ТҮШҮМДӨ КӨРГӨН АЙТМАТОВ...

Арман... арман... арман... Аман Токтогуловдун сөзүнө жазылган Түгөлбайдын муңдуу ыры кулагыма жаңырат, жан дүйнөмдү аралайт. "Айтматов бар Аалам толук көрүнчү" деп жазганымдай, Жан дүйнөмдүн шаң-салтанат, түркүн түстөргө толуп-ташып турчу бир бөлүгү каңгырап бош калгандай. Айла канча?!. Армансыз дүйнө болбойт...

Түшүмдө жолугушам. Ошого каниет кылам. Чыңгыз агай түшүмө кирген күнү Жан дүйнөмдө майрам. Сүйлөшөбүз, сыр чечишебиз, мен болсо жарык дүйнөдө болуп жаткан жаңылыктарды - элдин жашоосун, чиновниктердин чиренгенин, маңкурттардын жаңы түрлөрүн, шайлоолорду, 7-апрелди, 10-июнду... ж.б. маалыматтарды айтып берем. Алардын бардыгы жамгыр сымал ыр саптары болуп Жан дүйнөмдө жаңырат, "Рух дүйнөнүн Асманында Алп жатат", "Аалам кезип, Айтматовдон салам айт!.." деген ыр китептерим ушинтип жаралды. Түшүмө кирет Чыңгыз агай...

***
Өткөн жолу түшүмө да кирдиңиз,
Ыраазылык билдиргенсип, кол кармап.
Чыңгыз агай ооруп калганда Ош шаарында (2008-ж., май) жүргөн элем, аябай тынчсыздандым. Түшүмдө агай экөөбүз бир бөлмөдөбүз, агай төшөктө, мен жанында экенмин. Эшикте агайды көрөбүз деген эл. Элдин үнү бизге угулат. Агай менин колумду жылуу колу менен акырын сылап, "ыраазымын" деген сөз айтып жатыптыр.
...Чыңгыз агай түшүмө кирет. Ар дайым тирүү кезиндегидей күндөлүк турмуштагыдай баарлашабыз. Мурдагыдай эле салабаттуу, а мен болсо уяң мүнөздөмүн. Түшүмдү эртеси жан дүйнөмдө, ички дүйнөмдө кино көргөндөй ойлой, кайталай берем, өз алдымча жоруй берем. Экөөбүз жыйналыштан чыгып баратып жолугуп калдык. Ийнине кичинекей, жалтырак, кооз сумка асынып алыптыр. Жанында Аскар Акаев. Кол алышып учураштык. "Кайда барасың?" - дейт. "Нооруз" деген кафеге, Московский-Тыныстанов көчөсүнө" - дейм. "А мен билем. Мен дагы барам. Азыр колумду жууп чыгайын" - деп, ийниндеги сумканы мага карматып кирип кетет. Ойгонуп кеттим...
***
Түшүмдө Чыңгыз агай менен Нобель сыйлыгы жөнүндө сүйлөшүп жатыптырмын. Жаныбызда менин кызматтагы кесиптештерим. Мен агайга Нобель сыйлыгына көрсөтүүнүн жол-жобо эрежелерин толук билбей жатканыбызды билдирип жатыптырмын. "Балким, бизден да кетип калдыбы" деген ой тынчымды алып жүргөндүктөн болсо керек...

***
...Байкап, анан көз ирмемге илдиңизби,
Түйшөлүп турганымды билдиңизби?!
Аян берип, жышаан болуп жакшылыкка,
Таң маалында түшүмө кирдиңизби?!.

Кыйналып турганымды сездиңизби,
Аалам кезип учак менен келдиңизби?!
Ак жолум эми гана ачылгандай
Күч-кубат, кайрат, демөөр бердиңизби?!

Көз алдымда ак учак келип конду,
Ичинен Сизди көрүп, көңүл толду.
Жарданып, жадырап тосуп алдык,
Жүрдүңүз күлүмсүрөп, берип колду.

