Каттама

Баары кызуу жүрүп жаткандай, айлана шаңга бөлөнүп, аял-эркеги, кары-жашы дебей Чыкенин алтымыш жаш тоюна келгендер иримдеп аккан дайранын агымындай, көчө толо кыжы-кужу чубаган мындай элди жер эне өмүрү мурда көкүрөгүнө көтөрүп көргөн эмес эле. Көптөн бери өз кулунун сагынып калган жер эненин да бүткөн бою балкып, эмчеги ийип тургансыды. Кечке жуук, жаңы эле үйлөрүнө кайтып келип, чай үстүндө отурушкан ар бир үйдө, биринин оозунан бири сөз жулуп алып, бүгүнкү көргөндөрдүн кызуу кеп кылып отурушту.

- Кудай бак берип койгон да. Ошол бакты багып кеткен азаматты айтпайсыңбы.
- Апа, Чыңгыз атамдын жанында бөлөк кишилер көп го, алар каяктан келишкен?
- Айланайын өмүрү узун болсун. "Улук болсоң, кичик бол" деп бекеринен айтылбаган да. Ушунча элдин ичинен бүкчүйгөн мени таанып, атайын өзү келип менин атыман айтып, ал жайымды сурап, кол алышып учурашканын карабайсыңбы. Кудай эч нерседен кем кылбасын.
- Ата, ата мен Чыңгыз абаны көрдүм, Чыңгыз атам мага кол булгалады.
- Кыйын заманда атасы камалып, айрыкча булардын үй-бүлөсүнүн белдерин кайыштыра, шор эки ийинден ныгыра басып турганда, ошондо бала Чыңгыздын бешенесине эмне жазылганын ким билиптир. Жетим жетилет деген ушул. Кудай өмүр берсин. Кудай жаман көздөн сактасын - деп төрдө отурган карыя сакалын сылайт. Чалынын жанында отурган кемпир:
- Нагимага рахмат. Биз төрөй албаган уулду төрөп берген Нагимага рахмат - деп кызыл эт ээгин бырыш баскан эрини менен кымтый өзүнчө эле бөйрөк бүлкүлдөтө көзүнүн жашын жең учу менен сүртүп жатты.
- Апа, мен Чыңгыз атама гүл бердим. Үйгө бир туушкан карындашым Мария жайдары кирип келди. (Мырзанаева Мария, коңшу Көк-Сай айылынын Анарбек Токтогожоев атындагы орто мектепте мугалим, "Эл агартуунун отличниги" көп жылдан бери окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт).
- Чыңгыз таякем өз колу менен сындырып даам сызды эле, силерге бир азын алып келдим деп, сумкасынын түбүнөн жарым алакандай бирдемени алып чыгып жатты.
Биз таң кала:
- Ал эмне тамак?
- Каттама...
Чыкенин Шекерге келет дегенден бери, ар бир айылда: -Биз да барабыз, биз да көрөбүз, деп оолуккандар канча. Коңшу Көк-Сай айылынын мугалимдер жамааты өздөрүнчө ийри олтурушуп ошончо элден, андан калса Шекерликтерден бизге жол жок дешип, бетме-бет жолугуп, кол алышып учурашпаса да, эптеп жакын жерден көрүп, сөзүн угуп калуунун амалын издеп жатышты.
Бир маалда: -Мен таптым! - деп мугалим келиндердин бири сүйүнгөнүнөн кыйкырып жиберди.
- Шекерликтер Чыңгыз агайдын астынан нан, туз менен тосушса, биз кыргыздын улуттук кийимин кийип алып, каттама менен тособуз деди.
- Азаматсың! - жалпы кубанып кетишти. Эми каттаманы ким жасайт? Деген суроого такалышты. Сөздү нары чоюшуп акыры ал милдетти Марияга жүктөшөт.
