Бийиктик...
Шам...

Чынын айтыш керек, учурда мамлекетибизде саясий партиялардан көп эч нерсе жок. Айрымдарын түзүлгөнүнө жыйырма жылдын жүзү болуп калса, кээси жаңы гана түзүлүп саясий айдыңда өз мүмкүнчүлүктөрүн сынап жатат. Бирок партия канчалык көп болсо эле жашоо турмушубуз оңолуп, мамлекетибиз өнүгүп-өсүп кетпейт экен. Партиялардын да партиясы, лидердин да лидери болот тура. Мына ушул күнгө дейре 200гө жакын партиянын мамлекет үчүн, эл үчүн жасаган алгылыктуу иштерин ооз толтуруп айтканга мүмкүн эмес.

Албетте, колдорунан келген аракеттерин көрүп жаткандар да жок эмес. Тилекке каршы алар саналуу. Көпчүлүгү жеке кызыкчылыктарын көздөп түзүлгөн партиялар экенин мезгил көрсөтүп жатат. Кээси элге жардам бермек түгүл, түзүлгөн бойдон дайын билинбей калса, айрымдары жыйырма жылдан бери жеке кызыкчылыгы үчүн күрөшүп келишкени ачыкка чыгууда. Анан ушундай шартта эл мүдөөсүн аркалаган, мамлекеттин өнүгүп-өсүшүнө, коопсуз, бакубат өлкөгө айланышына кам көргөн чыныгы элдик партия болсо деп тилейт экенсиң. Албетте, "түгөнгөн сайын түтөгөн, өчүрөм десе күчөгөн" кыргыз элинин уучу кур эмес экен. Чындап эл жүгүн аркалап, мамлекеттин экономикасын көтөрөм дегендер такыр эле кур жалак калбаптырбыз. Муну биз Жогорку Кеңештин вице-спикери Бакыт Төрөбаев башында турган "Өнүгүү" партиясынын аткарып жаткан иштеринен көрүп-билип, ыраазы болуп жатабыз.
Кыргызда атына жараша заты дешет. Анысы сыңары "Өнүгүү" деген аттын өзү эле алдыга умтулуунун, жаңы бийиктиктерди багынтуунун, бир жерде токтоп калбай ар дайым кыймылда болууну туюндурат. Бир сөз менен айтканда тынымсыз өнүгүп-өсүүнүн символу. "Өнүгүү" партиясы дал ушундай идеяны өзөгүнө сиңирип, элге, мамлекетке ак ниеттен, адал эмгек кылууга аттанып жатат. Ак ниеттен, адал эмгек кылуу демекчи, биз муну жөн жеринен айтып жатканыбыз жок. Буга жаңы түптөлгөнүнө карабастан эл үчүн алгылыктуу иштерди жасай баштаган "Өнүгүү" партиясынын ишмердиги далил боло алат. Албетте, айрымдар муну катардагы эле партия сыяктуу кабыл алышы толук мүмкүн. Бирок чынын айтканда ушул күнгө чейин куру сөз менен карапайым калктын курсагын тойгузуп келген партияларга караганда бир катар иштерди жүзөгө ашырып жатат. Сөзүбүз куру болбос үчүн, "Өнүгүү" партиясынын көтөргөн демилгелерин, көздөгөн максаты тууралуу азын-оолак токтолуп кетпесек болбойт.
Партия азыркы тапта айыл чарбасын өнүктүрүү, билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу, маданиятты көтөрүү, улут саламаттыгына кам көрүү, спорт, улуттук оюндардын деңгээлин жакшыртуу, суу-энергетика, курулуш тармагы боюнча программалардын үстүндө иштеп, элдин ишенимин жаратып койду.
Алсак, Өкмөтүбүз уюштура албай жаткан МТСтерди "Өнүгүү" партиясы калыбына келтирип, Белоруссия, Германиядан бери заманбап үлгүдөгү техникаларды сатып келип, дыйкандардын көктөн издегени жерден табылып отурат. Сатылып алынып келинген техникалардын жардамы аркылуу эми дыйкандар бир эле мезгилде бир эле айдоо жеринен 2 жолу түшүм алууга мүмкүнчүлүктөрү болот. Мындай ишти буга чейин эч ким колдогон эмес.
Ошондой эле, улут саламаттыгына кам көрүп, дени сак, сергек улутту тарбиялоо, жарандардын оору-сыркоодон алыс болуусуна карата күчтүү догдурлар менен бирге иш алып барышып, республикада акыркы жылдары тез жайылып бараткан жүрөк-кан тамыр ооруларын алдына алуу боюнча бир топ алгылыктуу иштерди аткарышты. Маселен, жакында эле 1-2-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна Жогорку Кеңештин вице-спикери Бакыт Төрөбаев жоон топ дарыгерлерди өзү менен кошо ээрчитип барып, жергиликтүү элдин саламаттыгына кам көрүп кеткенин жалпы журт билбей деле калса керек. Бул күндөрү райондун жергиликтүү дарыгерлерине Улуттук кардиология институтунун төрт кардиологу, анын ичинде илимдин эки доктору келип, профессор Айнагүл Жумагулова маанилүү лекцияларды окуп, ал эми калгандары ооруканадагы бейтаптардын, жүрөк - кан тамыр оорусуна чалдыккандардын абалын текшерип, дартын так аныктап, медициналык - практикалык иш жүргүзүп, элдин саламаттыгын бекемдөө жаатында иш жүргүзүшүп кетишти. Бул демилге Бакыт Төрөбаев түптөгөн "Өнүгүү" кыймылынын иш аракеттер планынын алкагында уюштурулуп, чыгымын бүт өз моюндарына алышты. Мындан тышкары партия бир топ айылдардагы ФАПтарды оңдоп-түзөөдөн өткөрдү. Ал түгүл Сузак районунун Ынтымак айылына жаңы ФАПтын курулушуна чоң колдоо көргөзүп, айыл тургундарынын көйгөйүн чечип берди.
