presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Саяжүз
Өмүрбек Абдырахманов:
"Программа"
максаты эмне?
Өмүрбек Абдырахманов өзүнүн бу чактагы ашкере " душманы", а кечээги партшефи Өмүрбек Текебаев менен адаш - аты окшош болуп эле чектелбей, жердеш, ал тургай айылдаш дагы болуп саналат. Чыны менен ошондой, ал 1948-жылы Базар-Коргон районунун Акман айылында туулган. ( Айтуусунда, атасы 1930-40-жылдары кандайдыр бир куугунтукка кабылып, Суусамырдан Базар-Коргонго качып барып жашап калган экен. Өз жерине анан кийинчерээк келиптир.)
Биздин каарман Советтик Армияда милдеттүү кызматын өтөгөн соң окууга тапшырып, 1977-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-физика факультетин бүтүргөн. Студент кезинде КМУнун комсомол комитетинин катчысынын орун басарлык, анан Кыргызстан ЛКЖС БКда студенттик отряддар штабына командирлик кылган. Андан кийин туруктуу иштеп, жашаган жери боюнча президент Алмазбек Атамбаевге жердеш болуп чыгат. 1980-жылдан 1987-жылга чейин Аламүдүн районунун азыркы Арашан айылындагы Стрельников атындагы мамүрөнзаводунда парткомдун катчысы, кийин дагы эки жыл Арашан айылдык кеңешинин төрагасы болуп иштеген. А 1991-1994-жылдары Чүй облустук Кеңешинин башкармасынын башчысы. Ушундан баштап анын эмгек китепчеси актай калган десе да болот. Анткени, 1994-жылы "Азат мебель" аталган менчик компаниясын ачып, баш оту менен бизнеске кирген.
Уруусун сүрүштүрсөк, ал өзү 2006-жылдары "Лидери Нурлан Мотуев, аксакалы Үсөн Сыдыков болсо, мен саяк болбой эле койдум" деп, арыз жазып, саяктардын катарынан чыгып кеткем" деп айтып жүргөн экен... Ал эми саясатта Өмүрбек мырза башынан эле кайдыгер адамдардан эмес болчу. Эрте ойгонуп, СССР тушундагы кайра куруу учурунда эле партбилетин ыргытып, демократ болуп чыккан. Айтылуу КДКнын ишине, Апсамат Масалиевди бийликтен оодарган пикет, митингдерге активдүү катышкан. Чиймелей койгонго да шыгы бар болгондуктан, ошол учурда Масалиев баш болгон партбоссторду чымчылап, келекелеген азил ырларды жазып, китепче кылып чыгарган.
Бирок, митингде кыйкырган көчө саясатчысы болгусу келбесе керек, кыргызда биринчилерден болуп ишкерликке өткөн. Кийин бир аз оокатын тыңдаган соң кайра саясатка аралашууну көздөп, Медет Садыркуловдор түптөгөн "Моя страна" партиясына кирет. А бирок, көп өтпөй эле көз карашы келишпей калганбы, айтор, бул партиядан чыгат да, бир кезде партиянын офисине алып барып берген кеңеш столун көтөрө кетет.(Бул учурда анын "Азат" мебель фабрикасы кадимкидей бутуна туруп калган болчу. Стол ошол өз өндүрүшүнөн чыккан. Сыягы, кийин ал столду "Ата Мекен" партиясынын офисине алып барса керек.)
2006-2007-жылдары Бакиев режимине каршы "Реформа үчүн" кыймылынын акцияларына активдүү катышкан. "Ата Мекен" социалисттик партиясына мүчө болуп кирип, 2007-жылкы парламенттик шайлоодо аялы менен кошо ушул партиядан депутаттыкка талапкер болгон. Ошентип бул мезгилде көпчүлүк аны көбүнчө Ө.