Курманбек Осмонов,
"Ата-Журт" фракциясынын депутаты:
"Жантөрө Сатыбалдиев менин уулумду кызматтан дароо алып…"
- Курманбек Эргешович, алгач сот тармагы тууралуу сүйлөшсөк. Сиз сот тармагын терең түшүнгөн адамсыз. Жакында эле Жогорку Соттун судьялыгына тандалып алынган жаңы курамга көз карашыңыз кандай?
- Азыр Жогорку Сотко толук курам келе элек, 25 эле судья тандалып алынды. Негизинен шайланып келгендер сот тармагында бир топ жылдан бери иштеп жүрүшкөн, сот тармагынын күнгөй-тескейин түшүнгөн, кесипкөй адамдар. Бирок арасында артынан бир катар терс пикирлерди жараткан айрым судьялар да өтүп кетти. Бул эми: "кой аксагы менен миң" дегендей эле кеп болуп калды окшойт. Судьялыкка сот тармагында он жылдан кем эмес, анын ичинде беш жыл судьялык кызматты аркалаган адам болуш керек деген талап эң туура талап болду. Мен буга чейин болгон пленардык жыйындарда: "Тандалып алынган судьялардын көпчүлүгү киргиздер, мындайча айтканда экономикалык жана жарандык иштерди карап жүргөн судьялар экен, криминалисттер же кылмыштуу иштерди карагандар аз экен. Тескерисинче, ушул жагына көбүрөөк басым жасалса жакшы болмок"-деп айттым эле. Анткени, жергиликтүү судьялардын катасын оңдой турган ушул судьялар болот.
- Жогорку Соттун төрайымдыгына Жамашева кайра шайланды. Сиздин көз карашыңыз кандай?
- Мен Жамашеваны жаман деп айта албайм. Тажрыйбасы бар, такшалган адам. Бирок менин жеке пикиримде Абдырахманов Жакып деген судья төрагалыкка ылайыктуу деп эсептегем. Өзү нарындык жигит. Мурун Юстиция министри болуп иштеген, райондук соттон баштап, облустук соттун төрагалык кызматтарын аркалаган тажрыйбалуу адам. Кыскасы, Жогорку Соттун жетекчилигине азыр эркек адам шайланса жакшы болмок. Себеби, азыркы кырдаал, азыркы шарт эркек жетекчини талап кылып турат. Эркек деген эркек, айрым курч кырдаалдарда, оор маселелерде аял жетекчиге караганда, кантсе да өз артыкчылыгын көрсөтө алат. Эми бул маселе буйруктан дечи, бирок эң негизгиси Жогорку Соттун судьясы сот тармагын терең түшүнгөн, уюштуруучулук жөндөмү күчтүү, таза жана так иштеген адам болуусу зарыл. Мына мисалга апрель окуясы боюнча соттук ишти алалы, канчадан бери бүтпөй, өзүнчө эле "Чубактын кунундай чубалжып" кетти. Ушундай чоң маселелерди бүтүрүүгө Жогорку Соттун жетекчиси түздөн - түз киришип, башка сотторго да уюштуруу ж.б. маселелерде да чоң жардам көрсөтүшү абзел. Жогорку Соттун бюджетин кабыл алуу маселесинде да катуу аракеттерди көрүшү керек, антпесе Жогорку Сотко бөлүнгөн акча жылдан-жылга эле азайып баратат. Бул жолу Жогорку Соттун бюджетин коргогон киши болгон жок. Өкмөт кандай түзсө, ошондой өтүп кетти. Мисалы, мен иштеген учурда 170 млн. сом болсо, былтыр болгону 70 млн. сом эле каралды. Бул акча менен Жогорку Сот өзүнө жүктөлгөн милдеттерди так аткара албай, аксап калышы мүмкүн.
