presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыңыр иш эмес,
кызык иш
Азыркы бийликтин эки жылдык өмүрүн анализдеп отурсам, мындан эки жыл мурун орун алган окуя аргасыз аялдама жасоого түрткү кылды. Ал кезде аябагандай актуалдуу маселеге айланган ал окуя, азыркы күндө айтылбай деле калды. Билесиздер, мындан туп-туура эки жыл мурун балыкчылык баатыр жигит Барыктабасовдун Бишкекке жасаган жоортулун. Карапайым адамдарды кадимки курултайга чакырымыш болуп, Урмат мырза убактылуу өкмөттү кулатууга аракет жасаган. Өткөөл мезгилдин өлкө башчысы Роза Отунбаевага өзгөчө талап койгон, "өкмөт башчылыгын өткөрүп бересиң" деген. Ал өтүнүчү өтпөсүн сезгенден кийин, Балыкчыдан кол топтоп Чоң Казатка аттанат, ал кездеги өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаевди алмаштырууга. Баштаган эле жерден Балыкчыдан милициялардын курал-жарагын тартып алат, ур-токмокко салып. Бер жагы беш миңдей кишинин ээрчитип, Барыктабасов деген балакет Бишкекти көздөй жол тартат. Ал ортодо алапайын таппай калган Акүйдүн чоңдору ары-бери чуркап калат. Көк асаба көтөргөн көп миңдеген барыктабасовчулар Чүйдүн айыл-кыштактарын аралап өтүп, борбор шаарыбызга жакындап калат. Чынын айтыш керек, алардын алдын тосо турган адам табылбай, Атамбаев аргасыздан "Форумдун" алдына партиялаштарын чогулта баштайт. Бул убакта Бишкекте чогулган барыктабасовчулар Балыкчыдан келе жаткан тарапташтарын тосуп алуу үчүн Кантты көздөй жөнөп калышат. Алгачкы сүйлөшүүгө ажобуз Роза Исаковна ал кездеги саясий кеңешчиси Топчубек Тургуналиевди жөнөтөт. Бишкектин милиция башчысы Рысалиев Зарылбек жетектеген күч органдары Бишкектин кире беришиндеги Киршёлк айылынын жанында Балыкчы-Бишкек жолун тосуп, аскердик унааларды, атайын бөлүктүн аскерлерин, ит кармаган милиция кызматкерлерин жолго тизип коюшат. Балыкчыдан келе жаткан Барыктабасовдун колоннасы аталган тосмого келип такалып, сүйлөшүүлөр башталат. Президенттин кеңешчиси Топчубек Тургуналиев жарым саатча Урмат Барыктабасов менен сүйлөшүү жүргүзүп, анын жыйынтыгын мындайча билдирет, "Урмат Барыктабасов бийликке үч талап койду. Биринчиси, аны токтоосуз түрдө премьер-министр кылуу, экинчиси, ага карата козголгон кылмыш иштерин дароо жабуу, үчүнчүсү, алар өткөрө турган курултайга тоскоолдук жаратпоо. Мен анын талаптарын толугу менен президентке жеткирдим" деп. Андан кийинки сүйлөшүүлөргө Зарылбек Рысалиев жалгыз катышат. Ушул жерден суроо туулат, "эмне үчүн ошол кезде сүйлөшүүлөргө ал кездеги ИИМдин министри Байболов, УКМКнын шефи Дүйшөбаев, Башкы прокурор Ибраев же Чүйдүн милиция башчысы Жусубалиев барышкан эмес?" деген. Окуяга башынан аягына чейин катышкан милиция кызматкеринин маалыматына таянсак, Ибраев "мен пресс-конференция берем", Байболов "мен укол алмакмын", Дүйшөбаев "мен президентке кирмекмин" деген шылтоолор менен барбай койсо, ал эми Жусубалиев "Арзу" кафесинде эч нерсе болбогондой лагман жеп отуруптур. Кепти кестире чаба турган болсок, алардын келмелери ооздоруна кептелип калган болсо керек. Зарылбек мырза Урматка, "мен сага бир саат убакыт берем, кай тараптан келсең ошол тарапка бет алып кет. Бишкекти көздөй бир метр жылам деп ойлобо, сенин башыңды бир эмес, бир нече снайпер мээлеп турат. Башың барда Балыкчыңа кайт. Элдин артына жашынам, менден качып кутулам деп ойлобо, мен сага оюнчук эмесмин" деген эскертүү сөзүн айтат. Ага болбой эле, айтканынан кайтпаган Урмат ага акча, кызмат сунуштап кирет. Ошентип, сүйлөшүүлөр көпкө уланат. Атургай кечке чейин уланат. Ал эми алдын ала такталган операция боюнча, Рысалиев алагды кылып турган маалда Жусубалиев жетектеген Чүй облусунун күч органдары Балыкчыдан келген колоннанын артынан курчап, жүрүштү таркатып, Урматты камакка алышмак экен. Кашайып алар операция бүткөндөн кийин, кудум индия киносундагы полиция сыяктуу жете барышканын катышкандар айтышат. "Бышкан ашка сынчы көп" дегендей эле, Барыктабасов камакка алынар менен коңулда жаткан биздин "генералдар" биринин артынан бири маалымат жыйындарын өткөрүп башташат. Эми ошол кездеги күч структураларынын берген маалыматтарына сереп салалы:

