Цивилизация
жана көчмөндүк адеп-ахлактын бүлүнүшү
же сапардагы санаркоолор
| Башы өткөн сандарда |
- Атаң көрү ай, ал жагы да бар эмеспи, - деди Эсенбай.
- Деген менен бүгүнкү прагматиктердин жана бухгалтерлердин нравасына караганда, баары бир илгерки ак калпакчан, ак элечекчен чоң ата, чөн энелерибиздин адеп-ыйманы жакшы эмеспи. Япондук атактуу режиссер Акира Курасава "Өткөн тарыхты карап арылаган сайын адамдар ошончолук ири, нравалуу, алар бизден жакшыраак", - деп бекеринен айткан эмес, - дедим мен.
Эсенбай экөөбүз Өтмөктүн белинде өз, өзүбүзчө жалгыздан ойлонуп басып жүрүп, кайра жанаштык.
- Карачы мобу первозданная природаны - деди Эсенбай орусча аралаштырып сүйлөп, - Кыргызстан өзүң айткандай "ядролук көрүстөн" болсо да, баары бир байыркы жапайы түрү менен жаткан Суусамырдай, Өтмөктүн ашуусундай керемет жерлер бар экен го. Бах! Чиркин, абасынын тазалыгын көр. Мобу жапайы керемет аскаларычы, таштардын арасындагы көк чөптөрдүн, гүлдөрдүн жытычы! Кайсын Кулиевдин "Кыргыз тоолору борчуктарынан өйдө сулуу" дегени чын турбайбы. Бейиш, бейиш…..
- Ээ, Эсеке - дедим мен терең дем алып, - ушу бейишке да жанагы кара түтүнүн буркураткан прогресс деген немең жутунуп келатпайбы. Ушул Өтмөктүн ары жагындагы "Андаш", "Талды-Булак" жана башка алтын кендерин ач көз чет өлкөлүк фирмалар казабыз деп жантлашып жатышпайбы. Буга өкмөтүбүз да кызыкдар. Илгери ушул Суусамырды жайлап жүргөн Жумгалдык Байзак акылман "алтын жылтылдап адамды азезилдей азгырат. Адам алтын таппай, азап табат" деген экен. Мен бул аталган алтын кендеринин казылбай каларына көзүм жетпейт. Казылган күнү биз Байзак атабыз айткандай, алтын таппай, азап таап калабыз го. Ошондо алтын кенине жакын жаткан ушул Өтмөк ашуусунун алтындай экологиясы бузулбай коёбу. Ашуунун ак карлуу тоолорунун коюнунан сызылып чыгып, Таластын түзүн карай шаркырап аккан тетиги туптунук мөл дайра ууланбай коёбу. Алтын казабыз деп азап тапканыбыз ушул болбойбу. Ээ, Эсеке, ишсапар менен Өтмөктүн белинен ары бери далай жолу өттүм. Анан алтын кенине жутунган ачкөз технократтардан улам Өтмөк ашуусунан башталган Талас суусунун тагдырын ойлоп, бир жолу ушул жолдо момундай ыр саптарын чыгарбадымбы:
А кокус калсам ноокастап,
Амалым сенсиң аруу суум!
Айыкпайм балким уколдон,
Айыгам сенден дары суум!
Бирок кооптуу заман бу турган,
Боюңда жандар көбөйдү-
Жоругу үрөй учурган,
Ыйыгы жок тутунган.
Эки көзүн чакчайтып,
Акча, акча деп жутунган.
Бары-жокту ылайлап,
Бардыгын булгап кутурган
Кыйналат жаным ушундан.
Коргоймун кантип өзүңдү,
Адептен мындай бузулган.
Айрылып бир күн каламбы,
Ак дайрам сенин кутуңдан.
Жылып келди куу заман,
Жыландай сойлоп акырын.
Кабатыр болом, улук суум,
Кандай болот акырың?...
Тумандап турат алды жак,
Не болот сенин тагдырың?..
- Кой Соке, мынчалык пессимизмге чөкпөйлү - деди Эсенбай, - Талас элинин бир тууган жердин экологиясын сактоо үчүн көтөрүлүп жатканын газеталардан окуганым бар. Өтмөктүн суусунун мөлтүр бойдон калышы үчүн күрөшүү керек. Кой, аттаналы, көпкө туруп калдык.
- Кудай ай, жаланып-жуктанып бардыгын жалмап келе жаткан технократиялык ажыдаардын оозуна, араанын ачкан ач көз моралдын алкымына акыры жүрүп Өтмөктүн өмүрдү жашарткан сулуулугу да, мүрөктөй таза тунугу да оп тартылыбы, деп кейип жибердим да, машинага отурдум.
Андан ары ар кимибиз өзүбүзчө ойлонуп, унчукпай жүрүп отурдук да, Талас шаарына түш ой жетип бардык.
