Болот Эдигеев,
КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, "Арашан" элдик ансамблинин көркөм жетекчиси:
"Элдик фольклорубуз
учурда мышык
ыйлаар абалда..."

Жыйырма жылдан ашуун тарыхы бар "Арашан" элдик ансамбли 1991-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылынын маданият үйүндө, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Болот Эдигеев тарабынан уюштурулуп, ошондон бери кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө кандайдыр бир деңгээлде өз салымын кошуп келет. Мисалга алып айта турган болсок, ансамблдин алгачкы ырчылары болуп, Кыргыз Эл артисти Гүлнур Сатылганова, Лира Райымбекова, Гүлзат Батырканова, КРнын эмгек сиңирген артисти Чырмаш Төрөбеков, Токтобек Асаналиев, Улан Качкыналиев сыяктуу ж.б. белгилүү ырчылар эмгектенишкен. Ал эми азыр болсо, ансамблда КРнын эмгек сиңирген артистти Алтынай Нарбаева, Бактыгүл Бокоева, Кишимжан Мамытова, Тилек Найманбаев, Кундуз Карыпбаева, Анара Шайымкулова Миргүл Осмонбекова, төкмө акын Мамел Исраилов өңдүү таанымал ырчылар эмгектенишет. Бүгүн биз аталган топтун кыргыз маданиятына кошкон салымын эске алып, топтун көркөм жетекчиси Болот Эдигеев менен учкай маектештик...
- Болот мырза, сөз башын "Арашан" элдик ансамблинин жаралыш тарыхынан баштасак, аталган ансамбль кандайча түзүлүп калды эле?
- Ансамбль менин демилгем менен КРнын Эл артисти, композитор Сардарбек Жумалиев, балетмейстри Такен Шаршеев, хормейстери Такен Сатиевдер болуп түзгөнбүз. Түзүп жатканда бут тозуп каршы болгондор да, материалдык жактан колдоп, жардам бергендер да болду. Мисалга алып айта турган болсок, Аламүдүн районунун акими Алишер Сакебаев аябай жардам берген. Ошондой эле биз түзүлүп жатканда Чүй облусу да жаңыдан куралып жаткан. Ошого карабай биз Кыргыз драма театрында ырчылар арасында өткөрүлгөн республикалык теле кароо сынакта биринчи орунду жеңип алганбыз. Ошондон баштап биздин жылдызыбыз жанып, бат эле эл оозуна алындык. Облус жетекчилери, ал тургай маданият министрлиги дагы бизге кол сунуп, жардам бере башташты. Көп өтпөй эле чет өлкөлөргө гастролдоп, Казакстан, Тажикстан, Япония, Индия, Пакистан, Турция, Кытайдан бери кыдырып келдик. Кыскасы көптөгөн чыгармачыл ийгиликтерди багындырып, бир тобубуз кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер болсок, кээ бирөөлөр КРнын Эмгек сиңирген артисти, Эл артисти болушту. Ошентип, 2002-жылы бизди облустук бийлик Ысык-Ата районуна которду. А кезде аталган райондун акими Генадий Давыденко, андан кийинки аким Мурат Саралинов дагы маданиятты жакшы түшүнгөн адам эле, алар бизге көп жардам кылган. Мен болсо 2012-жылы жылы пенсияга чыгып, ошондон бери аталган топтун көркөм жетекчиси болуп иштеп келе жатам.
- Кесибиңиз цирк өнөрпозу экенине карабай, ырчылыкты тандап алганыңыздын дагы өзүнчө себеби болсо керек...
- Албетте, Юрий Куклачёв, Генадий Хазанов, сыяктуу орустардын атактуу артисттери менен бирге Москвадан цирк эстрадалык окуу жайын аяктасам дагы, ырчылык өнөр канымда бар экен, ырчы болуп калдым. Бирок сен айткандай ырчы болуп калышымдын дагы өзүнчө себеби бар, анткени, Москвадан мен окууну жаңы бүтүп келгенде Чоро Кожомжаров башында турган эстрадалык тобу аябагандай күркүрөп чыгып жаткан кези экен, келип эле аталган топко кошулдум. Ошону менен он жылга жакын аталган топто эмгектенип, Чоро Кожомжаровдон көп жакшы нерселерди үйрөндүм. Ал киши мага ырдаганды эле үйрөтпөстөн, турмушка да тарбиялады. Андыктан, ал киши менен бирге иштешип калганыма мен өмүр бою ыраазымын жана сыймыктанам. Өкүнүчтүүсү агабыз арабыздан эрте кетти. Эгер көзү тирүү болгондо бизге дагы далай нерселерди үйрөтмөк.
- Сизди ырдап эле чыкпастан маскарапоздук өнөрүн тартуулап, элди кызыктырчу дешет го?
