presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Көрбөйт деп ууру кылба...
Мадылбеков айткан "жомок" чындыкка айланганы калды...

"Кыңыр иш кырк жылда билинет" демекчи, бүгүнкү күндө кырк күндө эле билинип калган учур. Кечээ эле "ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат" болуп жаткан, Жогорку Кеңештин депутаттары Туратбек Мадылбеков, Райкан Төлөгөнов баштаган "атамекенчилердин" 2010-жылдын 7-апрелиндеги талап-тоноочулук боюнча былыктары чубалганы турат.

Кудай баарына тараза. Эртедир-кечтир ар бир инсан жасаган иши үчүн жооп берет. Сары майды канчалык сууга чөгөрөм десең да калкып чыккан сыңары, чыркыраган чындык акыры билинет. Ошол үчүн акылман кыргыз эли "кыңыр иш кырк жылда билинет" деп, акыйкаттык, чындык акыры өз ордун табарынан үмүт үзүшкөн эмес. Анткени кара ниет, бузуку ач көздөр баткан ааламга, адилеттик, чындык батпай калышы мүмкүн эмес. Ата-бабабыз бекеринен "көрбөйт деп ууру кылба, укпайт деп ушак айтпа" деп насаат айтпаса керек. Мыйзамдын укуругу узун экен, минтип Коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин жетекчиси Туратбек Мадылбековдун Бишкек шаардык прокуратура бөлүмүнүн прокурору болуп иштеген 34 жаштагы уулу Элдар Мадылбеков 15-сентябрда "рейдерлик жасаган жана өзгөчө ири өлчөмдө көз боёмоочулук кылган" деген шек менен Башкы прокуратура тарабынан качып бараткан жеринде чек арадан кармалып, камакка алынды. Прокуратуранын маалыматы боюнча депутат уулу прокурор Элдар Мадылбековдун мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 2 млн. доллар же 94 млн. сом өлчөмүндө зыян келтирилген. Бул иш 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялардан кийин Бакиевдин үй-бүлөсүнө жана анын жакындарына таандык адамдардын мүлкүн мыйзамсыз басып алуу фактысы боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлүүдө.
Элдар Мадылбеков буга чейин эски бийликтин тушунда азыркы "Ата-Журт" фракциясынын лидери Садыр Жапаров Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси болуп турганда кол алдында иштеген. Учурда прокурорлук кызматта. Эң биринчилерден болуп мыйзамды сыйлоо милдеттүү болгон ата менен баланын тейи бул болгондон кийин, башкалар туурасында эмне айтууга болот?
Туратбек Мадылбеков болсо, уулунун кармалышын "атайын буйрутма" катары баалап, соттун чечимисиз эч ким уулун күнөөлүү деп айта албасын билдирип, "балам ак карга" деп жан алакетке түшүүдө. Кызыгы, Туратбек мырзанын "атайын буйрутма" дегени кайсы логикага сыят? Элдин ырыскысын ичип-жеп, жосунсуз жорук жасаган чоңдор менен чоңдун балдары камалса эле буйрутма болуп калат бекен. Же мыйзам карапайым элге иштеп, чоңдор менен анын балдарын тиешеси жокпу? Бир нерсени айтканда да, ченеп актаныш керек го. Сыягы, бул кыңыр иштин учу өзүнө барып такаларын сезип, суудан жээкке серпилип калган балыктай чабалактап жатат окшобойбу. Себеби Башкы прокуратура бул кылмыш ишине тиешеси бар бир нече депутаттын кылмышын да иликтеп жатканын билдирди.
Эсиңиздерге сала кетсек, буга чейин 2010-жылдын 7-апрелинде мародерчулук кылып колго түшкөн Абдулла Юсупов "Ата-Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди баш кылып Болот Шерди, Райкан Төлөгөновду уулу Муса менен, Турат Мадылбековду уулу Элдар менен чогуу мародерчулук кылышканын айтып, көрсөтмө берип келишкен. Ал эми "Ата-Мекенчилер" мунун баарын калп деп мойнуна албай жатышкан. Эми Туратбек Мадылбековдун уулунун камалышы менен башкаларынын да айыбы ачылып, темир тор артына түшүшү мүмкүн. Айрым маалыматтар боюнча Райкан Төлөгөновдун баласы Мусанын да камакка алынары күтүлүүдө. Эгер чындап мыйзам баарына бирдей болсо, депутатпы, же анын баласы болобу тиешелүү жазаларын алууга тийиш. Демократиянын эрежелеринин бири - ар бир жаран мыйзам алдында бирдей. Президенттен баштап, карапайым адамга чейин ар ким кылган ишине мыйзам ченеминде жооп берүүгө милдеттүү.
