Шайлоонун жалпы жыйынтыгы боюнча КСДП жеңди...
Кыргызстанда 25-ноябрда 25 шаардык, 416 айылдык кеңешке болгон шайлоонун алгачкы жыйынтыктары белгилүү болду. Бир гана Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоонун жыйынтыгы чыгып бүтө элек. Учурда Бишкекте добуштардын 58,62% саналып бүтүп, КСДП 32,02 пайыз добуш алып, алдыда келе жатат. Андан кийин "Республика" 17,98% менен, "Замандаш" 10,12% добуш менен, "Ата Мекен" 9,91% менен келе жатат. "Ар-Намыс" партиясына шайлоочулардын 4,8%, "Ак шумкар" партиясына 4,78% добуш берген.
БШКнын маалыматы боюнча, КСДП Бишкек шаарынан тышкары, 10 шаарда; Нарын, Кант, Кайыңды, Шопоков, Исфана, Таш-Көмүр, Айдаркен, Кызыл-Кыя, Өзгөн, Кара-Суу шаарында биринчиликти алды. Ал эми калган 14 шаардын бир-экөөсүндө үчүнчү болсо, калгандарында экинчи орунга ээ болуп, жалпы республикалык жергиликтүү 25 шаардык кеңештин депутаттыгына болгон шайлоодо жеңишке жетишти.
Ал эми оппозициялык маанайдагы "Республика" партиясы Таласта 41,88%, Ноокат шаарында 41,55%, Орловкада 35,3%, Чолпон-Атада 18,65% добуш менен төрт шаарда алдыга чыкты. "Бүтүн Кыргызстан" партиясы Сүлүктүдө 35,33%, Кадамжайда 32,18% добуш менен алдыда, "Ата-Журт" партиясы Майлуу-Суу шаарында 43,54%, Кочкор-Ата шаарында 18,36% добуш менен атаандаштарынан алдыга чыкты.
Жаңы куралган "Өнүгүү" партиясы Жалал-Абад шаарында 35,19%, Кара-Көл шаарында 29,07%, менен озуп чыкса, "Замандаш" партиясы Баткенде 21,57%, Кербен шаарында 23,78% менен добуштардын көпчүлүгүн алды. Коммунисттер партиясы Көк-Жаңгак шаарында 40,712%, "Ак шумкар" партиясы Кара-Балта шаарында 26,06% добуш менен алдыга чыгышты.
Ошентип шайлоонун жалпы жыйынтыгын алып караганда, КСДП партиясы лидерлигин көрсөтүп, жеңишке жетсе, "Ата-Мекен" ойдогудай жыйынтыкка жете албады. "Ата Мекенге" караганда жаңы түзүлгөн "Өнүгүү" партиясы эки жерден Жалал-Абад менен Кара-Көлдөн биринчиликти алды.
Бизге жеткен маалыматтарга караганда, эми 25 шаардын дээрлик баарында 7-пайыздык тоскоолдуктан өткөн КСДП, "Ата Мекен", "Замандаш" партияларынын ортосунда коалиция түзүлө турган болууда.




Нобель сыйлыгына тете Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык уюштурулду
2012-жылдын 23-ноябрында Санкт-Петербург шаарындагы Таврикалык сарайда "Чыңгыз Айтматов дүйнөсү: маданият интеграциясы жана диалогу" аттуу эл аралык конференциянын алкагында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун коло айкелинин ачылышы болду. КМШ Парламенттер аралык Ассамблея (ПАА) кеңешинин жыйынында Жогорку Кеңештин сунушу менен бул Ассамблеянын Ч.Айтматов атындагы 30 миң доллар өлчөмүндөгү сыйлыгын бекитүү тууралуу Токтом кабыл алынды. Улуу устаттын атына негизделген сыйлык адабият айдыңында дүйнөлүк Нобель сыйлыгынан кийинки эле көлөмдүү сыйлык десек болчудай. Ошентип, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөр Нобель сыйлыгына тете болгон өз сыйлыгына ээ болду десек аша чапкандык болбос. Залкар жазуучунун калеминен жаралган улуу чыгармалар КМШга мүчө мамлекеттердин элдеринин жүрөгүнөн түнөк тапкандыгын эч ким танбас. Айтматов сыйлыгы Залкардын туулган күнүнө карата 2013-жылдан тартып жылына бир ирет КМШ аймагынан чыккан чыгармачыл инсанга ыйгарылып турмакчы. 30 миң доллар каражат Жогорку Кеңештин Төрагасынын фондунан бөлүнөт.