- Жогоруда сөз болгон "миң койдун арасындагы аксактары" тууралуу сөз кылсак. Үмөталиева, Акыев сыяктуу судьялардын өтүп кетиши, мындай айтканда мыйзамга да, логикага да сыйбай калды да. Алардын өтүп кетишине биринчи күндөгү талаш-тартыштан улам, эрте мененкиге калганы жакшы шарт түзүп, алар "түнү менен иштеп чыгышты" деген кептер айтылууда...
- Балким андай көрүнүш чындап эле шарт түзүп берген чыгар. Эми аны өз көзүбүз менен көрбөгөндөн кийин айта албайбыз да. Ошол күнү эртеден кечке алар тууралуу көп терс пикирлер айтылган. Айрым депутаттардын да көз карашы башкача эле дегендей. Чынында алар 50 добуш менен эле шайланышты, кокус бир добуш ала албай калганда эле өтпөй калмак да. Чындап эле түнү менен иштешсе керек, Ак-үйүнө, Көк-үйүнө, депутаттарга чуркашып?.. Кыскасы, эртең мененки добушта эч нерсе болбогондой өтүп кетишти. Айтор, мурда жаман делип аткандар, бир заматта жакшы болуп калышты, муну мен комитетте да айттым. Соттордун кеңешинин курамын да мыкты деп айта албайбыз. Мисалы, сотторду тандаш үчүн талапкер болуп жаткан соттордун жарандык, тажрыйбалык деңгээлин билиш үчүн, өзү (сот тандагандар) сот болушу керек. А, алардын курамында болсо, болгону 8 адам сот чөйрөсүнүн адамы. Калганы башка чөйрөдөгү адамдар. Алар билбейт да. Башка өлкөлөрдө мындай эмес, сотко байланыштуу маселелер бүт иретке келтирилген. Мисалы, соттордун билимин, тажрыйбасын текшергенден кийин, аны биринчи Жогорку Соттун төрагасына жөнөтөт, ал болсо карап чыгып, президентке кол коюуга сунуштайт. Бизде тилекке каршы андай болбой жатпайбы.
- "Ата-Журттун" бүтпөс чатагынан кеп кылсак. Садыр Жапаровдун сатып алган имараты тууралуу жакшы эле билсеңиз керек. Мадылбековдун баласы менен Жапаровдун иши боюнча эмне айта аласыз?
- Бул маселени биз деле эл катары биринчи жалпыга маалымдоо каражаттарынан угуп, көрүп, окуп анан билдик. Садыр Жапаров Мадылбековдун баласынан ал имаратты чын эле 500 миң долларга сатып алса, талап - тоноочулукка катышы жок болсо, анда эч кандай күнөөсү жок. Эгер Мадылбековдун баласы мененби, башкалар мененби, айтор талап -тоноочулукка катышы болсо, ал мүлк Бакиевдики болобу, башканыкы болобу, анда мыйзам алдында жооп берет. Бирок ага кылмыш козгоп, кармоо үчүн ЖКнын депутаттарынан уруксат сурашы талапка ылайык болот. Анткени, бул иш өзгөчө оор кылмыш иштердин катарына кирбей турган иш болуп жатпайбы. Имарат болсо, Жапаровдун имараты экенин билчү эмесмин. Бирок буга чейин бир нече ирет ал имаратка, конституция, элдик курултай ж.б. маселелер менен баргам.
- "Ата-Журттун", атап айтканда Молдобаев, Коркмазов баштаган бир топ депутаттары коалицияга кирип кетишти. Бул көрүнүш силердин фракцияда ынтымактын, биримдиктин жоктугунун ачык далили эмеспи. Аксакал депутат катары сиздин пикириңиз кандай?
- Эгер депутат расмий түрдө кагазын жазып, фракциядан чыгып кетсе, анда мандатын да тапшырышы керек. Эгер партиядан чыгып кетсе, анда мандатын тапшырбайт. Бирок фракциянын өзүнүн эрежеси, тартиби бар да. Коркмазов, Молдобаев, Шин ошол тартипке макул эместигин айтышып, коалицияга өздөрү жалдырап, сурангандай болуп киришти. Кыскасы, алардын коалициянын эшигин сагалагандыгы саясий жактан да, моралдык жактан да, укуктук жактан да туура эмес. Алардын коалицияга кирип кетишин биз туура эмес деп айтып, эгер алар коалициялык макулдашууга кол коюшкан болсо, аларды коалициядан чыгаргыла деген билдирүү кылганбыз. Негизи, мыйзам боюнча, коалицияга фракциялык топ кирет, анан бөлүнүп бирден, экиден болгон топ кирет деген эреже жок.