Алакан ысып чыгат кармагандан,
Киши көп, батпай турат жандагандан.
Кубанып, сүйүнүшсө толкунданып,
Айырма жок турмуштагы майрамдардан.

Учагыңыз керемет бир кеме өңдүү,
Журтуңуз сагынгандай көңүл бөлдү.
Өзүңүз атын койгон уулуңуз жүр,
Көрсөтүп алды жакты, Сизге төрдү.

Көрүшүп аппак буудай жүзүңүздү,
Токпейил элиңиз да тарта түштү.
"Бейишке агай эми чыгыптыр" - деп,
Жоруп койдум мен анан көргөн түштү.

Өңүңүз мурдагыдай тунук экен,
Түшүмө киргениңиз буйрук экен.
Кийгениңиз апакай, аппак көйнөк,
Тилеген элиңизге бакыт бекен?!

Турпатыңыз келишкен сымбат экен,
Көңүлүңүз жайдары, куунак экен.
Баарыбызды түйшөлткөн бир ой келет:
"Учак эми канчага тураар экен?!"

Жан дүйнөнүн бөксөлүгүн түшүнүп, -
Келдиңиз Сиз учак менен таң маалы...
Бишкек, 17-июль, 2009-жыл.

***
Экрандын кадрларын түргөндөй,
Түштө көрдүм, күндө көрүп жүргөндөй.
Көзүңүздө жылуулук да, сулуулук,
Элесиңиз келе калат күлгөндөй.

Ойлоп коём: "Кайда жүргөн көрүнбөй,
Жүрсө гана элден алыс бөлүнбөй?"
Мелт-калт болуп жан дүйнөбүз толтура,
Сагыныпбыз, сагынуубуз төгүлбөй.

Көңүлүңүз жай турганда илсеңиз,
Бизге Сиздин жетишпээрди билсеңиз.
Күн нурундай чачыратып мээримди,
Ар адамдын түштөрүнө кирсеңиз.

***
Көптөн бери тартып жүрдүм убайым,
Сизсиз өткөн күндү эстеп чубадым.
Бүгүн болсо таң шооласын чачкансып, -
Түшүмө Сиз кирдиңиз деп кубандым.

Сүйлөп жатсам суроо салып тактайсыз,
Көңүл кушун көтөрүңкү таптайсыз.
"Айтматов - жаштар" деген форумга,
"Катышам" - деп, макул болуп жактайсыз.


Ойлоп коём: "Жакшы болот турбайбы,
Акыл айтып, сонун маек курбайбы!
Кол тамга да Айтматовдун белеги, -
Жаштар келип, колун берип сунбайбы!"

Карашыңыз Жандүйнөмө дем берген,
Отурабыз, убакыт бар эң кенен.
"Качан болот? Кайда болот?" - суроого,
"Туулган күндө - декабрда..." - жооп берем.

Тамашалап, күлүп анан калдыңыз:
"Чогулалы - биздей чалдар баарыбыз.
Өзгөрүлүп артка жылып кетпейби?!" -
Дегениңиз, ойго бизди салдыңыз.

Ойлоп коём: "Агай унутуп калганбы,
Мен өткөргөн нечен кече жалганбы?!
Алтымыш да, жетимиш да жылдыктар, -
Эсинде жок... карылык да алганбы?!."

Кызык түшүм - жомок сымал кыш экен,
Кийгениңиз жылуу тери тон экен.
Кезигүүбүз китеп саткан дүкөндө,
Балким, үшүп жатасызбы, суук бекен?!

Китеп дүкөн келгендер көп карашат,
Сиз менен бир сүрөт түшүү самашат.
Мурдагыдай четте калам азыр да,
Окурмандар колтукташат, жанашат.

Чагылышып тик караган көзүбүз,
Кайра анан уланаарда сөзүбүз...
Аппак Таңсыз, таң шооладан ойгондум,
Жолугаарбыз дагы бир жол Өзүбүз...
Бишкек, 20-ноябрь, 2009-жыл.

