Рыспайдын шакирттери
Улуу ырдын уландысы

2011-жыл. 11-декабрь. Рыспай Абдыкадыровдун 70 жылдык мааракесине карата өткөрүлгөн телесынактын акыркы күнү. Филармониянын чоң залы жыкжыйма. Р.Абдыкадыров атындагы республикалык кайрымдуулук фондусунун президенти Сооронбай Жээнбековдун өтүнүчү менен билеттин баасын 200 сомдон кылганбыз. Мурунку эскерүү кечелеринде эл батпай, көчөдөн кымбат саткандардан да издеп жүрүп таап киришкен күйөрмандарга күбө болгонум бар эле.

Ошол эле учурда эстраданын жаш "жылдыздары" билетинин баасын 500 сомдон кылып жатканда, Рыспайдын 6 томдук китебине, тартылуучу киносуна тыгынчык болобу деп, баасын көтөрөлү десек, Сооронбай Шарипович: "Рыспайдын ырлары акча менен өлчөнбөйт, аны жаш балдардын деңгээлине түшүрбөгүлө" - дегенден кийин аныкын эп көргөнбүз. Бирок концерт башталарда эшик алдында 1 500 сомго билет таппай жүргөн орто, улуу муундагы чыныгы күйөрмандарды көргөндө, көзүмө жаш кылгыра түштү. Бул - Рыспай аны урматтагандардын али эсинде экенин элестеткендеги көз жаш эле. Бул - анын 200 сомдук билеттеринин дээрлик бардыгын сатып алып, эселеп саткан телевидениеде иштеген Нуралы Турапов деген режиссердун ушундай кылыгына, ошону менен Рыспайдын, анын концертин уюштургандардын беделин түшүргөн ыплас ишине ыза болгондогу көз жаш эле.
Карыган сайын мен да Рыспайга окшоп жашык болуп кеткенминби, ошол сынакты шашылыш түрдө (балким, Роза Отунбаева Президенттик ордун өз ыктыяры менен өткөрүп жатканда, Рыспайдын эскерүү кечесин көрүп калайын дегенби) даярдап, бардыгы такталган, белгиленген мерчем боюнча кетип, аягына жакындап калганда, залдан президенттин кеңешчиси Султан Раев сахнанын артына келип, "Отунбаева Таалай Иманкуловдун аткаруусунда Рыспайдын "Издейм сени" деген ырын" суранып жатат - деди. Концертибиздин ирети бузулса да (анткени кайта-кайта сурангандарды да экиден, үчтөн ырдаткан эмеспиз), Президенттин бул өтүнүчү мага Рыспайга болгон урмат-сыйдын эң бийик чокусундай сезилип, ошондо көзүмө бир жаш тегеренди.
Алып баруучулар ЭлТРдин продюсери, каракулжалык Нуркыз Кадырбек менен куурчак театрынын директору, артист Темирлан Сманбеков Таалайды президенттин өтүнүчү менен чыгарын жарыялаганда, зал дагы бир ирет жарылды. Анткени ага чейин сынактын жеңүүчүлөрү жарыяланып, Оштогу 2-турда да 1-орунду жеңип алган Айпери Кулубаевага баш байге - 100 миң сомду Роза Отунбаева тапшырап, 1-орунду жеңип алган ушу Таалай Иманкуловго фонддун президенти Сооронбай Жээнбеков 50 миң сомду тапшырганда, көпкө кол чаап туруп алган. Күйөрмандардын ышкысы козголуп тургандагы ошол абалдын туткунунан чыгалек кезде Таалайдын элдин эмес, Президенттин өтүнүчү менен сахнага кайра чыгышы ага башкача бир ишенимди пайда кылып, анын келечегине башкача бир көзкараш менен кароого өбөлгө түздү. Андай ишеним башкаларга караганда менде көбүрөөк эле. Анан ошол ишеним Рыспайдын алтымыштай ырын билген, Рыспайдын жаш кезинде ушул жигитке окшоп жылмайып, вариациялап ойногону, атүгүл башын бираз чулгуп алганы менен бекемделип отуруп, Рыспай башкаларга караганда ушу Таалай аркылуу экинчи өмүрүн ишенимдүү сүрүп, Рыспайды көрбөй өскөн муунга анын тирүү элеси ырлары менен кошо кайра келгенднй сезилери Рыспай досуман ажырап, таптаза каңгырап жалгыз калган менин жүрөгүмдү жибитет деген үмүт менен жашай баштадым.
Ырас, Рыспайга байлааныштуу сынактарды республика боюнча өткөрүп жүрүп, кыймыл-аракети, аккордеондо вариациялап ойноо чеберчилиги, үнүнүн тембри, атүгүл арыктыгы да Рыспайдын нускасындай сезилген өнөрпоздор, шакирттери бар. Аларды көргөн сайын көзүм тойгону менен бу Таалайчалык каниет албаганмын.
Баш байгени алган Айпериге караганда, Таалайга көбүрөөк кол чапкандар, демек, залда Рыспайдын чыныгы күйөрмандары, аны көрүп-билгендер, ага көнө түшкөндөр отурат дегенди билгизет. Анткени Таалайдын үнү, аккорденду вариациялап ойношу, дегеле турпаты Рыспайга окшоп тургандан улам ансыз да жаштайынан "экинчи Рыспай" аталып калган жаш аткаруучунун ары жагында Рыспайдын арбагы сүйөмөлөп, кубат берип тургандай сезилди.