Таластан кайтып келатканда да, кайрадан Өтмөккө токтоп, шылдырап агып жаткан таптаза булагынан кочуштап жутуп, идиштерибизге толтура куюп алдык. Суусамырдын суу кошулган кымызын үйгө көтөрүп баргандан көрө, Өтмөктүн туптунук "мүрөгүн" алып барып, балдарыбызга ичирели дедик. Суусамырга түшкөндө жол боюндагы бозүйлөргө токтобойлу деп чечтик. Бул биздин жүргүнчүлөрдү сыйлабаган Суусамырдагы алдамчы соодага каршы жарандык протестибиз болсун дедик.
Ошентип, эч жерге аялдабай, зуулдаган бойдон алеки саламда Төө-Ашуунун түбүнө жетип келдик да, бирпастан соң белдин өзүнө чыгып барып, туннелдин кире беришине токтодук. Кайрадан үстүндө ак булуттар калкыган, алыстагы кыркаар тарткан Суусамырдын шаңкайган ак чокуларына суктана карап турдук. Эсенбай капыстан менден сурап калды:
- Соке, түндө Таластын мейманканасында башыма түркүн ой-санаа келип, кээде жаман түш көрүп, жакшы уктай албадым. Түн ортосу ченде көзүмдү ачып, башымды көтөрсөм, сен оозгу бөлмөдө уктабай бирдеме жазып, ойлуу отурупсуң. Эмнени жазып отурдуң эле? Эмнени ойлондуң?
- Ыр - дедим мен, - коштошуу ырын жазып отургам.
- Коштошуу ырын? Кандайча коштошуу ыры?
- Ошондой, ал ырды мен азыр сага окуп бермекчимин. Атайын дал ушул Төө-Ашууга келип, сага окуп бериш үчүн жазган болчумун. Башка жерден эмес, дал ушул Төө-Ашуудан окуш үчүн. Таластан бери карай бул ырымды сыр кылып катып келгеним ушул максаттан улам болду - дедим.
- Кана, окучу андай болсо, эмне деген ыр, эмне деген сыр? - деп Эсенбай мага бир чети таңгалгандай, бир чети кызыга карап калды.
- Эсеке, мен азыр ата-бабаларым менен, мобу турган Суусамыр менен коштошомун - дедим кыжаалаттана, бир чети толкунданып:-сурайынчы дагы, баягы Талып Молдо сүрөттөп берген, жалган сөз айтпаган, убадасын бузбаган, куулукту, ачкөздүктү билбеген, чын сөздүү, мейманга сыйлуу, жоомарт, ар намыстуу, нарктуу ата-бабаларыбыз кайда? Ошондой ак элекчен апаларыбыз, ак калпакчан карыларыбыз көркү болгон Суусамыр кайда? Тигине суусамырдын таманында жыландай сойлогон асфальт жатат. Жол боюна тигилген темир боз үйлөрдүн ичиндеги соодагерлердин ич дүйнөсү да ошол асфальттай акырындап кургап баратканын өз көзүм менен көрбөдүмбү, Эсеке. Темир боз үйдүн ичинде суу кошулган кымызды жүргүнчүгө кашкая сунуп турган жарым жылаңач кыргыз кыздын түрүн көрдүң го. Көрсө, Эсеке, айтып бүткүс кечээки асыл адеп-ахлагыбызды жоготкон турбайбызбы. Техникалык кылымга өткөндө ал асыл дүйнөбүз кыйраган турбайбы. Чын айтсам, кэчөөкү руханий дөөлөткө карк бир боор көчмөн дүйнөмдү жоготконумду мен ушул Суусамыр жайлоосунан өзгөчө даана сездим. Ошон үчүн Таластын мейманканасында көзүмө жаш алып отуруп, өзүм бала кезде көрүп калган, улуу көчмөн рухту алып жүргөн алтындай абышкаларды эстеп, аларды жоготконума жаным кейип, мобул ырды жазбадымбы. Мына окуюн:
Бакай элең ак сакалың жайкалган,
Кум-Белдеги кулжалардай калжайган.
Бассаң-турсаң санат айтып Манастан,
Кеп кылчу элең келген жоону Каңгайдан.
Илгерки эрлер жөнүндөгү икаяң,
Кайнар болуп кайнап чыкчу каныңдан.
Элдик наркты менин кымбат карыям,
Эң биринчи сен аркылуу тааныгам.
Билбейт элең алсам-жулсам дегенди,
Барга топук, азга сабыр кылчу элең.
Бозүй, комуз, эл-журтуңду байлык деп,
Суусамырда бейгам көчүп жүрчү элең.
Бечарага таштап ийип жаныңды,
Бөлүшчү элең колуңдагы наныңды.
Сыйлачу элең мейман келсе үйүңө,
Көтөрүп чаап, эң акыркы малыңды.
