ТУУЛГАНДЫГЫНЫН 130 ЖЫЛДЫГЫ ӨТҮП ЖАТКАН
КАРАМОЛДО ОРОЗОВГО ЖАНА АНЫН ӨНӨРҮН
УЛАНТУУЧУ БАРДЫК КОМУЗЧУЛАРГА АРНАЛАТ
"ИБАРАТ"

Ичеги кыл изгиликти билдирип,
Ичте жаткан сырды чечип үлгүрүп.
Жан -дүйнөңдү шаңга бөлөйт безилдеп,
Мээрим чачып, мейкиндикти сүйдүрүп.

Комуз күүсүн коштоп аспап түрлөрү,
Шаңкылдашып, бир калыпта үндөрү.
Шаттык менен кубанычты тартуулап,
Дүңгүрөтөт добуштары дүйнөнү.

Жаш -карынын жүрөгүнө сыя алат,
Жандын сырын айттырбастан туя алат.
Мурасыбыз --өлбөстүктүн мүрөгү,--
Экендигин экилентет "Ибарат"!

Музыкага канбаган бар -"сугалак",
Учат, издейт, кайырчыдай суранат.
Чарчагандын чаңкоолорун кандырган,
Молдокемдин черткен күүсү -"Ибарат"!

"КҮҮНҮН СЫРЫ"

Кайып дүйнө кайыгында термелдим,
Кабыл алгын, кагаз алып мен келдим.
Аздыр -көптүр жазгансыдым күү сырын,
Ал анткени, өзүң Кудай дем бердиң!

Жазаарыма калем даяр-шеригим,
Нурга бөлөйт, көңүлүмдү мээримим.
Бермет тамга ыр сабына тизилсе,
Ак жол тилеп сүйөгөндөй Теңирим!

Сапарлашым комуз күүсү мен уккан,
Сагынгандын жарпын жазып муюткан.
Артка таштап кылымдардын катарын,
Аруулантып ой өзөгүн уюткан!

Күү сырынын ачкычын таап ачканга,
Кызый -кызый кызыгына батканга.
Жалбарынып, Теңиримден суранам,
Жан -дүйнө күү, чеберин жазганга!

Туулгандан соң, тирүүлүктүн түшүмү,
Эс токтотуп, дээр менен түшүнүү.
Үч кыл комуз Теңир берген кыргызга,
Зор тарыхтын үзүлбөгөн учугу!

Күү дастанга өнөр ээси жарашат,
Ыргагына кол ийкеми жанашат.
Түрүп кулак, сезим менен тыңшасаң,
Касиеттүү нускоолорду жаратат.

Муун -жүүндөр бошоп турса, күч берет,
Бүкүрөйө түшкөн белиң түзөлөт.
Толгоолору туюмдарды толтуруп,
Кайрыктарга касиеттер түс берет.

Керемет күү бүткөн бойду эритет,
Кесел кетип, тар жериңди кеңитет.
Каңырыгың түтөп турса, жылмайтып,
Кайдан -жайдан камкорчулар келишет.

Эл мүдөөсүн аткаргандай талабын,
Экилентип, күүгө салып кадамын
Жаткандыгын жан -дүйнөмө сиңирип,
Жазып жатат, жалын бүркүп каламым.

Кең жайылып Ай, асманга кулачы,
Сүйлөнбөй сөз, ыргак менен сыр ачуу.
Уккан сайын моокумуңду кандырып,
Бойго кошот касиет, күч -кубатты!

Көктө учкан Кыргыздын ак Шумкары,
Жарышканда ашып чыкчу тулпары.
Комузчулар арасынан Кенжебек,
Күү атасы Камбаркандын урпагы!

Күүсү Күндүн чубагындай теп -тегиз,
Көз алдыңда толкугандай көк деңиз.
Сезимдерди сергиткени -сергиткен,
Черткен сайын, улуу муундар көздөнүп.

"Кыргыз ата", "Кыргыз эне", "Кырк жигит",
Катарында "Кырк кыз" сүйкүм сүйдүрүп.
Жаралганын Ай менен Күн нурунан,
Чебердикте күүсү сайрайт үлгүрүп.

Күү дастаны улангандан -уланып,
"Кыргыз жаны" мээримине сугарып.
Ырыс алды -ынтымакка чакырат,
Ыргактары Жараткандан үн алып!

Тереңдиги океандай чалкыган,
"АЙКӨЛ МАНАС" дүйнөсүн бүт камтыган!
Даңазалап, "Кыргыз көчүн", "Сөздөрүн",
Кабар берет каада менен салтынан.

Энекебиз Каныкейдин кайраты, --
Ээрчигин! -дейт, аял затын артынан.
Айчүрөктүн аруулугу, акылы,
Тамыр жайып, таркасын дейт калкыма!

Комуз сырын манжаларга башкартып,
Жүгөн катып, ээр токулган ат тартып.
Үн алышып, үч кыл ичек жарышат,
"Ат -адамдын канаты!" -деп, аткартып.

Комузунун соолбогон булагы --
Жаңыланып, жаңырган күү кулагы.
Көңүл эргип, коргошундай көлкүлдөп,
Колдон түшпөс Кенжебектин куралы!

Черткин иним, кереметке эгедер,
Чектелбеген ийгилигин көрө бер.
Жалаң гана жакшылыкты туу тутуп,
Ата -Журтка күү түшүмүн төгө бер!


Айшеке
Курманова,
КРнын жазуучулар
союзунун мүчөсү,
акын.