Сарэсеп...
Токтогул Туманов,
КСДП фракциясынын депутаты, ЖКнын Сот жана укук комитетинин төрагасы:
"Мени УКМК аңдыганын
өзүм билген жокмун..."
- Токтогул мырза, Жогорку Соттун судьялыгына буга чейин үч тандоо турунан жана президенттин кароосунан өткөн 25 адамдын талапкерлиги кечээ парламентте да өттү. Сиз комитеттин төрагасы катары айтсаңыз, талапкерлерди тандоодо кандай кыйынчылыктар, кандай түшүнбөстүктөр болду?
- Белгилүү болгондой башында Жогорку Соттун судьялыгына 92 адам өз талапкерлигин коюшкан. Анын 20сы кайра талапкерликтен өз каалоолору менен баш тартышты. Ал калган талапкерлер улам электен өтүп олтуруп, аягында Жогорку Соттогу 25 судьялык орунга 25 талапкер тандалып алынды. Мыйзам боюнча Жогорку Сотко судья боло турган адам кеминде 5 жыл сот тармагында иштеген адам болуусу кажет.
Чынын айтканда, бул жолу деле судьяларды тандап алуу оңой - олтоң болгон жок. Коомчулукта ар кандай кеп-сөздөр айтылды. Андай көрүнүштөр өз кезегинде иштин жүрүшүнө өз таасирин тийгизип турду. Бирок "талаштан тактык жаралат" дегендей, ошондой талаш-тартыштан такталып, иргелип олтуруп, татыктуу адамдар Жогорку Соттун босогосун аттады деп айтсак болот.
- Коррупциясын айтпайсызбы? Былтыркы жылдай талапкерлерди тандагандар акчанын алдында калбаганы менен быйыл деле көмүскөдө акча жасаган жок деп эч ким кепилдик берип айта албайт да, туурабы?
- Албетте, баары таза, баары укмуш болду деп айта албайбыз. Бирок ошентсе да, былтыркы жылга салыштырмалуу таза жана так эле болду. Эң башкысы Жогорку Сотко илгертен бери сот тармагынын күңгөй - тескейин жакшы билишкен бир топ тажрыйбалуу адамдар чогулду. Эми Жогорку Сот толук курамында, жаңы курам менен ишке киришкенде буга чейин жумуштан бошотуу тууралуу арыз жазып жүрүшкөн Жогорку Соттун 9 судьясын да бошотуу маселесин чечип беришибиз керек.
Мен бул адамдар биздин жана жалпы элдин ишенимин актап, өздөрүнүн абийирлеринин алдында таза иштеп беришет деп ишенем.
Ал эми сиз айткандай акча жасагандарды өз колубуз менен кармап албагандан кийин, ал жөнүндө бир нерсе айтуу кыйын.
- Калиев, Акыев, Үмөталиева сыяктуу 3-4 талапкердин буга чейинки ишмердүүлүгүнө бир топ терс пикирлер айтылды. Ал айтылгандар иликтөөгө алынбы? Же "бармак басты, көз жумду" болуп калабы?
- Андайга жол бербешибиз керек. Эгер андай көрүнүштөргө жол берсек, биз эч качан сотторду тазалай албайбыз. Буга чейин айтылып келген ал адамдардын ишмердүүлүгү укук коргоо органдары тарабынан сөзсүз түрдө иликтөөгө алынышы зарыл.
- Сиз комитеттин төрагасы эмессизби. Бул маселеде сиздин да өз таасириңиз бар дегенде, ошондуктан сизге да бир топ талапкерлер, аны колдогондор акча сунуштап, суранып келгендерин деле жокко чыгара албасаңыз керек?
- Мага эч кимиси акча сунуштап келген жок. Анткени ким акча сунуштаса, эртең эле ачыкка чыгып каларын жакшы билишет. Ал эми суранып келгендер болду. Аларды бул маселени мен жалгыз эмес, жалпы парламент чечерин айтып, сылык узатып турдум.
- Тар чөйрөдө талапкерлер Сотторду тандоо кеңешинин кароосунан, кийин сынактан өтүп жаткан кезде, УКМК сизди ишмердүүлүгүңүздү иликтеп-жиликтеп, байкоо салып турушканы айтылды эле. Алар кандай себеп менен андай кадамга барышты?
