Мидин Алыбаевдин 95 жылдыгына карата...
Качкын Оторбаев
Мидин
Бир сөз менен бир бүткүл ойду түшүндүргөн
Мидиндин сатиралык саптарынан бир шиңгил...
1. Чала сабат адам жөнүндө:
- Өзүнө окумуштуу болуп көрүнөт,
Отуз жетинчи жылы
Чач коюп түшкөн сүрөт...

2. Колдоо менен
келаткан, "кокуй" жетекчиге:
- Бирөө бар:
Көкүлүнүн асты
Бөксө болгону менен,
Көкүрөгү бийик
Салам айтсаң
Салмактанат
Араң башын ийип...
Күн бүркөө болсо да
Күрөң көз айнек кийип...

3. Жаман адат жаратылат,
жашаган коомдон улам:
- Ууру, ушакчы, кошоматчы,
Ушулардын бардыгы
Капитализмдин калдыгы...
Мидин Алыбаевдин акыркы
сааттарындагы
жазылган армандуу саптарынан...
Кайрыламын силерсиңер катарым,
Ушул күндө уу жуткандай капамын.
Арак деген азап оору болбосо,
Анча деле жок эле го чатагым.
Жаным күйүп жар башында турамын,
Не болоорду өзүңөрдөн сурадым.
Огум учат он бөлүнүп бириндеп
Бирок чиркин ал кимдерге билинмек,
Антип калсам кээ бирөөлөр айтышаар.
Акыр түбү ушул болмок Мидин - деп.
Дагы айтамын баратамын нарылап,
Үмүт үзбөй ойлонгула баарылап.
Медицина берсе гана жардамды,
Алгылачы силер эле дарылап.
Мидин Алыбаевдин үй-бүлөлүк
сүрөт альбомунан...

МИДИНГЕ
- Калсаң да унут, канча жыл,
Калыстык сөздү айтайын...
Теңирим сага берген го,
Береке жашын арчанын...
Кыйла жыл селдей агылып,
Кылымдар турса жаңырып,
Кымбаты сендей таланттын,
Кылымда чыкчу жаңылык!
Көрө албас жарты, бүтүндү
Көөлөсө дагы жүзүңдү...
Көңүлгө албай тура тур,
Мидике, көрөсүң элден үзүрдү...
Көрө албас "достор" асылып,
Көп жылдар жүрдүң басылып...
Кыргызга керек сен өңдүү,
Кылымдын сейрек акыны...
Көө жукпайт сага сүйкөсүн
Көөнөргүс талант бир өзүң...
Көйкашка сендей талантты,
Көтөрөөр элиң, бир өзү...

МИДИН ТҮШТҮК ЖЕРГЕСИНДЕ…
Аркалыктын иттери
Абыдан сыпаа келишет.
Мидин борбор калаадагы республикалык гезиттердин биринде иштеп турган мезгилде, редакциянын атайын тапшырмасы менен түштүк жергесиндеги кайсы бир алыскы районго элдин өтүнүч катын текшерүүгө барып келүүгө жолдомо кагаз алып жөнөп калат...
Өзүнө чакырган редактор: - Мидин, сен түштүктүк туугандарга биринчи жолу бара жатасың. Алардын сый-урматы биздикинен бир аз башкачараак келет, - дейт. Кокустан сыйлап чакырып, кой союп коноктоп калышса, анда алган устукандарыңды үзүлүп түшүп ал жерде жей бербе, акырын газетаңа ороп катып алгын. Алар өзүлөрү да ошондой кылышат... Алдыга алып келген сорпо куюлган керден чыныларга нандан чылап, ырахаттана отуруп алып ичип-жей беришет. Сен да алардын каада-салтын сыйлап, тигилердин ыгы менен болуп, алган устуканыңды кечке мүлжүп отуруп алба? Аркалыктар ушинтет экен дешип, аларга уят болобуз - деп эскерткени Мидиндин эсинде...
Районго барган күндүн эртеси, ошол жердик газеттин кабарчысынын коштоосунда, каттын изи менен тоо этегинде жайгашкан чакан бир айылга келип түшөт.
Ал жерде урмат-сыйга бөлөнгөн Мидин, кечинде колхоздун кой фермасынын үйүндө конокто болот. Кой ферма колу ачык бажактаган, ак көңүл адам экен. Мидин кой десе да болбой жатып короосундагы атайы байланган семиз ириктин бирин "көтөрүп чабат". Конок каадасы менен кошо, ошол айылдын активдерин, колхоздун башкармасын чакырат. Казандагы эт бышып, табакты элге тартуу үчүн колго суу куюлуп бүткөндө, карбаластаган кой ферма: - Кокуй, бул киши конок эмеспи, туугандар? - деп, койдун куйкаланган башын, ага кошуп жоон-жолпусунан келген ириктин жото жилигин, жиликтенбеген эти менен кошо Мидиндин алдына тартат…
Калган элге да кадырына жараша устукан узатылат...
Устуканын эл эмне кылышаар экен эми? - деп акырын байкап турса, баягы айтылгандай устуканын эч кимиси ооз тийбей, шабырата газет-журналдарына бат-бат ороп алышат. Алдыларына койгон керден чыныдагы сорпого нандан чылап жеп, ырахаттанып отурушат.
Мидин шашпай отуруп алып, жан чөнтөгүнөн макисин чыгарып ачып, жото жиликти таптаза кылып мотурайтып мүлжүп, устукандын ушул мүлжүгөн сөөгүн көрүнөө жерге, дасторкондун четине тасырайтып элге көрсөтүп коюп коёт. Бул кылыгын байкап отурган Мидинге аябай жини келген жанындагы жашынан бир топ улуу тыржыйган арык, тиши арсак-терсек түшкөн, бүтүгүй көк көз сары киши:
- Эй, аркалык тууган! Силерде, эшиктеги иттерге да бир үзүм жээр бирдеңке калтырышабы? - дейт, тийишип...
Ушул эле сөздү күтүп тургансыган Мидикең, турган эле жерден минткен экен:
- Э, айланайын Ичкилик,
Ачкалыктан үстүгүп?..
Мүлжүп коюп жиликти,
Кетсе менден итчилик?
Кечиримдүү бологөр,
Кептин айтсам түздүгүн…
Бизде,
Аркалыктын иттери,
Абыдан сыпаа келишет…
Устуканга "сук" артпайт,
Жугунду болсо "жеп-ичет"?
Ороп албайт коногу,
Устуканын берчи? - деп...
Сорпого нан сындырып,
Иче бербейт сенчилеп...
Кечке нанды жей берсең,
Кетик тишиң кертилет...
Такай бузук сүйлөсөң,
Минтип жинди келтирип?
Түшүп калат тиштериң,
Арсак-терсек, теркилеп...
Бүтүп калат тескери,
Бир жак көзү сенчилеп... -
десе, түштүктүк туугандар азил-тамашаны аябай жанындай сүйөөрүн билдиришип, каткырып-күлүп жыргап жатып калышты.





