presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Мидин Алыбаевдин 95 жылдыгына карата...
Качкын Оторбаев
Мидин
...Дарылык үчүн сурап жатабыз - деп кыйкырып койсо, тигил аялдар адегенде делдейе түшүшүп, андан кийин: "Меникин алыңыз, меникине көбүрөөк суу кошулган" - деп, жабалактап кыйкырып бизге жабышып калышты.
Алардан өтүп барып, тигиндей алысыраак ченде чаначынын оозун бүйрө кармап турган орто жаш аялдын жанына келип:
- Эжеке сиздикинде да суу кошулганбы - деп, сураса ал: - Жо-жок айланайын, мен эч убакта кымызга суу кошуп, же уйдун сүтүн кошуп сатпайм. Дайыма ынак ачытып, бишкек менен аябай бышып туруп сатканы алып келем - деди.
- Анда эмесе, бизге так ушундай кымыз керек эле. Ар бирибизге экиден керден чыны куюңузчу - деп, калды Мидин.
Тигил кымыз саткан аялдар болсо байкабай сөзгө алдырып коюшуп, абийирлери ачылып калгандыктан улам-улам кылчактап, бизди карап, бизден алысыраак обочороок жерге басып кетишти. .
* * *
1948-жылы Кожомкул балбан менен кошо Чаекке жумуштап келип, Бийназардын уулу Шаршенбектин үйүнө түшүп калдык. Шаршенбек атайлап бизге арнап улагын сойду. Эт бышып калган кезде, чогуу тамак ичсин деди көрүнөт, райисполкомдун төрагасы Аманбаевди, бирге иштешкен Мидинди, дагы мен тааныбаган бир жигитти чакырыптыр. Алар чогуу-чаран кирип келишти.
Жайланышып отурушкандан кийин, колдоруна суу куюлуп, табакка эт тартылды. Мен чарадагы этти устукандап болуп, башты Кожокемди карай жылдырсам, ал киши:
- Кой, Макиш балам, бул баш мага ылайык эмес. Мейман эмеспи тиги Бексултандын алдына эле кой! - деди да, өзү жамбашты алды. Аманбаев аксакал баштан бир кесип жеп, бизди карай узата бергенде Кожокем:- Ой, Бексултан, баштын бир кулагын кесип алып, баягы мен өзүм атын койгон Жумгалбекке ала бар-дегенде, Аманбаев баштын бир кулагын кесип алып, устуканын жанында отурган мен тааныбаган жигитти карай узатты. Ал башты алып, эптүүлүк менен эч эринбей бузуп жеп, эч кимге кесип да бербей жалгыз өзү аймап койду. Мидин анда чыдабай кетип:
Ак чарага толтура,
Алдыбызга эт келди.
Улуу, кичүү баарына
Устукандар чектелди…
Аманбаев аксакал,
Алаңбайга баш берди.
Колго тийген олжосун,
Кое бербей кармады.
Жан-жагына карабай,
Жалгыз өзү жалмады.
Кара курсак Алаңдын,
Канды бекен талгагы? -
дегенде, Кожокем борсулдап күлүп: - Мидин деги сенин таппаганың жок да. Кой, жаш жигитти көп уялтпай. Жегени аш болсун - деди.
* * *
1957-жылдар болуу керек. Анда бу Төө-Ашуу жолу салына элек кез. Суусамырлыктар Чүйгө бул Кочкор, Жумгал жолу аркылуу катташчу. Күзгө маал Чүйгө, колхозго барып, машинага ун жүктөп келе жатып, Кочкорго келгенде тамактана кетели деп атайы ашкананын тушуна келгенде машинаны токтотуп калдык. Аңгыча жаныбызга ГАИнин формасын кийген бир жигит келип, машинанын эки жагын, үстү-башын карап шоопурдун документтерин текшерип жатса, кайдан-жайдан белгисиз арабызда Мидин да пайда боло калбаспы.
Ал мени менен ал-жайды сурашып учурашып, анан ГАИ жигитке тийиштик кылып минтип ырдап жиберди:
- Майпаңдай баскан Эрмегим,
Машине кармоо эрмегиң…
Мас шоопур көрсөң кубалап,
Сен таптың пайда, эмнени?..
Жол боюн карап турганда
Жолуктум сендей тууганга.
Керемет күчүң көрсөтүп,
Кетирип жибер Жумгалга, бизди -
десе, Мидиндин ырына маашырланган тигил ГАИ жигит кабагын ачып, жаркылдап күлүп, биздин машинаны жөнү жок текшергенин токтотуп:
- Макул Мидике, жүрүңүз, сизди Миң-Куш тарапка кеткен машиналарга салып жиберейин - деп, колтуктап аны ээрчитип кетти.
Кайран Мидинди ошол жолугушуудан кийин көргөнүм жок. Көрсө, аны менен акыркы жолу коштошкон турбаймынбы - деди Макиш аксакал кейигендий түр менен.

