөн болчу. Ал эми Жаныбек казы тууган-уруктары менен Пакистанга өтүп кеткен. (Ал кезде Индия экиге бөлүнө элек, анан да Англиянын бийлөөсүндө болчу.)

35-кыргыз атчандар полкунун түзүлүшү

Кытайда жарык көргөн "Генерал Ысакбек" деген эскерме китепте бул мезгиле Ысакбек Осмонали паашанын чакырыгы менен Кашкарга барып, өз аскерлери менен кытай бийлигине каршы согушка катышканы, Осмоналинин армиясында пейжаң (пей-кытайча эскадрон чамасындагы аскер бөлүгү) болгондугу айтылып, бирок ал башка фактылар менен бекемделбей, кайра чаташып калган. Башка булактарда Ысакбектин Осмонали менен кошо согушканы тууралуу дегеле кабар жок. Демек, буларды тактоо керек.

Ысакбектин ысмы Чыгыш Түркстан Жумхуриятынын жоюлушунан көп өтпөй кайра атала баштайт. Сабит дамылла түзгөн бул өкмөт англиялык багытта, Кашкардагы Англия консулдугунун көрсөтмөсү менен иш жүргүзгөн. Андыктан анын жашашы Советтер Союзунун кызыкчылыгына таптакыр каршы келген. 1933-жылы Үрүмчү провинциалдык өкмөтүндө дагы бийлик алмашып, 1928-жылы Яң Зеншинди алмаштырган өкмөт башчысы Жин Шурин өзүнүн айланасындагы эле адамдар тарабынан атып өлтүрүлүп, анын ордуна кыйла прогрессивдүү түр көрсөткөн, полковник Шен Шицей бийликке келген. Ал бийликке келген биринчи күндөн эле СССР менен ысык мамиле түзүп, Шинжаңдагы ички маселелерди СССРдин жардамы менен жайгаруу чечимине келген. Кашкардагы өкмөттү дагы ал советтик өкмөттүн жардамы менен жок кылышы керек эле. Ушул жерге келгенде Шинжаң өкмөтү менен Советтер Союзунун ою бир жерден чыгып, советтик атайын кызматтын көрсөтмөсү менен аракеттенип жаткан Ысакбекке басым жасап, аны күчтөндүрүп, англиялык багыттагы күчтөргө каршы салышат. Ошентип, Ысакбектин аскерлери бул учурда Шинжаң өкмөтү менен СССРдин Түштүк Шинжаңдагы ишенген аскер күчүнө айланып, ага эки тараптан тең жакшы жардам берилет. Ошентип, Ысакбек 1935-жылы Кашкар аймагын СССРден качып өткөн басмачы топторунан жана англиялык багыттагы жергиликтүү күчтөрдөн толук тазалап бүтөт.

Ошол эле жылы Ысакбек майда чегарачы отряддарды бириктирип, өкмөттүн карамагындагы кыргыз атчандар полкун түзөт. 1935-жылы түзүлгөндүктөн 35-полк аталган бул аскер бөлүгү өкмөттүк аскер күчтөрдүн курамына кирип, бүтүндөй чыгымы, курал-жарак, оокат-ашы өкмөт тарабынан каржыланган. Ал эми элден аскер алып, курамды толуктоону Ысакбек өз алдынча жүргүзгөн. Аскердик күжүрмөн даярдык, саясий-идеологиялык багыты советтик негизде болгон. Анткени, совет өкмөтү полкко курал-жарак жагынан гана жардамдашып чектелбей, кадрдык жактан да көмөк көрсөткөн. Мурда жашыруун аракет кылып келген Р. Мавлянов, Молдо Шермат, М.Матназоров сыяктуу кыргызстандык офицерлер полктун командирдик курамын түзгөндөн сырткары, майор Сафин, Будлов деген орус офицерлери кеңешчилик милдет аткарган. Полктун штабы Көөнө-Улуу-Чат айылында жайгашып, бүтүндөй Кашкар, Хотен округдарынын СССР, Индия менен чектешкен аймагындагы чегара зоналарын көзөмөлдөй баштаган.

Бул атчан кыргыз аскер бөлүгү куралдуу кагылыштардын чордону болгон Кашкар аймагында тез эле өкмөттүк башка аскер бөлүктөрүнөн күжүрмөн-согуштук даярдыгы жагынан артыкчылык кылган аскер күчүнө айланып чыга келет. Өз аскерлерин күчтөндүрүү менен Ысакбек дагы өзгөчө кадыр-баркка ээ болуп, таасирдүү адамдардын бирине айланып, Кашкардагы саясий, чарбалык иштерди дагы батыл чечүүгө катыша баштайт. Ал эми 35-полктун мындай тез убакытта Түштүк Шинжаңда даң салган атактуу аскер бөлүгүнө айлангандыгынын бир түрткүсү Ысакбектин СССРдин ишенимине кирип, жакындан жардам алууга жетишкендиги болсо, экинчиден, өзүнүн уюштуруучулук, аскер башчылык мыкты сапат-жөндөмүнүн жемиши болгон.

Алга,алга, бир, эки, үч,
Бир, эки, үч, бирдикте күч!
Бизди туура жолго баштайт,
Жолбашчылар Маркс, Ильич!

Биздин ураан: алып курал,
Жеңип жоону, эл коргойбуз!
Элибизди жоодон сактап,
Душмандарды ойрондойбуз!

Элдин баатыр жоокерлери,
Жеңишке аттан, алга, алга!
Бир, эки, үч, бирдикте күч,
Бирдик туусун бийик карма!

Бул Ысакбектин полкунун марш ыры. Ушундан эле ал өзү кандай саясий көз карашта болгондугу жана аскерлерин кайсы идеялык нукта тарбиялаганы айкын көрүнүп турат.

Кыргызга билим керек!

1935-жылдан 1937-жылга чейинки аралыкта Чыгыш Түркстанда негизинен тынчтык өкүм сүрүп турган. Ошондуктанбы, Ысакбектин аскердик ишмердигине байланыштуу маалыматтар бүдөмүк. Кай бир маалыматтарда түптөлгөндөн көп өтпөй эле Шен Шицей Ысакбектин таасиринин өсүп кетишинен этиеттенип, анын полкун таркатып, а өзүн Улуу-Чат ооданына аким кылып дайындап, жарандык жумушка чектеген деген да маалымат бар. Кай бир жерлерде, кыргыз полкун таркатпай эле, Ысакбектин өзүн гана полк командирлигинен алып, жарандык кызматка дайындаган деп жазылыптыр. Эмнеси болсо да булар дагы тактоого муктаж.

Чындыгында эле ушул аралыкта анын ысмы жарандак, чарбачылык маселелерде көбүрөөк кепке алынат. Ысакбек ушул жылдары Шинжаңда жашаган кыргыздардын жашоо-турмушун оңдоого, келечеги үчүн кам көрүүгө көп күч үрөптүр. Ал өкмөттү көндүрүп, мамлекеттик бюджеттен каражат ажыраттырып, Шинжаңдагы түрк элдеринин тарыхында биринчи жолу мектептерди салдырат. Кашкарда уйгур, кыргыз балдары мамлекет эсебинен окутула баштайт. Идиректүү жаштар тандалып, СССРге окууга жөнөтүлөт. (Алар негизинен Ташкен шаарына келген). Калктын саламаттыгы үчүн кам көрүлөт. Мисалы, дал ошол жылдары Улуу-Чат ооданынын Сакал айылында кокусунан чума жугуштуу дарты чыгып, ал кезде ал тараптагы кыгыздардын доктур дегенден кабары болбогондуктан, тез эле айылга тарап, ондогон адамдардын өмүрүн алып кетет. Бул коркунчтун алдын да Ысакбек алып, ал ошондо СССРден тездик менен докторлорду чакырып, чара көргөндүктөн, чоң апааттан эл аман калган деп айтышат.

Кедейлерге кам көрүп, ал тургай, өкмөттөн азыркы тил менен айтканда, грант алып, ага мал (мисалы, ар бир түтүнгө он кой, бир уй) сатып алып, кембагалдарга бөлүштүрүп берет. Жаңы дыйканчылык жерлер өздөштүрүлүп, көчмөн кыргыздарды отурукташтыруу иштери жүргүзүлөт. Анын Үрүмчүдөгү өкмөт баштыгы Шен Шицейге койгон талабы менен Улуу-Чат өзүнчө оодан- район болуп түзүлүп, бул оодандын инфраструктурасын өүктүрүү багытында үлкөн аракет башталат. Жолдор салынып, оңдолуп, жаңы көпүрөлөр салынат. Айтор, айта берсе, көп. Мурда болуп көрбөгөн, советтик системанын үлгүсүндөгү социалдык долбоорлор ишке ашырыла баштайт. Албетте, бул иштердин демилгечиси Ысакбек болгондугу айтпаса да түшүнүктүү болуп турбайбы.

Советтик танктар Торугарттан кирип...

1937-жылы убактылуу тынчтык бузулуп, Чыгыш Түркстанда кайрадан мынтык атылып, согуш оту тутанды. Бул мезгилде Кашкарда өкмөт бийлигинин өкүлү катары Лу деген адам, ал эми уйгурлардан Мамыт шижаң турган. Мамыт шижаңдын кол астында жалаң уйгурлардан куралган дивизия бар болчу. Ал эми Хотен шаарында дунгандардан куралган 36-дивизия ( бул баягы Осмонали паашага дагы, Чыгыш Түркстан жумхуриятчылырына дагы баш ийбей, акыры аларды Кашкардан кууп чыккан куралдуу күч) турган. Бул дивизиянын командачылыгын Ма Хо Сан деген дунган аскер башчы өз колуна алып эле тим болбой, ал Үрүмчү өкмөтүнө баш ийбей, Маралбашы, Жаркен, Каргалык сыяктуу Түштүк Шинжаңдын аймактарына жакын адамдарын башчы кылып коюп, өзү билгендей бийлей баштайт. Дал ушул учурда кандайдыр чагымчылык менен Шен Шицей менен Мамыт шижаңдын ортосун дагы кара мышык аралап, өкмөт уйгур лидеринин көзүн тазаламак болгондо, ал 1937-жылдын 2-апрелинде азыраак жакын адамдары менен Индияга өтүп кетет. Ал эми анын кол астындагы саны 3000 миң чамалуу уйгур аскерлери фусижаңдын( дивизия командиринин орун басары деген мааниде) башчылыгында Ма Хо Сан тарабына өтүп кетет. Ма Хо Сан ошону менен Шинжаңдагы провинциалдык кытай өкмөтүнөн биротоло жүз буруп, Түштүк Шинжаңга жеке өзү кожоюн болуу ниетин ишке ашыруу үчүн Кашкар шаарын басып алууга камданат. Бул козголоңду басууга Шен Шицай башчылыгындагы Урумчү өкмөтүнүн чамасы жетпейт эле. Ма Хо Сандын кол алдында баары биригип 20000 чамалуу аскер бар болчу. Анын бир бөлүгү мыкты куралданган, мурдагы өкмөттүк регулярдуу армиянын бөлүктөрү болгон. Алардын өзөгүн түзгөн дунган аскерлери ири согушчул тажрыйбага ээ эле. Мындан тышкары, аларга Япония жана Англия мамлекеттери астыртан көмөк көрсөтүп, тукурган.

