Чачыла…
Зари чыгармачылыкты таштайбы?..
Кыргыз эстрадасындагы суйкайган сулуу айымдардын катарын толуктаган Зари мындан бир нече ай мурда өмүрлүк жарын таап, турмуш жолуна аттанган эле. Учурда келиндик кызматты аркалап жүргөн Зари азырынча чыгармачылык менен алектенбей, убактысынын көбүн үй-бүлөсүнө бөлүүдө. "Зари, Бегимай экөөбү тең азырынча үй-бүлөлүк турмуштарына көп көңүл бурушууда. Эми сахнага ырдап чыгабы же жокпу аны учуру келгенде көрөбүз. Эң башкысы кыздарым бактылуу болсо болду" - дейт продюсери Динара айым.

Динара Эсенгулова тасма менен алек…
Сахнага жаңы кадам таштап, ырчылык өнөрдүн өйдө- төмөнүнө түшүнбөй турган жаштарга жол көрсөтүп, бир топ ырчыларды эл алдына алып чыгып атак-даңкка жеткирген Динара Эсенгулова акыркы кездерде тасма тартууга кызуу киришти. Учурда Динара айым "Быйыл сөзсүз күйөөгө тием" тасмасы бүтүндөй кыргыз элине жетүүсү үчүн чуркап жүргөн кези. Дагы айта турган нерсе, Динара Эсенгулова бул тасмадан кийин дагы бир тасма тартууга ниет кылууда.

Алтынай Нарбаева жеке концертине даярданууда…
Кыргыз элине эмгек сиңирген белгилүү ырчы Алтынай Нарбаева жакында эле Европа мамлекеттерине болуп өткөн эл аралык фестивалга катышып келди. А учурда болсо, жакында бере турган жеке концертине даярданууда. "Былтыр "Опера жана балет" театрында бир күн жеке концертимди бердим эле. Эл көп келип, орун жок, келгендердин көбү залга батпай калган эле. Ошондо келе жаткан күздө чоң концерт берем деп убада бергем. Ошол убадамды аткарып, жакында жеке концертимди тартуулаганы турам"- дейт Алтынай айым.

"Кыргыз керемети" дискте…
Жакында "Кыргызфильм" студиясы тарабынан кубана турган чоң жаңылык болду. Ал "Кыргыз керемети" деп аталган элдин эсинде калган кыргыз тасмаларынын дискке чыкканы. Бул дискте жалпысынан 10 кыргыз киносу камтылган. Диск аз күндө сатыкка чыгып, кыргыз керемети болгон тасмаларды көргүсү келгендерге чоң мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү.

"Ак илбирс" кино сыйлыгы уюштурулууда…
Жаңы тасма тартып, кино дүйнөсүнө кадам таштаган жаш режиссёрлорго колдоо көрсөтүү, стимул берүү максатында Кыргызфильм" киностудиясы тарабынан "Ак илбирс" деп аталган жаңы кино сыйлыгы уюштурулууда. Бул сыйлыкты тапшыруу алгачкы аземи 24-октябрда өтөт. Буга өз күчүн сынап көрүүнү калган бардык режиссёрлор, бардык жанрдагы тасмалар катыша алат. Дагы айта турган нерсе аталган сыйлык "Кыргызфильм" кино студиясын эмгек жамаатынын жана студияда эмгектенген режиссёрлордун демилгеси менен ишке ашууда.