Уюлдук байланыш нурдануусу зыян келтирбейт
2-октябрда MegaСom компаниясы басма сөз-экскурсиясын уюштуруп, борбор калаабыздын көп кабаттуу үйлөрүнүн биринин чатырында орнотулган өзүнүн базалык станциясынын мисалында заманбап жабдуулардын иштешин көрсөттү. ЖМК өкүлдөрү аталган жабдуулардын электрмагниттөө толкундарынын нурлануусун тестирлөөгө катышышты. Натыйжада анын деңгээли жабдуу орнотулган чатырда да, ошондой эле үйдүн айланасында жайгашкан балдар аянтчасында да, жол берилүүчү нормадан да он эсеге дейре төмөн экендиги анык болду.
Компаниянын техникалык адистери талап кылынуучу бардык коопсуздук нормаларын эсепке алуу менен курулган сигналды таратуучу станциянын иштөө принциптери тууралуу журналисттерге айтып беришти. Андан сырткары MegaСomдун 3,75 G мобилдик интернетинин ылдамдыгын да иш жүзүндө көрсөтүштү, ал белгилүү интернет-порталдардан видео-роликтерди 11,6 Мбайт/с ылдамдыгында карап көрүүгө мүмкүнчүлүк берди. Үчүнчү муундагы 3,75 G байланышын камсыз кылуучу MegaСomдун мобилдик интернетинин колдонуучуларына жеткиликтүү болгон максималдуу ылдамдыгы 21 Мбит/с жетет.
- Бардык аймактарды камтууга жана ошол эле учурда байланыштын жогорку сапатын камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү тармактарды куруу- бул биздин адистерибиздин түйшүктүү иштери болуп саналат. Базалык станцияларды жайгаштыруу бир нече ирет ченөөлөрдү жана эсептөөлөр: ландшафты, тартылуучу абоненттердин саны, башка базалык станциялардын жана радио байланыш обьекттеринин орун алгандыгы эсепке алынгандан кийин гана жүргүзүлөт. Базалык станциялардын жайгаштырылуусу жана конфигурациясы байланыштын сапатын аныктоочу негизги факторлордон болуп саналат. MegaСom уюлдук операторунун сигналды таратуучу станцияларынын саны Бишкек шаарында эле жүздөп саналат, бул болсо өз кезегинде уюлдук телефондон болуучу радионурланууну минималдаштырат"-деп түшүндүрдү MegaСom компаниясынын радиопландаштыруу бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Курманбаев.
Бүткүл республика боюнча MegaСom компаниясынын маалыматтарды жогорку ылдамдыкта берүүчү тармагы өзүнө 1200дөн ашык базалык станцияны камтып турат, аларды модернизациялоо толук кандуу жүрүүдө. Андыктан алдыңкы катардагы уюлдук оператор жакын арада өзүнүн абоненттерине төртүнчү муундагы байланыштан пайдаланууну сунуш кылат. Ошондой эле Нурлан Курманбаев компания базалык станциялар тармагын пландуу түрдө кеңейтүү менен сапаттуу кызмат көрсөтүүлөргө жетишип, ыкчам өнүгүүсүн улантып жаткандыгын белгиледи.

Мирлан Алымбаев




"Республика" саясий партиясынын "Кумтөргө" тиешелүү митинг боюнча билдирүүсү
"Республика" саясий партиясы өлкөдөгү абалды чайпалууга багытталган иш-аракеттерге каршы экендигин билдирет.
Митингдин уюштуруучуларынын абалды чайпалууга чагымчылдык кылышы алардын коомдук коопсуздукту жана тартипти сактоо маселелерине жоопкерчиликсиз мамиледе экендигин көрсөтүп турат. Ошол эле учурда мындай иш-аракеттердин кесепеттери мамлекеттин имиджине да, экономикалык өнүгүүгө жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугуна да тескери таасирин тийгизет.
Бийликти күч менен тартып алууга жана күч колдонууга чакырык таштагандар ээлеген кызматына жана депутаттык кол тийбестигине карабастан жооп бериши керек. Биз мындай иш-аракеттерге бөгөт коюлуп, тиешелүү укуктук баа берилип, күнөөлүүлөргө колдонуудагы мыйзамдын алкагында чаралар көрүлүшү керек деп эсептейбиз. Мыйзам алдында баарыбыз бирдей болушубуз керек.
Бизге туруктуулук жана тартип абадай керек жана коомдун бардык сергек күчтөрү өлкөбүздүн ырааттуу демократиялык өнүгүүсү үчүн биригүүсү зарыл

А.Салянова, Башкы прокурор:
"Кылмыш иши туура
козголду"
"Ала-Тоо" аянтындагы болгон митингде ким кандай роль ойногон ошого укуктук баа берилет. Митингде ар кимдин жасап жаткан ролу каралат. Себеби укук тартипте "катышы бар" деген түшүнүк бар. Ошол кылмышка тиешеси бар деген адамдарга дагы укуктук баа берилет. Ошондой эле чагымчыл иштерге кеңеш же буйрук берген адамдар да болушу мүмкүн. Аларга дагы баа берилет. Азыр окуя боюнча адамдар кармалды, дагы далай тергөө иштери болот. К.Ташиевге, С.Жапаровго, Т.Мамытовго Кылмыш кодексинин 295-беренеси (бийликти күч менен басып алуу) жана 297-берене (күч менен бийликти басып алууга элди чакыруу) боюнча кылмыш иши козголду. Бийликти басып алуу болгон жок, бирок кармалган адамдардын кыймылында бийликти басып алууга кол салуу болду деген берене менен кылмыш иши козголду. Кылмыш иши туура козголду деп ойлойм. Бул берене оор кылмыш болуп саналат, ал боюнча депутаттардын уруксаты жок эле кылмыш ишин козгой берсе болот. Ал эми 297-берене айып каралган, 1000 эсептик көрсөткүчтөн 3 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.


Дүйшөнбек Чоткараев, МУККнын төрагасынын орун басары "Камчыбек Ташиевдин кечээ акыл эси жайында болгону такталууда"
- Камчыбек Ташиевдин жумуш ордуна эшик аркылуу кирүүсүнө эч ким тоскоолдук түзгөн эмес. Депутаттын эшик эмес, тосмо аркылуу ашып кирүү аракети түшүнүксүз. Биз аны териштирип атабыз. Эч ким тоскоолдук кылган эмес. Депутаттык күбөлүгү менен эле кирсе болмок. Камчыбек Ташиевдин кечээ акыл эси жайында болгону такталууда.
Камчыбек Ташиевге ок жаңылган жок, жарат алган жеринен эч кандай катуу нерселер алынган эмес. Кечки саат 16.30дар чамасында атайын поликлиникага кайрылган. Медиктердин корутундусу боюнча ал жамбашынан жарат алыптыр. Бүгүн жаракат алган жерине обработка кылынды. Жаракат алган жеринен эч кандай инородное тело алынган жок. Мүмкүн забордон секирип жатып, штырга тилдирип алган.
Ал эми Садыр Жапаров 3-октябрь күнкү пленардык жыйындын алдында Макаров үлгүсүндөгү тапанчаны алып кирди деген маалымат түшкөн. МУКК кызматкерлери анын жанына барышып, тапанчаны табышты. "Депутат колу бошобой атып, куралды тапшырууну унутуп калыпмын" деп, кечирим сурады. Ал жерде протокол түзүлдү. Мындан тышкары депутаттын машинесин тинтүүдө бир тапанча, автомат жана 10 чопкут кийим табылган.