Алдейлеп турса кең мекен,
Айтматов ага кеп бекен

Мекенди сүйүү - тилди сүйүүдөн башталат. Тил аркылуу таалим-тарбия берилет. Тил аркылуу келечек муун тарбияланат. Бул - демографиялык көйгөйлөрдү иликтеген, жаш муундардын сабатын ачып, турмушка даярдоо маселелери менен алектенген педагогдордун, учурдун күрөө тамырын кармап, күндөлүк көйгөйдөн өйдө болууга үндөгөн серепчи-публицисттердин ой-пикири. Же окумуштуу В.Гумбольт айткандай: "тил - улуттун жаны". Өлкөдөгү түпкүлүктүү элдин улуттук тилинин сакталып, өнүгүшү - бул мамлекеттеги негизги идеологиялык маселе. Мамлекеттик тил макамын алган кыргыз тилине мамлекеттик деңгээлдеги кам көрүп, аны ар тараптан өнүктүрбөсөк, элди, тактап айтканда, Кыргызстандын элин бириктире албайбыз. Тилин, улуттук баалуулуктарын сыйлабаган, урматтабаган улутту эч бир эл, эч качан сыйлаган эмес, сыйлабайт дагы.
Бул, албетте, түздөн-түз улуттук саясатка байланыштуу. Улуттук саясат болбой туруп, улуттук аң-сезим калыптанбай тургандыгын, улуттук аң-сезим калыптанбай туруп, улут жаралбастыгын билимдүү адамдардын баары эле биле беришпейт (билсе да билмексен болушат). Аны билдирүү, дал ошол маанилүү кызматты ээлеп отурган аткаминерлердин жана аларды камчылап эсине келтире тура турган улуттук интеллигенциянын иши эле. Бирок биздин азыркы жетекчилер, улуттун каймагы эсептелген интеллигенция катмары да советтик идеологиялык мектептин окуучулары болгонун, "ал кезде мезгил ошондой эле, биз интернационалист болуп тарбияланганбыз" деген, айтыла берип ашмалтайы чыккан аргумент менен актанышууда. Эгер "ошол мезгилде" бизден башка да "он төрт республика" жашаганын, бирок алардын тили биздикиндей өз өлкөсүндө өгөйлөнгөн абалга түшпөгөндүгүн эске алсак, анда баарына "мезгил" эле эмес, "бөрк ал десе баш алган" жетекчилер, аларга кайдыгер караган аттуу-баштууларыбыз да күнөөлүү экени өзүнөн өзү түшүнүктүү болот.
Азыр да кыргыз тилин өнүктүрүүгө дал ошол жетекчилер жана алар тарбиялап өстүргөн "киргиздер" же кыргыз тилин мамлекеттик тил катары расмий тааныгысы келбеген тили буруу жетекчилер тоскоол болуп жатканы белгилүү. Мунун кашкайган мисалы катары, ордо калаабыздын борбордук Ала-Тоо аянтынын бет маңдайында жайгашкан Агропром аттуу имараттагы береги, адамзаттын Айтматову аталган алп жазуучубуздун "Элдин түбөлүктүүлүгү - эне тилинде" жана "Улут болсом, тилим менен улутмун" - деген канаттуу ыр саптары менен көзү тирүү кезинде эле өзүнө руханий эстелик тургузуп кеткен айтылуу акын Э.Ибраевдин ыры шаар жетекчилерине "жакпай", "шаарыбыздын эстетикалык көркүнө көлөкө түшүрүп" келгенине көп болгонун айтсак болот. Акыры болбоду, алып тынышты.
Эгемендикке ээ болгон эл катары мамлекеттик символдордун (мамлекеттик туу, герб) катарында мамлекеттик тилдин тураарын карапайым калк дагы, социолог-окумуштуулар дагы, публицисттер дагы какшай берип тили тешилмей болду. Бирок, мындай "куру чакырык" айрым аткаминерлердин кулак сыртынан кетет окшобойбу. Болбосо, борбордук аянтта дал ушул азаттыктын кунун, баа-баркын, тил тагдыры - эл тагдыры экенин туюнтуп турган энбелгилер көрүнөө илинип турушу керек эле. Аталган эки көрнөк Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын демилгеси, Котормо жана жарнама бөлүмүнүн башчысы А.Молдокановдун жана бөлүмдүн кызматкери Б.Айтиевдин жеке аракеттери менен ишке ашкан эле. Албетте, оңой-олтоң эмес. Алгач, мамлекеттик №2 дирекциянын жетекчилигин көндүрүп, андан соң аркы бетте отурукташкан Айыл чарба министрлигинин жетекчилери менен арбашып отуруп аткарышкан.
Кыргыздын багына жаралып, ааламды аруулукка үндөгөн Ч.Айтматовдун эстелигинин артында айткан сөзү, элдүүлүгүбүздү сактагыбыз келсе, тилибизди кастарлайлы деген керээзи илинип турганы жагымдуу көрүнүш эле. Тилекке каршы, түбөлүгүбүздү түздөйлү деген түмөн түйшүктөр шаардын вице-мэри В.Красиенко үчүн түккө да турбады. Андан көрө күнүгө "алтын жумуртка тууган" электрондук жарнама тактасын илип койгон бир кыйла оңтойлуу. Ортосуна илип да коюшкан. Азыр уялганына кайра алышты окшойт. Калктын камын жеген өңдүү кабагын түйө сүйлөгөн шаар башы И.Өмүркулов деле орун басарынын мындай обу жок ишин тизгиндеп койсо болмок.
Айтор, борбордук аянтка келип, эс алгандарга (басымдуу бөлүгү жаштар) тил болсо улут болорун, улут болсо мамлекет болорун эсине салып, таалим-тарбия берүүчү көрсөтмө куралдын милдетин аткарып турган чакырыктар "чакыртылып алынып" чаңга ыргытылды. Бара-бара элдин эсине эзелкисин салып, алдыдагы ачык жолду көрсөтө турган ураандар, социалдык жарыялар деле аң-сезимибизден чийилип, жалаң коммерциялык багыттагы жарнамаларды окуп калат окшойбуз.

