Жылдыздар сүйлөшөт…
2013- жылы сизди эмнелер күтөт?

Кой жылдызы
Турмушта: Кой жылдызынын алдында төрөлгөндөр келе жаткан жылы өзүн ар тараптан токтоо, сабырдуу алып жүрүүлөрү кажет. Колдон келишинче туруктуулукка умтулуп, ар кандай чукул бурулуштарды, эки анжы ойду жараткан чечимдерди кабыл алуудан сак болгону оң. Март, июнь айларында ишиңизде мол жетишкендиктер болот.
Сүйүүдө: Жылдын башында жеке жашооңузда өзгөрүүлөр болбойт. Сүйүүсүн кезиктире электер жылдын экинчи жарымын күтө турганы оң. Үй -бүлөлүү болсоңуз, түгөйүңүздүн кеңешин угуп, иш кылганыңыз дурус.
Акчада: Финансы жаатында мол жетишкендиктер болот. Бирок канча киреше кирсе, ошончо берешендик жогорулап, тапкан акчаңызды бат эле жоготуп алышыңыз мүмкүн. Андыктан сарамжалдуу болгонду да унутпаңыз.

Бөйөн жылдызы
Турмушта: Жылдын башынан баштап өзүңүздү активдүү алып жүрүңүз керек. Ошондо гана сиз көздөгөн максатыңызга жете аласыз. Сизди июнь, май айларында ийгилик жылоолойт. Эгер бир келген мүмкүнчүлүктү туура пайдалана алсаңыз, чоң кирешеге ээ болуп, маңдайыңыз жарыла кубанасыз. Баса, бул жылы бөйөндөр жанындагыларга сын айтуудан алыс эле болгону дурус.
Сүйүүдө: Бул жылдыздын алдында жарык дүйнөгө келгендер быйылкы жылы романтикалуу сезимдерден бир аз да болсо сактанып турганы оң. Анткени бөйөндөр үчүн быйыл карьера түзүүгө ыңгайлуу жыл.
Акчада: Капчыгыңыз жыл башында бир аз бошоңдой түшкөнү менен жыл ортосунда чоң киреше алып келе турган сунуштар түшөт. Баш тартпастан ишке кирише бериңиз, жемиши мол болорун жылдыздар эскертишет.

Букачар жылдызы
Турмушта: Жыл башында ишиңизге байланышкан тоскоолдуктар күтүлүүдө. Бул көрүнүш жыл ортосуна чейин созулуп, жай мезгилинин башында гана алга жылуулар болот. Жакшылап аракет кылсаңыз жылдын акыркы айларына чейин өзүңүз каалаган бийиктикти багындыра аласыз.
Сүйүүдө: Жыл бою жылуу сезимдердин кучагында жашайсыз. Түгөйүңүз бул жылы болуп көрбөгөндөй романтикалуу мүнөттөрдү тартуулайт. Күз мезгилинин орто ченинде курч сезимдерге учурап, кыштын башталышы менен кайра көнүмүш ыргакка өтөсүз.
Акчада: Каражат жаатында төрт мезгилде тең мол ийгиликтер күтөт. Сиз ойлобогон тараптан чоң киреше келиши ыктымал. Сентябрь, октябрь айында айлык акыңыз көтөрүлүп, кубанычка батасыз.

Арстан жылдызы:
Турмушта: Жылдын башында жаныңыз тынбай эмгектенишиңиз зарыл. Үзүрүн жаз айларында көрөсүз. Бирок көзгө көрүнгөн эле нерсенин артынан чуркай берүүнүн кажети жок. Колуңуздан келе турган ишти гана аркалаңыз. Болбосо, ден соолугуңузга чоң залака келтирип алышыңыз мүмкүн.
Сүйүүдө: Бул жылы жагымсыз бүтүп калган сүйүү мамилелерин трагедияга айландыруунун кажети жок. Андан көрө жаңы сүйүү тапканга аракет кылыңыз. Тагдыр сизге мурдагыдан да жагымдуу сезимдерди даярдап турат. Мүмкүнчүлүктү пайдаланыңыз.
Акчада: Жылдын башынан ноябрь айына чейин чыгымыңыз өскөндөн өсө берет. Бирок ага капаланып, маанайыңызды бузбаңыз. Жыл аягында баардык чыгымдарыңызды чаап, өзүңүз калган буюмду сатып алууга да жетишесиз.

