Тасмадан кийинки ой…
Ырыс Жоомартова,
КУУнун ага окутуучусу, продюсер:
"Тасма тартканга чейин эле бай
айымдардын катарына кирчүмүн"
- Ырыс эже, "Быйыл сөзсүз күйөөгө тием" тасмасынын 2- бөлүмү тартылып бүтүп, коомчулукка сунушталууда. Алгач ушул тасма туурасында айтып өтсөңүз?
- Өткөн жылы "Быйыл сөзсүз күйөөгө тием" тасмасынын 1- бөлүмүн тартып, элге сунуштаганыбызда эл аябай жакшы кабыл алып, тасманын 2- бөлүмүн тартуубузду суранышкан эле. Динара Эсенгулова экөөбүз кеңешип, тасманын 2- бөлүмүн тартуу туурасындагы чечимди кабыл алганбыз. Тасманы тартууга жалпысынан жарым жыл кетти. Учурда тасма бардык кинотеатрларда, бүтүндөй облустарда көрсөтүлүүдө. Тасмага элдин келүүсү аябай жакшы. Негизи эле кино аябай сапаттуу болуп, мыкты чыкты. Келген эл ыраазы болуп, кайра-кайра билет сатып алып кирип көрүшүүдө. Чынында биздин фильм көрүүчүлөргө аз болсо да күлкү, жагымдуу маанай тартуулап жатат.
- Бул теманы кандай максатта козгодуңуздар эле?
- Өзүм мугалим болуп, болгондо да психология сабагынан мугалимдик кесипти аркалап жаткандыктан азыркы учурдагы кыздардын көйгөйүн абдан жакшы билем. Жигитине алданып, же сүйүп жетпей калып ыйлап, боздоп жүргөн аялзаты абдан көп. Мындай көйгөйгө туш болгон кыздар мага келип кеңеш алган учурларды да болгон. Ошол себептен биз ушул тасманы тартып, бүгүнкү жашоодогу ачуу чындыкты элге комедия аркылуу көрсөттүк. Кудай шүгүр, тасмабыз жакшы тартылып, элдин алкышына арзып, Динара экөөбүз кубанып турабыз.
- Тасманын биринчи бөлүмүнө көп каражат жумшалдыбы же экинчи бөлүмүнөбү?
- Каражат жагын азыр айта албайм. Санаган жокмун. Бирок тасмадан акчаны аяган жокпуз. Канча каражат талап кылынса, бүт жумшадык. Ошол үчүн тасмабыз мыкты чыкты окшойт. Кудай буюрса, эми жай отуруп, канча каражат кеткенин тактап чыгайын деп жатам.
- Учурда көп режиссёрлор кино тартууну бизнеске айлантып албадыбы. Сиздин да тасма тартууга кызуу киришкениңизди байкап жатабыз. Тасманы кандай максатта тартып жатасыз, каражат табуу максатындабы же…
- Негизи тасма тартканга чейин эле бай айымдардын катарына кирчүмүн. Чынын айтсам, тасмага чейин эле борбордо эки кабаттуу үйдө тигүү цехим, батирлерим, дүкөндөрүм, сулуулук салонум бар болчу. Муну мактанганымдан айтып жаткан жокмун. Мага каражат табуу башкы маселе эмес болчу. Анткени акчага көп деле муктаж эмесмин. Тасманын арты менен байып кетейин дебейм. Тескерисинче, өзүмдүн бизнесимден тапкан акчама тасма тартып, коомчулукка аз да болсо тасма аркылуу бүгүнкү көйгөйлөрдү ачып берейин деп жатам. Албетте, тарткан тасмаларымдан да каражат таап жатам. Анын үстүнө азыр балдарым чоңоюп, үйдө жасай турган жумушум деле жок. Эрте кетип, кеч келип, кээде келбей калганга да толук мүмкүнчүлүгүм бар. Бош убактымды пайдалуу ишке жумшап жатканыма кубанам.
- Үйүңүзгө келбей калганда жолдошуңуз эмне дейт. Мунун кесепетинен үйдө чыр- чатак чыкпайбы?