Эне тарбиясын көргөн Мария, колдон келген бүт өнөрүн жумшап улам үстүнкүсүн кичирейте, ай төгөрөк кылып жети каттама жасап, Чыкең келгенде Көк-Сайлык мугалим келиндер Шекерликтер менен кошо Чыкеңин астынан тосуп турушат. Шекерликтердин нан менен тузунан ооз тийген Чыкең, чачыктуу ак дасторконго салынып, бет маңдайында кош колдоп сунулуп турган каттаманы көрүп:
- Каттама?! - деп Чыкең да таң кала түшкөнүн жашыра албады.
- Сизди ооз тийсин деп...
- Бул илгертеден келе жаткан кыргыздын эң сыйлуу тамактарынын бири. Даамдуу жасапсың. Мындай жасаш ар кимдин колунан келе бербейт. Көп жылдан бери жебей, эстен чыгып кете жаздаптыр. Кимдин кызысың?
- Дүйшөбайдын. Апам Урпаян сиздин эжеңиз болот. Таяке, мен сиз Лениндик сыйлыкты алган күнү төрөлүпмүн.
- Жакшы күнү төрөлүпсүң. Өмүрүң узак болсун! Рахмат!
- Чыкең даамга бата кылып эми жыла берерде:
- Таяке, буларды атайын сиз үчүн жасадым эле. Кайра үйгө алып кетемби?
- Каттама көпкө чейин сакталып, сапатын жоготпойт. Шаарга барганда, чет элден келген конокторго кыргыздын улуттук тамагы деп ооз тийгизсе болот. Ушул жерде Дөөлөтбек жүрөт ошого жолуксаң...
- Чыңгыз таякем мындай узаар самат, улардын этиндей кылып, каттаманы бир чымчымдан талап кетишти. Силерди ооз тийсин деп, атайын ырымдап ушуну зорго алып калдым. Бүгүн менин өмүр тарыхымдагы эң бактылуу күн деп карындашым Мариянын кубанычы терисине сыйбай турду.
1986-жыл. Анда мен Киров районунун "Россия" колхозунда комсомол комитетинин секретары болуп иштейм. Назеримде тоону томкоруп, ойду омкоруп жиберчүдөй жыйырма жети жаш курагым эле деп сөзүн улады Касым ( Касым Садырбаев азыркы Кара-Буура районунун Аманбаев айылынын тургуну. Өмүр бою жетекчи кызматтарда ак пейили менен иштеп, азыр райондун салык кызматында).
Россия колхозунун башкармасы Токтогул Бабанов Касымды "тез келсин" деп чабарманын жиберет.
- Касым азыр Алма-Атага жөнөйсүң.
- Столдун үстүндө турган сегиз көлөмдүү папкаларды көрсөтүп, мына бул папкалардагы документ кагаздар Грозный менен Шекер айылына курула турган газ түтүктөрүнүн проект-сметасы. Биздин жерден Бухара-Алма-Ата газ магистралы өтөт. Анын линейный производственный управлениеси (ЛПУ) Алма-Атада жайгашкан. Сен ошол жерге барасың. Ушул өтүп жаткан газдан Грозный менен Шекер айылына газ түтүктөрүн куруп, жаратылыш газынан пайдаланганга уруксат аласың. Бул Москва, Ташкентте чечилген маселе. Эми Алма-Ата калды. Алма-Ата бекитсе, буйруса Грозный менен Шекер айылына газ түтүктөрү орнотулуп, элибиз көгүлтүр отту ар бир үйдө жагып калышат. Бул жерде көп акча жагат. Москва айнып кете электе эртерээк бүтүрүш керек. Москвадан экинчи жолу кайрылып уруксат сурай албайсың. Бүтүрбөй келбе. Керт башын менен жооп бересиң. Мына жолго акчаң, мына документтер, эшикте менин машинам турат, мин да Маймак станциясына барып, Москва-Алма-Ата поезди менен жөнө. Үйүңө кайрылып кийинип ал. Кокус кыйынчылыктар болсо, мени менен байланышып тур. Ал, жолун болсун, деп башкарма катуу тапшырма берет.