***
... Бүгүн да Чыңгыз агай түшүмө кирди. Агайдын түшүмө киргендиги жөнүндө ырларымда бир нече жолу чагылдырып жазган элем. Бул жолу түшүмдү кара сөз түрүндө жазып коюуну туура көрдүм.
Агай менен окурмандардын жолугушуусу болуп, институттун кызматкерлери - Айнура, Мадина, Сауле кол тамга алганы кезекте турушуптур.
Эл өтө көп экен, ар биринин колунда беш-алтыдан китеп. Агай болсо баарына шашпай кол тамга берип жатат. Окурмандардын аягы суюлуп калганда мен да барып, узун бир газетага жарык көргөн макаласын, кол койгон кол тамгасын жана жаш кезинде келишимдүү түшкөн сүрөтүн көрсөтүп жатыптырмын. Агай газетаны карап, сүрөттөгү капкара чачтарына суктанып, жанданып жаткандай. "Кол тамганы өзүмө эмес, башкага деп сурайын" - деп ичимен ойлоп коём. Кимге дейм?! Анткени кол тамга жөнүндө бир кездерде сөз болуп: "Кол тамга алышпай эле коёлучу, биз андан да жакындардан эмеспизби дебеди беле?!" - деп бушайманмын. Менин ички дүйнөмдү дароо окугансып, газетанын төмөнкү бир топ актай жерине: "Мелиске!" - деп бадырайта жазып койгонуна көзүм чалдыга түштү. Кызыгып: "Дагы эмне деп жазар экен" - деп байкаганга аракеттенсем, укмуштуудай бир келишкен куштун сүрөтүн бир заматта тартып жибергенин көрүп калдым. Куш болсо азыр эле учуп кетчүдөй болгон - бирде ак кептерге, бирде бүркүткө окшошот. Мен болсо агайды карап эле жалдырап калыптырмын. Окурмандар тарап, биз бирге басып, институттун мен иштеген бөлмөсүнө киребиз. "Ии, агай бөлмөдөгү бет маңдай дубалда илинген өзүнүн сүрөтүн көрсө эмне дээр экен" - деп толкунданып коём. Сүрөт агайды карап жылмайып тосуп турат. Агай жогору өтүп, терезе тараптагы гүлдүн жанындагы отургучка отура кетет. Агайга сейфтин үстүндө турган экөөбүздүн сүрөтүбүздү көрсөтөйүн десем, сүрөткө эмнегедир жарык жетпей, тумандап көрүнбөйт. Барып карасам жанындагы лампочка күйүп кетиптир. "Агай, Сизге арнап "Таазим" деген аталыштагы ырлар жыйнагын чыгардым" - деп текчедеги китепти берип жатыптырмын. Агай барактарын ачып окугандай. Анан мен жанына барып калсам, агай кыргыздын улуттук оюусу түшүрүлгөн килемге отуруп: "Темир ооз комуз барбы?!" - деп сурап, өзүнүн башынан өткөргөн турмуштук кыйынчылыктары тууралуу, ёлканын сүрөтүн тартып, анын башында жаркыраган беш жылдызга кантип жеткенин айтып, кеңеш берип жатыптыр...
Бишкек, 17-январь, 2010-жыл.

***
Өзүңүздөн ишенимден кетпепмин,
Түшкө кирип сүрөт берип кеттиңиз.
Таарынбапсыз, таарынтууга оюм жок,
Жандүйнөмдүн түпөйүлүн чечтиңиз.

Түшкө кирбей калган кезде ойлогом,
Эмне болду?! Бушайманмын, толгоном.
Абийир таза, чыккынчылык кылбадым,
Күндүр-түндүр суроо салып койбогом.

Жеңилдедим, Жандүйнөмдө кубаныч,
Толкун келсе, сел каптаса урагыс.
Мени көрүп окурмандар айтышат:
"Айтматовдун идеясын улагыч".