Повесть...
Баратбай АРАКЕЕВ
"Мен сага өлүм
алып келем"

Эртеси билинди, Мырзабек ал күнү шаарда болгон эмес. Анан ким?
Дагы бир өтө шектүүнү Болуш өзү айтты Болотко. Бу шаардын каймагын калпыган жалгыз эле Болуш эмес да. Майда-барат топтор да бар. Мына ошолордун биринин анабашы Марс деген неме жигиттери менен Болушка төлөп турчу бир фирмага барып, ага караштуу кафеден тамактанып, коньягына чейин ичип, анан ага үстөк дагы акча талап кылганда фирма ээси дароо Болушка телефон чалып чоң чатакка айланып кете жаздаган. Болуштун тобунун азырынча күчтүү экенин билген Марс аргасыз моюн сунган эле. Кетип баратып дал Болуштун өзүнө айткан: "Көрөбүз, кезек келгенде..." деп. "Кезегин келтирдиби" Марс. А балким айласыз төлөп жүргөндөрдүн бири уюштурдубу?
Милиция да, Болуштун өз жигиттери да издөөнү катуу жүргүзүштү. Эми Болуштун үйүн алаамат кылып кеткенин бүт шаар билип, ошонун кеби эриктирбей жатты...
Бир жумадан кийин баягы талкаланган, кескиленген буюм-теримдердин баары килейген КАМазга жүктөлүп шаар четиндеги акыр-чикирге төгүлдү.
Ошондон кийин келди Болуштун аялы. Аңгыраган үйүн көрүп оозу ачылды, жүрөгү жарыла жаздады, боздоп-боздоп үн созуп, кылар айласы жок шалдайып отуруп калды... "Мен болсом, мени кошо кескилемек экен, кудай сактаптыр..." дегенди ойлоп, кайра демденди, соо калганына сүйүндү. Оокат эмне, табылат да дегенге токтоп тобо келтирди...
***
Мырзабектин иниси келди бир күнү. Сарсанаа болуп келиптир. Көрсө, эки милийса барып "Мырзабектин келгени чынбы, бул жерде эмне кылып жүрдү" деп атасы экөөнөн да, кошуна-колоңдон да сураштыра кетиптир. Бир балээге кабылбады бекен деп кооптонгон атасы уулун жиберген тура. Мырзабек Болуштун үйүндөгү окуяны кечээ эле уккан, ошону айтып берди. Өзүнөн шек санап жатканын да айтты. "Атам жөн эле сарсанаа боло бербесин, айтып кой" деп Мырзабек инисин дароо артка жөнөттү бир чыны чай ичирбей, нан ооз тийгизип...
Экинчи ирет Мырзабекке милийсадан келишкен жок. Болуштун үйүн талкалап кеткен айың сөз сейрек эскериле баштаган.
Айылына биринчи барып келгенден жыйырма күнчө өткөндө Мырзабек дагы кетти айылына, бу жолу да атасы менен инисине талаачылыгына жардам берип үч-төрт күн жүрүп келмек. Айылга келгенден эки күн өтүп, үчүнчү күнү түш маалында ата-энеси, иниси болуп тамактанып отурушса шаардагы бир кошуна жигит карп-күрп кирип келип эле Мырзабекти сыртка чакырып кетти. Бат эле өңү-башы купкуу болгон Мырзабек үйгө кайра кирип таза кийимин кийинди да эмне болуп кетти дешип эстери оогон үйдөгүлөргө "бир зарыл жумуш чыгып калды" дегенди араң айтып сыртта күткөн жигиттин машинасына түштү...