Ошондуктан Шинжаң өкмөтү кайрадан Советтер Союзунан жардам суроого аргасыз болот. Ошентип, Ысакбек кайрадан аскер башына келип, мурдагы 35-полктон тышкары дагы бөлүктөрдү курап, командачылык кылып, Ма Хо Сандын армиясына каршы аттанат. Бул согушта СССР курал-жарак жагынан эле жардамдашып тим болбой, Кыргызстандын Торугарт чегара заставасы аркылуу легалдуу түрдө 1937-жылдын 16-сентябрында 20 танк, 2 броневик, 5 самолет, 20 машина жөө аскер жана 150 атчан аскер киргизген. Чегарадан өткөн советтик бөлүк биринчи Тоюн деген жерде конуп, эртеси Беш -Күмбөздө Ысакбектин саны 1500 дөй болгон кыргыз атчан аскери менен кезигишип, бирдиктүү командачылык астында согушка кирет.

Түштүк Шинжаңдагы бул жарандык согуш үч айга жакын созулуп, Ма Хо Сандын аскерлери толук талкаланат. Бул согуштагы Ысакбек Монуевдин эмгегин жогору баалап, Кытай өкмөтү ага "Даңктын алтын орденин" жана генерал-майор аскер чинин ыйгарып, бригада аскер бөлүгүнө командир-люжаң кылып дайындайт. (Кытай тилинде лю-бригада) Штабы Кашкар шаарында жайгашкан бул бригаданын курамына эми 1-кыргыз атчандар полку аталып калган Ысакбектин мурдагы 35-полку менен уйгур, кыргыз жоокерлеринен аралаш куралган дагы бир атчандар полку кирип, жоокер саны 2400 дөн ашуун болгон. Бригаданын Кашкар аймагын көзөмөлдөгөн 1-кыргыз полкуна Молдо Шермат, Хотен аймагын караган 2-полкко Р.Мавлянов командирлик кылган. Кашкар округунда Ысакбектин бригадасынын тышкары да кытай,уйгур жоокерлеринен куралган өкмөттүк аскер бөлүктөрү да турган. Бирок, күжүрмөн аскердик даярдыгы, бийик руху жагынан Ысакбектин бригадасы алардан ар дайым артыкчылык кылып, өзгөчө сүр берип турчу экен. Бириккен аскердик машыгууларда, же спорттук мелдештерде бул бригада ар дайым алдыңкы сапта туруп, Ысакбек люжаңдын аскери деген атагы чыгат. Бул учурда анын советтик аскер кеңешчиси генерал Багдасаров болгон.

Реалдуу аскер күчүнө ээ болуу менен бирге Ысакбек Шинжаңда таасирдүү саясий фигурага айланат. Шинжаң өкмөтү аны менен эсептешүүгө аргасыз болот. Аскер башчы ал таасирин бүт эл, коом кызыкчылыгы үчүн жумшап, мурда башталган Кашкардын карапайым элинин жашоо-турмушун жакшыртуу, агартуу-маданият иштерин жөнгө салуу, социалдык-экономикалык маселелерди чечүү сыяктуу иштер улантылат. Бул мезгилде Шен Шицей Советтер Союзу менен өтө ысык мамиле кылып, дээрлик СССР өкмөтүнүн көрсөтмөлөрү менен саясат жүргүзүп жаткан.(Шинжаңда бийликке келгенден кийин Шен Шицей өзү Москвага барып, Сталиндин кабыл алуусунда дагы болуп, ал тургай Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын мүчөлүгүнө да өткөн.) Ошондуктан Совет өкмөтүнүн адамы эсептелген Ысакбектин талап-сунуштарын кыйшаюусуз аткарып, шинжаңдык кыргыздар үчүн өкмөт өзгөчө көңүл бөлгөн.

Кандуу кутум, ойго келбес чыккынчылык


Кыргыз ичинде көралбастык, чыккынчылык, саткындык сыяктуу ыплас көрүнүштөр көп кездешет эмеспи... 1938-жылдын 14-июлунда Ысакбек Монуевдин бригадасынын 1-кыргыз полкунда ойго келбеген оор, кандуу окуя болуп кетет. Люжаң бул кездеги советтик аскер кеңешчиси генерал Багдасаров менен кандайдыр бир иш боюнча Турпанга (кээ бир маалыматтарда Тоюнга кеткен делет. Негизи, ошол учурдагы кырдаалды эске алганда, генерал өз сапарларынын багытын ачыкка чыгарган эмес.) кеткен экен. Анын жоктугунан пайдаланып, полктун ичинде котур ташын койнуна катып жүргөн чыккынчылар кутум уюштуруп, түн ичинде полктогу командирлер курамынан 40 ка жакынын кырып таштап, тревога көтөрөт да, эч нерсе түшүнбөй эндиреген 1200 дөн ашуун аскерди Кашкардан баштап чыгып кетишет. Полк командиринин орунбасары Кенжебай жана да чарбалык бөлүмдө жооптуу милдеттерди аткарган Ирсалы, Турдуш деген кишилер баш болгон кутумчулар Англиянын чалгындоо кызматы менен жашыруун байланыш түзүп, тымызын даярданып жүрүшкөн экен. Алар ошол күнү постторго ишенимдүү адамдарын коюп, түн бир оокумда адегенде "Ысакбек люжаң штабга чакырып жатат" деген шылтоо менен полк командири Молдо Шерматты алдап жаткан жеринен тургузуп чакырып келип, куралсыздандырып, атып ташташат. Ушундай эле жол менен башка эскадрон, взвод командирлерин бирден алып келип, бир бөлмөгө камашат да, окко тутуп кырып салышат. Анан тревога көтөрүп, бүт аскер курамын тургузуп, Кашкардан ээрчитип чыгып кетишет.

Бир бөлмөгө камалып мынтык огуна тутулган командирлердин арасынан Молдосабыр Матназаров менен Кашаң Сабиров гана өлгөндөр менен кошо жыгылып, өлүктөрдүн астында аман калган. (М.Сабиров Ысакбектин өзүнүн туугандарынан болчу. 1980-жылдары эле Мадыда көзү өткөн.) Андан башка да 10 чакты офицер ар кандай кырдаалда бейажал өлүмдөн кутулат. Ал эми бейажал өлгөн командирлердин арасында Бекташ Чотуров, Чыкы Кулкараев сындуу люжаңдын жакындары дагы бар эле. Деги эле, Кашкардагы кыргын бүт шинжаңдык кыргыздар үчүн өтө оор жоготуу болгон. Генерал Ысакбек үчүн андан бетер. Аралашып эле жүргөн адамдардын чыккынчылыгынын айынан 10 жылдан бери от кечип, кан кечип, эчен татаал сыноолордон өткөн үзөңгүлөш, ишенимдүү, тандамал офицерлеринен заматта ажырап калуу оңойбу!?.

Бул суук кабарды уккан Ысакбек тез жетип келип, уйгур, кытай полкторун баштап, качкындардын артынан кууйт. Аларды Памир тоо кыркаларындагы Саркол тарапта кууп жетип, эч нерсе түшүнбөй, дендароо абалда чыккынчылады ээрчип жөнөгөн аскерлерди кайтарып калат. Бирок, Кенжебай баштаган 13 чыккынчы колго түшпөй, Ооганстан мамлекетинеин чегине кирип кетүүгө үлгүрөт. Иликтеп, териштирүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин, соттолчусу соттолуп, полк бир сыйра тазалангандан кийин кайрадан жаңы аскер алынып, кыргыз полку толукталат. Полк командирлигине Молдосабыр Матназаров дайындалат. Мындай кырдаалда ар кандай иштер болуп кетиши мүмкүн. Шинжаңдык кыргыздар "сыйфу бузулганда" (сыйфу кытай тилинде аскер штабы дегенди түшүндүрөт) деп атаган ал каргашаны териштирип, тергөө иштеринде Ысакбек менен 20-жылдары алгачкы аскер отрядын түзгөн учурдан бери бирге жүргөн, шинжаңдык кыргыздардын билимдүү, тың адамдарынын бири Сыдыкбек да ошол кутумга тиешеси бар деген күнөө менен соттолуп кеткен. Бирок, ал ак жерден эле айыпталып кетти го деген шек азырга чейин жашап келет.

Аскер башчы мынтыкты калемге алмаштырды


1940-жылга жакындаганда бригада командири Ысакбектин Шен Шицей менен мамилеси кайра сууй баштайт. Анткени, СССРдин жана бул өлкөнүн ишенимдүү адамы Ысакбектин жардамы менен ички душмандарын жеңип, бийлигин чыңдап алган Шинжаң провинциалдык өкмөтү Советтер Союзунан акырын бет буруп, Чан Кайши башчылыгындагы гоминдандын таасирине өтө баштаган эле. Шен Шицей адегенде советтик таасирдеги адамдарды, уйгур, казак, кыргыз, ж.б. майда улуттардын таламын талашкан, улуттук-боштондук идеясын жайылткан лидерлерди астыртан жоготуп, же катуу көзөмөлгө алуу аракеттерин баштайт. Дал ушул учурда Шен дубан (ал өзүн ушинтип ататтырган, дубан-кытайча башкаруучу, падыша деген мааниде) элдик курултайга катышуу ж.б. шылтоолор менен Ысакбекти Үрүмчүгө эки-үч ирет чакыртат. Бирок ага ишенүүгө болбойт эле. Өзүнө ыңгайсыз адамдарды ар кандай шылтоо, же өкмөттөн чоң кызмат сунуштоо аркылуу чакырып алып, тындым кылып коюу же камакка алуу Шен Щицейдин практикасында көп учурай баштаган. Ошондуктан, Ысакбек "ооруп жатам" деген сыяктуу ар кандай шылтоолорду айтып, Үрүмчүгө баруудан баш тартат. Акыры Шен Шицей аны буйрук менен Кашкардагы бригада командирлигинен бошотуп, 1940-жылдын апрель айында Батыш Шинжаңдагы Иле округунун борбору Кулжа шаарындагы Казак-кыргыз уюшмасына башчы кылып дайындайт. Ошондон көп өтпөй эле кыргызстандык офицерлер Р.Мавлянов, М.Матназаров жана аскер кеңешчилери Багдасаров, Будлов СССРге кайтарылат.