97. Сатирик акын
Жапаркул Алыбаевдин
эскерүүсү...

Мен Мидикем менен "Чалкан" журналында адабий кызматкерлерден болуп арыдан-бери үч жыл бирге иштешип калдым.
Мына ошол убактан бери Мидин Алыбаев олтурган, Айткулу Убукеев олтурган столдор эчен ирет жаңырды. Бирок Мидиндин "Дүжүр букасы", "Ай көлтөгүм, көлтөгүм", "Чалкан дос", "Осмонаалы лөкүй" деген чыгармалары эч убакта өзүнүн маани-маңызын жоготпой турган, өлбөс-өчпөс чыгармалар болуп эл ичинде айтылып калды.
"Мидин куудул киши эле" - деп ал жөнүндө айтыштын өзү уят, натура сөз!
Ал куудул эмес болчу. "Куудул" деген сөз бул бирөөлөрдү эптеп күлдүрүүгө тырышкан адамды, же сөз ыктыяры менен артист болгон адамды түшүнсө болот.
Мидин башкача айтканда мыскыл менен күлкүгө жаралган адам эле. Ал ар кимдин жүрүм-турумунун, кулк-мүнөзүнүн тетири жана күлкүлүү жактарын жазбай билген инсан эле. Райкан Шүкүрбековдун сатиралык күчү анын калем жазганында басымдуулук кылса, Мидиндин жазганында да, бүтүндөй жүрүм-турумунда да, чукугандай сөз тапкычтыгы менен андан бир топ эле айырмаланып туруучу...
Мидикем өз ишине адилет мамиле кылган, таланттуу жаштар дегенде алардын чыгармаларын жаны-алы калбай окуган, аларга өз билгенин үйрөткөн ак жүрөк адам болчу.
Үй-бүлөсү, сүйгөн жары жөнүндөгү татынакай, акактай таза сүйүүсүн да элден жашырбаган даркан адам болгон.
Мен өзүмдүн азыркы сатира багытындагы чыгармачылыгым үчүн Мидин Алыбаевге карызмын деп айтсам болот.
Мидин Алыбаевдин чыгармачылыгы бул - кыргыз адабиятынын эң бир кызыктуу кайра-кайра ачып колдон түшүрбөй, тажабай окуй турган алтын барактарынын бири десем жаңылышпайм...

98. Ардагер
"Чалканчы" Сулуубек
Токсобаеванын эскерүүсү...

1955-жылы "Чалкан" журналы уюштурулуп калды. Иштей турган кызматкерлер иргеле баштаптыр. Ошондо: "Каттар бөлүмүнө аял киши керек. Каттар так болбосо, иш аксайт" деген бүтүмгө келишиптир. Анда мен "Ленинчил жаш" газетасында иштечүмүн. Мурда ошол газетада иштеп кеткен Акбар Токтакунов (жооптуу секретарь экен) бир күнү келип: - Чалканга каттар бөлүмүнүн башчысы болуп барасызбы? - деп калды...





кыргыз тилиндеги гезит "Учур"





??.??