Алдын-ала маалыматтарда
алдыга чыкчудай түрү бар

Жергиликтүү кеңештерге болгон быйылкы шайлоонун үгүт иштери мурдагыларга караганда өтө кызуу өтүүдө. Ошону менен бирге айыгышкан саясий салгылаштар менен да коштолууда. Өзгөчө Бишкек шаардык кеңешине талапкер болуп жаткан партиялардын ортосундагы кармаш күн өткөн сайын катуулап барат.

25-ноябрда өтүүчү ордо калаабыздын "парламентине" болгон салгылаш Президенттикке, Жогорку Кеңешке болгон шайлоолордон кем калчудай эмес. Ак үй, Көк үйдөгү аткаминер, чиновниктердин же саясий элитанын гана эмес, бүтүндөй кыргыз калкынын көңүлү дал ушул Бишкекке бурулуп турат. Атактуу партиялар менен кошулуп, аты жыты белгисиз кечээки партиялар да үгүт ишин кызуу жүргүзүп, так талашка шымалана киришти. Баарынын эле айткандары, берген убадалары коёндой окшош. Ошондуктан көпчүлүк эл партиялардын программасына эмес, алардын баскан жолуна, буга чейинки элге кылган эмгегине карап тиги же бул партияга ишеним артчудай. Бул жагынан алганда 20 жылдык карт тарыхы бар Кыргызстан социал-демократтар партиясы элдин ишенимине көбүрөөк ээ болууда. Атагы менен эмес, чатагы менен көбүрөөк айырмаланган азыркы парламентте да КСДП фракциясы башкаларга салыштырмалуу ич ара интригалардан, жеке кызыкчылыкты көздөгөн балит саясаттан тышкары болууда. Бул да болсо "эсдектердин" эртеңки жеңишине өбөлгө түзүүдө. Мындай пикирди саясий эксперттер гана эмес, интернет менен дос болгон миңдеген карапайым калкыбыз да айтып турат. Кантип дебейсизби? Азыр оппозициялык болобу, позициялык болобу ар кандай саясий көз карашты карманган интернет булактары "25-ноябрдагы шайлоодо кайсы партияга ишеним артасыз?" - деп сурамжылоо жүргүзүп атат. Мисалы, Кыргызстандагы кыргыз тилдүү интернет маалымат булактарынын эң алдыңкысы делинген "Баракелде" сайтынын сурамжылоосу боюнча КСДП партиясы алдыда баратат.

КСДП - 18.4% (1079)

"Ата Мекен" - 16.1% (942)

"Ата Журт" - 15.9% (932)

"Республика" - 12.5% (734)

"Бүтүн Кыргызстан" - 10.5% (613)

Баарына каршы - 7.6% (444)

"Замандаш-Современник" - 5.5% (321)

"Адилетүү Кыргызстан" - 2.9% (171)

Орус тилдүү атактуу 24.kg маалымат булагынын окурмандары да Кыргызстан социал-демократтар партиясынын ийгиликке жетүүсүнө кызыкдар.

КСДП - 5029 (24%)
"Ата-Мекен" - 4760 (23%)
"Ата-Журт" - 3905 (19%)
"Ар-Намыс" - 289 (1%)
"Республика" - 3715 (18%)

Мындан тышкары Нариман Түлеевдин сайты делинген vesti.kg интернет булагынын окурмандары 22,3 % менен КСДП партиясына ишеним көрсөтөөрүн билдиришкен. 15,7% топтогон "Тоскоолдуксуз жашоо" партиясы экинчи орунду ээлесе, 15,7 % менен "Республика" үчүнчү, 11,5 менен "Замандаш" партиясы төртүнчү орунду ээлептир. Дагы бир орус тилдүү chalkan.kg сайты ушундай эле сурамжылоо жүргүзүп, 27% менен КСДПны алдыга чыгарса, 22% менен "Ак Шумкар" партиясы экинчи орунду алган.
Айтор ушул сыяктуу сурамжылоолор бир катар маалымат булактарында кызуу жүрүүдө. Албетте андагы маалыматтарды акыркы чечим деп айтуу акылсыздык болоор бирок, бир эмес, бир нече маалымат булактарындагы окурмандардын ою да оңой эмес...