Кулжадагы казак-кыргыз уюшмасы ошол элдердин агартуу, маданият иштерин тейлеген өкмөттүк мекеме болчу.Ысакбектин буйрукка баш ийип, Кулжа шаарына барып, агартуучу катары кызматка киришкенден башка айласы калбайт. Анын үй-бүлөсүн бир эскадрон аскер коштоп көчүрүп барат. Ысакбек бул учурда Гүлай, Турганбүбү деген эки аялы менен жашаган. Өз үй-бүлөсү менен кошо ал ат жалын тартып минген жаш чагынан өзүнө жардамчы кылып, жанына алып жүргөн Акмат Дубанаевди үй-бүлөсү менен кошо алып барат Кулжага. Ошентип, эр жеткенден от кечип, кан кечип, аскер ишинде жүргөн генерал заматта агартуучу жана маданий ишмер болуп калат. Анткен менен чыныгы улуттук лидер касиетине ээ болгон Ысакбекке бул тармак жат эмес эле. Ал аскер жетекчиси болгон менен ар качан улуттун агартуусу, маданияты үчүн чын дилден күйүп, кам көрүп келген. Элди илим-билимге жеткирүү, маданиятын өстүрүү анын бирден-бир максаттарынан болгон. Ошондуктан уюшма ишине баш оту менен киришип, адегенде эле ал жерде өкмөттөн ажыратылган акча каражаттарынын максатсыз сарпталып, уурдалып, коромжу болгондугун аныктап, каржы жагын тактап-чоттоп, уюшма ичин тартипке салат. Андан соң жер-жерлерге уюшманын бөлүмдөрүн ачып, мектептерди ачтырып, билим берүү ишине чындап киришет.Ар улуттун өздүк көркөм чыгармачылык үйүрмөлөрү уюштурулуп, концерт, спектаклдер коюла баштайт. Кулжа шаарында кыргыздар дээрлик жокко эсе, өтө аз санда болгон. Ысакбек баргандан кийин ошол азганакай кыргыздар да жанданып, башка улуттардан кем калбай уюшуп, улуттук көркөм өнөр үйүрмөлөрүн түзүп, элге концерт коюп, Кулжада кыргыз авазы жаңыра баштайт. Ысакбектин демилгеси менен шаарда биринчи жолу маданият үйү салынат.

Ысакбек Монуевди Кулжа шаарына алып баргандагы Шен Шицейдин көздөгөнү аны өзүнүн кыргыздарынан алыстатып, көзөмөл астында кармоо болчу. Чындап эле Ысакбек Кулжага келгенден баштап, ар бир кыймылын, ар бир кадамын аңдымай башталат.Мунун жөнү бар болчу. 1941-жылдын июнунда фашисттик Германия СССРге кол салып, өлкөнүн европалак бөлүгүнүн кең аймагын тездик менен басып алып, 1942-жылга жакын борбор калаа Москванын алдына жете барды. Аны сырттан байкап турган Шен Шийей өкмөтү өзү колтугуна кирип, жан сактап келаткан Советтер Союзунун күнү бүттү деп эсептеп, андан жүзүн заматта тескери буруп, бул кезде дүйнөлүк чоң оюнчу катары майданга чыгып, активдүү аракеттене баштаган АКШнын колтугуна ыктай баштаган эле. Анын үстүнө дал ушул учурда Нанкинь шаарын борбор кылган борбордук Кытайдагы гоминдандык бийлик дагы өз позициясын чыңдап, Шинжаңга түз таасир көрсөтө баштаган. Ал эми гитлердик Германия менен согушка алаксып, өз алапайын таппай аткан СССР Кытай маселесине анчейин көңүл бура албай калган. Ошентип, КПССтин мүчөсү Шен Шицей Сталин менен болгон достугун кескин үзүп, "боордош" Шинжаң өлкөсүнүн экономикасын өнүктүрүү, коопсуздугун коргоо үчүн келип иштеп жаткан советтик инжененерлерди, аскер кызматкерлерин ж.б. салаадагы адис адамдарды тездик менен Шинжаңдан айдап чыга баштайт.

Кулжадан качуу

Советтик таасирдеги адамдарды шектүү деп санап, артынан аңдуу салат. Айрымдарын камакка алып, өлтүргөнгө чейин барат. Шинжаңда Совет өкмөтүнүн таасири күчөгөн мезгилде Мао Цзедун жетекчилик кылган Кытай Коммунисттик партиясы менен да алакасы жакшырып, кытай коммунисттери Шинжаңга келип иштей баштаган эле. Ошол коммунисттер да мамлекеттик кызматтан четтетилип, өтө таасирдүүлөрү камакка алынат. Ал эми улуттук-боштондук идеясын алып жүргөн уйгур интеллигенттери четинен жоготула баштайт.

Мындай кырдаалда, башынан бутуна чейин советтик адам, коммунисттик идеологиянын улуттук эркиндик, теңдик чакырыктарына таасиленген аскерий ишмер Ысакбектин ээн-эркин иштеши мүмкүн эмес эле. Дагы бир белгилей кетчү нерсе, ошол учурда Кулжа шаары уйгур, казак элдеринин улуттук-боштондук кыймылынын борбору эсептелчү. Иле округу СССРдин Казакстаны менен чектеш болгондуктан, бул аймакта СССРде билим алган алдыңкы көз караштагы, коммунисттик идеологияга сугарылган интеллигенттердин катмары калың болчу. Кулжада бир даары 19 кылымдагы чегара бөлүштүрүүдөн кийин (1871-жылы бул аймакты Россия империясы ээлеп алып, анан 10 жылдан кийин гана Кытайга кайтарып берген) калып калган, бир даары жарандык согуш убагында качып барган орус, татар этникалык топтору да жашап турган. Шаарда СССРдин консулдугу да бар болчу.Мына ушундай жагдайлардын таасиринен улам дагы Иле аймагы илим-билим, коомдун маданий интеллектуалдык деңгээли боюнча Түштүк Шинжаңдан кыйла жогорурак деңгээлде болчу. Ушул жагынан алганда, Ысакбектин Кытайдагы уйгур, казак, кыргыз ж.б. майда улуттардын эркиндиги, улуттук-боштондугу үчүн аракет жасап, күрөшүшүнө бул шаар ыңгайлуу шарт жараткан. ( Анын Кулжага барышы советтик атайын кызмат менен ушул максатта макулдашылган болушу да мүмкүн.) Ал Кулжада өкмөт бекиткен өз милдетин кынтыксыз аткаруу менен эле, арттан түшкөн аңдууларга карабастан, СССР консулдугу жана улуттук-боштондук жана коммунисттик багыттагы подполдук уюмдар менен алака түзүп, көңтөрүштүк аракетке кам көрө баштайт. Анын үстүнө ал ээлеген мамлекеттик кызмат калк катмары менен байланышын кеңиткенге ыңгайлуу шарт түзгөн.

Бирок, шектүү Шен Шицей Ысакбектин өкмөттүк кызматта турушун ылайык көрбөй, аны кайра уюшма жетекчиси кызматынан алууга аракеттенген. Иле округунун губернатору Бу Чи Сын Ысакбекти өзүнө чакырып, Шен дубан аны Үрүмчүгө чоңураак мамлекеттик кызматка чакырып жаткандыгын, ошондуктан казак-кыргыз уюшмасын тапшырып, борборго барышы керектигин айтат. Бирок, конкреттү кандай кызмат экендигин айтпайт. Ысакбек ага сылык гана ыахмат айтып, бирок Үрүмчүгө чоң кызматка барайын деген ниети жок экендигин билдирет. Ысакбекти кызматынан жөн эле буйрук менен алып коё албай, маданий уюшма жетекчилигине шайлоо жарыялоого аргасыз болуп, өкмөт адамдары Ысакбекке атаандаш катары өздөрүнө ыңгайлуу Аулбек (кээ мааалыматтарда Мукабай) деген мурунку башчы, казак улутундагы кишини сүрөмөлөшөт. Бирок, уюшманын бүт жамааты катышкан ал шайлоодо Ысакбек ишенимдүү түрдө утуп чыгат. Бирок, губернатор Шен дубандын буйрутмасын аткарып, кандай жол менен болсо да Ысакбекти четтетүү ниетинде кычаштык кылып, шайлоо туура эмес өтүп калды деген негизде кайра добуш бердирет. Анда да Ысакбек утуп чыгат. Анын утушу өзүнчө эле майрам болуп, Кулжанын көчөсүнө эл толуп чыгат. Бирок. кызмат ордунда калган менен анын Кулжада туруп ишмердик жүргүзүшү таптакыр мүмкүн болбой калган. Анткени артынан аңдуу күчөп, эми жашаган үйүн да эки сакчы дамамат кайтарып, аңдып калган эле.

Ооба, ошол кезде көп кишилер камалып, же дайынсыз жоголуп, же түрмөдө өлтүрүлүп жатты. Ысакбектин Кулжадагы жашоосу, бул бычак мизиндеги жашоо эле. Анын капканга түшпөй, кантсе да эсен-соо калышынын бир себеби советтик атайын кызматтын (НКГБнын) даярдоосунан өткөн профессионал чекист катары өтө этиет, өтө кылдат аракет кылгандыгы, жана да Кулжада советтик агентуранын күчтүү экендиги менен да түшүндүрүлөт.

Көп өтпөй эле анын өмүрүнө коркунуч туулуп калгандыгы, кол салуу пландаштырылып жаткандыгы белгилүү болот да, Ысакбек эптеп Кулжадан эсен-аман качып чыгып кетүү планын ойлонуштура баштайт. Бир күнү Үрүмчүгө барам деген шылтоо менен жардамчысы Акмат Дуванаевди жана 3-4 жашар уулу Абдыкайымды ээрчитип чыгып кетет. Анын СССРге качышы Кулжадагы советтик агентура күн мурунтан тактап, планын түзүп койгон болчу. Ошол план менен ал Үрүмчүгө бараткан жолдо түшүп калып, көздөн далдоо казак айылына кирип кетет, казак тааныштарыныкында жашынып калат. Анан белгиленген күнү аны Кулжа консулдугунан жүк ташыган машинеге түшүп, СССРди көздөй жөнөйт. Советтик чекисттер ал үчөөнү машинадагы кандайдыр жүк салынган жыгач сандыктарга салып катышкандыктан, чегара постунан кудай жалгап, сак-саламат өтүп кетишет. Аларды Алматыда Казак ССРинин жетекчилери, чекисттер тосуп алат.