- Эми силердин антип айтып чыкканыңар сөз бойдон эле калат да, жыйынтык чыкпайт да...
- Сөз бойдон калбайт, бул маселе дагы көтөрүлөт. Жыйынтыгын убакыт көрсөтөт. Партиялык тизме менен өткөндүн жакшы жагы да, жаман жагы да бар, жаман жагы ушундай көрүнүштөр. Кыскасы, жамааттык дагы, жеке дагы жоопкерчиликтер жок. Ал эми талаптарыбыз болсо, асмандагы айды чапчыйт.
- Түлеев, Сулайманов боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиясын жетектеп жатасыз. Эки партиялашыңыздын кылмыштуу иштери боюнча эмне айта аласыз?
- Бул маселе боюнча депутаттар мага "сот маселесин сиз жакшы билесиз, ошон үчүн депутаттык комиссияны жетектеп бериңиз"- деп кайрылышканынан улам, бул комиссияга кирип калдым. КСДПдан Кадыралиева, "Республикадан" Мурашев, "Ар-Намыстан" Кочкорова, "Ата-Журттан" мен болуп, төртөөбүз иш жүргүзүп жатабыз. "Ата Мекен" болсо, бул депутаттык комиссияга кирбей турганын билдиришкен болчу. Түлеевге 303-берене боюнча кылмыш иши козголгон. Санкциясы он жылдан ашык жазаны караган өзгөчө оор кылмыш. Бирок анын баш коргоо чарасын Жогорку Сот өзгөртүп, үй камагына токтоосуз чыгарсын дегенине карабай Баш прокуратура: "азыр паспортуң келсин, ана-мына " - деп 5-6 саат кармашып, кайра эле 303-берене боюнча иш козгоп, шашылыш камап салды. Бул жерде кичине мыйзам бузулуп калгандай болду. Аны үй камагына чыгарып туруп деле, экинчи ишин ийне жибине чейин иликтеп чыгып, анан камай турган болсо, андан кийин деле камай берсе болмок.
- Экинчи иши боюнча 400 миң доллардан ашык жеп койгону аныкталбады, ал боюнча дагы бир адам кармалды, анан үй камагына чыгарып койсо, "жыл" этип качып кетсе, кайдан табат эле? Анын үстүнө Түлеевди таза, коррупционер эмес деген адамдар өтө эле аз, алар аны колдогондор же жардам алгандар десе болот. Тескерисинче анын камалышын колдогондор арбын...
- Качып кайда барат эле? Анын аялы, балдары, дайым жашай турган үйү турат го.
- Качпайт деп эч ким кепилдик бере албайт да, бизде качып кетмей өзүнчө эле мода болуп калбадыбы, чек арабыздын көйгөйү да чектен чыгып калган...
- 27 депутат качып кетпейт деп кепилдик берди да. Эгер ал коомго коркунуч жаратса, же киши өлтүрсө бир жөн. Тактык үчүн айта кетейин, депутаттык комиссия Түлеевге козголгон кылмыштын маани-маңызы боюнча ишти карабайбыз, биз Түлеев мыйзамдуу камалдыбы, же мыйзамсыз камалдыбы, мына ошону карайбыз. Бирок биз эч кандай бүтүм чыгара албайбыз, бүтүмдү сот чыгарат.
