Кадам ушул…
Келесоолор гана жебегени чын экен

Турсунбек Чынгышев премьер-министр болуп турганда: "Азыр жалкоолор менен келесоолор эле жебейт" деп бүтүндөй Кыргызстанды бир козгоп алганы бар. Ал сөздү айтууга анын акысы бар болчу, анткени, Акаев экөөнүн жеген жагынан практикасы мол эле да…
Ошентип, азыр акыл-эси бардын баары эле жеп турганы. Бул кыргыз турмушунун өзөгүн да түзүп калды окшойт, аша кеткен жокпуз, жетпесе жетпей жаткандыр!
Коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатканы чын, бирок, ал күрөш Сизифтин азабынан аша албай турат… Азыр бирин кармасаң, эртең үч коррупционер чыгып жатат дегендей…
Мурунку мэр, кийинки депутат, Курманбек Бакиевдин "бакма баласы" Нариман Түлеев кармалып, ага Генпрокурор Аида Салянова өзү кылмыш ишин козгогондо "таза адамды кармап, саясий заказды аткарып жатат, эгерде аны бошотпосоңор бүтүндөй элди көтөрүп баланча-пастанча кылып жиберебиз" деп Нарын тараптан өтө катуу кеткендер болду. "Бишкектиктер мурунку мэрди аябай сүйөт, шаардыктар аны коргоп жалпы көтөрүлөт" деген да кеп кетти. Бирок, көтөрүлгөн эч ким болгон жок. Бир эле адам миллиондогондорду басып алып, килейген супермаркеттерди, базарларды ачса, фирмалары болсо, квартирасынан эле он беш-жыйырмадай, машинасынан дагы толгону болсо… аны чындап колдогондор аз эле болот экен, же болбойт экен. Эл деле келесоо эмес да. Акча таратса, митингге чыгып кыйкырып коюп кете беришет экен, аны кесип кылгандар да болуп жатат, ал аябагандай жаман көрүнүш.
Түлеев кармалганы төрт жарым айдан бери анын иши тескелип, териштирилип бүтүп калды, эми сотто каралат деген кабар кетти. Ал өзү гана күнөөлөнбөстөн тогуз адамды "ала жатыптыр". Ошолордон эске сала кетели: Бакыт Сыдыков, Бишкектеги "Тазалыктын" мурунку жетекчиси, Валерий Корниенко, Бишкектин мурунку вице-мэри, Медет Кожобергенов, Бишкектеги муниципалдык авточарбанын мурдагы деректири, Руслан Бейшенбаев, Бишкек мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы, булардан тышкары мэриянын мурунку жооптуу кызматкерлери Билим Токтобеков, Айбек Шабданалиев, Абды уулу Өмүрбек, Жеңишбек Сыдыков, Айгүл Тынымсеитоваларга да кылмыш иши козголгон. Булардын ичинен Кожобергенов, Корниенко, Бейшенбаев, Б.Сыдыков камакта, Токтобеков үй камагында, калгандары коңулга кирип таптырбай турат.
Коррупциялык шек менен кармалгандардан күн куру эмес. Алардын арасында депутат менен министрден баштап айыл өкмөтүнө чейин бар. Ошолордон да санап эскере кетели, алар деле өзүбүздүн кишилер, андыктан таарынтпай эскерип турганыбыз жөндүү: Саламаттыкты сактоо министринин мурунку орун басары Оморбай Нарбеков мурун 4 миң доллар пара алган деген шек менен кармалган. Анын үстүнөн кылмыш иши козголуп, иш Биринчи Май райсотуна берилген; 10 миң сом пара алып жаткан жеринен Ысык-Көл район аралык сотунун сот аткаруучусу кармалган; Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл районунун прокурору Жапар Шакиров менен анын орун басары Рустам Исаков кармалган. Прокурор 300 доллар, ал эми орун басары 40 миң сом пара алып жаткан жеринен; Иш кабинетинен 10 миң доллар пара алып жаткан жеринен социалдык өнүгүү министрлигинин мурунку министри Равшан Сабировдун жардамчысы Тахир Мирзахметов кармалган. Кийин ал иш боюнча Сабиров да кармалып, азыр үй камагында; 31-августта элдин баары Эркиндик майрамын белгилеп жатканда Социалдык жактан өнүктүрүү министрлигинин жооптуу кызматкери Гүлнара Дербишева 7 миң доллар өлчөмүндөгү мурунку парасын кайтарып жаткан жеринен кармалган, жакында соту болот; 25 миң сом пара алып