presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Өтө актуалдуу ачык кат
Урматтуу Алмаз Шаршенович!
Сиз эл аралаганда айттыңыз эле. Туугандар силер дагы бизге жардам бергиле. Ой-тилегиңерди, сунуштарыңарды айтып, жазып тургула дедиңер эле. Мен дагы Кыргызстандын атуулу катары анча-мынча оюмду айткым келип отурат. Мени өтө эле кейиткени борбор калаабыз Бишкектин өтө эле майдаланып, машина батпай быкпырдай болуп баратканы. Карыш жерде базар, карыш жерде АЗС, карыш жерде 10-15 кишилик майда-чүйдө кафелер. Борбор борбор шаар деген сөздөн алыстап бара жаткандай сезилет. Көз жоосун алган, асман тиреген имараттар жокко эссе. Мактанып ээрчитип көрсөткөнгө деги эмнебиз бар? Казактын бир ырчысын биздин балдар кастарлап алып келишип, ал ырчыдан кетеринде Бишкегибиз кандай шаар экен деп сураса, тиги ырчы сөрөй Бишкегиңер биздин бир эле облустун борборундай дептир. Туура баамдаган. Жети облусубуз борборго имарат салсын дейин десем, өздөрү өлбө жаным, өлбө болушуп итке минип отурушат. Алар борборго кетсе дагы сала алышпайт. Бирок бир вариант бар ишке аша турган. Ар бир облустан суурулуп чыккан 15-20 өтө байлар бар. Ошолор ынтымакка келишип ичи таардык, көрө албастыкты алыс ташташып, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарышып борборубузга бизден белек деген ураан менен чыгышып өздөрүнүн атынан эмес, өздөрү туулуп өскөн облусунун атынан борборго дүйнө эли эмес, коңшулар таң калып ооз аччудай имараттарды салышса алардын кылы дагы кыйшайбайт. Бөлүшө келгенде ар бирине болор-болбос үлүш тиет. Эми шашпай мисал тарта кетейин. Теңир-Тоолук бай азаматтар борборго маданий борбор салышса ал жерде кеминде 3-4 миң адам бата турган концерттик зал. Заманбап аппаратуралар менен жабдылган. Ошол эле жерде үйсүз жүргөн маданий кызматкерлерге арналган 16 кабаттуу үй тургузулса.
Ошондо гана маданият жакка көңүл бурулган болот. Артист байкуштар артист көйнөк менен үйүнөн чыгып ырдап-чордоп үйүнө кирип кетишет. Ынтымакка келишсе бул жөн эле ишке аша турган маселе. Таланттар өмүрү өткөнчө Теңир-Тоолук азаматтарга алкыш айтып өтүшөөр эле. Сары-Өзөн, Чүйлүктөр, Бишкектен чыккан өтө байлары чогулуп дагы айтам ынтымакка келишип Борборубузга бизден белек дешип Орто Азияда азырынча жок медициналык борбор курушса. Айылдан келгендер заңын, заарасын көтөрүшүп, ар кайсы көчөнүн бурчунда темселешпей бир жерге өткөрүшүп, бир жерден дарыланышып, бир жерден куландан соо сакайышып кетип турушса. Сары-Өзөндүк бай баатырлар эмне деген батага татышат эле. Ошол эле жерде медиктер үчүн 18 кабат үй кошо салынса, кирип-чыгышып бейтаптарды дарылап жүрүшсө жаманбы ошол эле борбордо жүрөккө, бөйрөккө, боорго ж.б. жерлерге дүйнөлүк деңгээлдеги операциялар жасалса. Чет элде иштеген дарыгерлерибиз кайра кайрылышып дүйнөдөгү эң арзан операциялар Кыргызстанда деп катарга турушса эмне деген керемет. Бул жөн эле байлар ынтымакка келишсе боло турган нерсе.
Баткендик байлар Борборго Баткенден белек дешип аскер кызматчыларына арнап аскер шаарчасын куруп салышса бардык шарты менен. Катар-катар үйлөрү менен алар ошол жерден окушуп, машыгышып, дарыланышып. Ошондо гана бизде дүйнөдөгү өнүккөн мамлекеттердин армиясында тең келе турган армия болот: силердеги керемет аскер шаарчасын көрсөк болобу дешип сурашып турушса. Сыймык да, бата да кимге тиймек. Атаганат ынтымак, биримдик болсо бул дагы боло турган иш.
