Вахаб саптар
Тилде тек жокпу?
РЕДАКЦИЯДАН:
Кыргыз тилинин өз Мекени, өз элине өзү ээ катары мамлекеттик статус алгандыгына туптуура 23 жыл толот. Толук 23 жыл! Бул адамзат жашоосунда өзүнчө бир муунду алмаштырган мезгил эмеспи. Тилекке каршы, бул аралыкта "Мамлекеттик тил жөнүндөгү" мыйзам так, толук аткарылып, кыргыз тили кыргыз мамлекетинде накта ээлик кылган макамга жете албай, аксап келатат. Албетте мунун ар кандай себептери бар...
Эне тил проблемасынын тегерегинде ой жүгүртүп, Абдувахаб Мониевдин мындан 8 жыл мурда жазган макаласында көтөрүлгөн маселелер дале актуалдуу бойдон. Ошондуктан 2004-жылы мартта т.а. Жогорку Кеңеште "Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамга" оңдоо, толуктоолор киргизилип жаткан маалда "Агым" гезитине жарыяланган ал макаланы айрым кыскартуулар менен жарыялоону туура көрдүк.

А.Токомбаев - У.Токомбаев,
Т.Сыдыкбеков - С.Сыдыкбеков,
Ч.Айтматов - А.Айтматов,
Т.Шамшиев - Б.Шамшиев:

Ата-бала алакасынан эне тил трагедиясына!

...Эми мунун баары жөн-жай чыгып кеткен кеп. Чын-чынына келсе, эне тилибиздин тагдыры тигил мыйзамдын кабыл алынышына же четке кагылышына гана байланып турган жок. Тил аброюна тийиштүү көйгөйдүн тамыры андан кыйла тереңде. Андан кыйла олуттуу мүнөздө. Кыргыз тилинин тагдыры тууралуу ой калчап отуруп, мындай бир карама-каршылыктуу көрүнүшкө туш болдум. Кыргыз жазма адабиятынын башатында кимдер турган деп сурап, оозду жыйганча эле: Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Касымалы Баялинов… сыяктуу атактуу фамилияларды сапка тизе баштайт эмеспизби?! Ооба, тизме бир топ узун. ХХ кылымдын башталышында кыргыз профессионал адабиятын түптөөнүн көч башында туруп, улуттук руханий маданияттын өнүгүшү, улуттук тилдин калыпка түшүшү үчүн опол тоодой эмгек кылган алардын ысмы өзгөчө сыйга татыктуу. Кыргыздын улуттук руху, улуттук тили дегенде ичкен ашын жерге коюп, өмүрүнүн акырына чейин күрөшүп өткөн, кыргыз тилинде том-томдоп роман жазган Т.Сыдыкбековдун карааны эле алда кайдан калдайып турбайбы!
А бериде Чыңгыз Айтматов деген ысымдын өзү эле эмне деген улуттук феномен! Чыке бүгүн да кыргыз элинин бактысына жаралган жылдыз, сыймык, улуттун руханий атасы эсептелет. Советтик доордун кайра куруу аталган акыркы жылдарында улуттук тил маселесин түбүнөн көтөрүп, Маскөөгө чейин сес көрсөтүп, кыргыз тилинин аброюн көтөрүү, коргоо боюнча башкы күрөшчү катары чыгып, бир эле кыргыз эмес, бүтүн СССРдеги майда элдердин ар-намысын ойготуп, ошону менен зоболосу өзгөчө көкөлөп, кыргыз ичинде пайгамбар дегендей кадыр-баркка жетпеди беле?
Бирок… мына бу парадоксту карагыла: ошол улуттун руханий "аталары" өз балдарын кыргыз тили, дили жан дээрине сиңип, каны дене боюнда ойногон нака кыргыз кылып өстүрүп, тарбиялай албаптыр. Тек, аталары аёсуз сынга алган нигилист - киргиздердин алгачкы муунун гана толуктаптыр балдары. Оозго алынгандарынан бир экөөнү белгилей кетели: А.Токомбаевдин уулу Улан Токомбаев, Т.Сыдыкбековдун уулу Сабыр Сыдыкбеков оруска да, кыргызга да пайдасы жок орусча ыр жазып жүргөнү, кыргызча элдир-селдир сүйлөп, эне тил, ата рухунан тайыз болгону дайын. Ал эми К.Баялиновдун небереси, белгилүү журналист Камил Баялинов бүгүн өзүн кыргыз санары күмөн. Ч.Айтматовдун Аскар Айтматову ушу тапта Кыргызстандын тышкы иштер министрлигин жетектеп, калайык көзүнө урунуп жүрөт, бирок чачырата кыргызча сүйлөгөнүн көргөн пенде жок. Демек, атасы жазган Маңкурт икаясын кандай кабылдаары белгисиз.