Рыспайды көрбөсө да анын азгырма мүнөзү, ырлары, дегеле бүтүндөй турпаты ушу Таалайдын кичинесинен дээринде бар жөндөмүн же ошол жөндөмдүн уюткусун козгоп ийди окшойт, биз азыр замандаштары, санаалаштары "рыспай" деген оору менен ооруп калганыбызды анын төңкөрүшчүл феноменин түшүнгөнүбүз, талдай алганыбыз менен түшүндүрсөк, Таалай анчалык тереңдеп кете албаса да, кандайдыр бир керемети бир кезде аны да бир бийиктикке алып чыгат деп ишенгенинен ошол "улуу ооруга" ичинен макул болуп келсе керек бу ырдүйнөгө.
Дагы бир кызыгы - Рыспай экөөнүн балкитеби бир - текечер: Рыспай 1941-жылы 12-январда Каракулжанын Кызыл-Булагында, Таалай 1984-жылы 3-январда Акталаанын Куртка айылында төрөлгөн. Мындай жердин алыстыгы болгону менен, туулган күндөрүндөгү жакындык мага тааныш, анткени мен көп кишинин балкитебин (гороскоп) ачып бердим, дегеле дүйнөлүк аркандай балкитеп тууралуу билгеним көп. Булардын друиддер балкитеби боюнча да төлгөсү жакын. Ошондуктан "жылдызы келишип" деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Биерде көпчүлүк адамдардын бири-бирине дидары түшүп дегенди түшүнүшү мүмкүн. Астрологдор аны жыл сүрүү циклиндеги жылдыздар төлгөсү менен машташкан ай циклин айтат. Таалай кичинесинен Рыспай акесинче астроном болом деп кыялданчу экен. Анан 9-класста окуп жатканда, Рыспайдын ырдаганын телевизордон көрүп калып, куду арбап алгандай, анын жандүйнөсүн бүт матап алат, мен да ушинтип ырдасам деген кыялдын кучагында калат. Аккордеонду атасы Жеңишбектен үйрөнгөн экен. Анан магнитафонго Рыспайдын ырларын коюп алып, үнүн болушунча чыгарып коюп, жарыша кыйкырып ырдап, өз алдынча машыгып жүрдү. 10-класста эл алдына чыгып, сүрдөгөнүнөн көзүн чылк жуумп алып, кантип ырдап бүткөнүн билбейт, сахнанын артына чуркап киргенде, кулак тундурган кыйкырык-сүрөөн менен шатыраган кол чабуулар гана кулагына жаңырып турду. Ошондон тарта Таалай жердештеринин арасында "экинчи Рыспай" аталып кетти. Мектепти бүтүп айылда жүргөндө, башкалаадагы атасынын эжелери Уулкан менен Эрке чакыртып алып, айылдашы, залкар комузчу Нурак Абдрахмановго алпарышат.
Канткен менен устат киши да, анын үстүнө атайын шакирттерди тарбиялап, көзү каныгып калган. Таалайдын Рыспайга окшоп ырдаганын, аккордеон ойногонун көрүп, мага телевидениеге ээрчитип келиптир. Ошондо мен Рыспайды эскерүү кечесин даярдап жүргөн учурум эле, Таалайды угуп көрүп, али бышып жетилелек болсо да, дароо эле жактырдым. Анткени мен андан Рыспайдын жашчагын, анан болочогун, башкача айтканда, экинчи өмүрүн боолгодум. Мен кээде ушинтип көзачыктык кылсам, айрымдар "таластыкча мактанып жатасыңбы!" деп жактырышпайт. Анда мен: кыргызда "далыңан билген чочкосуңбу" деген кеп бар, ансыңарындай мен балкитеп (гороскоп) боюнча каман, каракийикмин. Демек, кээде айткандарым келип калганы ошондон деп ойлойм. Эми ошоол божомолум четинен орундалып келатат. Таалай Рыспайга байланыштуу кандай сынак болбосун сөзсүз катышат. Атүгүл Карабалта шаарында, Аламүдүн районундагы генерал Самсалиев атындагы Аларча орто мектебине Жалалабаттан Султан Борошев биртоп мүчөлөрү менен келип, Рыспай клубунун бөлүмүн ачканда да анын ырларын ырдап, катышуучуларды кыйла курсант кылды.
Алиги концерттен кийин Филармониянын алдындагы 2 жылдык студиянын ырдоо бөлүмүнө кабыл алынып, Улукмырза Полотовдон таалим алды. 2005-жылдан филармониянын "Эл ырчысы Эстебес" тобунда эмгектенип, Э. Турсуналиевдин, Т.Абдиевдин небир накыл кептерин укту.
2006-жылы Рыспайды эскерүү сынак-кечесинде 3-орунду, биз жогоруда кеп кылган 2011-жылы 11-декабрда 1-орунду жеңип алды. Рыспайды эчактан бери ырдап, ийине жеткирип алган күйөрмандары бар. Бирок ошолордун ичинен жаш эле жигиттин алдыңкы орундарды бербей келатышы Рыспайдын улуу ырын улантуу озуйпасы ишенимдүү шакиртинин мойнунда экенине, ал жаш кезинен атыккан "экинчи Рыспай" деген атына татыктуу болуп, санаалаштары бизге окшоп "рыспайчы" деген да атка конуп, ал бийик да, ыйык да наамды өзү менен кошо өрдү көздөй сүйрөп отурарына ишеним чоң.
Бөкөнбай Боркеев
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек
сиңирген ишмер