Элдин камын - эр көрөт
"БАКТЫЛУУ ЭЛДИН
БАШКАРУУЧУСУ БИР,
БААТЫРЫ МИҢ"
Ар убакта элине ак эмгегин, чаалыкпас кызматтын өтөгөн адам гана элинин жашоо турмушун, иштериндеги ийгилигин, көкүрөгүндөгү көйгөйүн терең түшүнө алат. Алардын катарында жан дүйнөсү таза, эрки күчтүү, башкаларга жакшылык жарыгын чачкан, айкөл инсан, өнө-боюна табиятынан бүткөн калыстыгы, өлкө мүдөөсүнө, калк калоосуна камкор мамиле кылган, эли-журтунун кадырлоосуна ээ болуп келаткан Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрация башчысы, аким Бактыбек Жапарович Кудайбергенов. Анын учурда районду алдыга сүрөп, эли-журтун тынчтыкка, ынтымакка үндөп келаткан иштерин көрүп туруп көрмөксөнгө салып, угуп туруп укмаксанга салып, айтпай, жазбай коюга болбойт.

Райондун көрсөткүчтөрү көз ирмемге тете болгон убакта облустагы алдынкы райондордун катарына чыгып, көптөгөн албан-субан иштер аткарылды десек аша чапкандык болбос. Экономикалык-социалдык реформаларын турмушка ашырууда, элинин жашоо деңгээлин жогорулатууда, айыл чарбасын, өнөр жайын, чакан жана орто бизнестин өнүгүшүнө, сырттан инвестицияны тартууга басым жасаган аким уюштургуч жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп, райондун өсүп, өрүш алуусуна белсемдүү салымын кошуп келүүдө.
Өнүккөн индустриясында, айыл чарбасында жана экономиканын калган чөйрөсүндө чоң ресурстары бар Ысык-Ата району бүткүл облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө дем бере турган регион. 2012-жылдын тогуз айында 4897,8 млн. сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда өсүү темпи 111,0% болду. ЖЧК Кант шифер ишканасы жана ААК Кант цемент заводунан тышкары райондун ишканалары тарабынан өнөр жай продукциясынын көлөмү 2227,7 млн. сомду түзүп, өсүү темпи 107,9%ке жеткен. Кочкорбаев айыл округундагы "Султан F Beveragest" минералдык суу чыгаруучу ЖЧКоому 60 жумушчу ордун түзсө, Ысык-Ата айыл аймагындагы кирпич чыгаруучу " Англо-Инстерн" ЖЧКоому 40 жумушчу ордун камсыз кылган. Мезгили менен өткөрүлүп турган семинар-кеңешмелер, айыл өкмөтүнүн аймагындагы жакшы саамалыктарды жайылтуу, бири-бирине өрнөк, үлгү алуу, биргелешип иштөө, тажрыйба алмашуу кеңири жайылып, райондун экономикасын көтөрүүдө жакшы натыйжаларды берүүдө.
Экономикалык стратегиянын түпкүлүктү багыты болгон айыл чарбасына өзгөчө көңүл бурулуп, "Жер тагыдыры - эл тагдыры" дегендей райондун аймагында дыйканчылыкты мындан ары жандандыруу, мал башын көбөйтүүгө, ветеринардык сервисти колго алуу боюнча өткөрүлгөн чоң жыйындардын жыйынтыгы дыйкан, фермерлердин демине дем кошуп келет. Быйылкы жылдын кышынын узактыгы, жаз айларынын кургакчыл болушуна карабастан дыйкандар шаймандарын колдон түшүрбөй кайраттуу эмгектенишкен. Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында агардык сектордо 4606,4 млн.сомдук продукция өндүрүлүп, мунун ичинен мал чарбасы боюнча 1780,1 млн. сом суммасында продукция өндүрүлүп, өсүү темпи 102,3 пайызды түзгөн. Дыйканчылык боюнча 2826,3 млн. сомдун продукциясы өндүрүлгөн. Кылкандуу дан эгиндерин чаап жыюу өз убагында аяктап, 27070 гектар аянттан 58816 тонна дан жыйнап алышкан. 1- октябрга карата 4236 гектарга эгилген дандык жүгөрү чабылып, 26294 тонна дан жыйналып, ар гектардан түшүмдүүлүк 62 центнерден айланган., 5887 гектар жер айдалып, 1006 гектарга буудай,150 гектарга арпа, 46 гектарга уруктук кант кызылчасы эгилген.