Текебаевдин жанынан көрө баштаган эле. Өзүнүн айтып жүргөнүнө караганда, ага жакындагандыгы үчүн Бакиевдердин куугунтугуна кабылып, бир-эки курдай камалып да чыкты, бизнеси жүрүшпөй калды. Анан "господин Абдырахманов" "айла жоктон" АКШнын бир штатынан 1 миллион долларга үй сатып алып, океан ары жагына көчүп кеткен. (Ал өзү мурдатан эле батышчыл, америкачыл көз карашта жүрчү, Американын артыкчылыгын шилекей агыза кеп кылчу. ) Бакиев бийликтен кубалангандан кийин Кыргызстанга кайтып келип, АКШдагы "особнягын" сатып, "Ата Мекенден" Жогорку Кеңешке депутат болду. Быйыл жаздагы партпленумда "партиянын саясатын бөлүшпөгөндүгү жана ылайыксыз жүрүм-туруму үчүн" дешип, "ата мекенчилер" аны партиядан чыгарышты, бирок депутаттык мандатын ала алышкан жок. Буга чейин эле ал партиясы менен кандайча "иштешип, саясат жүргүзгөндүгү"журтчулукка жакшы дайын, көпчүлүктүн көз алдында болчу.
Бир жагынан алганда, парламенттеги чоң Өмүрбек менен кичи Өмүрбектин бири-бирин "атып салам" дегенге чейин барып ыркырашкан азыркы чуулганын мындай түшүндүрсө да болот: Жогорку Кеңеште мамлекет, эл тагдырын калчаган абройлуу депутат, "мамлекеттик ишмер" болгондон кийин, алар ар дайым эл оозунан түшпөй кепке алынып, ашкере таанымал, популярдуу болушу керек. А буга жетүү үчүн парламентте бирөө менен сөгүшүп, бирөө менен мушташып, же болбосо, Манасты "бандит" дей коюп, гезиттерди, таластыктарды чуулдатып дегендей бир "иш жасап" турган абзел! Болбосо, алган айлык акталабы?
Албетте, бул күйгөндөн чыккан каймана кеп. Чындыгында Ө.Абдырахманов табиятынын акыйкатчыл, оригиналдуу ой жүгүрткөн, билими, интеллекти деле салыштырмалуу жогору, өзүнүн көзкарашы бар, байлык, мансап үчүн абийирден аша кечкенден, бирөөгө бүгүлүп кошоматчылык кылгандан алыс дегендей мыкты сапаттарга ээ адам. Саясий таржымалы дагы таза: кыргыздын көпчүлүк саясатчылары сындуу мамлекет, эл мүлкүнөн уурдап, жеп-ичип, депутат болгонго чейин мамлекетке зыян келтирген киши эмес. (Үй-бүлөдөгү тиричилик, бизнес иштерин негизинен аялы башкарат. Нурбек, Улан, Азат деген үч уул, Алия деген бир кызы бар.. Алия Америкадагы престиждүү ЖОЖду бүтүп, бир ири компанияга жумушка кирген. Кичүү уулу АКШда студент. Анын окуусуна жылына 40 миң доллар акы төлөйт.)
Бирок, мурда-кийин бирөөгө кылган жакшылыгын, мисалы, "Паланчаевге паланчанчы жылы паланча долларлык ыштан алып бергендигин "деле паланча жылдан кийин колко кылып айтып чыкмайы жана жаатташкан адамынын артынан бучкактап, аялдарчасынан ушактап, жамандап жатып калмай сыяктуу айрым майдачыл, терс мүнөздөрү анын мыкты жактарын кээде жууп кетет. Мисалы, маанилүү бир саясий көз караш келишпестигинен деле эмес, болбогон бир пендечиликтин айынан " адаш, партиялаш иниси" менен жоолашуусу, анан ошонун тегерегиндеги айрым кадамдары менен ал пайгамбар жашынан өткөндө өзүнүн адамгерчилик аброюн өзү пас деңгээлге түшүрүп алмак болду.
Ошентип, Өмүрбек Абдырахманов өзүнүн бир келген саясий мүмкүнчүлүгүн-учурдагы депутаттык мөөнөтүн коомго ийги жагынан үлгү көрсөтүп, мамлекетке бир пайда алып келерайтарлык бир иш кылып, из калтыра албай, тек гана, мамлекет үчүн ашка жүк, башка жүк көп депутаттын бири катарында аяктайт окшойт. Анткени, анын мындан аркы саясий "программасы" бир гана максатка - Ө.Текебаевден өч алып, "Ата Мекендин" аброюн кетирүүгө багытталып, бүт күч-аракети ошого жумшалары айгине болуп калбадыбы.
Курсантбек УЛУКБЕКОВ