Ысакбек анан жашыруун түрдө Москвага кетип, А.Дуванаев менен уулу Абдыкайым Алматыда калат. Генерал ушул сапарында СССР баштыгы Иосиф Сталиндин жеке кабыл алуусунда болгон деген маалымат бар. Алар Ысакбектин Москвадан кайтышы менен Кыргызстандын борбору Фрунзе шаарына келишет. Ысакбекти Фрунзеде Кыргыз ССРинин жетекчилери, НКГБнын адамдары тосуп алышкан. Ал бир күнү түнү Кыргызстандын ошол мезгилдеги Эл Комиссарлар Советинин төрагасы (премьер-министр) Төрөбай Кулатовдун үйүнө уулу менен кошо келип, конок болуп кеткендигин аксакалдын байбичеси Салима Кулатова эскерип жүрөт. Дегеле Кыргыстандын өкмөтү Ысакбектин ал келишине өзгөчө маани берген. Ага азыркы Бишкектин Совет-Бөкөнбаев көчөлөрүнүнүн кесилишине жакын жерден чоң жер үй, анан да келишкен асыл тукум аргымак тартуулашат. Анын урматына Орто-Сайдагы өкмөттүк резиденцияда кыргыздын атактуу өнөрпөздорунун концерти болуп, сый тамак берилет.

Кызыл-Суудан Ак-Буурага

Шен Шицей өкмөтүнүн советтик таасирдеги ишмер Ысакбекке мурдарак чара көрүп, кармап, же камай албагандыгынын дагы бир себеби бар. Ал анын Кашкар, Хотен округдарындагы кыргыз аскерлеринен кооптонгондук эле. Негизинен кыргыз жоокерлеринен турган бул аскер бөлүктөрү нөлдөн баштап Ысакбектин өз колу менен түзүлгөн жана офицер, жоокердик курамдын баары анын руханий тарбиясына сугарылган эле. Ысакбекке каршы кандайдыр аракет ошол бөлүктөрдүн козголоң чыгарышына себепчи болобу деген кооптонуу менен, Шен Шицей өкмөтү ага тийишүүгө даай алган эмес. 1942-жылы ноябрь айында Шинжаң өкмөтү жер-жерлердеги кыргыздар өздөрү суранып жатат, анткени ишке жарамдуу балдары аскерге алынгандыктан, оор мал чарбачылык менен жан баккан эл тиричиликтен кыйналып жатыптыр деген жок шылтоону бетке кармап, Кашкарда жана Хотенде турган эки кыргыз полкун таратат. Бул окуя таптакыр күтүүсүз ишке ашырылат. Адегенде "чоңдор келип чогулуш кылат экен" деп, аскерлердин куралын жыйнап алышат. Казармага жалаң кытай аскерлерин алып келип, кароолго коюлгандан кийин өкмөт адамдары жыйналыш ачып, Шен дубандын буйругун угузат. Анан аскерлерге 2 айлык акысын, 3 күндүк азыгын берип, таратып жиберет. Мына ушундан кийин гана Кулжага Ысакбекти кармоо чечими барат.Бирок, Ысакбек бул коркунучтун алдын алып качып кетүүгө үлгүргөн эле.

Ал Кулжадан качканда жанына уулу менен жардамчысын гана алууга үлгүрүп, үй-бүлөсүн: улуу аялы Гүлайды, андан Турсунбек аттуу 1,5 жашар уулун жана кичүү аялы Турганбүбүнү, андан Шаара ысымдуу чүргөктөгү кызын калтырып кетүүгө аргасыз болгон. Аларды кошо алып кетүүгө таптакыр мүмкүнчүлүк болгон эмес. Ысакбек кетери менен эле аялдарын кичинекей балдары менен кошо полиция кармап, анан Үрүмчүгө алып келип, аялдар түрмөсүнө камайт.

Ал эми атасы Мону ажы баш болгон тууган-уругу бул учурда Көш-Өтөк, Сымканада эле. Алар кытай полициясы тарабынын тыкыр көзөмөлгө алынат. Абал барган сайын кооптуу боло баштайт. Гоминдань өкмөтү каалаган күнү аларга каршы ар кандай катуу чараларды колдонушу мүмкүн эле.1943-жылдын жазында алар Кыргызстандын Эркеч -Там заставасына жакын Сасык-Үңкүр жайлоосуна чыгышат. Июнь айында чегарадан түнү өтүшөт. Аларды советтик аскерлер тосуп алышат. Мону ажы баштаган туугандар тобу анан Алайдын Көк-Суу жайлоосуна жайланышат. Башка жайлоодо жайлаган дагы бир тобу Нурага өтөт.

Алар ошол жылы Терек ашуусу аркылуу Алай районунун Жошолу айылына келип, ошол айылда кыштагандан кийин, 1944-жылдын апрель айында азыркы Араван районундагы Чөгөм айылына көчүрүлүп жеткирилген. Чөгөм Ош шаарынан 90 километр аралыкта, Ак-Буура дарыясынын башында, Кичик-Алай тоо кыркаларынын арасында жайгашкан тоолуу айыл. Бул тарапты мурда жалпысынан Турук деп аташкан. Турукта Чөгөмдөн тышкары, Кичик-Алай, Кожо-Келен деген эки чоң айыл бар. Туруктун калкы 1940-жылы жаңы типтеги советтик айылдарды куруу саясатынын шарпасы менен жаңы өздөштүрүлгөн Төө-Моюн чөлүнө зордук менен көчүрмө кылынгандыктан, бул жылдары айыл ээн калып, элдин үйлөрү да бош боюнча турган.

Айтууда, Кытайдан өткөн ал качкындарга убактылуу турук кылуу үчүн өкмөт Өзгөндүн Ийри-Суу чөлкөмүн, ошол Чөгөмдү ж.б. жерлерди сунуш кылган экен. Мону ажы сураштырып, иликтеп көрүп, акыры "Жети-Суу-Турук, кырк жыл болсо кыямат, кырылбайт урук" деген кеп айтылат экен" деп, Туруктагы Чөгөм айылын тандайт. Ошентип, Ысакбектин мурда Кытайдагы Кызыл-Сууну бойлой жашаган 30-40 түтүн туугандары Ак-Буура дарыясынын башындагы Чөгөмгө жеткирилип, убактылуу деген ойдо ошол жерде жашап калышат.
Генералдын туугандары 1950-жылы Ысакбектин өлгөндүгү угузулгандан кийин Мону ажынын "Союз жараны болобуз" деген чечими менен, СССР паспортун алып, биротоло калып калышкан. Көпчүлүгү кийин Ош шаарынын четиндеги Мады айылына жакын жерге, Ош-Алай автотрассасынын 9-километрине (азыр Чагыр айылы аталат) келип отурукташышкан. Бүгүнкү күндө Ысакбектин туугандары ошол айылда, Чөгөмдө жана Бишкек, Ош шаарларында жашашат.

Ысакбектин Кулжада калып кетип, кийин Үрүмчүдөгү түрмөгө камалган үй-бүлөсүнөн кичүү аялы Турганбүбү 1944-жылы советтик чекисттердин жардамы менен Кыргызстанга качып өтүп, кийин уулу Абдыкайым жана Ысакбектин башка туугандары менен Бишкекте жашап турган. А улуу аялы Гүлайдын качууга шарты болбой, Кытайда калып калат. Алардын колундагы наристелердин экөө тең түрмөнүн оор шартында учуп кеткен. Ысакбек 1945-жылы Кулжада турган мезгилинде да үйлөнүп, анда алган жары Айша Масаитовадан Асхатбек деген уулду болгон. Абдыкайым Ысакбек уулу 1980-жылы оорудан улам көз жумган. Анын Чүрөк деген кызы, Жеңиш, Нурдин деген эки уулу бар. А Асхатбек Ысакбек уулу милицияда иштеп жүрүп, отставкага чыккан. Айгүл, Жыпар, Жылдыз деген үч кыздуу, Жаныбек деген уулду болгон. Баары Бишкек шаарында жашашат.

"Буйгу" менен "Баатыр"

Ысакбек Монуев 1949-жылы апрелде Бишкекке келгенде аяшы Жумаш Мамытовага өзүнүн Ата Мекендик согуш мезгилинде Москвада болуп, "Метрополь" мейманканасында Югославия лидери Броз Тито менен кошо конуп, сүйлөшүп жүргөндүгүн эскерген. Чындыгында эле дал ошол учурда Тито Москвага келип, Сталиндин кабыл алуусунда болуп, гитлердик Германияга каршы согушуу үчүн СССРден жардам алып кеткен болчу.

Ошол сыяктуу эле Москвага барган кезинде сүйлөшүлүп, чечим кабыл алынса керек, ал СССР НКГБсынын көмөгү менен Кыргызстанда жашыруун диверсиялык аскер бөлүгүн түзүүгө киришет. Бул бөлүккө аскерлер негизинен Кыргызстандын Кытай менен чектеш аймактарынан тандалып алынат. Ысакбектин өзүнүн туугандарынын арасындагы жашы туура келген жигиттер да анын катарына кошулат. Бул аскер бөлүгүнүн лагери Ысык-Ата курортуна жайланышып, аскердик даярдык-машыгуулары ошол жерде жүргүзүлөт. Бул жашыруун аскер бөлүгүнүн даярдыгына өкмөт өзгөчө кам көрөт. НКГБнын республикалык жетекчилеринен сырткары, Кыргыз ССР Компартиясынын Борбордук Комитетинин 1-катчысы А.В.Вагов, Эл Комиссарлар Советинин төрагасы Т.Кулатов баш болгон республика жетекчилиги тынымсыз кабар алып, жоокерлердин даярдыгы менен жакындан таанышып турушкан. Ошентип, жашыруун бөлүк бир жыл ашуун даярдыктан өткөндөн кийин, "Буйгу" жана "Баатыр" аталган эки отрядга бөлүнөт. "Баатырга" командирликке мурда Ысык-Көлдөн Кытай тарапка апийим ташыган "аткезчилик" менен күрөшүүдө аты белгилүү болгон Кутан Торгоев командир болуп дайындалат. Ал эми "Буйгуга" Ысакбек Монуев өзү командачы болуп, отрядды Алай районунун борбору Гүлчөгө алып барып токтойт. Анткени бул бөлүк Кытайга Эркеч-Там багыты менен жашыруун кириши керек эле. Ал эми "Баатыр" Торугарт чегарасын багыттап туруп калат. Ошол тараптан кирмек.

