"АДИЛЕТТҮҮ КЫРГЫЗСТАНДЫН"
алгачкы кадамдары!

Элге ак кызмат кылууну ниеттенген адамдар же адамдардын тобу үчүн алдыга койгон аруу максаттар жана ага жетишүүгө болгон аракет-эмгек, натыйжа бере алуучу багыттуу программа керек. Демек, мына ушулардан куру кол эмес, алдыга арымдуу кадам таштай алган топ заман талабы, жалпы жагдайга жараша мекенге, элге айтаарлык эмгегин арнай алат.

Бул багытта "Адилеттүү Кыргызстан" партиясынын түптөлгөнүнө көп убакыт боло элек кезинде эле берген убада, айткан сөздөрүнүн өтөөсүнөн чыгып, койгон максаттардын натыйжасын четинен элине көрсөтүп жатышы колдоого алаарлык жана кубанаарлык көрүнүш. Бул партия пайда болгондон көп өтпөй, Ош шаардык кеңешине шайлоо өнөктүгү башталып эбактан бери иштеп келе жаткан жашы улуу, тажрыйбалуу партиялардын катарынан калбай эл ишенимине кирип, депутаттык мандатка жетише алышы алардын калк камы үчүн көргөн чын дилден чыккан камылгаларынын үзүрү. Мунун кандай сырлары бар эле? "Адилеттүү Кыргызстан" партиясы түптөлгөнгө чейин эле анын башында тургандар эл-жерге көзгө көрүнөрлүк иштерди аткарып аброй алышы менен байланышта кароо бул ийгиликтердин жаралуу жолун таап берет. Эч качан, эч бир эмгекке баа берилбей калбайт. Кээде өз учурунда, кээде кечигип берилсе, а кээде таптакыр тарых түпкүрүндө калып, кылымдардан кийин табылат. Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо учурунда айыгышкан саясий күчтөрдүн күрөшү болгону деле жашыруун эмес. Ар түрдүү жолбун ушак-айың, атайлап жаратылган татаалдыктар деле мындайда орун албай койбойт эмеспи. Ошолорго карабастан, алдыга ак ниет менен карап, адилеттүү кадамдар аркылуу адилеттүүлүккө жетүүнү максат кылып, эл ишенимине элдин колдоосу аркылуу жетише алды.
5 жылдык мөөнөттү кучагына алган программасында 5 балдар бакчасын жана 5 окуу борборун, ошондой эле 5 ден соолукту чыңдоо борборлорун куруу идея-демилгени көтөрүп чыккан бул партия бүгүнкү күндө мандат алганына жыл айлана элек кезинде эле айткан сөздөрүнүн эч кандай утопия эмес экендигин иш жүзүндө далилдеп, Ош шаарына курула турган 5 балдар бакчасынын ичинен үчөөсүнүн башталышына себепкер боло алды. Ош шаардык аймактык оорукананын нерв оорулар бөлүмү ? "Адилеттүү Кыргызстан" саясий партиясынын активдүү мүчөлөрүнүн жардамынын артында толугу менен оңдоо-түзөөдөн өткөрүлдү. Буга кошумча ордолуу Оштогу билим башаты болгон жети мектеп да партия мүчөлөрүнүн азыноолак жардамы менен оңдолгону анык. Ал эми, табият кырсыгынын курмандыгына айланып, айыл тургундарын убайымга салган Жапалак айыл өкмөтүнө караштуу селге каршы каналдын калыбына келтирилишине "Адилеттүү Кыргызстан" саясий партиясы четте карап турбастан ыкчам жардам берип, кайрадан каналды ишке киргизди. Ал эми, өнүгүп жаткан замандын агымына жараша ой жүгүрткөн партиянын активдүү мүчөлөрү Кыргызстандык ар бир жаранды мезгилдин агымына жараша ой толгоп, билим сапатын жакшыртуу максатында Ош шаарында атайын окуу борборлорун уюштуруп, аталган борбор бүгүнкү күндө Ош шаарынын тургундарына ак кызматын аткарып жатат.
Акты ак, караны кара дечү кез келди. Жасалып жаткан иштерди көбүртүп-жабыртпай, болгонун болгондой туура баяндап элге жеткирүүнүн өзү да адилеттүүлүктүн бир багыты. Ош элинин кубануу менен айткан кеби "Адилеттүү Кыргызстан" саясий партиясынын айткан максаттары иш жүзүнө ашырылышы куру кеп менен курсак тойгузган бир ууч саясий топтордон айырмаланып турганында. Бул? "Адилеттүү Кыргызстан" саясий партиясынын бирден бир жетишкендиктери жана жеңиши. Себеби, эл ишениминен өткөн жеңиштин жоктугу дүйнөлүк практикада эбак далилденген. Өлкөбүздүн социалдык-экономикалык жактан өсүп-өнүгүшүнө өзүнүн мындан ары да айтаарлык салымын кошо алууга ? "Адилеттүү Кыргызстан" саясий партиясынын мүмкүнчүлүк-аракети, эмгек-күчү жете ала тургандыгы айкын. Бул багыттан алып караганда ар дайым элдин чыныгы жашоосу менен жакындан кабардар болуу аркылуу өнүгүүгө бирге адымдай алуучу "Адилеттүү Кыргызстан" партиясын тандоо жаңылыштыкка түртпөй, жакшылыктарга багыттай тургандыгы чындык.
Катаган САЯКОВ,
Буйрутмачы: "Адилеттүү Кыргызстан" саясий партиясы, Бишкек ш.,
Жумабек к. 199.
Ыйгарым укуктуу өкүл;
Ашырбай уулу Дайырбек.