Жазуучу-акындардын арасынан жогорудагыларды атайын терип, тандап алганым жок. Өткөн кылымдын 20-жылдарынан бүгүнкү күнгө чейинки жазуучу-акын, адабиятчы-сынчылардын дээрлик баарында "типтүү" "ата-бала мамилеси" . Четинен мисал кылса жарай берет. Дагы да атактууларынан мисал: өзгөндүк акын Төлөн Шамшиевдин уулу кинорежиссер Болот Шамшиев бүгүнкү 60тан ашкан чагында дагы Ата журтуна барып, жердештери, туугандары менен эне тилинде чечилип сурашып, маектеше албайт. Кыргыз совет адабиятынын өкүлдөрү илгери "тип" дегенде жата калып сөз кылышчу эмес беле?! Мына, кыргыз тилин "эмгек майданы" катары пайдаланып, жанын баккан, аброй тапкан, атак күткөн кыргыз жазуучуларынын тукум улоочуларынын "типтүү образы"!
Бизде "заман ошондой болчу" деп кайдыгер кол шилтеп, тарыхый жоопкерчиликтен оңой ойт берчү адат да бар эмеспи. Демократия желаргысы адеп соккон кайра куруу жылдарында улуттук руханиятка, тилге байланыштуу "кылгылыктын" баарын саясатка, идеологияга, компартия бийлигине төңкөп, өздөрүн "диссидент" кылып көрсөткөн кыргыз жазуучулары көп эле чыкты. А тарых таразасы ылгай келсе, анын баары көөдөк сөздөн өйдө көтөрүлө албай калып атат. Маселен, кыргызды кыргыз тилинен ажыратуу багытында өкүм-зордукка салып, өмүргө коркунуч туудурарлык деңгээлдеги Москва көрсөтмө-буйругун эч ким таап бере элек ушул кезге чейин. Демек, ата-бала эки тилде сүйлөп, бирин-бири жете түшүнбөй калган көрүнүшкө саясат да, заман да, шарт-кырдаал да күнөөлүү эмес.
Бул жерде не үчүн жазуучу калкына "касташып", мисалга тартып калдым? Биринчиден, мына ушул катмар улуттук тилди калыпка түшүрүп жөндөп, сактоо, өнүктүрүп-өөрчүтүү озуйпасынын ээлери. Экинчиден, мына ушул катмар кыргыз тилинин алдында өзгөчө милдеткер. Себеби, Ч.Айтматовдон башкасы бүт кыргыз тилинде томдогон китеп жазып, кыргыз тилинин аркасы менен жашап, кыргыз тилинин арты менен бала-чакасын баккан. Үчүнчүдөн, мына ушул "кыдыр даарыган" адамдардын эне тилин муундан-муунга өткөрүү тажрыйбасы жалпы элге, коомго күзгү. Анткени, эне тилдин өлгөнү алардын өздөрүнүн "өлгөнүнө" тете. А биздикилердин акыбалы кандай болуп чыкты? Балдары атасынын аздектеп жазганын эне тилинде окуп түшүнбөй, кылымдарга калат деген адабий мурасы адегенде өз үйүндө "өлүп" атса. Жазуучу үчүн андан өткөн трагедия барбы? Уул-кызы менен өз тилинде кенен сүйлөшүп, акыл-насаатын айта албаса, ата-эне үчүн мындан өткөн трагедия барбы? Не демекчисиң, жазуучу-акындардын кыргыз тилине жасаган мындай мамилесин көрүп, улуттук интеллигенциянын башка катмары тууралуу айтпай ак койгон оңдур.
Кыргыз тилинде адабий-көркөм тексттерди жаратып, кыргыз окурмандарынын эстетикалык муктаждыгын канааттандырып, адабият чөйрөсүндө тынч күн өткөргөн жазуучуларга мейли деп эле коёлу. Балдарын эне тилинде сүйлөтүп, кыргыз рухун дээрине сиңире албай, тегин танган муунду өздөрү өстүрүп атып, анан кыргыз тилин сактоо боюнча башкаларга насаат айтып, сын тагып, өздөрүн коомчулукка кыргыз тили менен дили үчүн күрөшкөн, улуттун рух башатын, ар-намысын таза сактоого башын сайган патриот катары көрсөтүүгө моралдык укугу бар беле айрым "улут каймактарынын"? Жок. Анда неге көжөлүп "күрөшүшкөн" деген суроо туулабы? Көрсө, адеп ээрге көчүк басканда эле биздин улуттук интеллигенциябыз эне тилге жан дээрден ажырагыс, дене бойго төнө сиңген, улутту улут кылып турган ыйык баалуулук катары маани бербей, тек, жеке кадыр-барк таап, күнүмдүк зоболо күтүүнүн, болбосо, кара курсакты нык тойдуруунун каражаты катары караган экен. Ошентип, бечара кыргыз тили оозекиден жазууга өтүп-өтпөй саясый "товарга" айланып, шору катыптыр. 1989-жылы мамлекеттик статус берилип, "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзам кабылданбады беле. Тилге чын дилден күйүп, аброй-таасирин арттырайын" деген пенде чыгармачыл интеллигенция катмарында да, саясый элитада да өтө эле аздыгынан улам, ал мыйзам жоболорунун жок дегенде жарым-жартылайы ишке ашырылып аткарылган жок.