Таластык туугандар спортко жакын эл. Таластан борборубуз Бишкекке бизден белек дешип Америка, Жапония, Кореяда жок спорт комплексин салып ташташса бакыйтып, асман тиретип. Ошондо бизде спортко көңүл бурулган болот эле. Ошондо спортчуларыбыздан талап кылсак болот. Спорт залдарыбыз жок, эмнени талап кылабыз. Тоого чыктык, көлдү айланта чуркагандыктан эч майнап чыкпайт. Барып келдиктен бөлөк келишкенине дагы ыраазы болуш керек. Баары ошондон ары ар кайсы мамлекеттерге кетип калышса эмне деген шерменде болмокпуз. Кожомкул атанын атындагы спорт сарайыбыз эскирип накта сарайга айланган. Күндүз жарманке, түштө КВН, бешимде сулуулар конкурсу, кечинде шоу концерт. Жанагы салына турган спорт ордого спортчулардын үйлөрү, спорт мектептер болуш керек. Ошондо спорт мектептеги бейбаштар тыйылмак. Өздөрүнө өздөрү көзөмөл кылып калышмак. Эгерде Кудайдан буйруп спорт ордо салынып калса теледен көрүп, гезиттен окуп жүргөн дүйнөлүк спортчулар бизге келип машыгып калышар беле… Таластык бай, баатырларга ишенем. Ушул ишти ынтымакка келип ишке ашырсаңар өпкөңөр менен эмес бооруңар менен мактансаңар дагы жарашат.
Оштук бай азаматтар силер кура турган жай даяр. "Базары жакын байыбайт" деген макал кыргызга туура келип калды. Бишкекте эмне көп, базар көп башкасын айтпаганда. Силер эгер ынтымакка келип, байларды айтып жатам. Борборго белек кылып базар комплексин салсаңар эзелтен келе жаткан чыгыш базары деген сөз Бишкекте болсун. Чоңдугу ушундай болсун эртең менен кирген киши кечинде аягына чыгалбай калгыдай. Эгер ойдогудай салынса Бишкек башчылыгы жогото албай, кубалай жаткан кичи базарлар өзүнөн-өзү жоголот. Ошондо кырылып, тытышып жаткан Ош базары накта базар атына татыйт.
Жалал-Абаддан бай-баатырлар силер дагы көпчүлүктүн ынтымагына кошулуп Бишкекти кооздойбуз десеңер. Жалпы мугалимдерге турак жай салып бергиле. Бул жерге жогорку окуу жайдагылардан баштап, бала-бакчадагылар кирет. Жөн эле соройтуп үйдү салып таштабай спорт жайы, бала-бакчасы жана башкалардын баары болгондой. Баарыңар мектепте бүткөнсүңөр мугалим экинчи ата-энесибиз дейбиз дагы аларды эстеген киши жок. Мына ошолорду силер эстегиле. Ошондо батанын көбүн силер ээлейсиңер. Жөн эле эштейген чампалаган бир нерсе салып таштабай, быягы Кеминден, тыягы Чалдовардан көрүнүп, түнкүсүн алоолоп мугалимдер ордосу күйүп тургандай болуш керек.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!
Менин айткан ой-тилегим 100% ишке ашчу нерсе. Азыр ушул тапта жакырланган, итке минген өлкө дегенди укканда өзүм эмес бала-бакырама, неберелериме тийип жаткандай сезем. Ушул жакыр элде азыр 4 миллиардер 370 миллионер бар экен. Анан биз жакыр элбизби? Биз деген ыйман, ынтымак, боорукерлик, адамгерчилик жагынан жакырланып жатабыз. Элибиз өз жанын, малын бага албай жатса, анан ушунча байларыбыз болсо же алар акылына келе албаса алардын салганы сауна, казино, кафе, ресторан, май куюучу жай, майда базар.
Бай-баатырлар! Мага таарынбагыла, туурасын айтып жатам, мен айтпасам, тиги айтпаса ким айтат. Чогулуп бир акылга келип, мен айткандай иш жасап койсоңор ашыктык деле болбойт. Эгер жанагылар ишке ашса силердин небере, чөбөрөңөр сыймыктанат. Менин чоң атам, менин чоң апам салдырган деп. Антпесек борборубуз казак ырчы айткандай райборборго, анан айыл борборго айланып калат.
Алмазбек Шаршенович! Оюм туура болсо окудум, ичинде кичине ойго алчу нерсе бар экен дедиртиңиз гезит аркылуу. Болбосо дөөрүпсүң деген бир эле сөз жетет мага.

Келдибек Ниязов





кыргыз тилиндеги гезит "Учур"





??.??