Кес куйругуңду...

Күз келип саясаттын казаны кайнап баштады. Союз учурундагы "жаз жарыш, күз күрөш" деген эмгекке үндөгөн философия, саясатка ооду. Жаз, күз келгенде кыргыз коомчулугу, өзгөчө "саясий элита" бир оодарылып албаса, күн чыкпай, суулар акпай, аалам токтоп калчудай эле сезилет. Жылда ушундай. Өңгө элдин эл башчылары жаз-күз элинин камын ойлоп жандалбастап жүргөндө, биздикилер бири-биринин баскан изин, жаткан төшөгүн аңдып эптеп күзгө жетишет. Экономика өсүп жатабы, өлүп жатабы иштери деле болбойт. Саясий элита жедеп "сойкуга" айланып бүттү. Жаңыча ойлонуп, жаңыча иш алып барчу таза муундун бийликке келишине шарт түзгөн эч ким жок. Улуттук интеллигенция коңулдан чыкпай, ар бурчта наалып сүйлөгөн деңгээлден көтөрүлбөй койду. Акын Шайлообек агабыз жазгандай "Күн жыгылып жатса, тургузбаган кайдыгерлигибизден" мамлекетибиз тозуп кетеби деп коркосуң.
Таза бийлик келсин, өлкөбүздө адилеттик, жаңылануу, өнүгүү болсун деген аруу тилек менен эки революция жасалды. Кан төгүлдү. Өзгөрүү, жаңылануунун карааны көрүнбөйт. Албетте, мамлекеттик башкаруу системасы алмашты. Бирок андан майнап чыкпай жатат. Бийликте байлык, мансапка тойбогон, ач көз, каниет кылууну түк түшүнбөгөн, образдуу айтканда Пушкиндин "Алтын балык" жомогундагы сынык тепшисин кучактап отуруп калган кемпирден айырмаланбаган баягы эле түркөй аткаминерлер. Үч бийлик бутагынын кайсы тармагын алба, эгемендүүлүктөн бери жегенден "жемсөөсү" жарылбаган эски жүздөр. Сырттан келген жаңы кадрлар жок. Баары табакташ, үзөңгүлөш жүргөндөр. Кызыгы, ошолор эле, бири-бири менен Акаевдик, Бакиевдик, Атамбаевдик болуп "устукан" бөлүшө албай тытышып жатат. Коалиция тарап, Бабанов жетектеген өкмөттүн "соодасы" бүткөнү, кызмат талашмай сыяктуу устукан бөлүшмөй күчүнө кирди. Күн тийген жердин күкүктөрү менен шартка жараша куйругун кесип таштап баса берген кескелдириктердин күнү тууду.

Өкмөт башчысы болом дегендер менен министр болом дегендерден баш адашат. Бабанов кетсе дагы министрлик ордумду сактап калсам деп, "куйругун кесип" таштап, КСДПнын короосун сагалап жүргөндөр андан көп. Бир эле мисал, "Республика" фракциясынын депутаты Курманбек Дыйканбаев Бабановго жанын бергенден кайра тартпачудай болуп, ал түгүл өкмөт отставкага кетсе, парламентти таратабыз дегенге чейин барып жатты эле, бүгүн "Республикадан" бөлүнүп, КСДПнын чоорун созуп "премьерликке Жантөрө Сатыбалдиевден өткөн татыктуу жок" деп сайрай баштады. Саясий принциби жок ушундайлардын айынан улам коалиция тарап, кайра-кайра өкмөт түзүлүп, мамлекетибиз саясий айланпадан чыга албай, экономика кургуйга кулап, өйдөлөнгөн жеринен тура албай жатат.
Мына учурда жаңы коалицияны куруу боюнча эмне деген интригалар жүрүп жаткан жок. "Ата-Журт" фракциясы "Ата Мекен" коалицияга кирсе, анда "Ата-Журт" коалицияга кирбейт. Биз коалицияда мародерлор менен бирге боло албайбыз. Өкмөт башчылыкты бизге бергиле" деген талап коюп жатса, "Ата Мекен" фракциясы "Бабанов министрлер кабинетине кирсе, биз оппозицияга кетебиз" деп коркутууда. "Республиканын" Канат Исаев баштаган тең жарымы коалицияга кирүүгө ынтызар болуп, калгандары парламенттин тарап кетишине кызыкдар. "Ар-Намыс" эптеп эле коалицияга кирсек болду деген көз карашты карманып турушат.

Ал эми коалиция куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жактан КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков болсо эки ача сүйлөп, элдин эсин оодарууда. "Ишенген кожоң сууга акса, алды-артыңдан тал карма" демекчи, Чыныбай мырза чу дегенде эле, өкмөт башчылыктан Амангелди Муралиев баш тартып, Жантөрө Сатыбалдиевдин талапкерлиги көрсөтүлүп жатканын билдире коюп, андан көп өтпөй "талапкерлерди караштырып жатабыз" деп тескери кетти. Өкмөт башчылыктан көзү өтүп турган Амангелди Муралиев аксакал болсо, өкмөт башчылыктан баш тартпаганын дароо билдирип, ыраматылык Мелис Эшимкановдун Чыныбай мырза тууралуу жазган "шыпыр" деген аныктамасын тастыктап салды.