- Жолдошум абдан түшүнүктүү адам. Кээде "Эжекебай бүгүн үйгө келесизби. Даректи унуткан жоксузбу?"- деп үйүбүздүн дарегин айтып тамашалап чалып калат. Менин кино тартып, тасмада образ жаратып жүргөнүмө жолдошумдун кошкон салымы зор. Кээ бир эркектер сыяктуу "Кайда жүрөсүң, эмне кылып жүрөсүң? Энеңди урайын, отур үйдө. Киного тартылганды эмне кыласың. Ар кайсыл кинодо ар кимди күйөө кылып жүргөнүң эмне?"- десе мен деле үйдө отурмакмын да. Бирок мени колдоп, сыйлап, түшүнүү менен караган жолдошума аябай ыраазымын. Ушундай жакшы мырзага жолуктурганы үчүн Кудайга да ыраазымын.
- Өзүңүз продюсерлик кылган тасмалардын баарында роль аткарат эмессизби. Эл арасында Ырыс өзүнүн тасмасынан пайдаланып жатат деген сөздөр да айтылып жатат. Сиз буга кандай жооп айтасыз?
- Мындай сөздөр айтылып эле жатат. Чынын айтсам тасмада роль аткаруу менин бала кезден бери эңсеп келе жаткан кыялдарымдын бири болчу. Жаш кезимде тасмага тартылбай калдым. Анткени ал кезде тасмалар такыр токтоп калган. Жаш кезимде тасмага түшпөй калганыма өкүнөм. Анткени ал кезде аябай сулуу, куурчактай кыз элем. Тасма тартууну биринчилерден болуп Рустам Аташов жол ачып берди десем жаңылышпайм. Башка режиссёрлор таарынышпасын. Бирок бул ачуу чындык. Рустамдан кийин башка режиссёрлор тасма тартып, анан кыргыз тасмасы алдыга жыла баштады.
- Өзүңүздүн аткарган ролдоруңузга өзүңүз кандай баа бересиз?
- Башында аткарган ролдорум өзүмө көп жаккан эмес. Канааттанбай калгам. КТРК тарабынан тартылган "Сезимде калган издер", "Быйыл сөзсүз күйөөгө тием-2" тасмасындагы ролум өзүмө аябай жагат. Ушул ролдорду жогорку чеберчиликте аткаргам.
- Менден да жакшы режиссёр чыгып калышы мүмкүн деп айтып калбадыңызбы. Продюсерликтен режиссёрлукка өтөйүн деген оюңуз барбы?
- Ооба. Өмүр бою эле продюсер болуп жүрө бербейм да. Учурда искусство институтунда режиссура бөлүмүндө окуп жатам. Билими жоктор деле тасма тартып, режиссёр болуп жүрбөйбү. Жакшы тасма тартуу менин колумдан келерине ишенем. Бир эле учурда режиссёр, проюсер, актёр, ишкер да болууга жетишем деп ойлойм. Кудай ден соолук, аманчылык берсе, алдыда аткара турган иштер арбын.
- Жакында кандай темадагы тасманы тартууга белсенип турасыз?
- Балдардын компьютерге кирип кеткени боюнча тасма тартайын деп жатам. Бул азыркы учурда дүйнө элин түйшөлткөн көйгөй болуп жатат. Динара Эсенгулова экөөбүз тасманы тартуу үчүн мектептердин, жогорку окуу жайлардын жетекчилери менен сүйлөштүк. Алар да жардам беребиз деп жатышат. Бул теманы 100 пайыз болбосо да, 80 пайыз билем. Анткени диссертациямды ушул темада жазгам. Ошол себептен, ушул теманы көтөрүп жатам. Кудай буюрса, жакында алгачкы эпизоддорун тартып баштайбыз. Азырынча "Клавиатураны жайына койчу" деген атты коюп жатабыз.
Мындан сырткары байып, жашы 45-55терге келип калганда жаштыгын, сулуулугун, күчүн жумшап, байышына, чоң кызматка жетишине зор салым кошкон аялдарын таштап, токол алган, акчага кызыгып, бирөөнүн үй- бүлөсүн бузган кыздар, 2-3- аял болгон токолдор туурасында тасма тартсамбы деп жатам. Учурда бул тасманын сценарийинин үстүндө иштөөдөмүн. Бул тема да бизде актуалдуу темалардын бири. Анткени мага ушул көйгөй менен көп аялзаты кайрылат. Өзүмдүн жакын тааныштарым да ыйлап келген учурлары болгон. Ошондон улам ушул теманы көтөрүп чыкканы турам. Акча, байлык дегенде өзүн курмандыкка чалган жаш кыздарбыз менин тасмамды көрүп, бир аз болсо да сабак алышат деген үмүтүм бар.
Маектешкен
Жаркынай Кадыркулова