Отряддардын максаты адегенде Кытайдын чегарасына жашыруун түрдө кирип, жергиликтүү элге аралашып, ошол жергиликтүү калктын өкүлдөрү катары гоминдань өкмөтүнө каршы куралдуу көтөрүлүш баштап, Кашкарды басып алып, андан ары кеңири масштабда күрөш баштоо болгон. Отрядга жоокерлери Кытайга чектеш аймактан тандап алууда ушул жагы эске алынган. Андан сыркары алар кытайлык кыргыздардыкындай кийинтилип, норвегиялык, немецтик өндүрүштөн чыккан трофей курал-жарактар менен жабдылган. Кашкар тарапта советтик чалгындоо кызматы үзгүлтүксүз иштегендиктен, ал жактагы кыргыз, уйгурлар арасында көтөрүлүшкө даяр, советтик отряддар кирери менен эле аларга кошулуп кете турган адамдар да жетиштүү болгон. Ал эми антип этиеттенгендиги СССРдин эларалык мамиле нормаларын сактап, дүйнөлүк коомчулуктун көзүн будамайлоо аракети эле. Советтер Союзунан куралдуу аскер кириши дүйнөлүк деңгээлде СССР Кытайдын ички иштерине кийлигишип, Чыгыш Түркстанды басып алууда деген чуу чыгармак. Совет өкмөтү мына ушундай токонаалатка калуудан сактанып, бардык ишти жашыруун жүргүзгүсү келген.

Бирок кырдаал "Буйгу" менен "Баатырдын" баштапкы планын өзгөртүп жиберди. 1944-жылы күздө Ысакбектин бөлүгү Гүлчөдө даярданып турган кезде отрядда ат багарлык кылган Канат Ажибек уулу бир түнү Ысакбектин жардамчысы А.Дуванаевдин күлүк атын минип, курал асынып, Көк-Суу аркылуу Кытайга качып кетет. Барып, "Ысакбек аскер менен Советтен басып киргени даярданып жатат" деп, гоминдань өкмөтүнө кабар жеткирип, чыккынчылык кылат. Ошондуктан кытай бийлиги Улуу-Чаттан Кашкар жолундагы көпүрөлөрдү өрттөп, оңуттуу жерлерге аскер коюп, элди тыкыр көзөмөлгө алып, коргонууга катуу даярдык көрө баштайт. 1944-жылдын июль айында мурда Ысакбектин бригадасында жана 35 -полкто кызмат кылган адамдарды өкмөт кызмат берип, жумушка орундаштырганы жатат деп алдап бүт чогултушат. Анан аларды тобу менен Кашкар шаарына апкелип, ошол жерден камакка алып, анан андан миң чакырым ашык ыраак чөлдөгү Карашаарга сүргүн кылат. Эски аскерлердин айрымдары алданып, аял, бала-чакасын да ээрчитип алган болчу. Ошентип Карашаарга 269 адам айдалат. Анын 180 и аялдар, 69 у жаш балдар болгон. А аларды сүргүн кылгандагы негизги максат Ысакбек басып кирип калса, ага кошулуп кетишинин алдын алуу болгон. Согуштук тажрыйбасы жеткилең эски жоокерлердин курал көтөрүп чыгышынан кооптонушкан.

Ошол Канаттын чыккынчылыгы себеп болгонбу, айтор, Ысакбектин отряддары Кытай багытына басып кирбей токтолуп калат. Анан эле Чыгыш Түркстандын Казакстан менен чектешкен Иле округунда улуттук-боштондук куралдуу көтөрүлүшү башталып кетет. Бул учурда Атбашыга барып туруп калган "Баатыр" отряды да, Алайдагы "Буйгу" да кайра артка кайтарылып, Иле багытына жөнөтүлмөк болот. Алар Кыргызстандан ат-паты , бүт курал-жабдыктары менен поездге салынып, Казакстанга жеткирилет да, Хоргос чегарасы аркылуу Кытайдын Иле округунун борбору Кулжа шаарына кирет. Бул учурда Кулжада улуттук-боштондук көтөрүлүшү башталып, шаар жарым-жартылай көтөрүлүшчүлөрдүн колуна өтүп калган болчу.

Сталинге атом бомбасы гана керек беле?

1942-жылы Чан Кайши башында турган борбордук кытай бийлигинин колтугуна кирип, Шинжаңга Кытай армиясын кигизүү боюнча келишкенден кийин, Шен Шицей 5-октябрда Үрүмчүдөгү СССРдин генералдык консулу Георгий Пушкинге үч ай убакыттын ичинде советтик кеңешчилерди, ар кайсы салаадагы адистерди жана Кызыл армиянын бөлүктөрүн алып чыгып кетүү талабын койгон. Бийликке келген 1933-жылдан бери СССРдин көмөгү менен өлкө башкарып, эчен жолку балээлерден СССРдин күчтүү муштуму аркылуу сакталып калган Шен дубан ушинтип заматта кубулуп, тетири бурулуп кетет. Ошентип Шинжаңдан советик аскерлер да, адистер да чыгарылып кете баштады. Бирок, Советтер Союзу Германия менен согушуп, убактылуу кыйынчылыкка кептелип тургандыгына карабай, Шен Шицейдин ал чыккынчылыгына моюн сунуп, Чыгыш Түркстандагы таасирин жоготуп калгысы келген эмес. Анын үстүнө СССРдин бул региондо геосаясий таасир талаш максатынан башка да көздөгөнү бар эле.

1943-жылдын 4-майында И.В.Сталин башында турган ЦК ВКП(б) Политбюросу Шинжаң элдеринин кытай колонизатордук бийлигине каршы улуттук-боштондук күрөшүн баштоо жөнүндө жашыруун директива кабылдаган. Ошондой эле Шинжаң маселеси боюнча курамына СССР Эл Комиссарлар Советинен Алексей Косыгин, НКВД жана Атом долбоорунан Лаврентий Берия, ВЦСПС жана СССР Жогорку Советинин Улуттар Советинен Николай Шверник, ЦК ВКП (б) дан Михаил Суслов кирген атайын топ түзүлгөн болчу. Сталиндин жеке көзөмөлүндө турган директивага ылайык, советтик чекисттер Шинжаң аймагында эми улуттук-боштондук көтөрүлүш отун тутантуу максатында иштей баштаган.

Бул мезгилде дүйнөдө жарыша куралдануу старт алып, 1940-жылдарда АКШ, Англия ж.б. капиталисттик лагердин алдыңкы өлкөлөрү ядролук курал жасоо аракеттерин баштайт. Алардын атом бомбасын жасоо боюнча планы СССР чалгындоо кызматы аркылуу Кремль билермандарына белгилүү болгон. Ошондуктан И.Сталин да атом бомбасыа ээ болуу үчүн 1942-жылдын 20-сентябрында Мамлекеттик Коргонуу Комитетине (МКК) "Уран боюнча ишти уюштуруу" жөнүндө буйрук жөнөтөт. Ал эми 1943-жылы 11-февралда СССР баштыгы МККнын атом энергиясын аскердик ишке пайдалануу боюнча программасы жөнүндөгү токтомуна кол койгон. Анда белгиленген атом долбоорунун башчылыгына Сталин өзүнүн Совнарком боюнча орун басары Молотовду, ал эми анын орунбасарлыгына өзүнүн МКК боюнча орун басары Л.Берияны дайындаган. Ал эми ошондон 4 күндөн кийин, 15-февралда МКК жана СССР ИАнын чечими менен атом проблемасы боюнча атайын №2 лаборатория түзүлүп, анын башчылыгына атактуу окумуштуу Игорь Курчатов дайындалат. СССРдин атом долбоору боюнча иш ушундан соң өзгөчө күч алат. Атом бомбасын жасоо үчүн биринчи кезекте ондогон тонна радиактивдүү руда-таза уран керек болчу. А ал учурда №2 лабораториянын колунда бир нече килограмм гана таза уран рудасы бар эле. Ошентип, СССРдин туш-тушунан уран кендерин таап, казып, иштетүү кызуу башталат. Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын аймагынан уран казылат. Кыргызстандын Ак-Түз, Майлы-Сайындагы уран кендери дагы дал ошондо казылган. Бирок, убагында атом долбоору үчүн алардын баары жетишсиздик кылган. Ал эми Шен Шицей менен ысык кездеги геологиялык изилдөөлөр Чыгыш Түркстандын аймагында урандын запасы арбын экендигин көрсөткөн болчу. Демек, Шинжаңдын ураны дагы СССР үчүн өтө керек болуп чыга келет.

Айрым иликтөөчүлөр мына ушул негизде, атап айтканда, СССР атом бомбасын жасоо үчүн уранга муктаж болгондугунан улам, 1944-жылы от алган Чыгыш Түркстан улуттук-боштондук көтөрүлүшүн атайын уюштурган деп айтып жүрүшөт. Албетте, анын да кайсы бир деңгээлде негизи болсо керек. Бирок, башка себептерди жокко чыгарып, 1944-жылдагы Чыгыш Түркстан көтөрүлүшүн ошону менен эле түшүндүрүүгө болбойт. Шинжаңдын түпкү калкынын, асыресе, басымдуу көпчүлүктү, саны ошол кезде эле миллиондон ашкан уйгур калкынын улуттук боштондук көксөөсүн таптакыр эстен чыгарып коюуга болбойт.

