presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Малиевдин мандемдүү ою
"Атың чыкпаса жер өрттө" принцибин кармангандардын катарына мурунку депутат Арсланбек Малиевди кошсок туура болчудай. Беш жыл мурунку парламенттик шайлоодо "Партиясы жоктордун партиясы" менен чыгып, калк көңүлүн өзүнө бургусу келген. Анысынан майнап чыкпай, ошондон бери унчукпай дайыны билинбей кеткен. Арсланбек мырза өткөн жумада кайра пайда болуп, эринбей маалымат жыйынын өткөрүп, "Кыргызстанды чет өлкөлүктөр Курдистан деп түшүнүп атышат. Стан деген акыркы сөзү Афганистанга окшогон өлкөлөр менен окшошуп калып атат. Ошондуктан Кыргызстандын атын Кыргыз жери деп өзгөртүшүбүз керек" - деп ойду-тоону сүйлөдү. Анан дагы орусчасы Киргизия бойдон кала берсин дейт. Ушул келжирек кептеринен кийин буга чейин салабаттуу саясатчы катары баалап жүрүшкөндөр Малиевдин бир мандеми барбы деп шыпшына баштады.


Бекер иштегиле десек, сексени сендиректеп чуркабайт эле
Соңку маалыматка таянсак, Кыргызстандын атынан "Центерра" компаниясынын директорлор кеңешине кирчү үч өкүлдүн ордун ээлөөгө 80ден ашуун адам ат салышууда. Бул орунга неге мынча арбын киши сугун артып атканын иликтеп көрсөк, сыры баягы эле капчыкты кампайтчу жүз миңдеген "долларбайда" катылып жатат. Сөзүбүз кургак болбос үчүн тирүү факты келтирели. Өткөн жылы "Центерранын" директорлор кеңешиндеги үч мекендешибиз жалпы жонунан 482 миң 444 доллар эмгек акы алыптыр. Ошого жараша эки тарапка тең пайда алып келгидей иштерди жасашса го унчукпайт элек. Буларың кашайып айлыгын санагандан бөлөккө жарабайт белем, акыркы мезгилде "Кумтөргө" акидей асылгандардын карааны арбып, "эшектин тушоосун да чечпеген" комиссия аттуулар түзүлүп, натыйжада мамлекетибиздин инвестициялык беделине доо кетти. Бул директорлор кеңешиндеги өкүлдөрүбүздүн өз милдетин так аткара албагандыгын айгинелейт. Жакында "Центерранын" директорлор кеңешине үч жаңы өкүлүбүз тандалып алынат. Мындай май талкан орунга сексенден ашуун адам чуркап атканы белгилүү болду. Мындан улам, бир ой жаралат. Директорлор кеңешине мүчө болчу адамдар коомдук башталышта, жалпак тил менен айтканда, сокур тыйын албай бекер иштеп берүү жагын караштырсак кантет. Ал эми аларга сарпталчу 0,5 млн. долларды араң жан турган мамказынага төгүп турсак пайдалуу болор эле. Ушундай шартта эч акчага азгырылбаган, мамлекетин, элиң ойлогон патриот, профессионал адамдар тандалып алынмак. Алар талаш жаратчу маселелерди жеринде чечип, бүгүнкүдөй "Кумтөрдүн" тегерегинде ызы-чуу болмок эмес. Мунун өзү алтын кенинин, дегеле, жалпы инвесторлордун бейгам иштешине жол ачып, андан экономикабыз гана утуш алар эле…


Аида Салянова жоопкерчиликке тартылат
"Башкы прокуратура маалымат берүүдөн баш тартууда" деген кине менен мындан бир ай мурун жарандык активисттер Аида Салянованы сотко беришкен. Бишкек шаарынын район аралык соту "активисттердин айтканы туура, Башкы прокуратура маалымат жашыруун болбосо, сурагандарга эч токтоосуз бериш керек. Башкы прокурор маалыматты өз убагында берген эмес" - деген чечимин чыгарып, Аида Салянованы дисциплинардык жоопкерчиликке тартуу тууралуу сот өкүмүн чыгарды.


