Мидин Алыбаевдин 95 жылдыгына карата...
Качкын Оторбаев
Мидин

* * *
Жалынсам... Жүрөктү эзген мыкчыгылап,
Жан отум турду бу саам тыбырчылап...
Жаштыгым өтүп жаткан жалын курак,
Жаңыдан бүчүр ачкан өмүр сымак?

Сен дагы өрттөй болуп жалындадың.
Сезимдер кан дүргүттү - канымдагы...
Ошол саат, ошол учур караң калгыр
Окшошту Океанга - агымдагы!

Дүрт этип чагылгандын оту жанган,
Ашыктык кумар оту деги кандай?!
Ар дайым: - Кош! - дей албай тураар элем,
Адамча колдоруна кишен салган...

Бактылуу мындай учур чанда келет,
Баркын бил, бакытыңдын колун карма!
Боз улан, селки болуп жашап өттүк
Болбостур бул дүйнөдө бизде арман...

* * *
Ишенсең сен, мен наристе жаш болдум,
Илебиңе, ичпей-жебей мас болдум...
Жароокерим, жан жыргаткан алтыным
Жатайынчы мен жаныңа, ач койнуң?!

Жаш баладай эркелейин койнуңда,
Жаштык кездин жалындаган ойнунда...
Акыл жетпей алдастасам оорудай,
Анда алтыным, арбап мени койдуң да...

Мейли-мейли... Мен макулмун баарына
Махабаттын суудай аксам шарына...
Бул өмүрдө ыраазымын ал үчүн
Сүйгөнүмдүн болсом болду жанында...

* * *
Бирде жайлап, бирде күйүп жалындап,
Бир денеден ток өткөндөй агылып...
Махабаттын туу чокусун эңседик
Жолукканда сен экөөбүз ар убак!

Бирге жаткан бир кишилик керебет,
Бизге болду кең дүйнөдөй керемет?..
Сүйүүлөрдүн жылдыздарын жандырдык,
Наристедей мен бетиңден өбөлек...

* * *
Кел дедиң учуп жеттим агын суудай!
Үн-сөз жок улутунган кайырчыдай...
Жан биргем жакшы сөзүң аябачы,
Жаздан- Кут, көктөн - жылдыз тагынчудай!

Баатырмын башка жерде ээ-жаа бербес,
Өзүңө жолукканда турам сүрдөп...
Калп эле жакшы сөзүң арнап койчу,
Капырай, көтөрүлсүн көңүл эргип...

Алсызмын... Мен өзүңө жолукканда
Айтчы эркем, анын сыры кимде, кайда?
МАЖНҮНдүн көзү менен карап турган,
Махабат милтесинин оту барбы?..

* * *
Канча убак терезеңди сагаладым,
Кайдыгер адам окшош, карабадың?
Калп эле какшык кошуп күлгөнүңдө,
Канагат андан алып, күйүп жандым...

Эч бир жан сезип билбес күндөрүмдө,
Ээрчиген көлөкөңдөй көрдүң мени...
Элеси өмүр бою эсте калган,
Эми мен эмне кылам ал күндөрдү?..

* * *
Мен боз бала, сен кыз элең секелек
Баткак кечип, ойночубуз экөөлөп...
Эне сүтү оозубуздан кетелек,
Ошол кезде, наристе элек, эселек!

Куюн сымал, өттү кайран балалык,
Кубалашып кулун-тайдай чаң салып...
Кемпирим - деп сени колдон жетелеп,
Өткөн күндөр, сагындырат канчалык?

Сен чоңойдуң көрбөй калдым пайдаңы
Алыс кеттиң эрге тийип кайдагы?
Жок дегенде калган чыгаар эсиңде
Татынакай балалык кез жайдары,
Ташты тизип, үй жасаган сайдагы...

Жарашыктуу жайдын толук айында,
Келиптирсиң жашыл бактуу айылга...
Өзгөрүпсүң олоң чачың түйүлүп,
Окшошупсуң өзүң тиккен кайыңга...

Далай жылдар сенсиз, менсиз саналды
Эске салып, балалык кез кабарды...
Ээн калып эки саатча сүйлөштүк
Жылдар... жылдар,.. өкүнтөсүң ээ, адамды?
Бир кайрылып келсе боло ошол кез,
Козгосо да менин эски жарамды...

* * *
Бир кезекте сен алма элең шагыңда
Мен жолуккам, бышып турган чагыңда...
Сенде бырыш, менде чачтын агы бар,
Өттү мезгил, өтө тездүү агымдай!

Жаман жандай, жабыркоочу болбогун
Жашаралы ошол сүйүү багында...
Жүрсө дагы күйөөң жандап жаныңда,
Тагдыр деген татаал тура ошондой.
Тура албассың, көрбөй калсаң сагынбай!
Акылың бар, анда мага таарынба?

Кызга бергис, кызыктырган жубансың
Билем жаным сен да буга кумарсың...
Сагынычтуу сүйгөндүктү билгизип,
Кат жазып тур, байкуш жүрөк кубансын.
Эч ким туйбас жүрөктөгү дартымды,
Эстегенде бир селт этип, тураарсың...

* * *
Жаштык учур укмуш тура, адам эй!
Ээрчип жүрөм кумар отум тарабай.
Мажнун болуп, баш отуңа жалынсам
Сен турасың, көңүл бөлүп карабай!

Жан кумарды жазчы, жаным, тартынбай
Өтүп барат жаштык мезгил алтындай!
Сүйүү жазы бир келерин түшүнчү,
Баалай билип, колдо болгон баркыңды...

* * *
Жашыл кийсең, жашыл жоолук жарашат
Кызыл кийсең, кызыгып эл карашат...
Кызыктырат кыйла мени, кыялың
Кызга бергис, кымбат келин Шарапат...
Жаштыгыңдын жаккан шамы болоюн,
Жатып берчи, жаным чыгып баратат...

* * *
Ойгонсом... үй караңгы түн бир убак,
Эл жатып нечак уктап, өчкөн чырак...
Маземди алып жатты сезим оту,
Жүрөгүм дүк-дүк согуп андан улам...
Чыдайм - деп, чымыркансам болбочудай
Чиркин ай, жалын беле жаштык курак.
Кийиндим чала-була, ашып-шашып,
Жаткандан эмне пайда, жерге сулап?
Жалгыз бой жаш келин бар, жакшы билем
Барсам деп, көңүл көксөп ойду бурат.
Адашып, ал дегенде акыл-эстен,
Көрсөм деп көңүл оту, көксөп турат?
Алдыга ат салбаган күлүктөрдөй
Ашыгып, анталаңдап жеттим чурап...

Жаштыктын бир черттирдиң терезесин,
Кылыгың кыздан артык неме экенсиң?
Жаныңда жарым саатча болгон убак,
Жарп жазып, жанга төктү берекесин...
Кол тийгис, атыр жыттуу кучагыңда,
Кошулган дайра сымал, өзүм сездим,
Кылымга тете болду ошол мүнөт,
Кымбатын эгер туйсаң жаштык кездин...