Чыгыш Түркстан Республикасынын түзүлүшү

Козголоң уюштуруу аракети СССР аймагы менен карым-катышы мурдатан уланып келген, жана да орус, татар диаспоралары бар Чыгыш Түркстандын батыш жагында -Иле округунда активдүүрөк жүргөн. Мунун бир себеби, Иле округунун борбору эсептелген Кулжа шаарында уйгурлардын улуттук-боштондук идеологисы кененирек жайылган эле. Ташкенден, Алматыдан уйгур, казак, дунган тилдеринде журнал, гезиттер басып чыгарылып, Шинжаңда легалсыз түрдө таркатылып турган. Ошентип, Кулжадагы уйгур интеллигенциясынын, алдыңкы көзкараштагы жаштарынын кытай бийлигине каршы күрөшүү максатындагы ар кандай коомдук-саясий уюмдарына ар тараптан колдоо көрсөтүлүп, улуттук эркиндикке үндөө күч алган. 1943-жылы түзүлгөн "Чыгыш Түркстан азаттыгы уюму" ошондой кыймылдардын эң ириси болгон. Ага улуту өзбек Алихан төрө Шакирходжаев, Салихжанбайй Бабажан, уйгулар Ахмеджан Касими, Абдыкерим Аббасов, Рахимжан Сабирхаджиев, Абдурауф Махсум, Мухаммаджан Махсум, Мухитдин Канат, Зунун Таипов сыяктуу адамдар мүчө болушкан. Күрөшчүл маанайдагы уйгур, казак жаштары Казакстан, Өзбекстанга жашыруун алынып келип, окуу-тарбиялык даярдыктан өткөрүлгөн.

Ошентип, 1944-жылга келгенде Иле, Алтай округунда куралдуу партизандык топтор да түзүлүп, жер-жерлерде бийлик өкүмдарларына куралдуу каршылык көрсөтө башташат. Олуттуу куралдуу козголоң 1944-жылдын 7-октябрында Нылкы уездинде башталып, уезд борбору көтөрүлүшчүлөрдүн колуна өтөт. Ал эми чечүүчү козголоң 7-ноябрь (СССРде Улуу Октябрь социалисттик революциясынын күнү майрамдалып жаткан учур) күнү таң эртең Кулжа шаарында башталып, куралдуу көтөрүлүшчүлөр радиостанцияны, телеграф түйүнүн, округ аскер башкармасынын башкы штабын, округ башкармасынын офисин басып алышат. Округ губернатору Лю-Би-ди атып өлтүрүлөт. Өкмөттүн кытай улутундагы кызматкерлери , аскерлери Кулжанын Айранбаг деген жериндеги аскердик казармага топтолуп, коргонуу-чыңдоолорун орнотууга аргасыз болот. Кулжанын Айранбаг, Ляншаң деген жерлери жана аэодромунан башка аймагы бүт көтөрүлүшчүлөрдүн колуна өтөт. Партизандык кыймыл кенен кулач жайып, кыска убакытта округдун башка аймактарында да кытай бийлигин жоготот.

Мына ушул алгачкы жеңиштерден кийин, 1944-жылы бошотулган территорияда Чыгыш Түркстан Республикасы түзүлгөндүгү жарыяланып, Кулжада анын Убактылуу өкмөтү түзүлөт. Ал өкмөттүн алгачкы жетекчилик курамы Алихан төрө Шакирходжаев, Хакимбек кожо, Рахимхан Сабир ажы, Абдукерим Аббасов, Махаммаджан Махсум, Абулкайыр төрө, Москалев сыяктуу адамдардан турган. Шинжаңга Кыргызстандын Токмок шаарынан кийин эле өтүп кеткен өзбек, диний аалым, ошол учурда Кулжа шаарынын имамы болгон Алихан төрө Шакирходжаев убактылуу өкмөттүн төрагасы, Хакимбек кожо төраганын орунбасары болуп шайланган.

Бул учурда Ысакбек Кыргызстанда куралып, даярдыктан өткөн өз отряды менен жолдо болчу. Түштүк Щинжаңга "Буйгу" жана "Баатыр" отряддары менен жашыруун кирип, улуттук-боштондук үчүн күрөш баштамакчы болгон план өзгөрүлүп кеткен. Анткени козголоң Иле округунда ийгиликтүү башталып калган эле. Ошондуктан Ысакбектин аскерлери аттары менен кошо поездге түшүп Казакстандын Коргаш (Хоргос) чегара заставасын көздөй жолго чыгат. Алар 1944-жылдын 16-ноябрында Кулжага жетип келип, ошол замат согушка кирип, көтөрүлүшчүлөр менен биргеликте душман коргонгон Айранбагды курчоого катышкан. Кытай армиясынын чыңдоосу жайгашкан Айранбагды штурмалоо адегенде ийгиликсиз аяктайт. Көтөрүлүшчүлөр чабуулду токтотуп, өз катарын толуктап, күчтөрүн көбөйтүүгө көңүл бурушат. Андан тышкары кытай армиясынын Үрүмчүдөн жардамга келаткан аскер күчтөрүнүн жолун бууп, кесип таштоо зарыл болчу. Анткени Үрүмчү өкмөтү Кулжага ири аскер бөлүктөрүн жардамга жөнөтүп жаткан. Алардын Кулжага жетип келиши көтөрүлүш тагдырын таптакыр башка нукка салып коймок. Ошентип көтөрүлүшчүлөрдүн аскер күчтөрү бир кыйла тартипке келип, Ысакбек Мониев, Иван Полинов сыяктуу генералдардын, советтик аскер кеңешчилеринин командачылыгы астында эми бирдиктүү план менен аракет кыла баштайт. Үрүмчүдөн аскер келе турган жолдорго тосот коюлуп, Суйдун, Чапканжутт, Зинхо, Шихо райондорунда жардамга келаткан кытай аскер күчтөрү тыптыйпыл талкаланат. Бул согуштарга Ысакбек өзү катышып, командачылык кылган.

29-декабрь күнү Ысакбек командачылык кылган көтөрүлүшчү аскерлер Күрөө аскер чебин курчоого алып, анда жашынган гоминдандык аскерлерге багынып берүү боюнча беш пункттан турган талап коет. Анда негизинен курал-жарактарын бузуп-жарбай сак тапшырып, эч кандай ок чыгарбай багынып, сепилден чыгышса бардык аскерлердин өмүрү сакталары айтылган болчу. Бирок, гоминданьбөлүгүнүн ичинде талаш-тартыш болот. Кээ бир командирлери багынууну жактаса, кай бирлери каршы болот. Ошентип белгиленген убакытта багынгандыгын билдирип, сепилден чыга алышпайт. Ошондон кийин Ысакбектин аскерлери Күрөө сепилине чабуул жасап, заматта аны тыйпыл кылып, 1000 ден ашуун душманды жок кылып, курал-жарактарын олжо кылат.

Ошондон кийин 31-январь күнкү чабуулда Айранбагда бекинип жаткан 2000 ден ашуун жоокери бар кытай аскерлери артка чегинүүгө мажбур болот. Бирок, биротоло талкаланып, кырылып калуудан коркуп, 3-февраль күнү гоминдандык бөлүктүн командачылыгы көтөрүлүшчүлөргө элчилерин жиберип, капитуляцияга макул экендиктерин билдирип, багынып берген.

Бул кезде көтөрүлүшчү күчтөр дале башаламан болчу. Март айында куралдуу күчтөрдү кайра түзүп, тартипке салуу иштери жүргүзүлгөндүгүнүн натыйжасында кыргызстандык эки атайын отряддын базасында атчандар бригадасы түзүлөт. 1-Текес атчандар бригадасы аталган бөлүккө Ысакбек Монуев өзү командачылык кылат. Бригадага кирген 1-Текес атчандар полкунун командирлигине 30-жылдардан баштап Кашкарда Ысакбек менен бирге жүргөн полковник Раззак Мавлянов, ал эми 2-Текес атчандар полкунун командирлигине Ата Мекендик согуштан атайын чакыртылган кыргызстандак офицер Дүйшө Ногойбаев дайындалат.Бул учурда ал "Баатыр" отрядынын командири болчу. Анын мурдагы командири Кутан Торгоев Кулжада кандайдыр каталыктарды кетирген соң, анын ордуна дайындалган.1945-жылдын январында ЧТРдын убактылуу өкмөтүнүн курамы бир аз өзгөрүп, Ахмеджан Касими өкмөттүн катчылыгына шайланат.

Улуттук армиянын башкы аскер командачылыгын колго алуу

1945-жылдын 3-февралында ЧТР өкмөтү Улуттук регулярдуу армия түзүү боюнча токтом кабыл алат. Ал эми 8-апрелде Улуттук армия түзүлгөндүгү жарыяланып, салтанаттуу жыйын жана аскердик парад болгон. Бул учурда Улуттук армиянын катарында 13 миң жоокер жана офицер бар болчу. Улуттук армиянын башкы командачысы Алихан төрө Шакиржоджаев, ал эми командачысы болуп, генерал лейтенант Иван Полинов шайланат.

И.Полинов Россия империясынын тушунда, 1911-жылы Россиянын Үрүмчүдөгү генералдык консулдугунун конвоюнун командири болуп кызмат кылган. Ал эми жарандык согуштун мезгилинде большевиктерге каршы согушкан генерал А.Дутовдун армиясында жүз башы болгон. Ал жеңилген 1920-жылдан кийин Кытайдын Ганьсу провинциясына кетет. Андан кайра Шинжаңга келет. Ошентип ал Кытай мамлекетинде жашап калып, кытай армиясында аскердик инструктор болуп кызмат кылган. 1933-жылы дунгандардын көтөрүлүшүн басууга катышкандан кийин, кытай армиясынын генералы наамы берилген. Ошондой эле кайрадан СССРдин өз адамы катары атайын кызмат менен байланыш түзгөн.1935-1937-жылдары эл өкүлдөрүнүн бүткүл шинжаңдык курултайына катышкан. Аялы совет жараны болгон. Ал эми Шинжаңдагы улуттук көтөрүлүштүн алдында Кулжага барган.

Генерал-майор Ысакбек Монуев командачылык кылган бригаданын эң чоң жеңиши 1945-жылдын сентябрында болгон. Ага чейин Иледеги куралдуу көтөрүлүштү бастырууга жөнөтүлгөн Кытай армиясынын 45-жана 191-жөө аскер дивизиясы Зинхо жана Шихо районуна жете келип, ошол райондордо чыңдоо куруп согушка даярданып жаткан болчу. Ал эми Ысакбектин аскери ашуу ашып, 1945-жылдын июнь айында Ачалы өрөөнүнө түшүп, чабуулга ошол жерден даярдана баштайт. Каршы эки тараптын тагдыр чечер кармашы 5-сентябрь күнү башталып, 13-сентябрда ЧТР армиясынын толук жеңиши менен аяктаган. Гоминдандык бөлүктөр толук талкаланып, 2000 дей жоокер, офицерлери кырылып, 2100 адам тирүү колго түшкөн. Ал эми генерал Ысакбектин армиясынан 87 жоокер курман болуп, 205и жараат алып, 16сы дарексиз жоголгон. Чындыгында бул согушта гоминдандык кытай аскерлери күч жагынан кыйла артыкчылык кылат эле. Салгылашка ЧТР армиясынан 3864, а гоминдань армиясынан 4630 аскер катышкан. Көтөрүлүшчүлөрдө 37 миллиметрлик замбиректен бирөө гана болсо, душмандарда андай 4 замбиректен сырткары, 76 миллиметрлик кубаттуулуктагы 4 замбирек жана 3 аскер самолету бар болчу.

