presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Акын жана коомдук ишмер
Ахунбай Кошоев:
"Мамлекетти сызга олтургузгандар
сөзсүз жооп берет"

- Ахунбай досум, экөөбүздүн маектешпегенибизге бир топ болуп калыптыр, азыр эмне менен алексиң?
- Эмне кылмак элем, эл катары тирлигимди өтөп жүрөм…
- Ошол тирлигиңди чечмелебейсиңби?
- Бишкектин Эркин экономикалык аймагында ишканам бар. Ошонун иши менен алекмин. Анан, Баратбай, өзүң билесиң, мен чыгармачыл адам болгондуктан ошонун түйшүгү күнү-түнү жан тындырбайт эмеспи.
- Өзүң ыр жазасың, мен билгенден окулчу ырларың бар. Анан ишкана ачып убара болбой эле койбойт белең?
- Баягы баарын даярдап берчү союзубуз кулап, "…Быржыбайды там басты болуп" турган заманда биз окшогон чыгармачыл адамдарга өтө эле кыйын болот экен. Айласыздан бардым да ошол жолго. Мен бирөөнө көз каранды болбой жашаган принцибим бар, демек, бийликтен дагы, башкасынан дагы эч нерсе сурабайм, көз карандысыз жашашым керек. Ошол ниетимдин аркасы менен ишкана ачылып жатпайбы. Өзүң билесиң, баягы жазуучулар союзунда "Талаа жана лабиринт" деген көлөмдүү поэтикалык китебимдин бет ачары болбоду беле, ошону чыгарган каражат жанагы ишканамдан табылды да.
- Мен билгенден, сен жөн эле ыр жазып, анан ишкана ачып жата бербей, саясат дегендин мээсин чакчу элең, биздикин кошуп туруп?
- Азыр "саясат менен алектенбесең, саясат сени менен алектенип коёт" деген маани чыккан кийин. Бул асмандан алынган маани эмес. Коомубузда жөнөкөй эл кыйналып жатса, бийликтегилер өз арбайын согуп иштеп жатса, тигил, же бул негативдүү көрүнүштөр чырмап жатса, сен жөн жатмаксыңбы? Аралаштык да.
- Болуптур, аралаштың дейли, анан эмне болду?
- Анан эмне болмок эле. Мен төмөндөгүлөрдү айтып турдум: маселен, эркиндик алгандан кийинки биздин бийликтин эң чоң жаңылыштыгы-колхоз-совхоздордун таратылышы болду! Баарыбызга белгилүү, биз-кыргыздар мал жандуубуз, анан жер иштетүү кийин келген, ага көнүп да жатканбыз. Анан эле миллиондогон койлорубуз, малыбыз бөлүнүп-таланып, тамтыракайы чыкты да калды! Баягы Усубалиев тушундагы 12 миллион койдон калган жок! Ошентип ойронубуз чыкты! Уксаң, тээтиги Монголияда да кайра куруу процесси болуп, процесс башындагы 28 миллион кой башы, кийин 34 миллионго жетти! Азыр ал сан дагы да көбөйгөн.
Эми мен силерге акылдуу болгум келген жок, бирок, айтып коюшум эп, чарбабыздын кыйрашы кээ бир чет элдик кубаттуу мамлекеттердин пландуу ишинин жемиши болду. Алардын планында бизге окшогон мамлекеттерди алсыздандырып, анан жардам берип туруп көз каранды кылуу!
- Ахунбай досум, ошондо биз эмне кылышыбыз керек эле?
- Баарын майдалап олтурбайын, бизге келген бардык инвесторлордун баарын эксперттен өткөзүш керек болчу. А бизде болсо, кайсы бир жеке чиновниктер маселени чечип калды.
- Ошондо кайсы экспертти алып келет элең?
- Эксперт десе эле чет элден ала чуркаганга көнүп алганбыз. Алар канды кактабай соргон немелер болот. Эксперттер керек болсо, бизде билимдүү, таза жигиттер толтура…
Мисалы, "Кумтөр" боюнча, бүгүнкү күнгө чейин канадалыктар 200 тоннадай алтын алыптыр да, бизге 16 тонна үлүшү тийиптир. Ушул кантип жакшы болсун?! Бул элге болгон кыянаттык! Маселен, жанагы экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев сыяктуу адамдарды эксперт кылып алганда, анда алдатмак эмеспиз. Андай иш билги жигиттерибиз толтура. Бирок, аларды жолотпой жатпайбы.