Нарбековдун иши кайрадан сотто каралат
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары милдетин аткарып жаткан кезде 2011-жылы 20-февралда Ысык-Көл райондук стоматологиялык бейтапкананын башкы врачы кылып А.Урмамбетованы дайындоо үчүн ал 4 миң доллар сурап, ошонун айынан кылмыш иши козголгон Оморбай Нарбековдун иши кайрадан сотто каралмай болду.
Жогорку Сот Оморбай Нарбековдун ишин карап, Бишкек шаардык сотунун өкүмүн күчүндө калтырды. Нарбековго ачылган кылмыш иши Башпрокуратурага кошумча тергөөгө жолдонгон. Бирок ал мурдагыдай эле үй камагында кала берет.




Европанын жолдорундай таш жол салса болот…
Учурда Кыргызстандын экономикалык абалы оор болгондуктан, өлкөбүздүн инфра-структурасын жакшыртуу багытында жакшы иш жүрбөй келет. Башкасын айтпаганда да, жол маселеси орчундуу көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. Транспорт жана коммуникация министрлиги жылыга жол салганга миллиарддаган каражат жумшаган менен жолдорубузду текши оңдоого чамасы жетпей жатат. Азыркы учурда бир километр жолго асфальт төшөө үчүн 40 миллион сомдун тегерегинде каражат сарпталат экен. Мындай чыгымды мамлекетибиздин бюджети көтөрө албай жаткандыктан, айрым эл өкүлдөрү жол көйгөйүн чечүү багытында, таш жол куруу керектигин айтып чыгышты. "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Досалиев Акуналы таш жол куруу мамлекетибиз үчүн өтө пайдалуулугун белгилеп, асфальт төшөөгө кетип жаткан каражатты, таш жол салууга жумшаса, Кыргызстандын ичиндеги 30-40 миң километр айыл жолдорун 5 жылдын ичинде салып койсо болорун билдирди. Анткени бир километр жолго 30-40 миллион сом жумшап асфальт төшөгөндөн көрө, 1 жарым миллион сомго таш жол салып койсо болот экен. Депутат мырза, ташты кескен жабдуулар болгону 15 миң доллар турарын айтып, бул долбоорду байкап көрүү максатында эмдиги жылы "Ала-Бука" районунун Ак-Там, Жапа-Салды, Кызыл-Ата айылдарында таш жол салууну көздөп жатканын билдирди. Эгер долбоор өз жемишин берсе, бүткүл республика боюнча жайылтып, Европанын жолдорундай таш жол салса болорун айтып, долбоорду учурда Жогорку Кенешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети колдоп жатканын, эми бул маселе жалпы парламенттик жыйында колдоо тапса, 2013-жылдын бюджетине 10-15 млн. сом сунушталып комитеттен колдоо тапты, долбоор ишке кирет дейт. Ошондо болжол менен таш жолдун 1 километринин баасы 400-500 миң сомдун тегерегинде б.а. асфальт жолдон 30 эсеге арзан турары күтүлүүдө.





Дыйканбаев ыраазы…
"Республика" фракциясынын депутаты Курманбек Дыйканбаев бул жолку шайлоодо жергиликтүү кеңештердин кадыр-баркы өскөнү байкалганын билдирип, "шайлоолор мурдагыларга салыштырмалуу ачык-айкын өттү деп эсептейм. Ал эми шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар пикетке чыкпай, одоно мыйзам бузуулар болгон-болбогонун сот аркылуу далилдеши абзел. Бүгүнкү күндө митинг өткөрүүнүн зарылчылыгы жок" - деген оюн айтып чыкты. Канткен менен туурасын айтты. Сыягы, шайлоодо "Республика" партиясынын көрсөткөн жыйынтыгына "шефи" Бабанов ыраазы болгон окшобойбу. Эгер Бабанов нааразы экенин билдирген болсо, башкача сүйлөйт эле.