Эгер болсо менде учкуну ыймандын-
Жаңырыгы сенин асыл жаныңдын.
Өзүңөргө жанаша өскөн жылдардан,
Өсүп чыккан менин рух тамырым.
Эми акыры айтайынчы күйүттү,
Көбү эсепкор абышкалар бүгүнкү.
Аракка тап - ушул кордук баарынан,
Сага окшобойт, мен аларга таарынгам.
Азыр карып, пионерлер кэчөөкү,
Алдыга оздук майдаланган жагынан.
Жаным кейип, бүгүнкүнүн дартына,
О карыя, сени жоктоп сагынам!..
Прогресстин кемесине түштүк биз,
Эч ким билбейт алдыда эмне болорун.
Үйгө кирди телевизор, интернет,
Алмаштырып чоң атанын жомогун.
Көчмөн турмуш көшөгөсүн түшүргөн,
О көчмөн чал, сен да артыңа кайтпассың.
Кош бол, кош бол менин алтын абышкам!
Эми сени издесем да таппасмын...

Кош, менин көчмөн дүйнөм!
Кош менин асыл-ата бабаларым! Мынабу акча, акча деп акактаган заманда эми силерди эч качан көрбөйм. Кэчээки асыл абышка-кемпирлерди жоготкон Суусамырым, кош!
Ушул ырды окуп, ушул сөздөрдү айтып жатканымда жан дүйнөм уйгу-туйгу түшүп, көзүмдөн жаш кулап, колумдагы барак дирилдеп турду. Эсенбайды карасам колун маңдайына серепчилеп, көзүнүн жашын кылгыртып, тээ маңдайдагы ак карлуу чокуларды сагынычтуу тиктеп калыптыр.
Андан ары экөөбүз бири-бирибизге унчукпадык да, машинага отуруп, туннелге кирип кеттик.
Тунеллден чыгып , Кара-Балтанын капчыгайы менен бир топ жүргөндөн кийин Эсенбай оңдонуп отурду да, мага кайрылып мындай деди:
- Соке, ата - бабалар менен коштошуу алардан биротоло кол үзүп, унутуу дегенди түшүндүрбөйт да, туурабы? Ата - бабаларыбыздын каны биздин тамырыбызда агып турат. Алар тарых сахнасынан кетсе да, руху баары бир өлбөйт деп ойлойм. "Өзүңөргө жанаша өскөн жылдардан, өсүп чыккан менин рух тамырым,"- деп өзүң айтып жатпайсыңбы. Кудаяшүгүр, жергебизди адеп-ахлак кризиси каптаса да, түпкүлүгүндө ата-бабалардын моралдык-руханий дөөлөттөрүнүн көрөңгүсү эл ичинде соолуп калган жок. Ал элдик менталитеттин тереңинде "жүрөк кагып" турат. Кеп, мындан ары карай ата-бабаларыбыздын ошол аруу адеп-ахлак салттарын, ыймандык эрежелерин, принциптерин жолго таштап койбой, жоготпой, унутпай, тескерисинче көздүн карегиндей сактап, аларды улуттун асылкенчи катары тутунуп, ошол эле учурда жаш муундардын жан дүйнөсүнө сиңирип, патриот болуп жашай билүүдө турат. Биз өзүбүздүн башаламан чаңдап бараткан прогрессибизди, цивилизациябызды акыл-эске, маданиятка, рухка негизделген нукка салышыбыз керек. Карачы, азыр эмне болуп жатабыз? Кыргыз жарандарыбыздын бири баптист, бири буддист, бири хизбут-тахир, бири христианин, бири маңкурт, бири алдамчы соодагер, бири космополит. Ушундай кантип болсун. Мамлекетибизге улуттук идеология керек, өкмөттүк деңгээлдеги таалим-тарбия стратегиясы аба менен суудай зарыл болуп турат. Кыргыз коомунун моралдык өнүгүшүн мекенчил идеологиянын багытына салыш керек. Ата-бабаларыбызга Төө-Ашуудан кол булгап кала бергенибиз болбойт, Соке. Андан көрө эсибизди жыйнап, кайраттанып намысыбызга келип, Манас атабыздын туусун бийик көтөрөлү. Бул чоң иште мамлекеттик бийлик менен эл бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарышы зарыл. Мен мугалиммин, мен минтип башаламан жашай албайм. Жаш муундарды окутуу жана тарбиялоо үчүн мага мамлекеттин көрсөткөн маягы керек. Идеал, идеология керек мага. Сен, Соке профессорсуң, публицистсиң. Мамлекеттин башында тургандарга сен ушуларды үнүңдү бийик чыгарып айтышың керек. Минтпесек болбойт. Кандай дейсиң? Мен Эсенбай курбумдун бул акылман сөздөрүнө толугу менен макул болдум.
Советбек Байгазиев,
Бишкек - Талас - Бишкек