Дагы бир маселе, бизде өстүрүлгөн тамекинин баарынын майын чет элдиктер жалайт. Айталы, кыргыздардын тамеки тармагындагы үлүшү 0,3% болуп жатпайбы, калганы Реемстма жана "Сунелтабак" компанияларына тийешелүү. Бул деген трагедия! Анан биз бюджетибизди кантип толтурабыз. Далдырап туруп алып терибизди сыйрытып жатпайбызбы!
- Болору болгон турбайбы?
- Жок, антип өлжүрөбөшүбүз керек! Мисалы, жанагы ПЕСАК, ФИНСАК, "Манас-1000"деген инвестициялык афёра менен Кыргызстандын карызын 3 миллиардга жакындатты. Ага берилген кредиттердин дайыны жок, иштеген завод-фабрикалар жок!
- Эми ага бирөө жооп бериш керек да?!
- Туура. Мисалы, "Кумтөр" боюнча Эднан Карабаев, Апаз Жумагуловдор кол коюшкан. Тамеки боюнча Аскербек Эрматов, дагы эле Жумагулов кол койгон. Мына ошолор мыйзам чегинде жооп бериши керек!
Завод-фабрикалардын жеке колдорго өтүп кетип иштебей калышына, албетте, Аскар Акаев, Амангелди Муралиев, Турсунбек Чынгышев, сыяктуу жоон топ чиновниктер күнөөлүү. Керек десең тизмесин берем.
- Эми алар балээден кутулуп кетишти окшойт. Бирок, биздин азыркы бийликте жеп-ичкендер толо го?
- Биринчиден, алар балээден кутулуп кете албайт! Себеби, "алгандын бермеги деген бар" ыйык кыргыз элимде. Бүгүн болбосо, эртең алар эл алдында сөзсүз түрдө жооп берет. Себеби, коомдук мүлктү жегендерге "жыл өтүп кетти" деген болбойт!
- Ахунбай, кечээ эле жаңы өкмөттүн антын кабыл алдык. Анан эмне болот?
- Эмне болмок эле, анан баягынын таягы болот!
Жакшылык келиши үчүн, кандайдыр бир жаңы, таза, демилгелүү адамдар келиш керек эле. Андай болгон жок. Баягы эле трактористтер ойногон, жедеп тытылып бүткөн май-сай жыттанган карта колодасындагы немелер келди! Андай болгондон кийин турмуш кантип оңолмок, өзүң деле ойлоп көрбөйсүңбү!
- Коррупцияга каршы күрөштү катуу жүргүзөбүз деп жатабыз. Ал жагдайда иштер аткарылып, далай коррупционерлер кармалып жатат. Бирок, акыркы сөздү баары бир соттор айтат экен?
- Азыркы тандалып алынган сотторду карап олтуруп жанынан түңүлөсүң. Кечээ эле Максим Бакиев менен Елисеевдин заказдарын аткарып жүргөн сот системасынын "киллерлери" кайрадан келишти. Алардын катарына Мухамеджанов, Аманалиева, Осмоналиев, Кульматоваларды кошууга болот. Учурунда алар Марат Бакиев жана Максим Бакиевдин айтканын кылып, далай жарандарды үй- мүлкүнөн ажыратышкан. Далил катары алардын караган иштерин эле талдап чыгуу жетиштүү болот эле… Ал түгүл алар таза иштеген Альмира Мамбеталиева сыяктуу судьяларга кысым көрсөтүп кызын ур- токмокко алышып, өзүн оорукчан кылып акыры кетүүгө мажбур кылышкан. Мен соттордун кандай иштешкенин абдан жакшы билем, ошондуктан толук жоопкерчиликте айта алам. Алар менен бир топ жылдардан бери салгылашып да келдим.
Кызыгы, Отунбеванын жардыгы менен, Жогорку Кеңештин токтому менен иштен кеткендер кайра ишке алынып жатат.
- Ахунбай, канткенде жакшы мамлекет болобуз?
- Качан гана эски жеп-ичкен чиновниктердин баардыгын жоготкондо жакшы турмуш келет!
Суроо берген
Баратбай Аракеев





кыргыз тилиндеги гезит "Учур"





??.??