presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Акмакчылык же жүзү ачылган Гүлчөтай
Орой айтканда акмакчылык эле болду. Кеп усулун Бабановдун өкмөтүнүн отставкасынан айтсак. Кээ бирөөлөр өкмөттүн отставкасынан трагедия издеп кереги жок дейт. Ооба өкмөттүн отставкасында трагедия жок, трагедия өкмөт кайсыл учурда кандай кеткенинде. Отставкага жөн учурда болгон жок. Түрк тилдүү (кыргыз тилдүү) өлкөлөрдүн саммитти өтүп жаткан учурда болду. Баарыбыз үй-бүлө кичинекей мамлекет деп билебиз. Эми кичинекей мамлекеттин мисалында алып көрөлү. Мисалы Текебаев мырзабыз үйүнө конокко куда сөөктөрүн, ага-ини жоро-жолдошторунун, жэкжаат катташтарын чакырды дейли. Анан келген конокторунун көзүнчө аялы экөөбү сен сойкусун, сен корупционерсин, бири кетсин десе, экинчиси кетпейм деп урушуп жатышса. Конокторунун баары Текебаев акмак экен деп кетпегенде мактап кетмек беле. Ал эми мамлекеттик деңгээлде мындан да жаман иш болду. Текебаев мырза үчүн Бабанов жети баштуу желмогуз болсо да саммит бүткөнчө күтө туруш керек болучу. Улуттун намысы, кадыры үчүн, кепке кемтик сөзгө сөлтүк болбойлу деп. Ынтымагы жок эл экен деген жарлыктан(ярлык) коркуш керек эле. Келип жаткан конокторго ынтымагыбыздын жоктугун даңазалабай. Кыргызда жаманды жашырып жакшыны ашырып дейт. Конокторубуз бу кыргызың эл эмес, мүмкүн акмак улут экен деп кеткендир. Назарбаев четин чыгарып айтып кетти деп айтылып жүрөт эл арасында. Текебаев болсо Бабанов эми эч нерсеге кол коё албайт деп машырланып жүрдү. Бабанов кол койбосо и.о. болуп Тышкы Иштер Министри кол коюп атты. Текебаев ооз толтуруп мамлекет улут деп сүйлөгөнү менен иш жүзүндө жеке өзүнүн кызыкчылыгын улуттун да, мамлекеттин да кызыкчылыгынан жогору коёрун далилдей алды жана өзүнүн чыныгы жүзүн көргөздү.





Атамбаевге айтарым бар
Ушул айдын жыйырмасында Россия Федерациясынын президенти Путин келгени жатат. Баамыбызда Камбар- Ата ГЭСтеринин курулуш иштери боюнча маанилүү документтерге кол коюлат. Экс-өкмөт башчыбыз Бабанов алгачкы сүйлөшүлөрдө эгерде Россия тарап курулуш иштерин убагында бүткөрө албаса келишимди бир тараптуу бузганга укугубуз болот деп айтканы бар эле. Бабановдун отставкасына Москванын тийешеси бар деген кептин чындыгы бар болсо, мүмкүн ушундай позициясынын таасири чыгар. Ошол себептенби президентибиз өкмөт отставкага кетип жатканда, кыргыз журтунун алдында калыс сөзүн айта алган жок. Азыр эми жаңы өкмөт. Болуп жаткан сүйлөшүүлөрдө элүү пайыздан деп айтылганы менен кандайдыр бир коомчулук билбеген эсеп чот менен дагы жыйырма беш пайызы берилгени жатат. Ошентип Бакиев заманындагыдай жетимиш беш пайыз Россия тарапка өтөт жана өздөрүнүн инвестициясын кайрып алмайын башкаруу алар тарапта болот. Бирок карыз биздин мойнубузда. Албетте Россия үчүн жаным курман деген Путин өз элинин кызыкчылыгын бербейт. Ошондо да сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет болуп, качан эле кыргыз элине толугу менен өтчү Кумтөрдөн салык, дивидендден башка эч нерсе ала албайбыз. Кумтөрдөгү өндүрүлүп кетип жаткан алтын продукциясынын канча бир пайызы мамлекетке түшүп турса кана?! Эки миллиарддан ашык карызыбыз да болмок эмес жана ошол эле Россиядай өзүбүздүн алтын запасыбыз болмок. Убагында Украинанын экс-премьери Тимошенко Россия менен газ келишимин түзгөндө Россиянын кызыкчылыгына туура келген келишимге кол койгон деген айып менен азыр камакта... Сөз соңунда Президентибизге каалар саамалык. Качкан канкор эки президентибиз Акаев менен Бакиевдин түзгөн келишимдеринин азабын кыргыз эли али күнчө азабын тартып келет. Эл менен кошо сиз да тартып келесиз. Урматтуу президент, кыргызда эл башы болгончо суу башы бол деген накыл кеп бар. Алтындан да баалуу суубуздун келечегин колубуздан чыгарып жибербейли. Алдыдагы келишимдерде кыргыз улутунун келечегин, кызыкчылыгын коргогон келишимдерге кол коёт деген ишеничтемин.
Урматтоо менен шайлоочуңуз
Данияр Бусурманалиев.



кыргыз тилиндеги гезит "Учур"





??.??