- Ырдап, маскарапоздук өнөрүмдү тартуулап бир концертте эле сахнага беш жолу чыкчумун. Концертибизге өзгөчө жаштар аябай көп келээр эле, бир күндө үч-төрт жолу концерт койгон учурларыбыз болчу. Биз кыдырбаган жер калган жок, Кыргызстанды бир жылда жети сегиз жолу кыдырып, тоодогу чабандарга чейин концерт коюп барчубуз. Асек Момунказиев деген жакшы алып баруучубуз бар эле, азыр эмне болду билбейм, ал концертти аябай жакшы алып барчу. Арабыздагы дагы бир чыгаандардын бири Алтынбек Сапаралиев, ал кандай сонун ырдайт, ал ырдаганда жаштардын баары тикесинен тик туруп карашчу. Азыркы ырчылар жылдызбыз деп төш кагып жатышпайбы, ал убакта жылдыз деп айтылчу эмес. Эгер ошону азыркыга салыштырып айта турган болсок, анда Сапаралиев жылдыздан да ашып түшмөк. Ошондой эле, биз дайыма жандуу үн менен ырдаар элек. Мен "Маш Ботой" күүсүн чертип келип, аягында комузду ары бери ойнотуп, жонглёрду көрсөтүп кетчүмүн. Ал эми, комузду болсо экинчи классымда атамдан үйрөнгөм. Атам раматылык комузду мыкты черткен, сөзмөр киши эле.
- Башында ырчылыкты тандайбай, эмне себептен цирк өнөрүн тандап кеткенсиз?
- Шаардагы №1 мектеп интернатында окуп жүрүп, чыгармачылык боюнча ар кандай кружокторго катышчумун. Турсун Уралиев, Касымжан Төлбаев деген режиссёрлор сабак өтүшкөн. Дүйшөн Байдөбөтов, Акылбек Абдыкалыков, Шарапат Турдакуновалар болуп, аталган режиссёрлордон сабак алып, биринчи жолу "уядан учкандар" деген драманы элге биз тартуулаганбыз. Кыскасы ошентип, циркке эмес, театралдык окуу жайга тапшырайын деген оюм бар болчу. Окууну бүткөндөн кийин турмуш шартка байланыштуу театралдык окуу жайга тапшыра албай калып, циркке тапшырып калгам. Окууга болсо, ошол кезде каржы министри болуп иштеген Аляскар Токтоналиев деген агабыз өткөргөн.
- Чоро Кожомжаровдун эстрадалык тобу боюнча да айта кетсеңиз?
- Чоро Кожомжаров башында турган кыргыздын тунгуч эстрадалык тобу 1967-жылы Канадада өткөн эл аралык фестивалга катышып, ошондон баштап чыга баштаган экен. Алтынбек Сапаралиев топко 1969-жылы мүчө болуп, мен болсо 1971-жылы киргем. Жалпысынан топто туура он жыл эмгектендим. Андан кийин жогоруда айткан "Арашан" тобу түзүлүп, аны жетектедим.
- Обону сизге таандык ырларды да айрым ырчылар ырдап жүрүшкөнүн билебиз...
- Жалпысынан жети-сегиз обонум бар. Анын үчөө кыргыз радиосунун алтын фондусуна сакталган. Учурда Нинакан Жүндүбаеванын сөзүнө жазылган "Күзгү таң" деген обонумду ырчы Үмүт Тигегенова менен Кишимжан Мамытова ырдаса, "Балачак" дегенди Тилек Найманбаев, "Энекебайды" Чырмаш Төрөбеков, "Балама" дегенди ансамблдин жаш солистти Миргүл Осмонбекова ырдап жүрөт.
- "Арашан" элдик ансамблинин каржы маселеси жана ырчылардын айлык-маяналары тууралуу да айта кетсеңиз?
- Өлкөбүз эки тепкичтүү бюджет системасына өткөндөн бери маданият кызматкерлеринин айлык маяналары жогорулаганы менен, маданият тармагына акча мурдагыдай бөлүнбөй калды. Мисалы, мурда чет өлкөлөргө чыгып гастролдочу элек, азыр ачыгын айтсам, райондорду кыдырып концерт койгонго акчабыз жок. Акча жок, артисттердин кийимдерин тиктире албай жатабыз. Кыскасын айтканда, мамлекет маданиятка көңүл бурбагандыктан, маданиятын, тактап айтканда көркөм өнөрдүн көөнөрбөс булагы болгон элдик фольклордун баркы кетип, мышык ыйлаар абалда болуп турат. Өткөндө өкмөт башчыбыз Жантөрө Сатыбалдиев айтты го, "маданиятты өнүктүрүш үчүн алгач элдик фольклорду өнүктүрүш керек деп" өкмөт башчыбыз айтып жаткандан кийин азда болсо бизге көңүл бурулат го деген ойдомун.

Маектешкен
Мирлан Алымбаев