Кембагал калктын бечара кейпин кийген эне тили бүгүн дагы саясый кызыл кулактыктын куралына айланып, саясый таймаштын бутасы болуп турат. Ак үйү да, көк үйү да бул сапар тил мыйзамына коомдук зарылдык катары эмес, кезектеги саясый акция сыңары көңүл буруп, көтөрүп чыкты. Эгерде парламенттик шайлоо кыстап келе элек болгондо мамлекеттик тил боюнча жаңы мыйзам долбоору Жогорку Кеңештен кубаттоо табары арсар болчу. Кыргыз тилинин мамлекеттик тил статусуна көлөкө түшүрүп, ансыз деле чектелүү коомдук позициясын бошоңдоткон орус тилине официалдуу тил статусун берүү демилгеси дал ушул Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынан, ушул эле депутаттар тарабынан колдоого алынган.
Түпкүлүгүндө мыйзам азыркы турпатында кабылданган, же болбосо, Президент вето коюп, парламентте кайра тонолуп-буталып, айталы, мамлекеттик кызматкерлерди сөзсүз түрдө кыргыз тилин билүүгө милдеттендирген 10-статья алынып салынып, жумшартылган вариантта кабыл алынган кезде деле мурдагыдай эле жоболору толук аткарылып, турмушка ашып, шар иштеп кетиши кыйын. Анын баары тилге карата улуттук интеллигенциябыздын мамилесине, жалпы элибиздин патриоттук духу тайыз, коркок-билиш, телинме улуттук психологиясына, менталитетине барып такалат.
Жогорудагы айрым ойлор "бул эмне кыргыз тилине душман?", "мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамга каршыбы?" дегендей эки ача пикир туудурушу да мүмкүн. Кошумчалай кетейин, эгерде кеп азыркы мыйзам долбоору туурасында болсо, анын өзгөртүүсүз кабыл алынышын жактайм. Мыйзам камчы салдырбай шыр иштеп, толук аткарылып кетпесе да, эне тилин таптакыр чангандардын санын кыскартканга, элеттик карапайым калктын көкүрөгүндө улуттук сыймык оту тутанып, өзүн мамлекеттин ээсиндей эркин сезген атуулдук жигердин жанданышына өбөлгө болоору айгине. Тилекке каршы, улуттук тил маселеси ошону менен эле жайгарылып, кыргыз тили кыргыз мамлекетинде өзүнүн татыктуу ордун таап, нарк-кунуна чыкпайт. Саясый товар сыңары утур-утур эле кайра көтөрүлүп, футбол тобундай ары-бери тепкиленип, биротоло баркын, күчүн жоготуп бүтүшү мүмкүн. Эне тилибизге бүгүнкүдөй мамиле менен барсак, өнүгүп-өсөрү өтө күмөндүү. Өссө "киргиздер" катмары өсүп отуруп, тилдик ажырым менен бүтүн улут экиге бөлүнүп, ортодо келишпес кастык күчөй берет. Андай акыбалга кептелбеш үчүн биз азыртан эки жолдун бирин тандашыбыз керек. Биринчиси - кыргыз тилин сактап, аздектеп, өнүктүрүүгө кескин багыт алуу менен улуттук жүзүбүздү, улуттук мамлекетти сактап калуу. Экинчиси - эне тилди караманча жээрип, башка тилдерге орун берүү. Тил жок деген сөз - улут жок деген сөз. Улут жок болсо өзүнчө мамлекет болуунун кажети жок. Анда эртерээк башка күчтүү мамлекеттердин этегине эптеп эрмешип, сиңип, кыргыз деген атты биротоло унутуп, кара курсактын камын гана ойлогон оң. "А Акаев президент болуп калсынбы, же кетсинби?" деп деле референдум өткөрүп жүрбөйбүзбү. Жогорудагы эки жолдун бирин аныктоо үчүн тил маселесин референдумга алып чыкса неге болбосун!
Непадам, ошондой референдум өтүп, өлкө калкынын көпчүлүгү "Кыргыз тили менен биргебиз!" деп добуш берип калса, мамлекеттик саясат "эгер эртең эне тилим жоголору чын болсо, мен бүгүн жок болууга даярмын!" (З.Гамзатов) принцибинде жүрүп, тил үчүн күч колдонгон опурталдуу ыкмаларды ишке ашыргандан кайра тартпоо керек.
Албетте, бул сунуш коомчулукта колдоо таппасын, ал тургай айрым мекендештерибиздин кыйгыл күлкүсүн чакырарын туюп турам. Бирок мунун баары кыргыз улутунун үстүнөн башкалар күлүп, кыргыз элинин улуттук намысы улам пастап аткан аргасыз кырдаалдан чыккан ачуу кеп.
Абдувахаб МОНИЕВ,
"Агым", 5-март,
2004-жыл.