Өтүгүн төргө илген…
Кыргыз милициясына "кыргын" салган Жеңиш, же "Кычан" Жакыпов...
Эски бийликтин эркеси, Жаныштын жакын досу…

88-жылдык тарыхы бар кыргыз милициясы өзүнүн басып өткөн ары татаал, ары сыймыктуу жолу ар бир эле адамга кызык эмеспи. Мамлекеттин ички тартибин ийге келтирип, ийгиликтүү иштеп келаткан Ички иштер министрлигинин "жеңилин жерден, оорун колдон" алып, ал эмгеги менен элдин оозуна алынган эчендеген милиционер азаматтарыбыз оголе арбын. Алардын катарында алтымышка аяк басып калган, Ысык-Көлдүн кулуну Жеңиш Жакыпов деген аксакал да бар. Ал азыркы учурда Өкмөттүн ИИМди тергеген бакандай өкүлү болуп, башкалардын, ал тургай коомчулуктун да пикирине кулак төшөбөй, "өзүм билемдик" менен өзүнө гана жаккан иштерди иш жүзүнө ашырып жаткан кези. Албетте, жакшы байкап турган киши ал иштер пендечиликтин деңгээлиндеги жеке кызыкчылыктын иштери экенинен эч күмөн санабайт. Жеңиш мырзаны тар чөйрөдө, өзгөчө кесиптештери "Кычан Жакыпов" деп тергешет. Бул каймана ат, ага бекер жерден ыйгарылбаса керек, анткени кырчындай Кычандын кычап турган кези (совет доорунун башталышы) мезгилдердин бүктөмүндө калып, Кычандын өзүнүн сөөгү эчак сөпөт болду. Жакыпов болсо, ошол жаш Кычандын образын түзүүнү кыйла жактырса керек...
Эмесе сөздү "Кычан" мырзанын ушул кезге чейин басып өткөн жолун учкай баяндоодон баштасак...
Ал жогорку билимге ээ болгондон кийин, эмгек жолун ИИМде баштады. Акаевдин он беш жылга созулган бийлигинин учурунда анын бийликтеги бийик тепкичтерди басуу аракети Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгын, андан кийин Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгын жетектөө менен чектелген.
Ал эми өз элин курмандыкка чалуудан кайра тартпаган Жаныш Бакиев 2005-жылы бийликке келери менен Жакыповду кыйла бапестеп, кыйын милиционер катары баалап, ИИМдеги Жакыпов өзү күтпөгөн, май талкан кызматтарга дайындап, айтор армансыз эркелетти. Белгилүү болгондой Бакиевдердин кланы түштүк региондорундагы маанилүү, чоң кызматтарга өздөрү абдан ишенген, жан дили менен кызмат кылган, мындайча айткан "оту менен кирип, күлү менен чыккан" адамдарды дайындап турган. Анткени ал Жаныш Бакиевдин жакын досторунун бири экени жалпыга жакшы маалым. Анын иштеген кызматтарын атап айтсак: ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгын, андан соң ИИМдин Баңгизатка каршы күрөшү башкы башкармалыгын башкартып койду. Көп өтпөй ал кызматтан да жогору көтөрүп, Ички иштер министринин түштүк региондору боюнча орун басары кылып дайындап, дароо генерал наамын ыйгарган. Ошентип Жакыпов Бакиевдер үчүн саясаттагы ишенимдүү чоң фигурага айланган. Бирок көп өтпөй, 2009-жылдын аягында Жаныш Жакыповду кызматтан алып ыргыткан, кыязы ал Жанышка кандайдыр бир "косяк" кетирсе керек да, балким тапкан-ташыганынан "бөлүшпөй" койгон чыгар...

Рысалиевди, Турганбаевди алды, кезекте дагы алтоо...