- Бул жөнүндө мен эч нерсе айта албайм жана жашыра турган да сыр жок. УКМКнын антип сары изиме чөп салып, аңдыганын мен өзүм байкаган да, билген да жокмун. Аңдыса аңдыгандыр, бирок мен УКМКны кызыктыра тургандай деле кадамдарга барган жокмун. Бир гана мыйзам чегинде иш алып бардым деп ишенимдүү айта алам. Чынын айтканда, мени текшериштиби же бул кимдир бирөөлөрдүн чыгарганыбы, айтор билбейт экенмин.
- Жогорку Сотко судьяларды тандоо иши эки жылдан бери эптеп этегине чыкты окшойт. Эмки кезекте кайсыл тарапка судьяларды тандап "эрмектейбиз"?
- Эмки кезекте Конституциялык палатага 15 судьяны тандашыбыз керек. Бүгүнкү күндө бул боюнча иш-кагаздарды кабыл алуу иши башталды. Жакын арада шайлоо болот. Менимче, бир айдан кийин татыктуу талапкерлер тандалып алынып калат. Андан ары кезек-кезеги менен жергиликтүү сотторго тандоо иштери жүрө берет.





Сандар сайрайт…
Сабырбек Молдокулов, Эсептөө палатасынын төрагасы:
"Каржылык мыйзам бузуулар мурун
миллиондор менен эсептелсе,
азыр миллиарддарды чапчыды..."

| Башталышы 5-бетте |

Ал эми 2011-жылы биз укук коргоо органдарына жалпысынан 247 иш өткөзүп бердик, каржылык мыйзам бузуусу жалпысынан 792 млн. сомду түздү.
Анын ичинен:
Прокуратурага 77 иш, каржылык мыйзам бузуусу 49 млн. сом. ИИМге 41 иш, каржылык мыйзам бузуусу 89 млн. сом.
Мурунку каржы полициясына 119 иш, каржылык мыйзам бузуусу 8 млн. сом. УКМКга 10 иш өткөзүп бердик, каржылык мыйзам бузуусу 566 млн. сом.
Алар ал жылы 134 ишти (446 млн. сом) карашкан. Мисалы, прокуратура 54 ишти (326 млн. сом) карашып, анын ичинен 6 млн. сом каржылык мыйзам бузуунун негизинде 7 иш боюнча, 7 адамды жоопко тартышкан. Башка укук коргоо органдары да ушундай эле иштерди карашкан.
Быйылкы жылдын жарым жылдык отчёту боюнча биз укук коргоо органдарына жалпысынан 142 иш өткөзүп бердик. Каржылык мыйзам бузуунун негизинде 641026,2 миң сомду түзгөн. Мындан тышкары, алар да өздөрү бизге кайрылып турушат. Биз алардын кайрылуусунун негизинде да аудит жүргүзөбүз.
Бул кыскача маалымат болду. Кыскасы, биз укук коргоо органдары менен тыгыз байланышта иш алып барып жатабыз. Бирок иштин баары эле дайым биз ойлогондой чечилип жатат дегенден алыспыз. Себеби, ар кандай жагдайлардын негизинде кээ бир иштерге кылмыш козголбой калат же кылмыш козгоодон баш тарткан да учурлар болот. Бирок андай маселелерге өздөрүнүн түшүндүрмөлөрүн берип турушат. Биз негизинен укук коргоо органдарына мыйзам бузууларды далилдин негизинде көрсөтүп беребиз. Калганын алар аягына чыгарышат. Быйыл биз укук коргоо органдарынын жетекчилери өзүбүзгө чакырып, квартал сайын отчёт берип, тыгыз байланышта иштеп, жалпы маалыматты алмашып, иш жүргүзүү боюнча келишимге кол койдук. Менимче, буйруса бул аракетибиз да өз жемишин берет.
- Жогорку жактарга, атап айтканда Ак-үй, Көк-үйгө, парламентке, депутат, премьер, президент сыяктуу бийликтин бийик бутактарын толук кандуу текшерүүгө тишиңер өтөбү? Же алар силерди текшертпей, (текшертсе да үстүртөн) өзүңөрдү "текшерип" коёбу?