Тимур Эрланов









КСДП фракциясы оң кеп айтты
Парламенттеги КСДП фракциясы өз жыйынында укук коргоо органдары тарабынан айрым депутаттардын кармалышын жана аларга каршы кылмыш иштердин козголушу туурасындагы маселени талкуулады. Аталган фракциядагы депутаттардын пикиринде "эгерде укук коргоо органдары кайсы бир депутаттын кылмыш иши бар экендигин далилдеп бере алса, анда анын кол тийбестигин алып салуу боюнча маселе көтөрүүгө болот жана бул жагынан укук коргоо органдарына жардам беришибиз керек". Бул жакшы кеп. Анан эле кесиптешибиз деп коррупционерлерди коргой берген кантип жакшы болсун?!


Акылбек Жапаров миллиондогон долларга жооптуубу?
Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Карганбек Самаков финансы министри Ольга Лаврова парламент жыйынына келгенде минтип сурап турду: "Сиз Акылбек Жапаров кайда экенин билесизби? Мен андан "Кумтөрдөн" алынган 86 млн доллар кайда экенин сурайын дегем. Мындан сырткары 2006-жылы каржы министрлигин сейфине салынды деген 16 млн доллар кайда экенин да сурамакмын. Бул акча жоголду деген 60 миң тонна буудайдын акчасы деп Жапаров өзү айткан, бек катып койдук деген. Аталган суммадагы акчалар азыр жок болгон деп ойлойм". Мындай суроого Лаврова айым жооп бере албай тургандыгын, баарын териштирип чыгып анан жооп берүүгө аракет кыла турганын айтты. Жапаров болсо жүрөт го телевизордон акыл айтып…


Академик Курман-Гали Каракеев дүйнөдөн кайтты
99 жашка чыгып белгилүү окумуштуу жана коомдук ишмер Курман-Гали Каракеев дүйнөдөн кайтты. Каракеев 18 жыл бою Илимдер Академиясынын президенти болуп эмгектенип келген. Ал 350 илимий эмгектин, 10 монографиянын автору, аны менен бирге 20 доктор менен кандидатты даярдаган. К. Каракеев үзүрлүү эмгеги үчүн Биринчи даражадагы "Манас", Ленин, төрт жолу Эмгек Кызыл Туу, Октябрь революциясы, "Ардак белгиси" ордендери жана медалдар менен сыйланган. Ал "Кыргыз республикасынын Баатыры" наамына татыктуу болгон.
Элинин мыкты уулу болуп өмүр өтөп келген агабыздын жаткан жери жайлуу болсун, топурагы торко болсун!


Билим толтура, а акылчы?
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы депутаттардын билими жөнүндө маалымат таратты. Ошондо 120 депутаттын билимдери төмөндөгүдөй экен: Алардын бешөө илимдин доктору, 13ү илимдин кандидаты, 11 депутаттын үч же андан көп диплому бар, 32 депутат экиден дипломго ээ, 74 депутат бир окуу жайды бүтүргөн, эки депутат жогорку билим алам деп окуп жатат, бир депутаттын кесиптик-техникалык эле билими бар экен. Бул "техниктин" аты аталган эмес.
Ошентип парламентибиз өтө билимдүү экен, эми акылын эсептеп чыгыш керек…

Бишкекте аңги кармалды
ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей Бишкектен 38 жаштагы зордукчу-айбан кармалган. Ал азыр 19 жашка чыккан өгөй кызын тогуз жыл бою зордуктап келген. Ал кызды "эгерде бирөөгө айта турган болсоң, өлтүрүп салам" деп коркутуп жүрчү экен. Азыр зордукчуну мээси ордундабы деп текшерип жатышат. Дал ушундай учурда өлүм жазасы керек эмес беле!

"Фабула" пресс