Ошентип, мурунку Өкмөт башчысы Өмүрбек Бабановду "түрк ишкери Хункар Адалиден күлүк ат парага алды" деген айып коюп, кызматтан алып түшүп, кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесин коюп, "өздөрүнүн башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөпкө асылып" келишкен "атамекенчилер" Бабановго "казган орго" өздөрү түшкөнү калды көрүнөт. "Республика" фракциясынын депутаты Курманбек Дыйканбаев: "Т.Мадылбековдун биринчи Юсуповго жолуккан эмесмин деп танып, анан депутаттык топ СИЗОго барып далилдегенден кийин, "ооба, барганым чын болчу" дегендин өзү, анын жумуш убактысынан кийин дем алыш күнү жолугууга барганы Т.Мадылбековдун таза экендигинен күмөн туудурат" деп, аталган ишке байланыштуу тергөө иштери аяктаганча, Коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин жетекчилигинен четтетүү сунушун кабыргасынан коюуда. Бирок, буга Туратбек Мадылбеков комитеттин төрагалыгына парламент бекиткенин, эгер күчтөрү жетсе четтетип салышсын деген позицияны карманып, каршы болууда. Ал эми "атамекенчилер" айткан "жомок" болсо, чындыкка айланганы турат. Бир сөз менен айтканда Өмүрбек Абдрахманов айтмакчы 7-апрелге чейин каржы жагынан каржалып жүргөн "атамекенчилер" революциядан кийин байып кетишкени тууралуу айтылып жаткан шектүү көз караштын учугу ушул жакта жатат өңдөнөт. Cебеп дегенде басма булактарында Туратбек Мадылбековго карата "Байлыгыңды көрсөтчү, айлыгыңды санайын" деген маалымат чыгып, анда эч кандай бизнеси жок Туратбек мырзанын декларацияда көрсөткөн 56 миллон сомду чапчыган байлыгы, анын өмүр бою ички иштер кызматында иштеген айлыгы менен төп келбеси жазылган. Мындан улам, мынча байлыкка кайдан ээ болгону дале болсо коомчулукка бүдөмүк. Эми миллиондордун изи табылып калаар…
Мына "Ата-Журт" фракциясынын лидери Садыр Жапаровго аталган маселеге байланыштуу кылмыш иши козголуп, шектелип жатканына түтпөй кеттиби, Элдар Мадылбеков туурасында агынан жарылып, Бишкектеги Киев-74 көчөсүндө (Абдрахманов менен Тыныстанов көчөсүнүн ортосунда) жайгашкан "Суу долбоор" мамлекеттик ишканасынын балансындагы имаратты Элдар Мадылбековдон сатып алганынын айтып кызыктуу маалыматты жар салды.
Бул туурасында Садыр мырза Элдар Мадылбеков менен Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттикти жетектеп турганда таанышканын билдирип: "Ал инспектор болуп иштеп жүргөн, бирок аттестациядан өтпөй калып, кызматынан кеткен. 2010-жылдын августунда, ал мага ишсиз жүрүп Киев көчөсүндөгү имаратты 1 миллион долларга сатып алууну сунуш кылган. Мен кымбат болгондуктан баш тарткам. Кийин имарат наркын 800 миң долларга түшүрдү, бирок биз дагы баш тарттык. Натыйжада, биз 500 миң долларга токтодук. Документтерин текшердик, имарат камакка алынбаптыр, биз аны мыйзамдуу сатып алдык. Биз аны далилдеп бере алабыз. Буга чейинки ээлери имаратты рейдерлик басып алуучулук менен ээлеп алса да ага биздин тийешебиз жок. Биз көзү ачык белек, ал имараттын тарыхын билгидей. 2011-жылы бул имарат башка бирөөлөргө сатылган. Биздин партия келерки жергиликтүү кеңешке шайлоого даярдануу үчүн аны ижарага алган. Мен тергөөчүлөр менен кызматташууга даярмын. Бирок азырынча мага эч ким кайрыла элек" - деп, Мадылбековдун былыгын чубап жатат. Демек, Мадылбековдун байлыгында мандем бардыгы байкалып турат.
Айтмакчы, эгер бул ишти аягына чыгаруу кызыкдар болгон тарап катуу киришип, Башкы прокуратура мыйзам алкагында акты ак, көктү көк деп адилет тергеп, кылмыш ишин сотко өткөрсө Туратбек Мадылбеков баласы менен, Райкан Төлөгөнов баласы менен абакка отуруп калыш толук мүмкүн экени айтылууда. Ал эми Өмүрбек Текебаев бул кылмыш ишинен кургак чыгып кетиши ыктымалдыгы да кеп болууда. "Карга карганын көзүн чукубайт" болуп, эч ким жоопкерчилик тартпайт дегендер да жок эмес. Бирок канткен күндө да чындык акыры чыркырап чыгаарын эске алсак, ар ким жасаган иши үчүн өздөрүнө тиешелүү жоопкерчилик тартышы зарыл.
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу






