presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Садыр Жапаровго кылмыш иши козголду

Апрель окуясында баскынчылык менен шугулданды деген шек менен камакка алынган Туратбек Мадылбековдун карачечекей уулу Элдар Мадылбеков менен кошо оппозициячыл "Ата Журт" фракциясынын лидери Садыр Жапаровдун да катыштыгы бардыгы айтылды. Убагында Киев жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Бакиевдердин заңгыраган имаратын бала Мадылбеков Садыр Жапаровго саткан экен. Мындай сатып алуу болгонун Жапаров да мойнуна алып: "Ал инспектор болуп иштеп жүргөн, бирок аттестациядан өтпөй калып, кызматынан кеткен. 2010-жылдын августунда, ал мага ишсиз жүрүп Киев көчөсүндөгү имаратты 1 миллион долларга сатып алууну сунуш кылган. Мен кымбат болгондуктан баш тарткам. Кийин имарат наркын 800 миң долларга түшүрдү, бирок биз дагы баш тарттык. Натыйжада, биз 500 миң долларга токтодук. Документтерин текшердик, имарат камакка алынбаптыр, биз аны мыйзамдуу сатып алдык. Биз аны далилдеп бере алабыз. Буга чейинки ээлери имаратты рейдерлик басып алуучулук менен ээлеп алса да ага биздин тийешебиз жок. Биз көзү ачык белек, ал имараттын тарыхын билгидей"-деп актанып жактанды. Актанганына карабай Башкы прокуратура Садыр Жапаровго бул былык иши үчүн кылмыш ишин козгоп, депутаттык кол тийбестигин алуу тууралуу эл өкүлдөрүнө өтүнүч келтиргени турат. Баса, Бакиевдин тушунда коррупцияны жөнгө салуу агенттигин жетектеген Садыр Нургожоевич туңгуч ажо Аскар Акаев жана анын жан-жөкөрлөрүнө козголгон кылмыш иштерин "көз жаздымда" калтырбай, ачык сөзүн айтышы керек эле. Анте алган жок. Бүгүн болсо "жылаңач баатырга" айланып, "кылдан кыйкым" издеп, "Кумтөр" алтын кенин иликтеген депутаттык комиссияны жетектеп, коррупцияны ооздуктайм деп чамынып атыр. Мындан улам, "өз башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт" накылы аргасыздан эске түшөт экен…


Көнгөн адатын карматты...
Бүгүн бирди айтып, эртең башканы сүйлөгөн Ташиев көнгөн адатын карматып: "Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев "бир айда өлкөдө тартипти орнотом" деген сөзүн аткарбаса, биз анын отставкасын талап кылабыз. Бул сөздөрдү ал талаада, же көчөдө айткан эмес, парламенттин жыйынында айткан" деп, сайрай баштады. Буга чейин Бабанов өкмөт башчысы болуп шайланары менен дал эле ушундай сөздү айтып, качан кызматтан кетет болуп жатканда унчукпай "чээнге кирген аюудай" дымы чыкпай калган. Эми Жантөрө кете турган болуп калса, жакшы киши болуп унчукпай каларында шек жок...
Баса, Баш прокуратуранын ички тергөө жетекчиси Каныбек Турдумамбетов маалымат жыйынында Туратбек Мадылбековдун уулу Элдар Мадылбековго козголгон кылмыш ишин иликтөөдө "Ата-Журт" фракциясынын лидери КамчыбекТашиевдин тиешеси да каралаарын билдирди. Бул туурасында Турдумамбектов: "Камчыбек Ташиевге карата тергөө маалыматы жашыруун. Тиешелүү далилдер чогулгандан кийин аны да жоопкерчиликке тартуу маселесин көтөрөбүз" - деди. "Куйругуна калбыр байлап алып" бирөөгө сын айтканды эмне кылат десең...

Жеңиш Жакыпов ИИМди иликтеп баштады
Жантөрө Сатыбалдиевдин дагы бир буйругунун негизинде Жакыпов Жеңиш Өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Ал Өкмөттүн аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн көзөмөлдөйт. Эске сала кетсек, Жакыпов мурун Ички иштер министринин орун басары болуп иштеп, кызматтан алынган. Министр Зарылбек Рысалиев Кемелбек Кыязов, Мадияр Кулуев жана Жеңиш Жакыповдор 6-7- апрель өлкөдө кырдаал курчуп турган учурда өздүк курамды таштап кеткендигин мисалга тартып, андай жоопкерчиликтен качкандыгы үчүн алардын аскердик чинин алууну сунуштаган. Кыскасы, мына ушундай маселелерден улам Жакыповдун ИИМге болгон ич күптүсү ачыкка чыккан эле. Эми минтип Жеңиш мырзанын көктөн тилегени жерден чыгып, жең түрүнө ишке киришти. Кызыгы кызматка киришип киришпей жатып, ИИМдеги бардык маселелерди иликтеп, жиликтеп баштаптыр. Кыязы, жумурткадан кыр издейби, же кылдан кыйкым табабы, анысы азырынча өзүнө гана белгилүү. Айтор, жакынкы аралыкта ИИМ менен Жакыповдун тирешине да күбө болот окшойбуз.