Башкы прокурор Байтемир Ибраев - У.Барыктабасовдун Казакстандын жараны экени тууралуу массалык маалымат каражаттарына тарап кетпедиби. Бул маселе азыркы күндө биздин карообузда эмес. Бирок Казакстандын прокуратурасы тарабынан "У.Барыктабасов Казакстандын жараны, ал кылмыш жасаган. Эгер сиздер тарабынан кармалса, бизге кабар берип коюңуздар",- деп айтылган Казакстан тараптын кагазы бизде бар. Биз эми аны кармадык. Бул маселени биз Казакстандын прокуратурасы менен дагы талкуулайбыз. Азырынча ал маселе жок. Биздеги кылмыш иштери боюнча тергөө жүрүшү керек. Андан кийин гана каралышы керек;

УКМКнын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев -"Мекен туу" партиясынын негиздөөчүсү Урмат Барыктабасовго 3 күн мурда Бакиевдердин туугандары тарабынан каражат келген. Бүгүнкү күнү ал акчаларды Бакиевдер кайсы каналдар аркылуу У.Барыктабасовго жөнөтүп турганы, алардын бийликти басып алуу пландарынын баары белгилүү. Бүгүн Ново-Покровка айылынын жанында токтотулган У.Барыктабасовдун тарапкерлерин кууп таркатуу учурунда жалпы 27 адам кармалып, УКМКнын абагына камалышты. Алардын он экиси баш аламандыктарды уюштурууга активдүү катышышкан. Барыктабасовду курчап жүргөндөрдүн жанынан 200 ашуун ок-дары, автоматтар, мылтыктар, тапанчалар, гранаталар табылган. Ошондой эле У.Барыктабасовдун айланасындагылар качып бараткан маалда бир катар ок-дары, курал-жарак, гранаталарды ыргытып салууга үлгүрүшкөн. Учурда күч органдарынын кызматкерлери алар качкан маршрут боюнча курал-жарактарды издөөгө алышууда. УКМК кызматкерлери андан тышкары "Мекен туу" партиясынын Бишкектеги жана Балыкчыдагы кеңселерин тинтүүгө алышууда. Кармалгандарга массалык баш-аламандыктарды уюштурган, куралдарды мыйзамсыз алып жүрүшкөн, бийликти тартып алууга аракет кылышкан деген кылмыш иштери козголду.

ИИМ министри Кубатбек Байболов - "...Есть информация, что У. Барыктабасов проводил встречи с членами "Ак-жола". Вряд ли сам Барыктабасов располагал средствами для организации акций. Народ для участия в беспорядках нанимался за 300-500 сомов ($1/46,6 сома)...в отношении организаторов митинга в Бишкеке и беспорядков в Чуйской области, которые прошли в четверг, возбуждены уголовные дела по статьям "публичные призывы к насильственному изменению конституционного строя", "организация массовых беспорядков", "незаконные приобретение, хранение, перевозка и ношение огнестрельного оружия, боеприпасов, взрывчатых веществ и взрывных устройств".
Көрдүңүздөрбү! Үчөө тең бир ооздон мамлекеттик бийликти мыйзамсыз жол менен тартып алууга аракет жасалганын, ал боюнча кылмыш иши ачылганын айтып жатышат. Менин бул макаламда айтайын дегеним алардын коркоктук кылганы эмес, чоркоктук кылганы болуп жатат. Ошол башаламандыкты жаратты деген Барыктабасов бир жылдан кийин абактан чыгып кетип жатат. Эмне үчүн баштагы кылмыш иши кыйшайып кетти!? Кеп ушунда болуп жатат. Мындан бир жыл мурун биздин "адилеттүү" соттор аны камактан бошотуп жиберишкен. Ага кылмыш ишин тергеген тергөөчүлөрдүн корутундусу себеп болгон. Алар Барыктабасовго козголгон кылмыш ишиндеги негизги беренени алып салышкан. Ошол кезде Барыктабасов өзүнүн эркиндиги үчүн 4 миллион доллар каражатты Акүйдүн аттуу-баштуу генералдарына бериптир деген дагы сөздөр айтылган. Атургай, кээ бир басылмалар ачык эле жазышкан, алардын аттарын. Азыркы тапта жогоруда аты аталган генералдардын бийликтен жолу болбой жаткандыгын көрүп алып, "атаны кокуй ай..." дегиң келет экен. "Кыңыр иш кырк жылда билинет" деп, кыкеңдер бекер айтпайт тура.
Алмамбет САРАЛАЕВ






кыргыз тилиндеги гезит "Учур"





??.??