Сыймыктанам, толкунданам - барктасам,
Өмүрүмдө ишенимди актагам.
Сиздин сөздөр окурманга дал келет,
"Ишенемин" сөзүңүздү тактасам.

Ишенимден кетким келбейт түштө да,
Сиз менен мен жолукпасак, бүтсө да.
Абийиримди таразалап, тазартып, -
Рухуңуз тур Көңүлдө да, Көктө да!
Алма-Ата шаары, 1-октябрь, 2010-жыл.

***
...Бүгүн 6-февраль, 2011-жыл. Чыңгыз агай түшүмө кирип, улам-улам анын элесин көз алдыма тарта берип, көп нерсеге түйшөлдүм... Чыңгыз агай илгерки Жазуучулар Союзунда биринчи катчы болуп иштеп турган иш бөлмөсүндө келгендерди кабыл алып жатыптыр. Акыркы кишини узатып чыгып калды, агай. Көзүбүз чагылыша түштү, баш кийкеп учураштым. Чыңгыз агай эшикти жаап, бөлмөсүнө кирип кетти. Жандүйнөмдү бир жылуу сезим бийлеп кетти да: "Биз Сизди сагынбадыкпы, сагындык" - деп ичимден айтып жибердим. Агайга сагынганыбызды айткым келип, каалганы тыкылдаттым. "Кире бергин" - деген коңур үнү угулду. Жанына барып, кол берип саламдаштым. Кучакташып көрүшчү элек, көптөн бери көрүшпөгөндөн кийин батынбадым. Агай көк джинсы көйнөк кийип отуруптур. "Элүү жашындагы көйнөк экен" - деп коём. Аңгыча: "Тирүүлүктөн сүйлөй отуп" - дейт, Чыңгыз агай. Агайдын маңдайына отуруп, сүйлөп жатыптырмын...
Чыңгыз агай бүгүн кирип, түшүмдө:
"Тирүүлүктөн сүйлөгүн" - дейт сөзүндө.
Ойлоп коём - эмне үчүн кызыгат,
Өлбөптүр го - Тирүүлүк тур көзүндө?!

Кадимкидей көрктү берип өмүргө,
Олтурушу кабинеттин төрүндө.
Калса дагы бир азыраак арыктап,
Коңур үнү калктын көөнү жөнүндө.

Карап турсам - бүткүл бою ой тура,
"Агай" деймин, жаңылыктар толтура.
Сиз жок кезде шайлоолорду өткөрдүк,
"Абийир" деген айрымдарда жок тура!

Кырчын өмүр кетсе дагы кыйылып,
Бийлик талаш калбады го тыйылып.
Элиңизби?! Сыйкырчыны күткөндөй
Жашап келет жон-териси сыйрылып.

Эски карта кайра келген бийликке,
Саясаты - элди бузуу, иритме.
Чырмоокторду биротоло жок кылбай,
Бийлик азыр - актоо аларды, тирилтме.

Маңкурт чыккан азыр такыр башкача,
Жерин саткан, элин саткан таптаза.
Сексен жети!!! Сабак алып тарыхтан, -
Бийлик эм жаза тайып баспаса!

Көкүрөгүн уруп келген жигиттер,
Бийлик менен, байлык менен оорушкан.
Ачуу Чындык айтсам туура көрүңүз, -
Сизди болсо небак унутуп коюшкан!

Маңкурт болсо Сиздин жалгыз Жоломан,
Маңкурт азыр каптап барат - аламан.
Келген өңдүү маңкурттардын заманы,
Маңкурт бийлейт - караламан, калайман.

***
Түшүмдө Сиз... көптөн кийин көрүштүк,
Кучакташтык, бетибизден өбүштүк.
Сиз да мени, мен да Сизди сагынып
Калыптырбыз... сырыбызды бөлүштүк.
| Уландысы бар|