Ичимен:
- Ушул элеби? - деп койдум.
Алма-Атага түш оой барып, жолукчу жеримди таптым. Ал күнү кабыл алгын жок. Эртеси эрте келип, катчыга жөн-жайымды дагы түшүндүрдүм. Мени келдиби, кеттиби деген киши жок. Эми чындан тынчым кете баштады. Бул түрү менен мени бир жумада да кабыл алчудай эмес. Бир маалда катчынын боору ооруп кеттиби, эл суюла түшкөндө: -Кире бериңиз деп, көңүл кош башын жаңсап койду.
Саламымды айтып, өзүмдү жаңы эле тааныштырып, документтерди көрсөтөйүн дегенде, улам бир папкечени, шапкечени кирип келип, толмочунан келген, орто жашап калган казак жетекчини улам бөлөк сөзгө алаксытып кетишет.
Акыры экөөбүз ээн калдык. Мени эми көргөнсүп:
- Эмне жумуш менен келдиң?
Мен иштин чоо-жайын чала-була түшүндүрүп жаттым.
- Бул жакта шаарлар менен райондорго газ түтүктөрүн жеткизе албай жатсак, каяктагы кыргыздын эки аулына уруксат сурап келгенин карабайсыңбы?
Ындыным өчө түштү. Иштин тескери жакка айланып бара жатканын эми түшүндүм. Же аке деп айтарымды, жеке көкө деп айтарымды билбей, Чыкемин "И дольше века длится день" деген китебин бош убактым болсо окуйм деп кошо алып алдым эле, китепти столдун бир четине коюп коюп, алып барган документтеримди башкарманын астына улам жакындата түртүп жаттым.
Бир маалда жетекчинин китепке көзү чалып калып:
- Алдагы кайсы китеп? Алып келчи бери! Китепти колуна алып ой бай ау, Шыкемин ак китеби гой. Бул биздин Сары-Өзөктүк Эдигейдин өзү гой. Мен бул китепти таппай жүрсөм сен кайдан алып жүрөсүң?
Кудай оозума сала бердиби, ойдо жок жерден:
- Ооба Айтматов. Атайын сизге ала келдим эле, деп кандай айтканымды да билбей калдым.
- Жана эле сүйтпөйсүңбү. Китепти арак көрүп кайра мага карматты:
- Ме каалоо сөзүңдү жазып бер! Сурагандарга жолдон таап алдым деп айтамбы.
Казак жетекчинин аты эсимде калбаптыр: Көк асманда шаңшып учкан бүркүттүн эки канаты бар. Ал бүркүт -Чыңгыз! Чыкемин бир канаты кыргыз эли болсо, экинчи канаты казак эли. Сизге: гүлдүн кызылын, өмүрдүн узунун каалайм. Кыргыз иниңиз Касым", - деп китепти кайра колуна бердим.
Казак жетекчи катчысын чакырып:
- Мынау документтерди бүгүндөн калтырбай бүтүрүңдөр. Мен кол коюп берем. Эртең почта менен кыргыздарга жөнөтүңдөр. Баурым, бара бер! - десе болобу.
Чыкемин өңүн өз көзү менен көрбөй туруп, Чыкемин сөзүн өз кулагы менен укпай туруп, Чыкемин өзүн эмес, Чыкемин китебин ушунча сыйлаганына, Чыкемин ушунчалык кадыр баркы бар экенине, ыймандай сырым, мен мурда анчалык сезбептирмин.
Мен Грозный менен Шекер гана эмес, бүтүндөй жер шаарынын экваторун айландыра газ түтүгүн тартканга уруксат алып чыккандай кубанычта: - Чыкем! Менин Чыкем! - деп жети кабат асмандын жетээр жерине чейин бар үнүмүн болушунча кыйкыргым келип турду.
Алма-Атанын чоң көчөсүндө, кыялга мас болуп, башым оогон жакка кетип бара жаттым...

Кененбай Мырзанаев,
Кара-Буура району,
Шекер айылы.