Райондун бюджетинин негизги өзөгүн берген " Абдыш Ата", "Кант-Сүт", Кант цемент заводу ААК, "Силикат" АК, "Монтажник", "Үмүт жана К", "Труба-шифер ишканасы", "Үй жана К" жоопкерчилиги чектелген коомдорунун эсебинен толукталууда. Жергиликтүү бюджетке 163,4 млн. сом киреше түшүп, план 113,2 пайызга аткарылган. Айыл өкмөттөрүнүн бюджетине кирешенин түшүшү 115,8 пайызга, Кант шаарынын бюджетине 77,9 млн.сом түшүп, план 110,5 пайызды чапчыган. Капиталдык салымы 416828,0 миң сом болгон 78 чарба жүргүзүүчү субьект пайдаланууга тапшырылып,416 жумушчу орду түзүлгөн. Кант шаарынын аймагында капиталдык салымы 8,0 млн.сом болгон автотаразасы бар 140 метр темир жол тармагы курулган. Кант мунай кайра иштетүүчү заводу ЖЧК капиталдык салымы 27600,0 миң сом болгон, чийки мунай зат үчүн сыйымдуулугу 5 миң чарчы метр келген резервуар курулушу аяктаган.
Райондун экономикасын көтөрүүгө сырттан келген инвестициянын тийгизген таасири зор экендигин эске алган аким анын көлөмүн бир канча эсеге көбөйтүүгө жетишкен. Тартылган инвестициянын көлөмү 1137,6 млн. сомго жетип, мунун ичинен чет элдик инвестиция 83,9 млн. сомду, ички инвестиция 1053,7 млн. сомду түзгөн.
КР Президентинин токтомун жетекчиликке алып райондо чакан жана орто бизнесте бир топ иштер жанданып, чакан жана орто бизнес ишканаларынын саны көбөйүп, аларга өз алдынча ишкердик кылууга жакшы шарттар түзүлгөн. Ушул тапта ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү структуралары бош жаткан аянттарды, жайларды, жабдууларды чакан жана орто бизнестин субьектерине өткөрүп берүү боюнча архитектура, курулуш мамилелери боюнча дайыма аракеттенүүчү комиссиялар түзүлүп иштеп жатышат. 47 билим берүү уюмунда 10223 бала үчүн ысык тамак, 1018 окуучуну камтуу менен мектепке бара турган балдар үчүн 100-240 сааттык программалар уюштурулган. Мектептердин кышкы камылгасы эрте көрүлүп, көмүр менен бардык мектептер толугу менен камсыз кылынган. Билим берүү министрилигинин багыты боюнча Азия өнүктүрүү банкынын көмөгү менен 1 млн.420 миң сомго 30863 нуска окуу китептери алынып, райондук бюджеттен 2,0 млн.сом, салтка айланган "Жыл мугалими-2012" сынагына 45,0 миң сом бөлүнүп берилген. Калктын ден соолугун коргоодо саламаттыкты сактоо мекемелеринин базасын ресурстук жактан чыңдоо максатында атайын иш чаралар иштелип чыккан.Өлкөнүн эң зор байлыгы болгон адамдардын чың ден соолугу үчүн ак ниеттүү асыл иштерин арнаган ак халатчандардын эмгектери учурунда бааланып турат.Тогуз айда 6248,2 миң сомго дары-дармектер, 1300,0 миң сомго медициналык жабдуулар сатылып алынган. Маданий-агартуу жана спорт мекемелери, маалыматтык, китепканалык жана спортук ресурстар кеңири пайдалануусуна толук шарттар түзүлгөн.
Кеп сонуңда мезгил агымын туя билген акимдин алдында далай дабан ашуулар, албан иштери бар. Аларды аткарууда көпчүлүктүн тагдырын көп ойлогон, элине жакын, калкына жугумдуу Бактыбек Жапарович мындан да зор иштердин өтөөсүнө чыгаарына күмөн санабайбыз.
Асан АКМАТОВ






Чегирткеден корккон эгин экпейт

Жаңы эле эл катарына кошулуп, бул жактан Россия элинин президенти келип, тиги жактан коңшу казак туугандардын президенти келип, Америка, Азия, Европа элдери -эми кыргыздар өнөт, өсөт - деп, карым-катнаш кызуу башталганда бүтүндөй дүйнө элдерине абийирибиз аштай төгүлүп турат.

