Өнөрүң болсо өргө чап…
Айбек Саралаев, опера жана эстрада ырчысы:
"Азыр Рыспай, Асанкалый,
Түгөлбай агаларыбыздыкындай
жакшы обондор жок, болсо да..."
- Айбек мырза, алгач чыгармачылык жаңылыктар, ийгиликтер, кемчиликтер тууралуу ой бөлүшөлү...
- Ийгиликтер алынча жаралып, алынча болуп жатат. Укмуш болуп, нөшөрдөй төгүлүп кеттик деп айта албайбыз. Негизи адам баласынын ийгилиги, жетишкендиги биринчи кезекте өзүнүн ден соолугуна тыгыз байланыштуу, түздөн-түз көз каранды болот экен. Ден соолук болбосо, канча таланттуу, канча бай болсок да , эч нерсе кыла албайт экенбиз. Ошон үчүн жараткан мага чың ден соолук бергенине миң мертебе ыраазымын. Кемчиликтер тууралуу айтсак, мен маектеримде көп эле айтып келем, менин кемчилигим- бул жалкоолугум. "Жалкоолук жанган тынч экен" дегендей болуп, көп учурда изденбей, майда-барат жумуштар менен жүрүп, убакыттан уттуруп коюп жатам. Азырынча, мен жалкоолуктун жетегинде жүрөм. Бирок келечекте катуу издене турган, катуу эмгектене турган учур келерине терең ишенем!
- Опера менен эстраданы айкалаштырып ырдап жүрөсүң? Бул да болсо билгенге чоң түйшүк эмеспи...
- Албетте, абдан чоң түйшүк. Мен ошол түйшүктөрдү баштан кечирип жатам десем болот. Опера балет театрында иштеп, кесипчилик кылып ырдап жатам. Операнын кичинекей партияларынан баштап, дүйнөлүк атактуу чыгармаларына чейин жаттап, жакшы ырдаганга аракет кылып жатабыз. Негизи эле опера ырчысы болуу абдан кыйын. Буга чыдагандар да, чыдабагандар да бар. Себеби, опера менен эстраданын айырмасы асман менен жердей десем болот. Мисалы, опера ырчысы жандуу үнү менен микрофону жок ырдап, элди өзүнө тартып, өзүнүн артыкчылыгын көрсөтө билиши зарыл. Ал эми эстрада ырчысы аппараттын жардамы менен "плюс" "минусту" пайдаланып, дагы башка жеңилдиктерди колдоно билет. Анын эрежеси, мындайча айтканда табияты ошондой десек болот.
Азыр жаңы эмгектериңди элге жайылтуу да оңойго турбай калды. Себеби, радио-телелер күн мурунтан, "акча албайбыз" деп жарыя кылганы менен, барганда акча бербесең чыгармаң чыкпай калат, ошентип акчаң жок болсо элге угуза албай каласың. Кыскасы, бардык жерге каражат төлөйбүз. Ошон үчүн өзүңдүн демөөрчүлөрүң жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы өкүлдөр, мындайча айтканда өз киши болсо, анда бир топ жеңилдиктер болот экен.
- Ырчылык талант кайдан келген? Туугандарыңдан кимдер жакшы ырдачу эле?
- Мен үйдөн эң эле жакшы ырдаган апам деп айтар элем. Азыр чогу жашап жатабыз, 76 жашка келип калды, эмдигичекти үнү жакшы. Атам ыраматылык жакшы ырдачу. Элдик ырларды, мисалы Муса Баетовдун "Сагынамын" укмуш сонун ырдачу деп көп кишилер айтып калат. Биз болсо алты бир тууганбыз. Туугандарымдын баары жакшы ырдашат. Бирок атайы ыр дүйнөсүнө сүңгүп кирип, бул жаатта билим алышкан жок. Башка кесипти аркалап кетишти. Өзүм болсо, аздыр-көптүр ыр дүйнөсүнө аралашып, колдон келишинче ырдап жүрөбүз. Менин деңгээлим " мындай, андай" деп айта албайм. Ал жагын эл баа берип, эл айтсын. Кичи мекеним Жумгалдын Дыйкан деген айылы. Мен бул айылымдын атын атайы айттым, себеби бул айыл атактуу ырчы эжекебиз Мыскал Өмүрканованын киндик каны тамган айылы. Биздин айыл Мыскал эжекебиз менен ушу кезге чейин абдан сыймыктанып келебиз. Чынында азыр канча ырчыбыз бар. Бирок Мыскал эжекебиздей ырдаган бир да ырчыбыз жок деп айтсам жаңылышпасам керек.
- Чоң сахнага чыкканга ким түрткү берди? Устатың ким?
- Биринчи кезекте менин ырчылыкка болгон кызыгуум чоң түрткү болуп, чоң сахнага жетелеп келди десем болот. Экинчиден өзүмдүн музыка жаатында алган билимим да чоң жардам берди. Алгач мен музыкалык окуу жайында билим алдым. Ал жерде казак улутундагы Атаев Жанат агайым: "Сенин үнүң классикалык операга ылайыктуу, сен окуп, билим алышың керек" - деп өзү мени түртмөлөп, Улуттук консерваторияга мен үчүн өзү акчасын төлөп, окутту. Консерваториядан Керим Орозбаев деген Кыргыз эл артисти окутуп, тарбиялады. Кыскасы, бул агайларымдын жардамы да абдан чоң болду, андан тышкары өзүмдүн аракетим менен операдан тышкары шоу-бизнеске аралашып калдым. Себеби, айлык аз болгондуктан, шоу-бизнеске аралашып, ар кандай концерттерде, той-топурларда да ырдап келатабыз. Ошондой эле кичи мекенимдеги бизнесте жүргөн агаларым да чыгармачылыгыма колдоо көрсөтүп турушат. Аларга да өз кезегинде ыраазычылыгымды айта кетейин.