Эгиздер жылдызы
Турмушта: Эгиздерден алдыда келе жаткан жыл көп эмгектенүүнү талап кылат. Февраль айынан тартып эмгегиңиздин акыбети кайтып, чоң кирешеге ээ болосуз. Август айы өнөктөштөр менен иш баштоого ыңгайлуу учур. Ушул учурда колдон чыгарбай пайдалана алсаңыз, сизди бир жыл бою бакубат турмуш күтөт.
Сүйүүдө: Жыл башында сүйүүңүз салкындай түшүп, сүйүктүүңүз менен пикир келишпестиктер жаралышы мүмкүн. Андыктан жумуш деп эле жүрө бербей, жакындарыңызга көңүл буруп, жагымдуу маанай тартуулоону да унутпаңыз. Жыл ортосунда көрө албастар чыгып, түгөйүңүз экөөңүздүн ортоңузга от жагышы ыктымал. Абайлаңыз. Жаныңызда жүргөндөрдүн баарына эле ишеним арта бербеңиз.
Акчада: Акчалай киреше жылдын биринчи айларына туура келет. Ал мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай пайдаланып калыңыз. Эгиздер үчүн 2013- жыл кирешелүү жылдардан болот.

Бийкеч жылдызы
Турмушта: Жеке ишкерчилик менен алектенген бийкечтер өткөн жылы иштен кетирген катачылыктарын оңдоого ылайыктуу жыл. Жай мезгилинде жаңы иш баштоого ыңгайлуу шарт түзүлөт. Чыгармачыл бийкечтерди жылдын аягында эргүү коштоп, ушул жаатта бир топ ийгиликтерге жетишет.
Сүйүүдө: Бийкечтер үчүн кыш айлары жагымдуу көз ирмемдер менен коштолот. Буга чейин сүйүүсүн таап алгандар жаз мезгилинде үй-бүлө күтүшөт.
Акчада: Акчалуулар жаз айларында сарамжал болгону оң. Анткени жылдын экинчи жарымында чоң материалдык чыгымды талап кыла турган окуялар пайда болот.

Тараза жылдызы
Турмушта: Таразаларды иш жаатында мол ийгиликтер коштойт. Январдан баштап жыл аягына чейин профессионалдык жөндөмүңүз өсүп , кесиптештер менен мамилеңиз жакшырат.
Сүйүүдө: Бул жылы жакындардын арасында сиздин жеке жашооңузга кызыккандар көп болот. Бирок арага кийлигишүүгө жол бербеңиз. Анткени алардын көз карашы сиздин тандоону бузуп коюшу ыктымал. Чечимди өзүңүз кабыл алыңыз.
Акчада: Жылдын июнь айында финансылык жактан мол кирешеге туш болосуз. Күз айларында дагы күтүлбөгөн булактардан келген чоң суммадагы акча капчыгыңызды кампайтат.

Балык жылдызы
Турмушта: Балыктар ишке болгон мамилесин жакшыртуусу шарт. Керек болсо, талап кылган жерден бүт күчүн жумшоого даяр болушу керек. Кесиптештер арасында кадыры жогорулап, жыл аягында жай турмуш кечирет.
Сүйүүдө: Сүйүү жаатына келгенде, бул жылы эрикпейсиз, кам санабаңыз. Бир көрүп сүйүп калуу, жан эргиткен сезимдерден колуңуз бошобойт.
Акчада: Жаз мезгилинен тартып айлык акыңыз көтөрүлөт да, буга чейин болуп келген карыздарыңыздан кутуласыз. Күз мезгилинде сиздин финансылык колдооңузга муктаж болгондор пайда болот. Баш тартпай көмөк көрсөтүп коюңуз. Акыбети сөзсүз кайтат.