Мундузбек Абдыжапар уулу




Саламдашуу маданияты…

Кыргыздын тили өтө терең. "Улуу кыргыз" - деген чоң бийиктерге жеткен бай тилдерден деп айтылып, аны менен ар кандай жашоо ыргагын аткарып келген тил. Өзгөчөлүү каада-салтыбыз, нарк-насилибиз, адеп-ыйманыбыз өз тарыхыбызды коштоп келет. Кыргыз элинин ички дүйнөсүнүн бийиктиги да бул тил менен даңазаланып, жомоктон жомокко өтүп, Манастай дастан жаралып, чындыкты айткан жоокер, көчмөн эл экенибиз айтылып келген.

Ошол улуттук нарк-насилдердин бири саламдашуу да эң эле чоң тарбиялык мааниге ээ. Биз сөз кыла турган саламдашуу бүгүнкү күндө улуттун кылым карытып сактап келген таза назик адеби же кыргыз деген улуу жашоонун бизге жеткен мурасы.
Адамга салам узатуу, алик алуу боюнча саламдашуунун жол жоболору бар. Сылык саламдашуу, алик ала билүү бул кыргыз маданиятынын башаты.
Бир адам экинчи адамга "Ассалоому алейкум" - деп араб тилинде салам берген. "Бул тынчтык болсун" - дегенди билдирсе, "Валейкуму ассалам" - "Сизге да тынчтык болсун" - деп колдонулуп келет… бүгүнкү күндө өзгөчө жаштар саламдашууну өзгөртүп кыргыз маданиятына туура келбеген көчмө агымды колдонуп жүрүшөт. Мисалы, эки жигит бири-бирин көргөндө колхоздун кара өгүзүндөй эле сүзүшүп калса, кай бири тайдай тебишип учурашат. Ал эми кыздар болсо өбүшүп (ооздон өбүшүп) саламдашат. Жаштар эле эмес орто муун, жогорку муун ичинде деле өбүшүү өнөкөткө айланууда. Менин жаш муундарды тарбиялоодогу ата-энелерге, мугалимдерге, тарбиячыларга кайрылуум - саламдашуу адебине көңүл бөлсөк. Кыргыз салтыбызда саламдашуунун чоң маани маңызы бар.
Рухубуздан келген ата салты эркектер кол сунуп учурашса, аялдар ыйбаа менен же кол сунуп учурашкан. Мунун себебин жоокер эл экенибизден да издөө керек. Айкөл Манас, Барсбек, кыз Сайкал деги эле түпкү баатырларыбыздын баары кол сунуп учурашуу менен, жоо менен жекече беттешүү адебинде атаандашынын колун кармап, анын ден-соолугун, эр жүрөктүүлүгүн, бекемдигин тамыр кармагандай билип, өзүнө жыйынтык чыгарган.
Бул сапат элибизде кылым карытып келе жатат. Биз бул нарк-насилибизди көчмөн маданиятка аралаштырбообуз керек. Бул үчүн тарбиялык тармакта иштегендер аяр мамиле кылуу менен өз салтыбызды сактоо керек экенин унутпайлы. Бүгүнкү күндө саламдашуу ар кандай типке бөлүнүп кетти.
1. Чоң муштумдун учурашуусу
2. Акчалуунун учурашуусу
3. Чиновниктердин учурашуусу
4. Бийликтегилердин учурашуусу
5. Кийими жакшылардын учурашуусу
6. Тууганы чоңдордун учурашуусу
7. Жөнөкөй карапайым элдин учурашуусу
8. Жаштардын учурашуусу
Деп өзгөчөлөнүп кетти. Бул көрмөксөн, таанымаксан болуу, жийиркенүү, убактысын аёо, мактануу, манчыркоо, төмөнкү кишилерди же улууларды теңине албай өз бийиктигин көрсөтүү менен адамдардын учурашуу салты бузулуп бара жатат. Демек учурашууга да демократиялуу элдик мүнөздө саламдашуунун салтын мүнөзүн-адебин сактоо зарылдыгы турганын эске ала жүрөлү.
Илгери аялдар жүгүнүү, ишарат кылуу менен өзүнүн жүрөктөгү сылыктыгын көрсөткөн. Аялдар дегинкиси келиндин жүгүнүү адеби да ошол саламга жооп иретинде болуп, бүгүнкү күндө бизге жетип отурат. Мунун түрү көп жөн эле ыйбаа-ишарат кылып, колун бооруна алып, башын ийкеп ж.б. түрлөрү менен белги берип келген. Ал эми бүгүнкү аялдар, жат кишинин кандай ден-соолугуна карабай өбүшүп жатат. Мүмкүн ал адам туберкулёз, ВИЧ-СПИД, малярия, тиф, тери, сарык оорусу ж.б. ички аш казан, боор жыт келүүчү оорулар менен оорусачы. Бул жагдайда врачтар, теле-радио, басма сөз беттеринде эскертилип жатпайбы.
Айымкан Жаманкулова