Россия "чүчкүрдү"
"Четчил" чиновниктерди
чектей алабызбы?

"Москва чүчкүрсө, Бишкек жөтөлөт" дегендей, мыйзамдык базаны түптөп, мамлекеттик түзүлүштү, саясатты жөнгө салуу иштеринде Кыргызстан башынан эле Россия Федерациясын туурап, ал тургай кээ бир мыйзам жоболорун түп-түз эле көчүрүп алып келаткандыгы жашыруун эмес. А алдыдагы маселеде кантээр экен?

Россия парламенти -Мамдуманын депутаттары бардык тепкичтеги мамлекеттик кызматкерлердин жеке турмуш ишмердигин чектеген мыйзамга оңдоолорду киргизип, жакын арада кабылдамакчы болуп турат. Бул жаңы мыйзам долбоорунун негизги жобосу мамкызматкерлердин чет өлкөдө кыймылсыз мүлккө ээлик кылып, же банкта акча кармашына кескин тыюу салат. Бул тыюу мамкызматкердин жеке өзүнө эле эмес, аялына, ал тургай, жашы жете элек балдарына дагы тийиштүү. Демек, чиновник бар байлыгын аялына же баласына каттатып коюп кутулуп кетиши кыйын.( Бирок, башка жолу деле толтура дегилечи.)
"Эгер сен жалаң гана бизнес менен шугулдансаң, каерден канча мүлк сатып алып, ээлик кыласың, өз эркиң, - деп түшүндүрүшөт мыйзам долбоорунун демилгечилери: - Бирок, мамлекеттик кызматка өтүп калсаң, мамлекет алдында дагы , эл алдында дагы жүзүң таза болушу керек. Мисалы губернатор болуп дайындалсаң, чет өлкөдө үйүң болобу, башкаң болобу, үч айдын ичинде баарын сатып, банктагы эсебиңди жаап, акчаңдын баарын россиялык банктарга которушуң керек." Антпесечи? Мыйзам боюнча, фискалдык органдар мамкызматкердин чет өлкөдө мүлкү же акчасы бар экендигин аныктаары менен анын саясий карьерасына чекит коюлат.
А Кыргызстандачы? Ырас, бизде деле мамлекеттик кызматтагылардын жалпы эле бизнес менен алектенишине тыюу салган мыйзам бар. Бирок ал мыйзам таптакыр иштебейт. Бизде иштеген турмуштук мыйзам анын тескерисинче: эгер сенин бизнесиң болбосо, б.а. бай болбосоң, жогорку мамлекеттик кызматка жетмек турсун, жакын жолой албайсың. Маселен, биздин чиновниктер деле россиялыктардай жылына декларация толтурушат. А ал декларациядан эл башкаргандарыбыздын кембагалдыгын көрүп, бооруң ачып, ыйлагың келет. Былтыр баарына жарыя болбодубу, маселен, экс-спикер Ахматбек Келдибековдун бир эски "Москвичтен" башка колго илинер мүлкү жок экен!? ( Ооба, баары түшүнүктүү, кыргыз чоңдору бүт мүлкүн аялына, балдарына же туугандарына жаздырып коёт эмеспи.)
Ал эми чет мамлекетте бизнес, кыймылсыз мүлк ээлик кылуу маселесине келсек, чет өлкөдөн мүлк ээлеген чиновниктер Ак үй ичинде жетишерлик. А жаңыдан сатып алгысы, бизнесин чет өлкөдө жүргүзгүсү келип кыялданган "чоңдор" канча!? Азырынча бизде ага чек койгон мыйзам жок. Чектеген учурда дагы бул ишти тыкыр көзөмөлдөп, мыйзамды так аткарта турган механизм табыларына ишенүүгө болбойт. Анан бизде башка дагы парадоксалдуу көрүнүш бар: кыргыз чиновниктеринин бизнеси мамлекеттик кызматта жогорулаган сайын айрыкча "гүлдөп", заматта миллионер болуп чыга калышат. Мамлекетти каалагандай ашап, жейт да, анан тапкан-ташыганын бүт чет өлкөгө чыгарып, "Кош бол, Кыргызстан" деп кете беришет. Буга мисал толтура: акаевдер, бакиевдер, үсөнөвдор ж.б.
Орус депутаттары мамлекеттик кызматтагылардын "чет мамлекетчилдигин" жогорудагыдай тыюу менен чектелбей, башка жагынан да тизгиндөөнү көздөп жатышат. Ошол эле мыйзам долбоорунда чиновниктердин чет өлкөдө мүлк кармоосуна эле эмес, балдарын чет өлкөдө окутушуна дагы тыюу салуу каралган. Бул жобонун маанисин мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, Мамдуманын конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орунбасары Вячеслав Лысаков: "Мамлекеттик бийликке тиешелүү адам бийик мамлекеттик принциптерди жарыя кылып эле тим болбой, ал принципти өзү кармап-тутуп, алып жүрүшүзарыл. Алар жана алардын балдары өздөрүнүн жашоосун, келечегин өз Мекени менен байланышта карашы керек" - деп түшүндүрөт.
Депутаттардын айтуусуна караганда, бул мыйзам кабыл алынган учурда азыр четте окуп жаткан "чоңдун" балдары бүткөнчө окуй алышат. Ошондой эле, аталган мыйзам грант аркылуу чет өлкөгө окууга өткөн "чоң" балдарынын алдын тосо албайт. Эгер мыйзам долбоору ушул күздө кабыл алына турган болсо, 2013-жылдан баштап иштей баштамакчы. Анда чет өлкөдө мүлк, акча кармаган чиновниктер үчүн 6 ай мөөнөт берилет экен. Эгерде чиновник бул аралыкта четтеги байлыгын мекенине алып келип, мыйзамдаштыра албаса, 5 миллион рублден 10 миллион рублге чейинки өлчөмдө айып пул төлөшү, же 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Коррупция менен күрөшүүнү жар салган Кыргызстанда дагы бүгүн-эртең ушундай маселе көтөрүлөбү? Күтө туралы.
Мээрим Мейманалиева





кыргыз тилиндеги гезит "Учур"





??.??