жаткан жеринен Түп райондук сотунун төрагасы Автандил Исраилов кармалган. Бул сот балакет экен, анын сейфинен түрдүү акчалардан турган жалпы суммасы 3 млн сом табылган; Жогорку Соттун бөлүм башчысы Улукбек Сүйөркулов ири суммадагы пара алып жаткан жеринен кармалган; Өзгөн райсотунун төрагасы Кушчубай Султанов 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган; Ош облусунун юстиция башкармалыгын бөлүм башчысы А. Камолов 9 миң сом пара менен кармалган… минтип санап олтурсак, улана берет, эй, улана берет! Иштин өлгөнү деп дал ушундай абалда айтат, ишибиз өлүптүр да! Коркунуч ушул, кармалгандардын ичинде коррупцияга каршы күрөшчү структуралардын кызматкерлери болгону, "карышкырлар койду жакшы кайтарып" жатканы! "Бөрүбасарлар" жоголуп барат…
Эсептеп жатышат, билип жатабыз- азыркы ар кыл даражадагы чиновниктердин 90%дан ашыгы коррупциялык жол менен кетип баратат экен. Ошол шүмүрлөрдү сыртынан карап олтурсаң, кенедей да шек- шыбаасы жок, галстугун чыкыйта тагынып, италиялык костюмдан кийип зыңкыя басып, сөздүн агынан анан тагынан айтып, жалаң гана жакшылык кууп жашап келе жаткандай "тери жамынып" жөн адамдарды суктандырганды айт! Анан да өздөрүнөн төмөн адамдар чогулган аш-тойлордо башын асманга чыгара кайкайтып, сүйлөр-сүйлөмөксөн болуп, салам бергендерге алик алганы билинбей эптеп колун сунган болуп, аброю ашып-ташып тургандай түр көрсөтсө жарашып да калат экен. Жарашпай кал!
Туура, айла кеткенде эстелет экен: "Жебеген жердин алдында", "Май кармаган бармагын жалайт", "Жалкоолор менен келесоолор гана жебейт" деген болумсуз кеп. Кандай айтсак да булардын баары турмуштун казанына кайнаган жеринен сузулуп алынган, калпы жок. Мына ошол калпы жок көрүнүштү жок кылышыбыз керек экен, биротоло жок кыла албасак да азайтышыбыз керек экен. Антели десек, алыбыз жетпей жатканы. Бу коррупцияны жоготуу деген ураан болгону менен, күрөш жүрүп жатканы менен, ошол коррупцияң чегирткедей каптап кете берет экен!
Азыр Россияда кеңири кеп болуп жатат, алардын коррупцияга каршы катуу күрөш ачабыз деп киришкенине он жыл толуптур, бирок, эч кандай жыйынтык чыкпай жаткандыгын, тескерисинче, коррупциясы өсүп-өнүгүп жатканын орустун саясатчылары да, окумуштуу-эксперттери да какшап турганы! Анан Россиянын жанында биз ким болуп калыппыз?! Анын үстүнө менталитетибиз да "бармак жалаганга" жакын турбайбы…
Бир караганда коррупцияны токтотуу "чыйт түкүрүм" эле иштей көрүнөт. Маселен, бийлик башында тургандар айлыгынан башка акчаны карабаса, аны башкалардан да талап кылса, пара алганды баса калып дароо соттоп турса, жана ал кылмышты жасагандар бери дегенде жыйырма жылга кесилсе… ушинтип тизмектесең деле кете берет. Бирок, бул аткарылбачу иш экен. Жанагы, "балык башынан сасыйт" дегениң туура экен. Бизде, кыргызда балык башынан гана сасыбастан, бардык жеринен, а турсун куйругунан да сасый турган жагдай түзүлүп турат.
Карапайым эл деле коррупция жолундагыларды жек көрөт. Анан, кызыгы, ошондойлор кармалса, алардын акчасын алып митингдерге чыкканы жаман "бошоткула эле бошоткула" деп. Бу дагы биздин коомдун "оорусу" болуп калды.
Туура, адамзат жаралгандан эле жакшы жашагысы келет, жакшы жашоо деген бейпилдик менен токчулук. Аны ар ким өз колу менен жасап алышы керек, чогулуп жасашы керек мамлекетке биригип. Биздин мамлекетте жашоого жакшы шарттын баары бар. Бирок, аны кандай пайдаланарды билбейбиз, бир билгенибиз - улуп-жулуп жашоо болуп калды. Андан чыгуунун жолу теорияда толтура экен… бирок, аткаргандар аз болуп жатат, жокко эсеге жакын…

Баратбай Аракеев