Бардан дагы Чыныбай мырзанын коалиция КСДП, "Ата Мекен", "Ар-Намыс", "Республика" фракцияларынын ортосунда түзүлүшү мүмкүн дегени кызык. Андай болсо, "сен ууру, мен ууру, сен коррупционер, мен коррупционер" болушуп, ит жебеген бокту жешип, эмнеге коалициядан чыгышат десең. Эгер аталган төрт фракциянын ортосунда кайра коалиция түзүлсө, логика кайда калат? Бирин-бири көрдөн алып жерге, жерден алып көргө салып, укук коргоо органдарына, президентке чейин кайрылып даттанышкан "Республика" менен "Ата Мекен" фракциялары кантип бет келишип, чогуу иштешет? Же кызыкчылыктарыбыз төп келишип калды, үч айрылышка келгенче иштеше берели дешеби? Анда "сойкулуктун" үлгүсүн көрсөтүшөт го...
Ушуга окшогон парламенттеги мышык-чычкан оюндардын кесепетинен, өкмөт туруктуу иштебей, бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматтагы чиновниктердин дараметине, ишмердүүлүгүнө баа берүү мүмкүн болбой калды. Жаңы кызматка отурган атка минерлер Өкмөт бүгүн-эртең отставкага кетип калса эмне кылам деп, кызмат ордун ойлоп жатып, өздөрүн эркин сезип толук кандуу иштей албай жатат. Натыйжада, бул кызматка канчага чейин турмак элем, колдон келип турганда бир нерсе кылып алайын деген, мамлекеттик эмес, жеке кызыкчылыгын ойлогон өнөкөт пайда болду. Мындан арылбасак, эзели оңолуу жолуна түшпөйбүз. Барар багытыбызды таппай кайсалай берерибизде талаш жок...
Анткени элибиздин ташка тамга баскандай "байлык, бийлик колдун кири" деп айткан, эзелтеден келе жаткан акыл-насааты учурда суу кечпей турат. Бүгүн бийликтен жаманатты болуп кеткени, эртең башка үлкөн кызматка отурат. Топук кылуу, ыраазы болуу, тобо келтирүү, ар-намыс, абийирин сактоо сыяктуу адамдык касиет, бүгүнкү биздин төбөлдөрдүн дилинде таптакыр жок. Шермендеси чыгып, "сүткө тийген күчүктөй" бозала болуп, ашмалтайы чыгып жатканы деле бийликке тырмышканы-тырмышкан...

Босогобузда эгемендүү өлкө болгонубуздун 21 жылдык майрамы. Бул аралыкта эмнеге жетиштик, эмнени уттурдук деген суроого жооп издеп, оош-кыйыштуу басып өткөн жолубузга саресеп салчу кайкыда турабыз. Чоңдорубуз бийлик-байлык талашуу менен алек. Мамлекетибиздин карызы 3 миллиард долларды чапчып, дале болсо ар кайсы өлкөдөн жардам сурап, жада калса бюджеттин тешигин жапканга донорлордон акча үмтөтүп тилемчилик кылгандан чарчай элекпиз, уялган да жокпуз. Элестетип көрүңүздөр, 21 жаштагы алты саны аман, алдуу-күчтүү жигиттин тилемчилик кылып отурганын, көргөн адамга өөн учурабаса, жакшы көрүнбөйт. Бекеринен Казакстандын президенти Назарбаев "көрүнгөндүн көзүн карабай, өз алдыңарча оокат кылганга үйрөнбөйсүңөрбү" деп жаткан жок... Арданбайбыз да...

Кыскартып айтканда, мамлекеттин башкаруу системасын өзгөртүп, парламенттик өлкө болсок эле өнүгүп кетебиз дегенибиз иллюзия көрүнөт. Кептин баары мекенчилдик сезимди туу тутуп, элине, мамлекетине чыккынчылык кылбай, ак ниет менен адал кызмат кылууда окшобойбу. Сыягы, биздин эл башкарган төбөлдөрдө дал ушул сапат жетишпей турат өңдөнөт. Жок десек да жарашат. Элим, мекеним деген бийлик сересиндегилердин көбү аферист болуп бүтүшкөн. Демек, эски жүздөрдү электен өткөрүп элеп таштап, бийликке булганбаган таза, билимдүү, мекен деп күйүп-жанган патриот жаштарды алып келбесе, азыркылар менен алыска бара албашыбыз белгилүү болуп калды. Дегенибиз, эгемендүүлүктөн бери ээрден түшпөй келе жаткандар, кайсы бийлик келбесин "куйругун кесип таштап" жандарын бага беришет. Ушул тапта да, эчендеген "кескелдириктер" куйруктарын кесип таштап кетип жатышат...

Алмаз ТЕМИРБЕК уулу