Журналист коомдун күзгүсү...
Майрамыңар менен журналисттер!..

Эртеңки 7-ноябрь журналисттердин майрамына карата, учурдагы сөз эркиндигине кандай баа бересиз, журналисттердин деңгээли кандай жана азыркы тапта журналисттердин коомдо ээлеген орду канчалык деген суроолор менен жалпыга маалымдоо каражаттарында эмгектенген айрым кесиптештерибизге суроо салдык...

Үсөн Касыбеков,
журналист:
- Учурда Бакиевдин доорундагы прессага жасалгандай кысым жок. Журналисттерди тымызын сабатып, атүгүл кимди ким көрдү кылып жайлатып таштаган (мисалы, Генадий Павлюк) учурларды азыр кезиктире элек экенмин. Кыскасы азыр сөз эркиндигинде, анын ичинде басма сөз эркиндигинде, шүгүрчүлүк, оозду куу чөп сүртпөйлү жакшы эле абал түзүлдү. Эмне дейсиң, эмне деп дөөрүйсүң баарына уруксат. Кой-ай деген киши жок. Ар ким өз билген намазын окуп жатат. Башкача айтканда, сөз эркиндигин асырап кете албаган жайыбыздан, журналистикадагы этика, сыпайыгерчилик деген жоголуп кетти. Ушактан башканы жаза албагандар пайда болду. Интервью алганга алы жетпегендер кезигет.
Дагы бир маселе. Интернеттин келиши, биздин өлкөдө тамыр жая башташы менен "кагаз пресса" дегенибиз, айрыкча "желтый пресса" акырындап отуруп аркы беркиси он жылдын аралыгында алоо-акбар боло турган көздөнүп калды. Бул менин пикирим деле эмес, медиа эксперттердин айткандары ушундай. Оперативдүү маалымат таратуу эмитен эле Интернет-ресурстардын энчисине өтпөдүбү. Гезиттерде андай ыкчамдык жок. Маалымат сайттарына, социалдык тармактарга гезиттериңдин атаандашы кыйын. Анан да гезит чыгаруу чыгымдуу жана машакаттуу жумуш: типографиялык чыгымдар, сатып таратууга корогон каражаттар дегендей . Ошондуктан ар бир гезит электрондук версиясын ачып жатат. Ал гезиттин көчүрмөсү түрүндө эмес ыкчам маалымат таратуу түрүндө.
Сөзүмдүн акырында алдыда келе жаткан профессионалдык күнү менен журналисттерди куттуктап кетейин. Профессионализм кайсы кесипте болбосун, кайсы учурда болбосун жогору бааланып келгени, баалана берери талашсыз.

Бөкөнбай Боркеев,
журналист:
- Баш мыйзамда басма сөз эркин делгени менен, ошол эркиндикти тымызын ооздуктап турган бирин-экин төбөл бар. Ошолордун бири - "койчусу көп болсо, коюу арам өлгөн" Баш мыйзамды өзүнө ыңгайлатып түзүп алган Өмүрбек Текебаев. Ага НТС телеканалын Жогорку Кеңештин отурумуна киргизбей койгону эле мисал. Ал журналисттерге эмес, Өмүрбек Бабанов ошол НТСтин кожоюну деп эсептегенинен тетириленип отуру. Чынында чындыкты чыкчырылта кармап турган азырынча ошол канал. Текебаевдин көзү силердин "Фабулага" да түз эмес. Совет маалында бирөөнүн менчигин талап-тоногой тургай, кылыгы басма сөзгө жарыяланса эле кызматтан куулчу. Ошондо басма сөз чынында эле төртүнчү бийликтин ролун аткарчу. Эми соттун корутундусуна таянып, канча ашкерелеп жатсаң да, кың деген киши жок. Демек, жыйынтык чыкпагандан кийин, басма сөз эркиндиги ооз жүзүндө гана, башкача айтканда, сайрап-сайрап тим болосуң. Ошого карабастан көкүрөгү таза журналисттер коомду ыплас адамдардан тазалоодо көөнөрбөс эмгек өтөөдө.

