"АК ИШТЕГЕН АКЫРЫ ЖАМАН БОЛБОЙТ"

Чынын айтыш керек, Кыргызстандын 20 жылдык тарыхында буга чейинки иштеп кеткен Бишкектин бир да мэри Иса Өмүркуловдой аёосуз сынга кабылган эмес. Мэрдин пикиринде "алардын басымдуу бөлүгү негиздүү" болгону менен абай салып караган адамга жүйөөлүү сындан көрө жүйрүк бапылдаган, жөндүү сындан көрө жөөлөгөн сын арбын айтылып жаткандай. Мунун себеби бар - анткени 20 жылдык эгемендүүлүктүн, эки ыңкылаптын борбор калаада калтырган "бай мурастары" толугу менен азыркы мэр Иса Өмүркуловдун энчисине тийди. Биз жакындап келе жаткан шайлоолор алдынан толгон-токой шаар көйгөйлөрү, борбордун келечеги, жеке турмушу ж.б. туурасында мэр мырза менен кенен маек курдук.

Ыры-чыры бүтпөгөн
Ата-Түрк паркы
Мэр катары ушул маселени башын так ачып койгум келет. Ата Түрк паркы боюнча учурдагы кырдаал мындай: муну үч бөлүккө бөлүп кароо керек. Биринчиси - бул 2005-жылга чейинки бөлүнгөн участоктор. Муну мэриянын мурдакы жетекчилери бөлүп беришкен жана ага ылайык бир нече особняктар курулган. Бул курулуштардын басымдуу бөлүгүнүн парктын аймагына тиешеси жок. Бир гана чети паркка бир аз кирип кеткен. Курулуштар башталганга чейин бул ээн жаткан жерлер болгон. Экинчиси - 2005 -жылдагы март революциясынан кийин курулуштун экинчи агымы башталган. Тактап айтканда, Октябрь райакимчилиги чыгарган № 412 -токтомдун негизинде аталган парктан аттуу -баштуу чиновниктерге 191 участок бөлүнүп берилген. Бирок бул жерде алиге чейин курулуш салынган жок. Биз муну көзөмөлдөп турабыз. Мен ушул токтом боюнча берилген участоктордо үйлөрдү курууга каршы күрөшүп жатамын.
Бул маселе боюнча Жогорку Сотко чейин жеттим, бирок тилекке каршы утулуп калдым. Азыр муну кайрадан коррупцияга каршы кызматка коюп жатам, буга кимдер аралашкан, токтомду ким чыгарган ж.б. такталышы керек. Бүгүнкү күндө парктын аймагындагы 50дөй мыйзамсыз соода павильондору алынды. Парктын түштүк тарабынан түштүк Кореялык "Юайти глобал" фирмасына мыйзамсыз берилип кеткен 5 гектар жерди шаарга кайтардык. Мындан ары бул парктын бир сантиметр жери да сатылбайт деп мен шаардыктарга сөз бере алам.

Балдардын спорттук ат мектеби бар беле?
Адегенде эле тактык киргизип коёюн, ал жакта мындай мектеп дегеле болгон эмес. Бул болгону 3-4 сотых участогу бар сарай гана болчу. Ал да бир кезде бирөөлөр тарабынан мыйзамсыз менчиктелип кеткен. Маселени көтөрүп жаткан Султанов аттуу жаран болгону ошол жерден кичинекей бир жер участогуна гана ээлик кылып турган (парктын бир бөлүгүн өз алдынча мыйзамсыз ээлеп алган) жана ал жерге өзүнө аткана куруп алган. Парктагы кылымдар бою өсүп турган бак-дарактарды кыйып алып аларды атканасынын курулушуна пайдаланган. Эми ал өзүн балдар үчүн кам көргөн киши катары көрсөтүп жатат. Балким бирин-экин балдар менен машыкса машыккандыр. Анткени анын жанында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн адистештирилген балдар бакчасы бар. Мында Султанов өзүн элге жакшы көрсөтүү гана аракетин кылып жатат. Биз ошондуктан аткананы толук жок кылдык.

Метро куруу, гезит
күркөлөрүндөгү порножурналдар, адеп-ахлак туурасында
Метро боюнча идеяны колдойм. Келечектүү иш. Бирок чынын айтайын, жакынкы он жыл ичинде бул ишке ашпайт.
Порножурналдарга келсек, учурда нравалык жагыбыз абдан аксап турган чак. Иштеби, шаардабы, жашоодобу, бүт жагынан маданиятыбыз төмөндөп кеткен. Буга зээниң кейийт. Интеллигенция, маданият ишмерлери, маалымдоо каражаттары унчукпай турат, бул туурасында мыкты макалалар жок. Гезиттер ызылдаган саясат менен ушак - айыңдан башы чыкпай калды. Менимче буга каршы күрөшүүнүн эки эле жолу бар. Биринчиси -бул билим берүүнүн деңгээлин көтөрүү. Экинчиси -административдик таасир этүү жолу. Башкача айтканда, айып пул салып жазага тартуу. Муну сотко берип кароого көп убакыт кетип калат. Муну шаар кеңешинин депутаттары жасаганы туура болот деген ойдомун. Порнографиялык журналдарды саткан адамдар бир эки жолу айып пул төлөсө андан кийин ойлоно башташат.