Бир кыйла убакыт кызматсыз бош жүргөн Жакыпов 2010-жылдагы 7-апрель кандуу окуядагы баш аламандыктан пайдаланыппы, же Убактылуу Өкмөттүн тилин таптыбы, айтор ИИМге кайрадан орун басар болуп дайындалган.
ИИМге Байболовдон кийин Зарылбек Рысалиев министр болуп келгенден тарта, ал ИИМди реформа кылууга аракет кылды. Анын андай аракети кадр маселесинен башталды. Жаш курагы келип пенсияга чыккан кызматкерлерди жумуштан бошотту. Рысалиев Жакыповду жашы 55тен өтүп пенсияга чыккандыгы үчүн 2011-жылы кызматтан бошоткон. Эски бийликтин эрке баласы болуп көнүп калган Жакыпов анын бул чечимине макул болбой сотко кайрылып, бир топ чырдап жүрүп соттон утулууга мажбур болгон.
Ошентип пенсияда экенине карабай, кызматтан кызматка жулунган Жакыпов үчүн Бабановдун өкмөтү өз мөөнөтүнөн мурун отставкага кеткени өтө жакшы болду. Анткени ал Жантөрө Сатыбалдиев башында турган жаңы өкмөттүн да тилин таап, Өкмөттүн Коопсуздук жана коргоонуу боюнча бөлүмүнүн жетекчилигине келди. Ал өкмөттүн өкүмү зор өкүлү катары ишти ИИМди, тактап айтканда өзүн жумуштан алгандыгы үчүн кек түйүп, өчөшүп калган Зарылбек Рысалиевдин ишмердүүлүгүн текшерүүдөн, колдон келсе, аны кызматтан алуу маселесинен баштап, акыры эңсеген максатына да жетти. Анын бул аракетине Рысалиевдин "Атамекенчи" депутаттардын 7- апрель окуясындагы талап тоноочулукка катыштыгы бар делген ишти иликтөөсү чоң жардам берди. Себеби, Рысалиевди Жакыпов гана эмес, чоң саясатчы Өмүрбек Текебаев да өз партиясынын кызыкчылыгы үчүн кызматтан кулатууга кызыкдар эле...
Жакыповдун Өкмөткө кызматка орношкону ИИМ үчүн ак жолтой деле болгон жок. Себеби, жогоруда сөз кылгандай иштин башын интрига менен баштап, Рысалиевди кызматтан алды. Анын бул аракетине сырткы күчтөр да, так айтканда жакын досу Жаныш Бакиев да Жакыпов аркылуу өз салымын кошкондугу айтылууда. "Кычандын" кычаган ишмердүүлүгү муну менен эле токтоп калган жок. Ал Рысалиевдин артынан ОПГнын өпкөсүн үзүүдө үзүрлүү иштеп жаткан генерал Мелис Турганбаевди да акырын ордунан жылдырууга салымын кошту. Айтор, Рысалиевден, Турганбаевден кутулуп, ИИМдин Уюшкан кылмыштуу топко жана коррупцияга каршы башкы башкармалыктын жетекчиси Калыбек Сатыбалдиевди, тергөө башкармалыгынын башчысы Кубатбек Ноорузбаевди, ИИМдин атайы адистештирилген күзөт башкармалыгынын башчысы Азирет Кондубаевди, ИИМдин академиясынын жетекчиси Алмаз Базарбаевди, ИИМдин Өздүк курам менен иштөө башкармалыгынын башчысы Венера Табалдиеваны, Маалымат саясаты боюнча башкармалыктын башчысы Эсен Салиевди ж.б. эч себепсиз эле кызматтан алуу боюнча сунуш берди. (Бул маселе азырынча өкмөттө карала элек. Шайлоонун толук жыйынтыгынан кийин каралат) Деги бу Жакыпов кимдин "заказын" аткарып жатат? Балким, "Эски дос, эстен кетпейт" дегендей, эски досу Жаныштын "заказын" аткарып жүрбөсүн? Кыскасы, "Кычан" Жакыповдун учурдагы ишмердүүлүгү жалпы коомчулукка жакпай турат. Бир гана кылмыш дүйнөсүндөгүлөргө, качып жүргөн саясатчыларга, "вор закондорго" майдай жагып жатканын баамдасак болот. Анткени аларга Рысалиев, Турганбаев, Сатыбалдиев, Ноорузбаевдер чоң душман экени белгилүү. Аларды кармаса да, түбүнө жетсе да ушул азаматтар жетмек. Аттары аталган бул кыйын чыкма милиция кызматкерлери кызматтан кеткени, алардын, өзгөчө Камчы Көлбаев баштаган кылмыш дүйнөсүнүн ана башчыларынын табасы канып турган чагы. Ал тургай, ОПГлар тар чөйрөдө өздөрүнүн адатка айланган ишин акырындык менен башташып, Кыргызстандагы бизнесмендерге "ысык саламдарын" айттыра башташканы айтылууда. Кыргыз коомчулугуна ушул керек беле? Мына сиздерге Жакыповдун жасаган "жакшылыгы..." Мындайда эмне дечү эле, "бир карын майды, бир кумалак чиритет" дечү беле?