- Аткарып жүргөн ырларың тууралуу айтып берсең? Автордук ырлардан барбы?
- Мен өзүм жеңил-желпи ырларга караганда, элдик ырларга көбүрөөк басым жасайм. Мисалы, Муса Баетов, Асанкалый Керимбаев, Рыспай Абдыкадыров сыяктуу залкар обончулардын ырларын ырдап жүрөм, бирок ошол өзүм аткарган ырларды элге жеткизе албай келем. Себеби, айланып келип эле каражат маселесине такалат экен. Үн жаздырып, клип тарттырып ж.б. дегендей. Бирок жакынкы аралыкта буйруса, ал кыйынчылыктарды да жеңебиз, көздөгөн максатыбызга жетебиз деген чоң ишеничим бар.
Автордук ырлар тууралуу айта турган болсок, мен өзүм ыр жазбайм. Мен ыр жазам же обон жазам деп айта албайм. "Сен обон жазасыңбы" деп сурагандар көп, бирок мен өзүмдү обончумун же акынмын деп айта албайм. Ырчымын деп айта алам. Анткени опера жаатында да, эстрада жаатында да аздыр-көптүр эмгектенип келатабыз да. Азырынча, репертуарымда он - он беш ыр бар.
Чынында көп эле жаш ырчылар сөзүн да, обонун да өздөрү жаратып автор болуп жатышканы менен ошол ырлар супсак. Эл жакшы кабыл албайт. Азыр Асанкалый, Рыспай, Түгөлбай агаларыбыздыкындай сонун обон жок. Түгөлбай агабыз бир журналисттин "Эмне себептен обон жазбай калдыңыз?" деген суроосуна, "Мен азыр обон жазсам, "Жамгыр төктүдөй" же "Элегиядай" же андан артык обон жазышым керек, болбосо жазбайм" деп жооп бериптир. Мына чоң таланттар чыгармачылыкка кандай аяр мамиле кылышат! Алардын мындай сапаты кийинки ырчыларга чоң өрнөк болушу зарыл деп эсептейм.
Мен деле аз аздан жаза калам, бирок кайра терең талдап көрсөм, ал чыгармам чийки болуп, өзүмө жакпай калат. Ошон үчүн автордук ырга анча деле басым жасап, эмгектене элекмин. Болгону мен "Жумгалым" деген ырды 19 жашымда жараткам. Ал ырдын сөзү супсак. Аны ачык айтам. Бирок ал ырдын обонун көп адамдар жактырып жүрүшөт. Балким азырынча даяр эмесмин. Кыргызда: "Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун" дейт эмеспи, анын сыңарындай ар ким өз деңгээлине жараша иш кылганы жакшы да.
- Республикалык жана эл аралык конкурстарга катышып жүрөсүң. Ошол конкурстардагы ийгиликтер тууралуу ой бөлүшсөң.
- Буга чейин бир нече конкурстарга катыштым. Эки жыл мурун Казакстандын Чимкент шаарында романсиада боюнча эл аралык конкурста экинчи орунду ээлеп, лауреат болуп келдим. Азырынча эң чоң ийгилигим ушул. Андан кийин казактардын "Шабыт" деген белгилүү конкурсуна мен опера боюнча катышкам. Бирок ал конкурста мени биринчи турда эле кулатып, казактар өздөрүнө ачыктан-ачык эле тартып коюшту. Себеби, конкурста опера боюнча бизден бир да адам калыстар тобунда болгон эмес. Бул жагы да терс таасирин сөзсүз түрдө тийгизерин мен өзүм жакшы байкап калдым. Ошол эле конкурста биздин атактуу композиторубуз Муратбек Бегалиев эстрада боюнча калыстар тобунун төрагасы болгон. Ырчыларыбыздын таланттары жана Мурат Акимовичтин да кадыр-баркы да сөзсүз эске алынды деп ойлойм , айтор эстрададан биринчи орунду Курал Чокоев, экинчи орунду Гүлзинат Суранчиева, үчүнчүсү орунду Силима алып келди. Кудай буйруса, алдыда дагы көптөгөн эл аралык конкурстарды катышып, жеңиштерге жетишсем деген аруу тилегем бар.
- Жеке концертиңди качан бересиң?
- Эки жылдан бери максат кылып, аягына чейин чыгынбай жүрөм. Кудай буйруса, ушул жылдын аягына чейин жеке концертимди берейин деген максатым бар. Жеке концерт деген жеке болуш керек деп эсептейм. Анткени бизде көп ырчылар жеке концерт деп жар салышканы менен, өздөрү төрт-беш ыр ырдап калган башка ырчыларды ырдатып, көрүүчүлөрдү нааразы кылып коёт. Мен андайга каршымын.

Айбек Шамшыкеев