Булардан башка Бакыт Төрөбаев өз эсебинен 400 миң сомго жакын акча жумшап, Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Сакалды айыл округундагы, Өзбекстан менен чектешкен Чоң-Багыш чек ара участогуна бийиктиги 15 метр келген байкоочу жай (вышка) курдуруп берип, чек арачыларды бир топ түйшүктөн арылтты. Дегенибиз, бул аймакта мал уурулук көйгөйлүү маселе болгондуктан, жоголгон малдын көпчүлүгү Өзбекстанга чек арадан ары айдалып кеткендиктен, малды кайтарып алуу мүмкүн эмес эле. Малдан тышкары талаадагы түшүмдөргө да кол салынып турчу. Бул жагдайды ооздуктоого чек арачыларыбыздын материалдык жактан алсыздыгы кедергисин тийгизип келген. Бийиктиктен көзөмөлдөөчү байкоочу жай курулгандан бери, жоголгон малдын аягы тыйылып, түшүмгө кол салган көрүнүш токтоду.
Албетте, "Өнүгүүнүн" мындай ийгилиги анын башында турган Бакыт Эргешовичтин эмгегинин үзүрү десек жарашат. Бакыт мырза булбулдай сайрап, тилинен чаң чыккан саясатчыларга окшоп баш ооруткан саясий теориялар менен алектенбей, айыл жергесинде жашап жаткан жергиликтүү элдин социалдык, экономикалык абалын көтөрүү максатында жалгыз өзү чечкиндүү кадамдарга барып жатканы эле анын лидерлик сапаты, жөндөмү жогору экенинин көрсөтүп койду. Бир сөз менен айтканда экономикабыз өсүү жолуна түшө албай кетенчиктеп турган шартта "Өнүгүү" деген девиз менен калктын турмушун жакшыртууга коркпой кадам таштап, элдин турмушун жакшыртууну алдына милдет кылып койгону анын элдик жигит экендигин тастыктап турат десек аша чапкандык болбос. Ошондой эле, иштин көзүн билген тапкычтыгы, туура багытты тандай билген кыраакылыгы, популисттик саясат менен жеңил көз карашка жакындабай, аткарылчу иштерди анализдей билгени, өзгөчө саясатта булганбаган тазалыгы да Бакыт Эргешовичтин саясатта бышып жетилгенин айгинелейт. Кыргызда "Көч башын карап түздөнөт" дейт. Анысы сыңары, "Өнүгүү" партиясынын аткарып жаткан иштери Бакыт Төрөбаевдин ишмердүүлүгү менен тыгыз байланыштуу. Айталы дегенибиз, Бакыт мырзанын арам иштерден алыс болгон тазалыгы, эл үчүн күйгөн мекенчилдиги, партиянын аткарып жатканы ишинде ачык байкалып турат.
Кыскасы, көп нерсени бир гана "Өнүгүүдөн" күтсө болоорун жаш партия далилдей алды. Анын үстүнө бул партия башка партиялар сыяктуу шайлоо алдында шашылыш, же болбосо шеринеде, ресторандарда көңүл ачып олтурган жерден түзүлбөй, алгач кыймыл болуп элдин элегинен өттү. Башкача айтканда, аты бар, заты жок ондогон партиялар сыяктуу саясий максатты көздөп, кайсы бир саясий бурулуш алдында бир саясатчынын кызыкчылыгын көздөп түзүлө калган жок. Демек, "Өнүгүү" партиясынын аткарып жаткан иштерин таразалаганда, келечегинен көптү үмүттөндүргөн, эл үчүн, мамлекет үчүн иштей турган партия экенине ишенесиң.
Демек, алдыдагы шайлоодо "Өнүгүү" партиясынан тапталып чыккан иш билги, чыгаан, карапайым калктын турмушу үчүн реалдуу иштерге баш койгон талапкерлерди шайлап алсак дээр элем. "Өнүгүү" партиясынын жергиликтүү кеңешке болгон шайлоого баруусу - айылдардагы айыл чарбаны өнүктүрүү, жерди туура пайдаланып, мол түшүм алуу, асыл тукум малды арбытып, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, улут саламаттыгына кам көрүү, илим-билим, маданиятты көтөрүү, спорт, улуттук оюндардын деңгээлин жогорулатуу деген эле сөз.

Болот КЫРГЫЗ