Шихо жеңишинен кийин 1945-жылдын 14-октябрында ЧТР өкмөтү Ысакбек Мониевге генерал-лейтенант аскер чинин ыйгарат. Улуттук амиянын курамында дагы айрым өзгөрүштөр болуп, Ысакбек командачылык кылган 1-Текес атчандар бригадасынын базасында дивизия уюштурулуп, анын карамагына А.Батырганиевдин 2-Текес атчандар полку, Майлибеков жетектеген 3-монгол атчандар полку, полковник Д.Ногойбаевдин 2-Текес атчандар бригадасы, Полковник Р.Мавляновдун атчандар полку сыяктуу аскер бөлүктөрү кирип, жаңы дивизиянын командири Ысакбек өзү болот. Ошондон көп өтпөй эле генерал-лейтенант Ысакбек Монуев ЧТРдын аскер министри жана Улуттук армиянын башкы аскер командачысы болуп шайланат. Алихан төрө Шакирходжаев менен генерал-лейтенант Иван Полинов отставкага кетет.

Бул кезде Чыгыш Түркстандын үч округу - Иле, Тарбагатай, Алтай гоминдандык бийликтен толук бошотулуп, бул жерлерде ЧТР убактылуу өкмөтүнүн бийлиги толук орногон болчу. Түзүлгөн биринчи күндөн эле өз туусун ж.б. мамлекеттик символикаларын кабылдап жана өз улуттук валютасын чыгарып, уйгур тилине мамлекттик тил статусун берген ЧТР убактылуу өкмөтү Советтер Союзунун жардамы менен саясий да, социалдык-экономикалык да реформаларды ийгиликтүү жүргүзүп, калың калктын зор колдоосуна ээ болгон. Дегеле, кылымдар бою кытай шовинизминин астында күнкорлукта жашап келген уйгурлар жана казак, дунган, кыргыз, калмак сыяктуу аз сандуу элдер ЧТРден жана ал жүргүзүп жаткан улуттук-боштондук күрөшүнөн көптү үмүттөнүп, ага ишеним артып турган болчу.

Чыгыш Түркстан улуттук армиясынын аскерлери шарттуу түрдө Түштүк фронту, Түндүк фронту, Борбордук фронту деген үч багытка ажыратылып, ушул үч багыт боюнча илгерилеп, али гоминдань бийлиги өкүм жүргүзүп турган Шинжаңдын он округун бошотууга аттанат. Борбордук фронттун аскерлери 1945-жылдын октябрь айында Манас дарыясына жетип, Шинжаңдын расмий борбору Үрүмчүгө 60 километрдей аралык жакындап токтогон. ЧТР Улуттук армиясынын андан аркы жеңишчил согуштук аракеттери күтүлбөгөн жерден токтоп калды.

Тынчтык келишим

Ошол октябрь айынын ортосунда Борбордук Кытай бийлиги чыгыш Түркстан көтөрүлүшчүлөрүнө Шинжаңдагы куралдуу жаңжалды тынчтык жолу менен чечүү сунушун койду. Чындыгында мындай чечим Москвада, Вашингтондо жана Лондондо туруп, дүйнөнүн өздөрүнчө бөлүштүргөн дүйнөлүк "оюнчулардын" лөктөрүнүн кеңешмесинде чечилип калган болчу. Ошондуктан ЧТР жетекчилери ал сүйлөшүүгө аргасыз макул болуп, чабуулдарын токтотууга аргасыз болгон. Ошентип Үрүмчүдө ЧТР убактылуу өкмөтүнүн өкүлдөрү менен Борбордук Кытайдын жана Шинжаң провинциалдык өкмөтүнүн өкүлдөрүнүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр башталат. ЧТР улуттук армиясынын чабуулу токтотулат. Эки тараптын тынчтык сүйлөшүүсүндө ЧТРдын делегациясын Ахмеджан Касими (адегенде Рахимхан Сабир ажы) жетектеген. Кытай тарабынан гоминдандык армиянын саясий башкармалыгынын башчысы, генерал Жан-Жи-жун, ал эми козголоңчу Үч аймак өкмөтүнүн атынан Ахмеджан Касими башчылык кылган тараптар эки жарым ай бою ары тартышып, бери тартышып, акыры 1946-жылдын 2-январында 11 пункттан турган келишимге кол коюшат. Бул келишимде Шинжаңда коалициялык өкмөт түзүү, Чыгыш Түркстанда улуттук теңдикти орнотуу, жергиликтүү бийлик жетекчилерин элдик шайлоо менен аныктоо, улуттук (жалаң мусулмандардан турган) аскер бөлүктөрүн калтыруу сыяктуу бир топ демократиялык саясий реформалар айтылган болчу. Келишимдеги айрым жагдайлар дагы да кошумча келишим менен аныктала тургандыгы белгиленген. Ошондуктан 11 пункттук келишимди аткаруу артка жылдырылып, сүйлөшүүлөр улантыла берген.

Дал ошол кошумча келишим боюнча талаш-тартыштар жүрүп жаткан кезеде, 1946-жылы апрелде генерал Ысакбек жанына бир эскадрон аскер (экскадрон командири Молдоташ) алып, СССР аркылуу Түштүк Шинжаңга өтүп, аердеги Таш-Коргон көңтөрүшүн оожалдырууга киришет. (Түштүк Шинжаң Кытай бийлигинин колунда тургандыктан, Таш-Коргонго Тажикстан же Кыргызстан чегарасы аркылуу гана кирүүгө мүмкүн болчу.) Таш-Коргон козголоңу 1945-жылдын 10-августуна советтик чалгындоо кызматынын даярдыгынан өткөн жергиликтүү партизандар тарабынан башталат. Алардын жетекчилери Карванша, Тайирбек, Маметайса Айберди, Абылкасым сыяктуу кыргыз, тажик, уйгур, өзбек адамдар болгон. ( Таш-Коргон аймагында тажиктер да жашайт.) Куралдуу көтөрүлүшчүлөр тездик менен чабуул коюп, округ борборун басып алат. Кытай аскерлери, өкмөт адамдары, полиция кызматкерлери артка чегинип, качат. Ошону менен көтөрүлүшчүлөр жергиликтүү элдин колдоосуна ээ болуп, катарын калыңдатып, андан ары аракет кылып, Таш-Коргон аймагынын бүт айыл-кыштактарын гоминданчылардан тазалоого киришет. Албетте, уюштуруу, жетектөө иштеринин чачкындыгынан улам, алардын чабуулу ар дайым эле ийгилитүү боло берген эмес. Кээде жеңилишке учурап, ал тургай бир бөлүгүнөн 27 адам бирдей гоминдандык аскерлердин колуна түшүп калган учур дагы болгон. Ошентсе да көтөрүлүшчүлөр кыска убакытта округдун негизги жерлерин ээлеп, ал жерде жаңы бийлик түзүмдөштүрүп, өз адамдарын башчы кылып коюуга жетишишет.

Козголоңдун жүрүшү кыйынчылык, тоскоолдуктарга туш келип турган кезде Ысакбек Таш-Коргонго келип, козголоңдун чачкын ишин тартипке салат. Башаламан куралдуу күчтөрдү бириктирип, командалык бирдиктеги аскер бөлүктөрүн түзүп, командирлерин дайындайт. Көтөрүлүшчүлөрдүн куралдуу күчтөрү эки бригадага ажыратылып, аскер саны 5500 гө жетет. Ушундайча тартипке келгенден кийин ЧТРдин улуттук армиясынын бир бөлүгү эсептелген Таш-Коргон көтөтрүлүшчүлөрү Таш-Коргон округун гоминдандык бийликтен дээрлик тазалап, андан ары Кашкар округуна карай жылуу аракеттери пландаштырыла баштаган эле.

Бир жагынан алганда, ЧТР өкмөтү жана башкы аскер командачы Ысакбек Монуев Таш-Коргон козголоңун оожалдыруу менен Үрүмчүдө жүрүп жаткан Шинжаң маселесин тынчтык сүйлөшүүсүнө сүр көрсөтүп, Кытай бийлигин дагы да чегинүүлөргө түртүүнү болжогон.

Коалициялык өкмөттүн куралышы

Акыры 1945-жылдын 6-июнь күнү жогоруда аталган кошумча келишимге дагы кол коюлат. Андан көп өтпөй, 18-июнь күнү Шинжаң коалициялык өкмөтү түзүлгөндүгү жарыя болгон. Генерал Ысакбек мына ошондон кийин гана Таш-Коргон козголоңунун жетекчилерине түзүлгөн келишимди кытай өкмөтүнүн өкүлдөрү расмий жарыя кылып, анын талаптарын аткара баштамайынча куралдарын тапшырбоону жана ар кандай кырдаалга даяр турууну эскертип, өзү Кулжага-Түндүк Шинжаңга кайтып кетет.

Убактылуу коалициялык өкмөттүн курамы мындайча түзүлгөн: 25 адамдан турган ал өкмөттүн 15 мүчөсү жергиликтүү калктан көрсөтүлүп, борбордук бийлик тарабынан бекитилмек; ал эми 10 мүчөсү борбор тарабынан түз дайындалмак тартиби киргизилет. Коалициялык өкмөттүн төрагасы болуп генерал Жан Жи-жун, ал эми анын орун басарлыгына Ахмеджан Касими менен көп жыл түрмөдө жаткан Кытайдагы түрк элдеринин лидерлеринин бири, улуту татар Бурхан Шахиди бекитилет. Лйу Меңчун , Рахимжан Сабир ажы ички иштер министринин орун басары, Сайпидин Азизи агартуу министри, Далилхан Сугурбаев сахие башкармасынын башчысы, Алихан төрө өкмөт мүчөсү, Или округунун баштыгы, Осмон Исламов өкмөт мүчөсү, Алтай округунун баштыгы кызматтарын ээлейт. Ал эми Генерал Ысакбекке өкмөт мүчөсү жана амандыкты сактоо аскерлеринин орунбасар командачысы деген кызмат ыйгарылат.