Осунбек Жамансариев:
Уулунун күнөөсү далилденсе,
Мадылбеков мандатын тапшырышы керек
Осунбек Жамансариевдин айтуусунда "Мекен шейиттери" жана "Айкөл Ала-Тоонун" мүчөлөрү талаптарын Жогорку Кеңештин депутаттарына өздөрүнүн кайрылуусунда көрсөтөрүн айтышкан. Ал өз сөзүндө "Биз Элдар Мадылбековдун камакка алынганы тууралуу маалыматты укканда абдан таң калдык. Биз бул окуядан кийин, укук коргоо органдары анын уулунун күнөөлүү же күнөөлүү эместигин далилдегенине карабай Туратбек Мадылбековдун тез аранын ичинде коррупцияга каршы комитеттин төрагалыгынын ыйгарым укуктарынан бошотулуусун талап кылабыз."- дейт 24kg агенттигинин маалыматында.
Апрель окуяларында курман болгондордун туугандарынын өкүлүнүн айтуусунда эгер Туратбек мырза Жогорку Кеңештин профилдик комитеттин жетекчилигинде калса, анда иликтөөлөргө тоскоол болуп укук коргоо органдарына басым жасап коюшу мүмкүн. "Эгер башкы прокуратура уулунун күнөөлүү экендигин далилдесе, анда Туратбек Мадылбеков мандатын тапшырышы керек. Биз муну талап кылабыз"- дейт Осунбек Жамансариев.
Эске салсак, 15-сентябрь ишемби күнү Башкы прокуратура "Ата Мекен" фракциясындагы ЖКнын депутатынын жана коррупцияга каршы комитеттин төрагасы Туратбек Мадылбековдун уулу, Бишкек шаардык прокуратура бөлүмүнүн прокурору 34 жаштагы Элдар Мадылбековду кармашкан. Ал уурулук жана рейдерлик боюнча шектенүүдө.
Бул иликтөөлөрдүн берген маалыматына караганда кичи Мадылбековдун мыйзамсыз иш-аракеттери мамлекетке 2 млн. долларга материалдык зыян алып келген.

"Апрель байрагы" Т. Мадылбековдун баласын үй камагына чыгарбоону талап кылууда
"Апрель байрагы" коомдук уюму депутат Туратбек Мадылбековдун камакка алынган уулу Элдар Мадылбековдун баш коргоо чарасын кароодо "подпискага" чыгарбоону талап кылат, деп маалымдайт апрель революциясынын баатыры, "Апрель байрагы" коомдук уюмунун төрагасынын орун басары Эмил Кыштобаев 17-сентябрда маалымат жыйынында.
Анын айтымында, азыр аны подпискага чыгарып кетебиз деген адамдар болуп жатат. "Бул ишке эч ким кийлигишпеши керек. Чинге жана кызматка карабай, бул ишти аягына чейин таза жана адилеттүү чыгарыш керек. Күч органдарынын ишине тоскоолдук кылышса, чоң акцияларга катышабыз", - деди ал.
"Биз Бакиевдердин мүлкүн менчиктештирип алган адамдарга каршыбыз. Алар революциянын аркасынан акча жасап жүрүшөт, алтындарды уурдап жатышат. Революцияга кара так калтырбаш керек. Революциянын артынан шылуундар жеп кетип жатышат. Ошондуктан биз 7-апрелдеги мародёрлук боюнча айыпталып жаткан "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Туратбек Мадылбеков менен Райкан Төлөгөнов тез арада депутаттык мандаттарын тапшырсын", - деди ал.
Ошондой эле "Каркыра" элдик кыймылынын төрагасы Абдраим Касымов үй камагына чыгаруу боюнча Жогорку Кеңештин 10 чактыдай депутаттары кол топтоп жаткандыгын маалымдады. "Азыр бир тоок урдаган адам түрмөгө отуруп жатат. Ал эми 2 млн доллар акча пара алган деп шектелип жаткан депутаттын баласы кармалып жатат. Бул боюнча депутаттар үй камагына чыгарыш үчүн кол топтоодо. Андай болсо парламентти таратып, люстрация аркылуу кайра шайлаш керек", - деп кошумчалады А.Касымов.




кыргыз тилиндеги гезит "Учур"





??.??