Акчаны эле эмес, ар-намысты да ойлосок...
Акча беребиз дегендердин баарына эле парктын, тоонун, чокунун атын берип, акыркы күндөрү аябай эле аша чаап бара жатабыз. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев "Кыргызстандын түштүгүнө бир мектеп куруп берсемби" - деп койгон экен, ошонусуна жетине албай, кошоматты коштоп айтып кыргыз бийлиги эми Назарбаев атындагы парк уюштурабыз деп чыгышыптыр. Транспорт министринин орун басары Шералы Абдылдаев деген неме "Нурсултан Назарбаев мектеп курам деген ниетин билдирди. Бул үчүн биз Кара - Суу районунан 6 гектар жер бөлүп беребиз. 2,5 гектарына мектеп курулат, калган жерине Нурсултан Назарбаев атындагы парк уюштурулат" - дейт. Мектеби го курула берсин, калган 3,5 гектар жерине курулчу сейил багы казактардын эл башчысына көрсөтүлгөн кошомат экени ачык эле байкалып турбайбы.


Масалиевден маселе жаралды
Ойдо жок жерден олжолуу мансапка барып калган Исхак Масалиевдин ысымы бир топ ызы-чуу менен коштолууда. Ошурахунова баш болгон укук коргоочулар "Бакиевдин адамы эми Бакиевдин кызыкчылыгын колдойт" - деп кыйкырып чыкса, "Ар-Намыс" фракциясы "анын Салык кызматын жетектөөгө акысы жок, бир ай мурун парламенттин таркашын талап кылып жүргөн. Масалиевдин дайындалышы 2010-жылдагы апрель революциясынын идеяларын сыйлабагандык деп эсептейбиз жана анын тез арада кызматтан алынышын талап кылабыз" - деп капталдан качырды.
Албетте, 7-апрель революциясына кыпындай да үлүшү жок "Ар-Намыс" партиясынын "революциянын идеяларын сыйлабагандык" дегени өөн учурап жатканы менен Масалиев тууралуу айткандарында адилеттиктин учкуну бар. Акчалуу кызматка контрреволюция жасап жибере жаздаган Исхак Масалиевдин келип калышы чынында акылга сыйбай жатпайбы?


Бакиевдер менен батьканы баңги бизнеси байланыштырабы?
Курманбек Бакиев бийликке келгени Кыргызстанда баңги бизнеси болуп көрбөгөндөй күч алган. Биздин өлкө аркылуу өтүүчү эл аралык баңги жолу Кыргызстандын бүтүндөй күч структураларын башкарып турган Жаныш Бакиев тарабынан көзөмөлдөнүп келгени учурда эч кимге деле жашыруун эмес. Бакиевдердин баңги бизнесине аралашканын Алик Орозов баш болгон Кыргызстандын атактуу чекисттеринен тартып, Орусиянын саясатчыларына чейин айтып чыгышкан. Мисалы, Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Семен Богдасаров "Эл аралык баңги трафиги менен тыгыз байланышы бар Бакиевдер Орусияны өтө чоң чыгымга учуратышкан. Орусияга ташылып жаткан баңги затынын 70 пайызы Кыргызстан аркылуу өтөт" - деп айтканы бар. Кечээ жакында Бакиевдердин мындай балит иштерине далил болуучу дагы бир маалымат жарыяланды. The Daily Dot маалымат булагы Комбоджиянын Тышкы иштер министрлигинин өздүк архивине хакерлер тарабынан чабуул жасалып, 5 миңге жакын жашыруун документтер жарыяланып кеткенин кабарлады. Анда Индиядан Непал, Кыргызстан, Украина, Белоруссия аркылуу Батыш Европага баңги затын ташуучу жол тууралуу кызыктуу маалыматтар камтылган экен. Бул тууралуу белорустардын "Конфликты и законы" деп аталган интернет басылмасында "Поддельник Бакиева организовал наркотрафик через Беларусь?" деген аталыштагы чакан макала жарыяланып, анда:
"Согласно документам, организация международного наркотрафика проходила при участии кыргызского вора в законе Камчы Кольбаева по прозвищу Коля-киргиз. На родине криминального авторитета считают близким человеком скрывающегося в Минске брата экс-президента Кыргызстана Жаныбека Бакиева. Также в документах прямо называются фамилии нескольких украинских бизнесменов и фирмы, с помощью которых Коля-киргиз организовал доставку грузов метамфетамина под видом упаковок чая из индийской провинции Раджастан в Украину через Беларусь в обход положенной процедуры таможенного досмотра, то есть без применения электронных сканеров и натасканных на наркотики собак" - деп жазылган. Белоруссиялык интернет колдонуучулар бул макаланын астына жазган пикирлеринде өлкө президенти Александр Лукашенкону Бакиевдер менен дал ушул баңги бизнеси боюнча кызыкчылыгы бир жерден чыгып, өз элин аткан канкор президентти ошол себептен жата калып колдоп, коргоп жатканын саймедирешкен.





кыргыз тилиндеги гезит "Учур"





??.??