Бул келишимде тараптар куралдуу күчтөрүнүн санын 30% ке кыскартуусу дагы каралган. Ошонун негизинде Таш-Коргондо түптөлгөн көтөрүлүшчүл аскер бөлүктөрү таркатылат. Ал эми Үч аймактагы ЧТР улуттук армиясы өз катарындагы советтик жоокерлерди кетирүүнүн негизинде кыскартылат. Бирок, Улуттук армия генерал Ысакбектин командачылыгында негизги бөлүгүн сактап, мурда ээлеген жерлеринде жайгашкан боюнча күжүрмөн даярдыкта кала берген. Шинжаң коалициялык өкмөтүнө баш ийген эмес.

Көп узабай эле, ар кандай себептерден улам ЧТР төңкөрүшчүлөрү менен Кытай мамлекетинин ортосунда түзүлгөн келишим бузулат да, Ахмеджан Касими жетекчилик кылган боштондук күрөш лидерлери 1947-жылдын августунда Кулжага кайтып кетишет. Ошентип Үч аймактагы ЧТР кайрадан өз алдынча тиричилик кылып, убактылуу өкмөттүн адамдары өз реформасын уланта баштаган. Генерал-лейтенант Ысакбек башчылыгындагы улуттук армия Үч округду толук көзөмөлдөө менен бирге, кыска офицердик курстарды, аскер окуу жайларын ачып, аскер адистерин окутуп-тарбиялап, өз катарын чыңдап күчтөндүрө берген.

Ага чейин, 1947-жылдын февралында Алтай округунун башчысы Осмон Исламов (эл ичинде Оспан батур деген атакка ээ) дагы бир казак лидери Калибек менен бирге улуттук-боштондук кыймылына чыккынчылык кылып, америкалык чалгыныдоо кызматынын адамдарынын таасиринде Алтайда ЧТРге каршы козголоң чыгарып, гоминдань тарапка өтүп кетет. Генерал Ысакбек бир бригада аскер баштап барып, анын козголоңун басып, аскер күчтөрүн Алтайдан кууп чыккан. Оспан батурдун ордуна Алтайга Ысакбектин орун басары, генерал-майор Далилхан Сугурбаев башчы болуп дайындалган.

Мындан тышкары олуттуу чыр-чатак болгон эмес. Негизи бул учур күтүүнүн мезгили болчу. Борбордук Кытайда гоминдандык армия менен коммунисттик армиянын кырчылдашкан кармашы жүрүп жаткан. Шинжаңдын тагдыры кандай болот? Бул суроонун жообу ошол согуштун кандайча жыйынтыкталышына байланыштуу болчу. Ал эми Советтер Союзу ЧТРге мурдагыдай аскердик жардам берүүнү токтотуп, негизги көңүлүн Борбордук Кытайга буруп, Мао Цзедун башчылыгындагы ККПнын жеңишине кызыкдар болуп, ар тараптуу жардамын көбөйткөн. ЧТР жетекчилери негизинен Мао Цзедундун коммунисттик партиясынын жеңишинен үмүт артып, алар менен ымала түзүүгө аракет кылган. Анткени, СССР эми Чыгыш Түркстандын өз алдынча мамлекет болушун колдобой калган соң, эгер коммунисттик партия жеңишке жетишсе, Шинжаң Кытайдан толук бойдон бөлүнүп, өз алдынча мамлекет болуп кете албаса да, СССРдеги улуттук республикалар сындуу статуска ээ болот го деген үмүт бар болчу аларда.

1949-жылдын ортолугуна келгенде ККП армиясы ири жеңиштерге жетип, коммунисттердин бийлиги Кытайдын негизги бөлүгүнө орнойт. Ал эми ошол жылдын жарымынан тарта Кытайды дээрлик ээлегендиктен, Чан Кайши өзүнө берилген командасы жана армиясы менен Тайвань аралдарына чегинип, баш калкалоого аргасыз болот. Ошентип, өлкөнү бүтүндөй ээлеген коммунисттер Кытайда өздөрүнүн жар салган идеологиясына ылайык жаңы мамлекеттик түзүм киргизиши керек болчу. 1949-жылдын август айынын башында Кытай компартиясынын лидери Мао Цзедун ЧТР лидерлерине 6-сентябрда Пекинде өтө турган Кытайдын элдик саясий кеңешме жыйынын 1-пленардык чогулушуна расмий чакыруу жөнөтөт. Сентябрь айынын башында өтмөк болгон бул жыйында Кытайдын мамлекеттик түзүмү талкууланып, жарыяланышы керек болчу.

Үмүттүн кыйрашы

Чыгыш Түркстандын келечек тагдыры да ошол жыйында аныкталмак. Ага ЧТР жетекчилеринен Ахмеджан Касими, Ысакбек Монуев, Абдукерим Аббасов, Далилхан Сугурбаев жана кытай-совет достугу коомунун башчысы, кытай Ло Жы кирген расмий делегация бармак болот. Аларга котормочу Абдурешит Иминов, адьюдант Гани Каримов сыяктуу дагы бир топ кишилерден турган тейлөөчү курам кошулат. Делегация Пекинге Казакстандын борбору Алматы шаарынан учуу үчүн 22-августта Кулжадан автомашина менен жөнөп кеткен. Ортомчулук милдет аткарып жаткан совет бийлигине мындай талапты ЧТР өкүлдөрү өздөрү койгон. Биринчиден, бул этиеттенүү, ар кандай кокустуктардан сактануу максатында болсо, экинчиден, алар Чыгыш Түркстандын келечек тагдыры маселесине дале Советтер Союзу кийлигишип, улуттук эркиндик, өз алдынча мамлекеттүүлүк идеясынын ишке ашышына сүрөөнчү болот деген ниетте советтик бийлик менен сүйлөшүүгө ниеттенишкен.

Бирок... ЧТР өкүлдөрү Кулжадан чыгып кеткен боюнча кайтып барышкан жок. Лидерлери кеткенден кийин Кулжада Өкмөттүн жооптуу адамы катары Сайпидин Азизи калган болчу. Ошондон он күндөй убакыт өткөндөн кийин, 3-сентябрда Кулжадагы СССР консулдугуна С.Азизини чакырышып, консул ЧТР жетекчилери авиакатастрофадан курман болушкандыгын угузган. Ал эми Шинжаң провинциалдык өкмөтүнүн ошол кездеги башчысы Бурхан Шахидинин эскерүүсүнө караганда, Үрүмчүдөгү СССР консулу бул суук кабарды ага 28-август күнү айткан. Бирок аны убактылуу элден да, маркумдардын жакындарынан да жашырып турууну суранышкан.

Кийинчерээк берилген расмий версия боюнча, арасында кыргыздын легендарлуу генералы Ысакбек дагы болгон ЧТР делегациясы түшкөн Ил-16 советтик лайнери Алматыдан абага көтөрүлүп, учуп баратып, Иркутск шаарынан бир канча километр өткөндө зоого урунуп кыйрап, ичиндегилердин баары курман болот. Мындан башкачарак, кырсык Читанын тегерегинде болгон, Гоби чөлүндө болгон, Байкал көлүнүн аймагындагы тоого урунган деген сыяктуу дагы да ар кандай версиялар бар.

Бирок, окуянын кандайча болгонун азырга чейин эч ким билбейт. Ошондуктан ЧТР жетекчилеринин өлүмү боюнча шектенүүлөр күчтүү. Ар кандай оозеки версиялар, божомолдоолор айтылып келатат. Мисалы, бир версияда мындайча айтылат. ЧТР жетекчилери Алматыга келгенден кийин ал жерде советтик расмий адамдар, чекисттердин катышуусунда ЧТРдин келечеги жөнүндө сүйлөшүү болгон. Аларга улуттук боштондук, улуттук мамлекеттүүлүк идеологиясынан кайтып, ыктыярдуу түрдө Кытайдын курамына кирүү сунуш кылынган. Бирок, улуттук көтөрүлүшчүлөрдүн жетекчилери ага макул болушпаган соң, Москвага алып барып тынчытышкан. Ал эми чет элдик иликтөөчү Линда Бенсондун ЧТР делегациясы Пекинге жеткенден кийин, кытай бийлиги тарабынан жашыруун камакка алынган деген болжолду айткан. Демек, азырынча бул иш боюнча бир жактуу бир нерсе айтуу кыйын.

ЧТР лидерлеринин өлгөндүгү элге жана туугандарына үч айдан кийин угузулган. Бирок, Кулжанын эли ага анча ишенбей, маркумдардын сөөктөрүн алып келип көрсөтүүнү талап кылып, чуу чыгарышкан. 1950-жылы февралда ошол Үч аймак бийлигинин башында турган С.Азизи Мао Цзедун менен бирге Москвага И.Сталиндин туулган күнүнө барган. Ал кийин өз эскерүүсүндө ошондо Маонун макулдугу менен СССРден маркумдардын самолет кырсыкка учураган жерден табылып, чогултулган сөөктөрүн Кулжага алып баргандыгын айткан. Касими, Ысакбек, Аббасов, Сугурбаевдердики деген табыттар Кулжага алып барылгандыгы анык. Бирок, учурунда тамтыгы чыгып, күйүп талкаланган абалда болгондуктан жана темир жашикке салынып, ачып кароого уруксат кылынбагандыктан, маркумдардын сөөгүн ишенимдүү түрдө таанууга мүмкүн болбогон . Маркумдардын сөөгү Кулжанын Эл багы деген аянтына көмүлгөн. Кийинчерек Д.Сугурбаевдин сөөгү гана Казакстанга аланып келинип коюлгандыгы болбосо, башкалардыкы ошол ордунда эле калып, күмбөздөрү курулган. Ошол эле Эл багында ЧТР лидерлеринин музейи дагы бар.

Лидерлери ошентип күм-жам болгондон кийин ЧТР өзүнөн өзү жоюлуп, аты да аталбай калган. Ал эми Үч аймак жана бүтүндөй Чыгыш Түркстан Кытай Эл Республикасынын курамында кала берген. Кытайдын Шинжаңында биринчи болуп, 1954-жылы Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу облусу түзүлөт. ( Муну даңктуу кыргыз генералы Ысакбек Монуевдин түздөн-түз таасири деп түшүнүү керек.) Андан бир жылдан кийин, 1955-жылы бүтүндөй Чыгыш Түркстан провинциясы Шинжаң уйгур автономиялуу району болуп түзүлгөн. Учурда Шинжаңда 22 миллион калк жашайт. Анын ичинде 200 миңдей кыргыз бар.

Токтомамат (Ойсул) Улукбеков







кыргыз тилиндеги гезит "Фабула"





??.??