Наргиза Мансурова,
"Баракелде" интернет
булагынын жетекчиси:
- Сөз эркиндигине оң баа берем. Мурдагыга салыштырмалуу биздин өлкөдө сөз эркиндиги сакталууда, ага карата кысым жасоо көрүнүштөрү азайды десек болот. Бирок, ошол эле учурда, айрым журналисттерди коркутуп-үркүтүү, ал эмес, аларга кол көтөрүү болгон көрүнүштөр да болуп жатат. Бир жагынан буга журналисттер өздөрүбүз күнөөлүү болуп калабыз, анткени ар бир кесиптин этикасы бар эмеспи. Оюндун шарттарын эки тарап тең аткарыш керек деп эсептейм.
Айрымдары айтып жатышпайбы, "журналисттер кесибинин наамын булгап жатышат, сатылмалар көбөйдү", деп. Мындай көрүнүш болгон, болууда жана да боло берет. Кесип бир, адамдар ар кандай. Жалпысынан алганда, менин пикиримде, журналисттер өз милдетин мыкты аткарууда. Тамаша иретинде айтсам, токойдогу карышкырлар сыяктуу санитарлары бар, акыркы имиш-ушактарды шакылдап куйругунда жеткирген сагызгандары бар, ар кимдин артынан жүргөн чөөлөр да бар. Ошого жараша коомдогу орду, ролу да болот.

Тынчтык Алтымышев,
"Алиби" гезитинин журналистти:
- Учурдагы сөз эркиндигине жакшы эле баа берем. Бизде журналисттер үчүн бардык мүмкүнчүлүк түзүлгөн, мыйзамдар менен корголгон. Азыр биз эмнени жазабыз десек жаза алабыз, кайсыл маалыматты алабыз десек ала алабыз. Тек, кептин баары мына ошол басма сөз эркиндигинин кунуна жетпей, "артык кылабыз деп атып тыртык кылган" өзүбүздө болуп жатат. Калемгерлер журтчулугу баарыбыз эле билебиз, кээде өзүбүз тизгинди жыя албай сөз эркиндиги дегенди ашыра колдонуп, айрымдардын жеке беделине, моралына доо кетирип койгон учурлар кез-кези менен чыга калып жатпайбы. Ошондуктан мен буга чейин да бир топ журналистика боюнча адистерге, атактуу десе атагы бар азуусун айга жанган агаларыма кайрылып, "качанга чейин эле "бир карын майды бир кумалак чиритет" болуп жүрө беребиз. Келгиле, чогу кенешели, өзүбүз өзүбүздү тазалайлы, "дейт", "имиш", дегендерден арылып, маалыматтын тактыгы үчүн күрөшөлү, ЖМКлардын ортосунда жалпылаштырган бир максат болсун, сөз эркиндигин мамлекетке пайдалуу нукка колдонолу, мурда кабыл алынган Журналисттер кодексиндеги айрым жерлерди ондоп, түздөйлү" деп кайрылып, бул боюнча макалаларды жазууну сурангам. Тилекке каршы, бири да өз консепциясын жазып берише элек. Ал эми журналисттерге кысым деген нерсени мен уга элекмин, ар ким өзүнүн деңгээлинде маалымат жазып, ошонун запкысын тартып жатышат. Ошолордун кылганы айланып келип эле "кыргыз журналистикасы белден ылдый түшүп кетти, моралдык баалулуктарды тааныбай калды" дегенге алып келип жатпайбы. "Бир уйдун мүйүзүнө таш тийсе, миң уйдун мүйүзү зыркырайт" болуп. Жыйынтыктай келгенде бизде журналистиканын эркиндигин коргоп калгандан мурда этикасын ордуна коюп алалы дейт элем.

Зайырбек Ажыматов,
"Агым" гезитинин кабарчысы:
- Сөз эркиндигине баа берүүдөн мурун кыргыз журналистикасынын азыркы ал-абалы тууралуу бир-эки ооз сөз айта кетүү керек. Кыргыз журналистикасы учурда калыптануу жолунда. Албетте, мындай учурда көптөгөн катачылыктар кетет. Ал эми өзүбүздөн көптөгөн катачылык кетип турган кезде сөз эркиндиги тууралуу унчукпай эле койгон оң. Кемтигинде да, керкисинде да бар. Журналисттердин коомдогу ордун деле так ушул өңүттөн караганыбыз оң... Кыскасы, онду солду... же өтө эле төмөн деп айтсак да жарашат.
Даярдаган
Мирлан Алымбаев