Колубуздан келишинче иштеп атабыз, жакында бүтөбүз. Буга чейин эле жыйынтыгын чыгарышыбыз керек эле, бирок биздин ишибизди бир айга созуп коюшкан, анын үстүнө Сулайманов боюнча дагы маселени да кошушту да, ошентип ишибиз көбөйө түштү. Өткөн жумада тергөө тобу менен депутаттык комиссиянын курамындагы депутаттар болуп Түлеевге жолугуп келдик, ал бизге: Жогорку Сотко алып барбаганын, мыйзам бузулганын, камерадан чыгарып, кабинетте кечке кармаганын айтып берди. Мына ушунун баары көпчүлүккө жаккан жок. Эми нарындыктар көтөрүлүп жатыптыр деп угуп атабыз.
- Түлеев акчасын чачса, Нарындан эмес, Оштон деле анча-мынчалар көтөрүлүп коёт да, ага таң калуунун деле кажети жок го. Андай көрүнүштөр буга чейин деле толтура болуп келбеди беле? Негизи сиз Түлеевдин коррупционер атыгып, ичип жегенине ынанасызбы?
- Акчасын чачып атабы, чачкан жокпу, аны далилдин негизинде айтпасак, жөн эле айта албайбыз. Түлеев боюнча менин пикирим деле элдикиндей эле. Мен кандай болсо да, мыйзамга гана таянам. Бирок Түлеев мыйзам бузса, автобустар же таштанды жыйнаган машиналар боюнча эмес, башка маселелер боюнча мыйзам бузгандыр, эми мэрияда маселе көп да.
- Сулаймановду иши кандай болот? Ал киши менен байланыш барбы?
- Жеке менин байланышым жок. Кайда экенин да билбейм. Балким, фракция лидерлеринин байланышы болсо керек. Анын ишин деле мыйзамдын чегинде карап, тиешелүү жыйынтык чыгарабыз. Ага мурда иш козголуп, кайра кыскарыптыр. Анын иши маани-маңызы боюнча жарандык тартипте экен. Ага азыр 304-берене боюнча козголуптур. Демек ага коркпой эле келе берсең болот деп айтабыз, анткени аны кармоого Жогорку Кеңештин уруксаты болушу керек.
- Соңку суроо болсун. Өкмөтүн жаңы курамына, өкмөт башчы болгон адамга купулуңуз толдубу?
- Чынын айтайын, купулума толгон жок. Башка талапкер болбогондон кийин, Сатыбалдиевдин талапкерлигин колдоп бердик да, президент өзү сунуштап жаткандан кийин. Бирок ал колдорубуз менен, биринчи кадамын кадрларды алмаштыруу саясатынан баштады. Мурда президент менен макулдашылган болсо керек, айтор иштегенине бир ай боло элек адамдарды да алып, ордуна дароо башкаларды койду. Депутаттардын балдары кызматта иштебеш керек деп, дароо 4 депутаттын баласын кызматтан кетирди. Анын ичинде менин балам да бар. Абдырахман Маматалиев деген депутаттыкы бар. Анын баласы бөлүм башчы экен, менин балам болсо эки айдан бери өкмөттүн "коргоону, коопсуздук жана өзгөчө кырдаал" боюнча бөлүм башчынын орун басары болуп иштеп жаткан. Ага чейин Жети-Өгүз районунда прокурор болчу. Ал тармакта он жылдан эмгектенген. Анан аталган бөлүмгө которулган болчу. Жок дегенде өздөрүн чакырып айтып койбойт. Кызматтан кетип-кете электе, дароо башка бирөөнү алып келип олтургузуптур. Бул маселе боюнча мен Жантөрө Сатыбалдиевге жолуктум. Ал: "ошол прокуратурада эле иштей бербейт беле" - деди. Мен: "такшалайын деп ушул аппаратка которулду да, сен деле аппараттан такшалып чыктың го, эгер адам өмүр бою прокуратурада жүрө берсе, "аныктадым, токтом кылдым" дегенден башка эч нерсе билбей калат, бир багыт менен жүрө берип. Андай деле чоң кызмат эмес го" деп айттым. Биздин балдардан башка деле толтура бир туугандар чоң кызматтарды ээлеп олтурушат го. Алар тууралуу не маселе козгобойт?
Маектешкен Айбек Шамшыкеев