Депутаттын күндөлүгүнөн бир шиңгил
Таң заарда иш бөлмөмө келдим. Жаңыдан чыгып келе жаткан күндүн шооласы көздүн жоосун алат. Стол бетине нурун төгүп, таңкы тазалыкты тартуулап тургандай. Ошол оң-терс айтылган талаш тартыштардын баарын ушул таңкы тазалык тазалап, жаңы күч кубат берип турат. "Өнүгүү партиясын түптөп, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына ал партиянын жаштары ат салышкандыктан, партияга боор тарткан жердештерим, "тигил акебиз биздин партияга шек келтириптир, бул эжебиз башка партиянын камчысын чаап, бут тосуп жатат" деген арыз армандар менен жумуш башталып, кечке талаш тартыштар. Бири-бирибизге тоскоолдук кылбастан, биргелешип, бирдикте элдерге эмне үчүн кызмат кыла албайбыз? Ошол агаларым, эжелерим, саясатка малына элек, жаңы чыккан жаш партиядагы өздөрүнүн эле инилерине, балдарына, кыздарына бут тоспостон, колдоп, жаштарга, келечекке жол ачышса, алар эл үчүн эмгек кылат эле да! Албетте, бул шайлоо биз үчүн чоң сыноо! Элге кызматыбыз сиңдиби? Элибиздин бизге болгон мамилеси кандай? Элибиздин ишеничине ээ болдукпу? Мунун баары элибиздин бизге берген добушунан билинет! Бирок ошол элдин таза ишеничин айрым карышкыр саясатчылар ар кандай оюндарга салып, алардын бизге деген добуштарын уурдап, алар аны менен жаштардын келечегине балта чаап жатпайбы!
Бирок айыл чарба, медицина, билим, маданият, мал чарба жаатында жасаган иштерибиз тууралуу жылуу сөздөрдү уккан соң, күч-кубат кошулуп, иштегиң эле келет. Ишенич пайда болот! "Жылуу сөз жыланды да ийнинен чыгарат" демекчи, эл арасында жакшы адамдар көп болгондуктан мамлекетибиз сакталып жатса керек!
Биздин буга чейинки жана келечекте кыла турган мээнеттер ишке ашып, алардын эл учун деген бир топ жакшы долбоорлору эл тарабынан колдоого алынат. Ушундай ишенич менен жаңыдан баш көтөрүп, саясатта там-туң басып келе жаткан жаштарга саясаттын ыпластыгын көрсөтпөстөн колдоо көрсөтсөк, алар жасаган иштери менен бизге рахматын айтышат.
Бизди жамандаган, жеке кызыкчылыгын, кекиртегин ойлогон агаларыма элим туура баа берип, азыртадан элден тил угуп жаткандарын да угуп жатабыз. Албетте, бир жагынан элдердин калыстыгына ыраазы болсоң, бир жагынан ошондой аттуу баштуу агалардын иштерине нааразы болосуң! Партиянын ишинен кынтык издешип, шайлоодон четтеткенге аракет кылган айрым жердештериме таң калам. "Той болот, тойдун эртеси да болот" демекчи шайлоо бүткөн соң, эртеси кандай бет карашаар экенбиз? Же "эми саясатта боло берет иним" деп коюшабы? Эртеңкисин ойлосоң аларга теңелгиң да келбейт! Саясат деп жерин, элин, мекенин да сатууга даяр болгон мындай жердештериме айтаарым, шайлоо убагы, саясатчылар келет кетет, биз элибиз менен калабыз. Элибизге жасай турган ишибиз абдан көп! Андан көрө биз бирге, ынтымакта элге кызмат кылып, өнүгөлү!
Болот КУРЧ





Ойго келген менен оозго келгендин баары чындык эмес
Жогорку Кеңеш депутаттары бирин-бири коргоо боюнча алдына эч кимди салбай калды окшойт. Генералдык прокуратура Нариман Түлеевдин кылмыштары төмөндөгүдөй экен деп далайын санап, сотко өткөзүп берүүнүн алдында турса, аны Курманбек Осмонов менен Акматбек Келдибеков коргоп, "Түлеевдин камалышын "саясий заказ" деп баягы эле тапталган бет тырмарлыкты айтып турат. Бул эки депутат момуну билбейби: жеп-ичпеген жөн эле адамды камоо өтө кыйын, ал эми депутатты камоо андан жүз эсе кыйын. Анан Генпрократурада олтургандар жөндөн жөн эле камай бергендей келесоо же Бакиев тушундагы баш кесерлер эмес да! Болуптур, Түлеевди кармоодо кээ бир шарттар аткарылбай калган экен. Эмне алар аткарылганда Түлеев таза болуп чыгат беле? Коргогондун да негизи болуш керек. Оюна эмне түшсө, оозуна эмне келсе айта калып популист болуштун, калптан бирөөнө жагына бериштин зыяны көп, бөтөнчө өзүн жигитмин деп санагандарга…