Шаар жолдору, салык жайына кызыккан шоопурлар, саны өсүп бараткан эстеликтер
Чынымды айтайын, машине айдап жүргөн киши катары мен деле мурда ушинтип ойлой берчүмүн. Мэр болгондон кийин гана муну таптакыр башка жагынан көрдүм. Шаардагы жолдорду оңдоо маселеси алдыңкы орунга коюлду. Мисалы, мен иштеген эки жыл ичинде 20 дан ашуун жолдор оңдолду. Айдоочулардын талабы негизи туура, бирок аларга бир маселени жеткирүү керек. Мурда жол салыгы жолдорго чегерилип турса азыр андай эмес. Салык жалпы казынага түшөт. Мисалы, быйылкы жылда жолдорду оңдоого болгону 102 млн сом гана каралган. Шаар бюджетинин буга чейин 30 пайыздан кем эмес бөлүгү калтырылса, быйыл араң эле 19 пайыз калтырылды. Шаар бюджетинин 54 пайызы социалдык муктаждыктарга жумшалып кетүүдө. Бирок ошого карабай жолдорду оңдоп жатабыз. Маселен, Ош базарынын тегерегинде, 20 жылдан бери асфальт эмне экенин билбеген жаңы конуштарда 25 чакырым асфальт төшөлдү. Бул туурасында эмнегедир эч ким айтпайт. Шаарда 175 миң автомашина бар, мынча машине жүрүп жаткан жолдорду улам оңдоп туруунун өзү абдан кыйын. Быйылкы жылда жол салыгы араң эле 162 млн сомду түздү. Бул каражат абдан аз.
Эстеликтерге келсек, туура, алардын саны өсүүдө. Бизде адам каза болгондон бир эки жыл (алардын сиңирген эмгегине шек келтирбейм) өтөөр өтпөс эстелик койгонго шашышат. Мындан арылышыбыз керек, андан тышкары эстелик койгонго жер табуу да кыйындап баратканын эскерте кетмекчимин. Ошондой эле көчөлөрдүн аталыштарын алмаштыра бергенге да каршымын.

Көчө соодасы, жарнак щиттер, ипотекалык
кредит
Көчө соодасы азайып баратат. Биз карапайым элди нан табуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратсак деген оюбуз жок, бир жерге чогултуп, мыйзамдуу турсун деген оюбуз бар. Ошондой эле шоро, жарма ж.б. ичимдиктерди көчөдөн сатканга да жаңы жылдан баштап тыюу салабыз.
Рекламалык саясатты өзгөртүшүбүз керек. Учурда шаарда 36 ири щиттер алынып салынды. Г түрүндөгү щиттердин турушу коркунучтуу, анткени алардын астынан транспорт, адамдар өтөт, ар кандай кокустуктар болуп кетиши ыктымал. Бишкекте азыр 760 щит бар, алар мурдагы түзүлгөн келишим боюнча жыл соңуна чейин турушу керек андан кийин жаңы рекламалык саясатка ылайык тартипке салынат. Бизде да Москва, Токио сыяктуу шаарлардагыдай кооз, жаркыраган щиттер турушу керек.
Ипотека туурасында. Ипотекага турак жай сатып алгысы келген шаардыктар үчүн мэрия 40 пайызын төлөгөн практика иштеп жатат. Бул жарым ипотека. Дүйнөдө ипотекалык кредит узак мөөнөткө берилет. Бизде банктын үстөк пайызы өтө эле жогору, себеби банктар буга кызыкдар эмес. Мэрия учурда биздин шарттарды кабыл ала турган фирмаларга бир нече долбоорлор менен кайрылууда. Буга ылайык фирмалар турак жайды шаардыктарга азыркыдай 6 айга эмес, узак мөөнөткө, т.а. жок дегенде 3 жылдан кем эмес мөөнөткө бериши керек. Советтик мезгилде кооперативдик квартира берген сыяктуу тартипти киргизели деп жатабыз. Маселен, фирма курган үйүнүн 50 пайыз наркын алып туруп, калганын акчасын жылдырып берсе болот.