- Эми азыр андай жок. Мурда болсо болгондур, бирок азыр баары ачык. Эч ким, эч кимди коркута албайт. Тоскоолдук кылбайт дагы, биз өзүбүз мыйзамда жазылгандай толук кандуу текшерип жыйынтыгыбызды чыгара беребиз. Президенттин иш башкармалыгын, өкмөттүн аппаратын, парламенттин аппаратын да эч тоскоолдуксуз эле текшерип жатабыз. Азыр көп нерсе ачыкка чыгып тургандан кийин, эч ким тоскоолдук кыла албайт да экен. Атаандашуу да жакшы жолго коюлуп калгандан кийин, бириникин-бири ачыкка чыгарып жатканына көп эле күбө болуп жатпайбызбы. Мындай көрүнүштөр да бизге жол ачып, жумушубузду жеңилдетип жатат десем болот. Жогорку жактан телефон чалуу да, өң-тааныштык да таасир бере албайт.
- Республикабыздын башкы эсепчиси катары айтсаңыз. Коррупцияга каршы жүрүп жаткан күрөштү кандай баалайсыз? Купулуңузга толуп жатабы? Бул маселе боюнча силер тараптан кандай кемчиликтер кетип жатат?
- Коррупция таптакыр кыскарып кетти деп так кесе айта албайм. Бирок көзгө көрүнөрлүк жыйынтыктар бар. Алардын бири биздин отчёттордогу далилдин негизинде топтолгон сандар экенин баса белгилеп айта алабыз. Айтор, коррупцияга каршы күрөш алынча жүрүп жатат, бирок бул күрөштү дагы күчөтүшүбүз зарыл деп эсептейм. Кемчиликтер тууралуу айтсак, биз колдон келишинче кемчилик кетирбегенге аракет кылып жатабыз. Бул маселе боюнча биз жыл башында бир инспекторубузду кызматтан кетирдик. Анткени ал биздин буйругубузсуз эле бир мекемени өз алдынча текшерип жүргөн экен.
Кемчиликтерди жоюу үчүн биз аудиттерибизди каржылык отчётко өткөзүп жатабыз. Алар мыйзам бузуу деп эле басып жатып калбастан, мекемелерге каржыны жумшоо боюнча багыттарды көрсөтүп, жардам да көрсөтүшөт.
- Сабырбек мырза, эми соңку суроо болсун. Силердеги чечилбеген көйгөйдү айта кетсеңиз?
- Көйгөйүбүз жок, укмушпуз деп айта албайм. Бизде чечилбеген көйгөйлөрдүн бири башка министрликтердей эле кызматкерлерибиздин айлыгынын аздыгы. Бизде референттердин маянасы кошумча акчасы менен болгону 6500 сом. Инспекторлордун айлыгы деле 6500дөн башталат. Албетте, аз акча. Айлык көтөрүп, бардык шарттарды түзүп берсек, кызматкерлерибиз мыйзам бузуудан алыс болушат.
Андан тышкары, биз жакын арада электрондук-автоматтык отчётко өтөбүз. Мисалы, ар бир аудит кайсы мекемени текшерип жатса, ал компьютерден мага бүгүн кандай мыйзам бузууларды тапканын, дароо жазып турат. Мен болсо бул жерден дароо көрөм. Ошентип ал инспектор күнүнкү ишин күндө жазып, тез аранын ичинде автоматтык отчёт берип турат. Мурунку жазгандарын кийин өзгөртө албайт. Буга чейин болсо мындай система жок эле, 10 күн текшереби 10 күндөн кийин, бир ай текшереби, бир айдан кийин гана жалпы отчёт берип турушчу да. Негизи бизге билгизбей, өз ара сүйлөшүп алып, анча күндүн ичинде толтура нерсени өзгөртүп койсо деле болот да. Биз мына ушундай нерселерге бөгөт коюп жатабыз. Эми бул электрондук системаны толук кандуу иштетиш үчүн бир топ каражат (жабдыктарды алууга, кызматкерлерибизди үйрөтүп окутууга ж.б.) керек экен. Ал каражатты өкмөттөн сурабай, сырткы донорлордон колдоо издеп жатабыз, буйруса октябрь айында алабыз

Бетти даярдаган
Айбек Шамшыкеев