Темикеңе эскертип, калгандарын "сөгүп салды"
Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев коалиция ыдырайт дегенди уккандан бери сиркеси суу көтөрбөй, баш-оту менен ишке киришти. 30-ноябрь күнү кол алдындагыларын жыйып алып, ишин илең-салаң аткарып аткандарга катуу атырылды. Чуу дегенде эле "Улутташтырылган объектилер" боюнча Өкмөттүн токтомун тоготпой, жеткиликтүү иш алып барбай жатасыңар деп Экономика министри Темир Сариевге эскертүү берип, Маммүлк фондусунун башчысы Айбек Осмоналиев менен орун басары Назира Үсөналиевага сөгүш жарыялады.


Абыкеевге айып тагылды
Каныбек Иманалиевден кийин көзгө басар басмаканабыз "Учкун" концернин башкарып келген Алмаз Абыкеевге иш козголду. Аталган басмакананы сызга отургузуп, далай иштерди былгыткан Алмаз Абыкеев "Учкундун" имаратынын 15-16-кабаттарын 1 миллион сомго ит бекер сатып салган. Бул эки кабатты учурда Максим Бакиевге тийиштүү болуп келген 5-канал менчиктеп отурат. Мындан тышкары имараттын астындагы "Blonder Pub" деген кычыраган ресторанды 4 миллион 600 миң сомго баалап, соодалап салган. Ресторандын баасын Алексей Елисеевдин атасы бычканы тууралуу да маалыматтар бар. Учурда бул эс алуучу жай ЖК депутаты Уланбек Чолпонбаевге тийиштүү экендиги эл оозунда айтылып келет.


Саякаттагандардын саны өсүптүр
"Бекер - уксус да таттуу" - деген сөздү жакшы көргөн ач көз адамдар болот эмеспи. Анынсыңары айрым чиновниктерибиздин мамлекетибиз кыйналып жатабы, кысталып жатабы иши деле жоктой. Бюджетибиз тешилип, Өкмөттүн айласы алты кетип турганда кыргыз чиновниктеринин чет өлкөлөргө саякаттаганы күчөптүр. Бул тууралуу башбакан Жантөрө Сатыбалдиев өткөндөгү Өкмөттүк жыйында "Өткөн жылга салыштырмалуу кызматтык командировкалар быйыл 2,5 эсеге өстү. Үнөмдөгөндү үйрөнөлү"- деп кол алдындагыларга акыл айтты.


Кайсактабай Карганбектей иштебейсиңерби?!

Азыр оппозициясында деле, позициясында деле бийлик, байлык деген маселе башкы орунга чыкты. Элитабыз дегендер топ-топко бөлүнүп ич ара тымызын да, айыгышкан да катуу согушту жүргүзүп атышат. Аларга караганда Карганбек Самаков деген депутатыбыз саясаттын сасык иштеринен оолак болуп, элге-журтка пайдасын тийгизген иштер менен алек. Кечээ жакында Карганбек мырза Парижди көздөй зуу коюп, ЮНЕСКОнун материалдык эмес баалуулуктарын коргоо боюнча эл аралык жыйынга катышканы кетти. Мамлекеттен бир тыйын да сурабай, жеке өзү 15 миң долларын көтөрө чаап, Кыргызстандан бир топ делегаттарды ээрчите кетти. Манас эпосу ЮНЕСКОнун тизмесинде Кытай мамлекетинин атынан жазылып калаарда чырылдап атып оңдотуп келди эле, бул жолкусунда боз үй, шырдак өңдүү маданий баалуулуктарыбызды Кыргызстандын атынан каттатууга катуу чуркап атыптыр.


Алымбай алгылыктуу иштөөдө

Баңги затын көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын башчысы, милициянын генерал-майору Алымбай Султанов бул кызматка барганына аз гана убакыт болсо дагы, бир топ алгылыктуу иштерди жасап койду. Өтө маанилүү бул кызматтын ички техникалык базасын чыңдоо жаатындагы мыкты иштерин айтпаганда дагы, "кой терсин жамынган" баңги затын алып саткан погончондорду четинен кылтакка иле баштаганын баса белгилей кетпесек болбойт. 28-ноябрь күнү Алымбай мырзанын жигиттери өтө көп өлчөмдө баңги затын сатуу менен шугулданып жүргөн ИИМдин Баңги затка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын майорун кармашкан. Андан көп өтпөй 1-декабрь күнү БКМК (ГСКН) менен Жаза аткаруу башкы башкармалыгынын кызматкерлери биргеликте №19 абак жайынын тартип жана көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн инспектору, ички кызматтын кичи лейтенанты Эсенкадыр уулу Бакытты баңги заты менен кармап колуна кишен салышты. Канчадан бери кылмышкерлер менен баңги бизнесмендер камыр - жумур болуп, чогуу чаран иштеп калышты эле, акырындык менен тазалануу иши жүрө баштагандай. Алымбай Султанов менен Зарылбек Рысалиевдей милициянын чыныгы генералдары турганда Жаныш Бакиевдин артына жашынып, бир топ ишти былгытып аткандардын чыныгы жүзү бат эле ачыла баштайт окшойт.


