Повесть...
Баратбай АРАКЕЕВ
"Мен сага өлүм
алып келем"
Бул чыпчыргасы коробой бюджетке түшчү акча экен. Бул ишти ички иштер министрлиги менен коопсуздук кызматынын ээнбаш кызматкерлери ачык чуу чыгарып жиберип жатпайбы. Үлкөн чоңдор байкабай калыбатпайбы. Эми аны басууга болбой калды. Гезиттер менен телерадио Шумкар Байсалбаев деп какшай берип анын атын тили эми чыккан баладан кулжадай куркуйган чалга чейин жаттап бүтүштү. Эпадам Шумду чындап тергеп соттой турган болсо, миллиондогон долларлар салынган кейстер, жөнөкөй эле пакеттер кимдердин колуна тийгенин айтып салса, өлкөнүн анабашында тургандардын абийири төгүлмөк да, төгүлгөндө да иттей төгүлмөк. Тез арада чара көрүш керек эле. Үч-төрт чоң бир кечте Шумдун кебин талкууга алып мамлекеттик резиденциянын биринде алты сааттай отурушту. Баягы генерал да бар болчу.
- Муунуп өлсө, же Көлгө кетип баратып авария болсо эмне болот? - деди ошол генерал.
- Болбойт! - ушул жердегилердин баарына чоң окшойт, бири генералды кагып таштады. -Ал иш билинбей калбайт. Сен жеке өзүң муунтсаң же машинасын өзүң жеке айдап авария кылып берсең бир жөн. Аны башкалар аткарат. Демек, жабылуу аяктын ачылышы сөзсүз бар, уктуңбу?!
Генерал "уктум" дегендин ордуна:
- Кечиресиз, -дебатпайбы.
- Азырынча аны качыра тургула, - деп бу топтун чоңу бүтүм чыгарып салды.
Ушул сөздү айтыш үчүн алты саат отурганын карабайсыңбы. Жок, ал убакыт бошко кеткен жок, Шумдун жана ага окшогондордун далайынын ишин укту.
Генералга кимди кандай кылуу керектиги жөнүндө аткарбай койуга болбос көрсөтмөлөрдү берди...
Ошол күндүн эртеси эле бүтүндөй коомчулук - "Байсалбаев качып кетиптир" болуп чуу түшүп жатып калды. ал шүмшүктүн бетин ачкан макалалар гезит беттеринде батпайт. "Кармап туруп, өпкөгө койуп кустурабыз" деп оңду-солду интервьюларды берип жаткан милийса, прокурорлор...
Шум Байсалбаев акыр-аягы бир балээге кабыларын, ошондо аны оңой эле атып таштаарын билген. Миллиондогон долларларды кимге качан бергенин саат, мүнөтүнө чейин жазып жүргөн өзү да он миллион долларды Европанын эки банкына тең бөлө салган, дагы эки миллиону Москвадагы жана Алматыдагы банктарга бөлө салынган. Чуу чыгары менен генерал менен маектешкен Шум эми болору болду дегенчилик кылып, бар кайратын жыйып туруп ага буларды айткан: "Жолдош генерал, мен кичине эмесмин. Ошондуктан менин сөзүмдү жакшылап угуңуз. Мен кейс менен сизге туура он эки жолу келдим. Ошонун баары жазылуу. Шоопурум, анан мени кайтарган төрт жигитим күбө болуп кол коюп беришкен. Кейстен башка пачкалардын да эсеби бар. -Бул генералдын өзүнө берилген долларлар эле. -Дагы ........ менен пакеттер туура сегиз жолу резиденцияга кирди. Анын да эсеп-чоту, алган авторлору бар, баары катталып, күбөлөндүрүп коюлган. Демек, мени жок кылуу мага караганда сиздерге коркунучтуу. Эмне кылсаңыз ошо кылыңыз, мен сөзүмдү айтып бүттүм" деген.
Генерал бу шумпайдын сөзүн кагып-сокпой кунт койо угуп андан кийин да тил тийгизген жок. "Бар, бара бер, эш-шек!" деп узаткан...
Эми Шум Москванын чок орто тушундагы жыйырма төрт кабат үйдүн он тогузунчу кабатында үч бөлмөлүү квартирада жашайт. Эч ким менен иши жок. Жанынан жарым карыш жылбай эки-экиден кезектеше кайтарчу төрт жигити бар. Аларга кошуна квартираны сатып берген, ал дагы үч бөлмөлүү. Төртөө кезектешип Кыргызстанга келип үй-бүлөсү менен учурашып, Шум айткан адамдарга жолугуп сөз ташышат. Өзү жөнүндөгү кептерди, чыккан материалдарды алдырып окуйт. Убакыт өткөн сайын азыраак айтылып, унутулуп баратканына кубанат. Бул жердеги жашоосу баягы генералдын жана дагы биртоп полковниктердин контролунда. Шум бу жерде дагы бир аз жашап туруп төрт жигитти да, генерал менен полковниктер да жер сыйпалап таппай калгандай бир алыскы өлкөнү көздөй жүрөт, көчүп барар жери, а турсун жашачу үйү да такталып жатат. Баягы эки банктагы он миллион доллар өзү гана билген башка банктарга жашыруун аттарга которулган. Бир өмүр эмес көп өмүргө жетчү акча...
Генерал далайды көргөн неме. Өмүр бойу милийсада иштеди. Далай мыкты иштерди да, былык иштерди да теңме-тең жасады. Аброй күттү бир топ. Өкмөт башчысынын жакын адамдарынын бири болду. Кимдин ким экенин бир эле караганда билчү генерал Шумкар Байсалбаевди алгач көргөндө эле анын оңой шүмшүк эмес экендигин байкап "өз ажалыңан өлчү түрүң жок" деп койгон ичинде. Ошол биринчи көргөндөн баштап эле кыртышы сүйгөн эмес.
Шумду Москвага жашырган күндөн эле аны кантип жайлатып саларды ойлоп жүрдү. "Тийбегиле" деп ................ айтканда эле ичинен өзүнө өзү сөз берген Шумду өлтүрүүгө. Дагы бир аз убакыт өтсө ал изин жашырып кетиши мүмкүн. Генерал азыр ички иштер министрлигинде иштебесе да ал жактагы иштер менен таанышып турат, таасири тийип турат. "Мен сага өлүм апкелем" маселеси күчөп турган күндөрдүн биринде мыкты милийсалар эсебиндеги полковниктерди бүгүн чакыртты да өтө жашырын делген тапшырмасын айтты. Ал тапшырма - Шумкар Байсалбаевди тындым кылып, анын өлүгү эч качан табылбагандай жоготуп келүү эле. Ал ишти кыркка эми чыккан полковник жалгыз аткармак...
Полковник гражданча кийингенде бир карапайым интеллигентке окшоп кетет. Бойу ортодон жогору, арыкчырай, акжумал неме. Өзүнүн кырк жашынан алда канча жаш көрүнөт.
Тапшырма алгандын эртеси чакан кара сумкасын асынып, башына спорттук топу, жылуу спорттук куртка кийип Москвага жөнөп кетти. Бир кылмышкерди издеп, командировкада жүрөт кагазы толтурулган. Керек десе орустун милийсасынан жардам суроого акысы бар.