Жакыпов Парманкуловду кайсы кызматка алып келет?

Жакыповдун максаты ИИМге өзүнүн командасын алып келүү. Командасында кимдер? Тизмеде биринчи болуп, албетте Бакыт Парманкулов. Бул жигитти кыргыз коомчулугу "Пармаш" деп фамилиясын кыскартып эркелетет. Ал кыргыз милициясына көп жылдар бою эмгектенип келген. Учурда Жеңиш досунун Өкмөткө кызматка барганына кызара кубанып, андан кызмат үмүт кылып, чыдамсыздык менен күтүп жүргөн чагы. Бирок "Пармаштын" милициядагы өзгөчө орду жок. Себеби, ал жооптуу кызматтарда иштеп турган чакта көңүлгө толорлук жакшы иштер деле аткарылган эмес. Мисалы, ал иштеп турган учурда Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгын жетектеп турган кезде эл ЖКнын депутаттары Руслан Шаботоев, Санжар Кадыралиевдер киши колдуу болуп каза болушкан. Бул да бекер жерден болбосо керек... Жакыповдун дагы бир жакын кадры - бул Садыркуловдун өлүмүнө тиешеси бар делип, учурда издөөдө жүргөн ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Айбек Абдыразаков. Эске сала кетсек, 7- апрелдеги окуядан кийин Максим менен Жаныштын телефондогу сүйлөшүүсү ачыкка чыккан. Анда Максим: "Пармашты ИИМге министр кылабыз, анткени ал жигит каны менен биздики" деп айтканы бар. Албетте, бул сөз да бекер жерден айтылбаган. Чынында эле Пармаш Бакиевдерге кан-жаны менен кызмат кылгандыгы белгилүү.
Абдыразаков Айбек болсо Жакыповго күндөп-түндөп "коробка" ташып, опол тоодой эмгек өтөгөнү тар чөйрөдө айтылып келет. Кыргызда: "Досуңду көрсөт, сенин ким экениңди айтып берем " деген жакшы сөз бар эле. "Кычан" Жакыповдун жакын достору сөз болуп жаткандай Жаныш, "Пармаш", Абдыразаков ж.б. Калганын өзүңүз таразалай бериңиз, урматтуу окурман.

"Таза милиционер" ушундай үйдү кайсы каражатка салды?

Бул сүрөттөн көрүп жаткан асман тиреген үй Жеңиш Жакыповдун Чолпон-Ата шаарындагы айтылуу "Рух ордонун" жанындагы үйү. Ал бул көздүн жоосун алган тамды Бакиевдин тушунда Ысык-Көл ички иштер башкармалыгын башкарып турган кезде салган экен. Кайсы акчага? Бу там салынган жер тилкенин жалпы аянты 1 гектарга жакын. Тамдын баасын айтпаганда да, Чолпон-Атадагы бир гектар жер тилкенин баасын эсептей бериңиз. Же милициянын жарыбаган айлыгына ушунча жер тилкесин алып, жомоктогудай үйдү ким сала алат?
Андан да, айрымдардын айтымына караганда там турган бул жер тилкеси ЫИИБсинин күзөт бөлүмүнө караштуу жер болгон дешет. Эми бул жагын алдыда дагы тактоо иши турат. Мейли ал жер күзөт кызматынын жери болбогондо деле, мынча аянты чоң жер тилкесин ээлик кылып алууга Жакыповдун күркүрөгөн бизнеси деле жок. "Тазамын, ак иштедим" деген кызматкер мындай там сала албасы Эштекбайдын энөө баласына да белгилүү. Же ага бул тамды ак кызмат кылып, ишенимге терең киргендиги үчүн Бакиевдер белек кылганбы? Бул жагын өзү айтып бербесе, биз айта албайбыз. Айтор, бул тамдын чоо-жайын жана Жакыповдун ишмердүүлүгүн терең иликтеп чыгуу биздин алдыдагы милдеттерибиздин бири...

Эралы Эсенбаев