Аялы эки баласы менен сыртта топтошкон адамдардын арасында жүрөт. Көздөрү тоодой шишик. Дале көз жашы кургай элек. Мырзабек түз эле аялына жетип кучактай ага гана угуза айтты: "Эчтеке болбойт, мага аман калганыңар эсеп, башкасын таап берем". Анан эки баласын эки колуна көтөрүп алмак-салмак өөп эркелетти. Түндө бирөөлөр эшикти талкалап кирип аялын балдары менен сыртка айдап чыгып алеки саатта төркү бөлмө менен уктоочу бөлмөсүн өрттөп жибериптир. Кошуналар кабар берип, өрт өчүргүчтөр келгенче эки бөлмөдөгү оокат түгөлү менен өрттөнүп кетиптир. Пол да, эшик-терезелер да өрттөлгөн. Мырзабек канчалык заарканганы менен үйүнө кирди. Мындайды ким көрүптүр. Бүт күйүк. Бөлмөлөрдө өрт өчүргүчтөрдүн эксперттери да, милийсадан да адамдар жүрөт. Алардын баары эле Мырзабекти тааныйт. Кырсык ушуну менен чыгып кетсин дегенден айтышат. Бир жигит сурады:
- Мырзабек, шектенген адамыңыз барбы?
Мырзабек туталанып турат эле, орой жооп берди:
- Бар! Силер өрттөдүңөр! -Жигиттин алласы оозунан түшүп, делдирей калды да, эптеп сүйлөгөн болду:
- Сиз эмне... Сиз... Ошол кантип болсун...
Мырзабек башка эч нерсе айткан жок, сыртка чыгып аялын, балдарын ээрчитип ошол эле жерде жүргөн жана кабар айтып барган жигиттин үйүнө келишти. Ал астыңкы кабатта жашачу.
Үйгө киргенден кийин үй ээсинин аялы жан алы калбай колдо бар тамактан коюп, чай берди. Унчугушпай чай ичишти. Чайдан соң үй ээлери Мырзабектердин үйдө эркин эс ала берүүсүн айтып, иштери менен бир жакка кетишти.
Мырзабек аялынан болгон окуяны сурашка оозу барбай аны аяп отурат, эки баласы кызыга көрүп жаткан телевизорду тиктеген болот. Аялы дале бышактап ыйы басылбай жатат. Мырзабектин көзүн тике карай албай көзүн ала качат. Баарына күнөөлүү өзү болуп жаткансыйт. Оңдой берди болуп эки баласы жүрөктөрү түшпөптүр. Бака-шака сүйлөшүп телевизордон көргөндөрүн талкуулап жатышат. Мырзабек аялын улам жооткотуп, кыса кучактай саамайынан сылайт, жакшы сөз арнайт. Аялы азга тынчыганы менен кайра эле көз жаштан чыгарат кайгысын...
Мырзабектин аялы керээли кечке ыйын баскан жок. Балдарынын улам бирин бооруна кысып болкулдайт. "Болду эми, үй өрттөнмөктөн кыйрап калсын, эртең эле таап алабыз баарын. Минтип ыйлай берсең, жинди болуп каласың, токтот ыйыңды" деген Мырзабектен көзүн ала качат, аны тике карай албайт. Үйдү өзү өрттөп жибергендей...
Үй ээсинин аялы Мырзабектердин алды-артына түшүп жаны калбайт, күрүчүн басып, столго салат-палатын жайнатты. Күйөөсү столго арак койду. Төртөө тең ичишти. "Кырсык ушуну менен чыгып кетсин" дешти. Айда-жылда туш-туштан кыйнатып жатып жүз граммга жетпеген арак иччү Мырзабектин аялы бу жолу эркектер менен тең ичти. Эки бөтөлкө түгөнгөнчө куйганды калтырган жок.
Тамак ичилип бүткөндөн кийин Мырзабек үй ээсинин машинесин айдатып алып атасыныкына барып келмей болуп кетти. Уулунун жоо куугандай кетип калганына эне-ата санааркап жатса керек.