7-апрельден кийин чынында биздин кыргыз элинин эрдигине, демократияга болгон умтулуусуна суктанып баа бергендер көп болгон.
Орто-Азия алкагында биринчи парламенттик өлкө түзүп, элибиз жаңы заманга эми эле көнө баштаган. Эл ичи тынч болуп, быйыл Ысык-Көлүбүзгө миллиондогон туристтер эс алып кетишти. Жалаң эле Ысык-Көл эмес, өлкөбүздүн башка аймактарында дагы эс алуучулар арбын болду. 3-октябрдагы өздөрү мыйзам башында отурган депутаттар Ташиев, Жапаров, Мамытов өздөрү отурган ыйык мекемеге кол салышты. Өзгөчө депутат К.Ташиевдин Ак үйдүн тосмосунан көчүгүн казандай кылып, ашып баратканын көрүп алып, ары барлар ардандык. Ары жокторго айла жок экен. Ташиевдин таламын талашып буркурап ыйлагандарды көрүп - биз өсөбүзбү же өлөбүзбү? - деген ойго келет экенсиң. Качан бир эл бир журт болуп, бир тил менен жашайбыз? Качан, анын түндүгүнө, түштүктүгүнө карабай ууру болсо, "ууру" деп, бандит болсо "бандит" деп, мыйзам алдында жооп бергенге жол ачабыз? Акыркы күндөрү саясаттан башыбыз арылбай калды го. Тигини камактан бошот, муну эмнеге кызматтан алдыңар деген митингдерди качан токтотобуз? Ушунча болуп бир да жолу пахтанын баасын көтөргүлө, тамекинин баасын көтөргүлө, жер семирткич жетишпейт, жер айдаганга техниканы арзан баага бергиле, газ, светтин баасын арзандаткыла ж.б.у.с. толгон турмуш шартка байланыштуу маселелерди көтөрүп чыксак го бир жөн эле. Баарынан да Ташиевдин кылган жоругун өз көздөрү менен көрүп, сүйлөгөн сөздөрүн өз кулактары менен угуп туруп, "ал антпейт болчу, муну бирөөлөр көчүгүнөн түрттү, бул саясий куугунтук "дегендерге не дээрибизди билбей турабыз. Ташиев болсо кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп, "мен эч нерсе кылган жокмун" деп жарым саат мурун айткан сөздөрүн кашайып танып отурат. Парламенттик шайлоо алдында дагы "Бакиевди кайра алып келем" деген сөзүн ал "менин сөзүм эмес" - деп танып кеткен. Бул жигиттике жатпайт. Эл көзүнө көрүнүп калган жигит бир сөздүү болуш керек. С. Жапаров баш болуп булар көтөрүп чыккан Кумтөр маселесинин кайсыл бир деңгээлде чындыгы бар. Бирок, булардын көздөгөн максаттары таптакыр башка болууда. Булар эл үчүн күйгөн адамдар эмес. Эгерде чындап эл үчүн күйүшсө мындай ишке барышмак эмес. К.Ташиев, С.Жапаровдор саясат чөйрөсүндө башкаларга салыштырганда кечээ жакында эле пайда болушкан мадыра баштар.
Мына бүгүн ошол мадыра баштарын көргөзүштү. Чоң саясатта адашып келген адамдар экенине эл дагы бир ирээт күбө болду. Мандаттарына ишенишип дардактап жүрүшкөн. Качан, күрөш парламенттин босогосун аттан кирип келгенде, буларга чындап ойлонушка туура келди. Анан ойлоп тапкандары Ак үйдү басып алуу болду.
Ташиев бул кылган жоругун, олдоксон кылган ишин миң жылда жууп кетире албайт. Болгону бир жолу бар. Ал жол жигиттик кылып, кылган ишин моюнуна алып, элден кечирим сурап, мыйзам алдында тиешелүү жазасын алып кутулушу керек. Ошондо элде тынчтык болот. Өзүнүн аброюн да көтөрө алат. "Ата-Журт" партиясы парламентке келгенде эле, эл булардан эч жакшылык күткөн эмес. Себеби, атасы Бакиев качып кетип, журтта калган балдарынын партиясы экени элге белгилүү болчу.

Абылгасым Абдырахманов,
Бишкек шаары.