Чаян жылдызы
Турмушта: Чаян жылдызындагылардын жашоосунда бул жылы чоң өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Андыктан бул өзгөрүүлөргө алдын - ала даяр туруп, ар бир жасай турган ишти жети өлчөп бир кесип иш кылса, анда бул өзгөрүү жакшы жыйынтык берет.
Сүйүүдө: Жылдын башынан аягына чейин баш айланткан сүйүүлөр көп болот. Сизге дайыма сүйүүсүн арнагандар көбөйөт. Бирок абайлаңыз, алданып калбаңыз.
Акчада: Бул жылы буга чейин чечилбей келген эски көйгөйлөрдүн баары акырына чыгат. Бул сиздин алдыга жылууңузга өбөлгө түзөт. Февраль айынын аягында Чаян жылдызындагылар кимдир бирөөлөр тарабынан чоң каражат табуунун жаңы жолдорун табат. Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, колдоно билсеңиз, ийгилик сиз тарапта болот.

Суупери жылдызы
Турмушта: Улам жаңы, кызык сунуштар болот. Сизди дагы жаңы идеялар коштогону коштогон. Жыл аягында жумуш ордуңузду кирешелүү жумуш менен алмаштырышыңыз мүмкүн. Жылан жылында көптөн бери эңсеп, бирок жетпей жүргөн нерсеңизге жетесиз.
Сүйүүдө: Сүйүктүүңүз менен ысык мамиледе болуп, жагымдуу маанай тартуулаңыз. Ашыкча чыр-чактардын чыгышына жол бербеңиз. Баары сиздин колдо.
Акчада: Бул жылы капчыгыңыз калың болушу күтүлүүдө. Ак эмгегиңиздин арты менен болуп көрбөгөндөй каражатка ээ болосуз. Тактап айтканда бул жылы каражат жагынан башыңыз оорубайт.

Жаачы жылдызы
Турмушта: Жаачылар бул жылы оригиналдуулугу менен башкалардан айырмаланышат. Алар дал ушул сапаттары менен жетекчисинин мактоосуна арзып, кызматтык тепкичтен көтөрүлөт. Мындан сырткары көптөн бери ишке ашыра албай жүргөн иштерин жаачылар Жылан жылында ишке ашырып, кубанычка бөлөнөт.
Сүйүүдө: Сүйүктүүңүзгө болгон арзууңуз күн санап күч алып, мамилеңиз бекемделип, бакытка бөлөнөсүз.
Акчада: Бул жыл сиз үчүн эң кирешелүү жылдан болот. Жыл башынан жыл аягына чейин капчыгыңыз кампайып, каражат тартыштыгын сезбейсиз. Ушул жылы акчага байланышкан иштерди ишке ашырып, өзүңүз самап жүргөн оюңузду ишке ашырасыз.

Текечер жылдызы
Турмушта: Жылан жылы текечерлер үчүн эң ийгиликтүү жылдардан болот. Бул жылы көптөн бери эңсеп жүргөн кыялдарыңыз ишке ашып, жаз айынын башында жаңы конушту болосуз.
Сүйүүдө: Жылдын башынан аягына чейин досторуңуздун, туугандарыңыздын сүйүүдөгү көйгөйлөрүнө аралашып, аларды чечүү менен алек болосуз. А өзүңүздүн жеке мамилеңизге көңүл бурууга ноябрь айы ыңгайлуу. Жылдан аягында үй- бүлө курушуңуз мүмкүн же буга чейин эт менен челдин ортосунда болуп келген мамилелерге чекит коесуз.
Акчада: Бул жылы текечерлер үчүн бир нерсени окуп үйрөнүү же кызмат ордун алмаштыруу, жеке бизнесин ачууга ыңгайлуу. Каражат жагынан көп деле кыйынчылыктар болбойт. Акчаңызды сарамжалдуу пайдалана билсеңиз, жыл аягына чейин эч ойлонбой жашасаңыз болот.