Азаматка "акыл" кирип калганбы же?

"Ата-Журт" партиясынын "азаматы" Азамат Арапбаев акыркы күндөрү башкача сүйлөй баштады. Камакта жаткан Камчыкесине деле анчалык кейигендей түрү жок. Тескерисинче азыркы ажонун жүргүзүп жаткан саясатын Айга, Күнгө теңеп "Мамлекетибизде тынчтык, тартип орной баштады. Коррупцияга каршы аеосуз күрөш жүрүүдө. Оппозициялык маанайдагы партиялар да шайлоодо алдыга озуп чыккан фактылар бар. Мындай ийгиликтерди санай берсек убакыт жетпейт. Ток этерин айтканда, мунун баары Алмазбек Атамбаевдин президент катары бир жылда жүзөгө ашырган жакшы иштери деп баалайм" - деп кеп козгоптур. Учкун Ташбаевдин камалышы боюнча да оң пикирин айтып, "ар ким жасаган ишине жараша жооп бериши керек. Азыр мыйзамдын укуругу узун болуп калды" - дегенди да кошуптур.


Оппозициялык азчылык парламентти таркатабы?
Узун кулактардан чыккан маалыматтарга боюнча, 6-декабрь күнү Кыргызстан саясатында чоң сенсация болот экен. Жогорку Кеңештеги оппозициялык азчылыктын, тагыраак айтканда, "Ата- Журт" жана "Республика" партияларынын 20 депутаты мандатын таштап чыгып кетмек болуп жатыптыр. Фракция лидерлери ушундайча сүйлөшүшүп, макулдашышкан имиш. 20 депутат, бул, аталган эки партиянын парламенттеги депутаттарынын үчтөн экисин да түзө албайт, жарымынан гана бир аз көбүрөгү. Анткени парламенттеги бул эки партиянын фракциясы тең эки-үчкө бөлүнүп, ынтымагы ыдырап кеткен эмеспи. Ушуга караганда партия лөктөрүнүн арасында чындыгында эле ошондой жашыруун сүйлөшүү болгондугуна ишенсе болгудай. Албетте, мандат тапшыруунун максаты деле анык болуп турат. Ушундай прецендент аркылуу парламенттин ишмердигин үзгүлтүккө учуратып, мөөнөтүнөн мурда таркатылышына шарт түзүү.
Бирок, ошондой эркекче сүйлөшүү болуп, убадалашып-антташышканы анык болгону менен да оппозиция депутаттарынын аны аткарууга эрки жетеби, кеп ушунда. Ашкан бир саясий идея, ишеними болбогон соң, канча каражат, канча нерв коротуп жеткен жылуу-жумшак креслону таштап чыгып кетүү оңой-олтоң дейсиңерби. Анын үстүнө, бул парламент тарап, жаңы шайлоо болуп калса, ошол тобокелчилердин баары бир партияга биригип, утуп чыгып, кайрадан депутат болоруна эч ким кепилдик бере албайт эмеспи. Дегинкиси, мындай кадам Өмүрбек Бабанов сындуу Ак үй сыртында калган саясатчыларга эле керек болбосо, башкалар үчүн анча зарылдыгы жок. Ошондуктан, Бишкек шаардык шайлоосунан кийин "Ар-Намысты" башкаруучу коалициядан алып чыгып кетем" деп опурулуп алып, өзүн эртеңки премьер-министр катары элестетип алып, кайра бир күн өтпөй жели чыккан Феликс Куловдун ормон опузасы сыяктуу эле жел сөз боюнча калат го. Эмнеси болсо дагы көрө жатарбыз.

Айткулов да акырын колдончу го?
Икрамидин Айткулов "Камчыбек Ташиевге психотроптук заттарды колдонулуп жатканын жокко чыгара албайм. Мен өзүм атайын кызматтарда иштегенмин. Мындай заттардын жардамы менен керектүү көрсөтмөлөрдү алуу тажрыйбасы бар" - деди. Чын эле убагында Икрамидин Айткулов коопсуздук кызматында, болгондо да тергөө башкармалыктарында иштеп келген. Акаевдин учурунда Феликс Куловду камакка алган дагы, суракка алган дагы дал ушул Айткулов болгон. Икрамидин мырза балким Куловго да психотроптуу заттарды колдонуп, керектүү көрсөтмөлөрдү алгандыр...


Дагы бир аксакалыбыздан айрылдык

Кыргыз Республикасынын жана Советтер Союзунун белгилүү мамлекеттик, коомдук ишмери Касым Исаев 74 жаш курагында 1-декабрь күнү дүйнө салды. Касым Исаев СССРдин мамлекеттик пландоо комитетинин Казакстан жана Орто Азия, Кавказ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси, СССРдин Мозамбиктеги өкүлчүлүгүн пландоо боюнча кеңешчиси, андан соң эгемендүүлүк жылдары кыргыз өкмөтүнүн аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. Өмүрүнүн акыркы жылдары ММК беттерине байма-бай макалаларын жазып, маек берип, өлкөбүздүн эртеңки келечегине күйүп-бышып, коомдук-саясий иштерде активдүү аралашып келген. "Фабула" гезитинин эмгек жамааты Касым Исаевдин жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.