"Эр чекишпей бекишпейт"

Жаңы Өкмөт башчылыгына көчүк баскан Жантөрө Сатыбалдиев өкмөттүн 1-отурумунда Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев менен кер-мур айтышып кетиптир. Басма булактары жазып чыгышкандай, министрлерге "ормон опузага" көрсөтүп койгусу келген Жантөрө мырза бир катар министрлерди каарып, анан Зарылбек Рысалиевди "акча жасагандан башка иштебей жатасыңар" деп жемеге алыптыр. Тилекке каршы, эч нерседен кайра тартпаган Зарылбек мырза "көчөдөгү ушакты айтпай, далил менен сүйлөңүз"- деп, дароо жообун узатып, Сатыбалдиевди ден-дароо кылыптыр. Эми бул кайым айтышуунун аягы эмне менен бүтөөрү белгисиз... Бирок "эр чекишпей бекишпейт" деген накыл кепти эске алсак, мындан трагедия жасаштын деле кажети жок.


Эми Камчыкенин жигиттери чабыша баштады
"Ата-Журт" фракциясынын депутаты Азамат Арапбаевдин Аравандагы цемент заводу партиялык ички чатакка айланды. "Арапбаевдин заводу айлана-чөйрөнү булгап атат, ал бизден кечирим сурагандын ордуна сөгүп атат" - деп нааразы болгон аравандыктар Азамат Арапбаевдин депутаттык мандатын чакыртып алууну талап кылып чыгышты. Митингге чогулгандарга "Ата-Журттун" депутаттары Мирлан Бакиров менен Элмурат Обдуновдор жолугуп келишти. Арапбаевдин мандатсыз калтыруунун артында ошол эле аравандык партиялашы Мирлан Бакиров тургандыгы да жашыруун болбой калды. Айтор Камчыкенин ишенген жигиттери ич ара чабышып, кашыктап чогулган "Ата-Журттун" кадыр-баркын чакалап чачып баштады.


Табылды Орозалиев:
"Курманбек Салиевичти элдин баары колдойт"
"Ак Жолдун" "арзыматтарынын" бири Табылды Орозалиев Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болуп дайындалды. Эски бийлик тушунда бул жигит Бакиевине кошоматты коштоп айтып, 2009-жылдагы президенттик шайлоонун алдында "Бийлик оппозициядан коркпойт. Муну ишенимдүү айта алам. Алгач Атамбаев менен Сариев ич ара чечишип алышсынчы. Качан алар биригип, бирдиктүү иш алып барышса ошондо гана оппозиция кандайдыр бир күч экендигине ишенебиз. Азыр элдин басымдуу бөлүгү Курманбек Салиевичти колдойт"- деп кытмыр күлгөн. Эми минтип, кайрадан бийликке илешип алды.


Кулов Калматов кармашы
"Ар-Намыс" фракциясынын башчысы Феликс Кулов Мамкаттоо кызматынын башчылыгына Мирбек Бөрүбашевди кое албай айласы куруду. Партиялашы Анарбек Калматов капталдан чыгып, Бөрүбашев Максимдин жакын адамы Ширшов менен жолугуп жүргөнүн айтып чырылдады. "Бул талапкер боюнча Феликс Кулов эмне үчүн башка депутаттар менен кеңешпейт? Мирбек Бөрүбашев Ширшов менен прокуратурага кошо барганын далилдей алам"-деди. Кулов болбой эле Бөрүбашевдин Ширшов менен мамилеси жок экенин айтып актанды. 2010-жылдагы апрель окуяларына чейин Мирбек Бөрүбашев Алексей Ширшов ээлик кылган "Чакан ГЭС" ААКнун директорлор кеңешинин мүчөсү, кийинчирээк Канттагы МИС ААКнун башчысы болуп иштеп келген. "Андай эмес" - деп Кулов кууланып кимдин башын айландыргысы келип атат? Коомчулуктун катуу каршылыгынан кийин Бөрүбашов бул кызматка баруудан өз эрки менен баш тартты.


От менен эмес, сот менен чечишмей болду

"Ата-Мекендин" "атасынан" таяк жеген Өмүрбек Абдрахмановдун ызасы ичине батпай туру. Өткөндө кайсы бир гезитке ызырына маек берип, "Текебаев дагы бир жолу мага кол салса, элдин көзүнчө чекеге атам" - деген эле. Бүгүн болсо, атышып-чабышып, от менен ойнобой, ызасын сот менен чечмей болуптур. Өмүрбек Абдрахманов адашы Текебаевди хулиганчылык беренеси, анан "сени өлтүрөм" деп кыйкырып коркуткандыгы боюнча жана мамлекеттик кызматкерди өз милдетин аткарып жатканда келип кол салгандыгы үчүн үч айып коюп, сотко берип жатыптыр.


Бали, Бакиевдин "баласы" келди...


Өкмөттүн апарат жетекчисинин орун басарлык кызматына Бакиевдин жардамчысы болуп иштеген кол бала Алтынбек Эргешов келди. Бакиевдин "кол баласы болуп" 7-апрелге чейин кызмат кылган Алтынбек мырзанын Өкмөттүн аппаратын тейлеп калышын коомчулук элестете албай, эстери ооп жатат. Айрымдары революциянын идеялары ушинтип эле четинен жокко чыгып, бакиевчилер кайрадан бийликти "басып" алмай болушту деп тынчсызданышууда. Чындыгында ошондой болуп баратат.

"Фабула" пресс








кыргыз тилиндеги гезит "Учур"





??.??