79 кожоюну бар Ош
базарына "чоң казат"
20 жылдан бери бир да мэр буга чейин тартипке сала албаган 79 "баштуу" Ош базарын сдпкчы мэр Иса Өмүркулов "салгылашып" атып тартипке салууда. Учурда бул боюнча иштер аягына чыга элек, бирок сындагандар арбын. Мэрдин айтымында базарда 23 ири 56 майда соода түйүндөрү бар. Учурда Ош базарын реконструкциялоонун активдүү экинчи фазасы башталган. Реконструкциялоо иштерин атайын мэрия түзгөн Штаб көзөмөлгө алууда. Стихиялуу соодага жол бербөө максатында шаардык кызматтардан 483 жооптуу адам Ош базардын ар бир участкасына бекитилген. Реконструкциялоонун жүрүшүндө жалпысынан 800 мыйзамсыз объектилер алынып салынган. Учурда Ош базарынын ичиндеги соода объектилеринин мыйзамдуулугу текшерилүүдө. Базарды реконструкциялоого каршы чыгып массалык тартипсиздикти уюштурган 60 адам кармалып административдик жоопкерчиликке тартылган. 2000 ден ашуун стихиялуу соода орундары, 96 мыйзамсыз курулган прилавкалар жок кылынган.

Өмүркулов талап коё албаган, жумшак жетекчиби?
Бул сыртынан гана ошондой көрүнсө керек. Ар бир кеңешме сайын 5-6 кызматкерди катуу жазалап турам. Албетте, менде сөгүп-сагуу, оройлук деген жок. Бирок ишти сураганды да билем. Акыркы эле кездерде "Тазалыктын", ЖКХнын, билим берүү департаментинин башчысын, Свердлов районунун акиминин орун басарын кызматтан алдык. Болгону бул туурасында маалымат гана жок. Эми албетте, жетекчилерди тегиз кызматынан кетирүү маселени чечпейт дечи. Кадрларды тарбиялоо керек, жоопкерчилигин өстүрүү керек. Биздин эл катуу кол башчыны жакшы көрөт. Бирок муну иштин натыйжасы деп санабас элем. Мага кимдин кадры же кишиси, кызыгы жок, милдетин так аткарабы иштейт, аткарбайбы анда коштошом. Мен эч кимисине тийбей жаматты 1,5 жыл бою тарбияладым, эми сурай турган убак келди.

Үй-бүлө, жубайынын
бизнеси жана хобби
Үй-бүлөм мага айтылган негизсиз сындан, каралоодон абдан жабыркайт. Бирок жубайым кээде (ал деле шаардын тургуну эмеспи) шаарда тигил жерде тигинтип атыптыр, бул жерде минтип атыптыр деген дооматтарын билдирип калат. Бирок ачык айтайын, үй-бүлө менен шаардын, жумуштун маселелерин аки-чикисинен бери талкуулоо, аларды кийлигиштирүү деген менде жок, болбойт да.
Жубайымдын кесиби экономист -товаровед. Өмүр бою соода тармагында иштеп келатат. Учурда да ошол эле тармакта ишин улантууда. Эки бутиги бар. Экөөн тең ижарага алып иштетет. Бир дүкөнү "Караван" (Түлеевдики) соода үйүндө, экинчиси борбордук "Айчүрөк" дүкөнүндө. Эркектердин кийимин сатат. Үйдөгү чарба бүт бойдон а кишинин мойнунда. Базарга да дайыма өзү барат. Менин кийимди да тандап берип турат. Мага жагат, жупуну жана ыңгайлуу. Улуу балам кырсыкка кабылганы азыр эч бир жумуш менен алектенбей үйдө отурат. Маанайы абдан эле пас, кээде туруп өзүм чочулайм. Кичине уулум болсо Чехияда окуп жатат. Мүнөзү көк, мени тарткан, окуйм деди жөнөттүк. Көтөрмөлөгөн жокпуз, баарына өз аракети менен жетти. Кызым шаардык инфекциялык ооруканада катардагы эле врач. Илим менен алектенип баштады. Бөлүмдө ал менин кызым экенин билишпейт деле экен. Дегеле мен балдарыма жакшы тарбия бердим деп ойлойм. Бирок кырсык ар кимдин эле башында бар эмеспи, бул биздин үйдө да болду. Арга жок. Баарынан да мага азап болгону- мени ушул каргаша менен аянбай согушту, айтпаган сөздүн баарын айтышты. Мен өмүрүмдө бир жанга жамандык кылган адам эмес элем, адамдар мени мынчалык жек көргүдөй эмне күнөөм бар эле деп бир чети таң калам, бир чети зээним кейийт.
Менин хоббим жылкы. Малга жакын кыргыз баласы катары жылкыны абдан жакшы көрөм. Классикалык адабиятты, Л. Гайдайдын өлбөс тасмаларын жактырам.
Бахтияр ШАМАТОВ