Көр дүйнө...
"Мүрзөлөр арасында жашоо
коркунучтуу эмес, тынч"
Жол боюндагы мүрзөлөр. Аларды карап бата кылган бир үзүм убакытта эрксизден "ажал", "өлүм" деген нерсени эстеп аласың. Каракол шаарынын түндүк жак четинде шаардыктардын акыркы жайы болгон жерге барып, мүрзөлөр арасында жашаган Тахиржан Чуруковго жолуктук. Эшик ачып, босого аттаганда эле мүрзөлөр жашоосуна аралашып калчу бул кичинекей үйгө келгендердин аягы суубайт. Бири дем салдырам деп тирүүлүктүн түйшүгүн тартса, экинчиси жакындарын коюуга жер издеп өлгөндүн түйшүгү менен жүргөндөр. Мүрзөлөр корулган тосмого кирип барганда эле сол жак тарапта турган дөңгөч торулган эки чарчы метр жерди көрдүк, тыкан темир тосмо жашыл, сары боёк менен боёлгон экен.

- Тахир ага, бул жерди ким коруп койгон?
- Муну Каракол шаарында жашаган бир аксакал коруп, аманат кылып койгон. Акыры сөөгүн ызааттап койчу киши болбой калаарын түшүнүп, бул жерди коруп, темир тосмосун өзү ушинтип сырдап, жай казылчу жерин даярдады.
- Сиздерди жай казылчу жер үчүн акы сурайт деп уктук?
- Жок, жер үчүн акы сурабайбыз, Кудайдын жери бекер, биз бул жерге сөөк коюу зыйнатын жүргүзгөнүбүз, жай казып даярдаганыбызга 2,5 миң сом алабыз. Сөөктү жайына өзүм алып кирип, дубасын окуйм.. Бул сумманы карылар кеңешип чечишкен.
- Каза болгондордун арасында мусапырлар болуп калса, кандай болот?
- Бизде мусапырлар көп. Албетте, багар- көрөрү жок, издегендер болбой, моргдо жатып калгандардын зыйнатын жасап, жаназасын окуп коюп коёбуз. Кепинди мечиттен алабыз. Мусулмандардын баары мейли ал колунда болсо, болбосо да бирдей тартипте коюлат.
- Шаардыктарды жайына койчу жер тарып баратат деген чынбы?
- Жок, Аллах бизди жараткандан кийин акыры жатчу жерди да таап берет. Ырыскы- топуракта,- деп айтылат эмеспи.
- Биз жакшы сапатыбыз менен жарышпай, эстелик коюу менен да бир бирибизге атаандашып кеткен жайыбыз бар. Угушубузга караганда, мында азыр эстелик, күмбөздөр коюлбай, баарына бирдей аты- жөнү ташка жазылган белги коюлуп калды дейт, ошо чынбы?
- Ооба, азыр сиз айткандай таштан белги коюлат. Сүрөт койгонго да уруксат берилбейт. Пайгамбарыбыз Мухаммед Алейхи ва Салам айткандай, мусулмандардын мүрзөлөрү башкалардан айырмаланып турушу керек. Ал эми үй кургансып заңгырата күмбөздөрдү куруунун кажети жок. Мусулмандар саман аралаш ылай менен мүрзө салып койгон. "Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы" дейт. Бир кезде адам сөөгү коюлган жерлер бир кылым өтүп кайрадан колдонулуп кете бериши кажет.
- Жансыз денеден уулу газ чыгат деп коёт эмеспи, мүрзө арасында жашагандан, балдарыңызды алып келгенден коркпойсузбу?
- Мен бул жерде жашаганыма 15 жыл болду. Үч балам, эки неберем бар. Азыр өзүмдү жакшы сезем, Кудайдын кулагы сүйүнсүн, балдарымдын дени сак. Тескерисинче, шаардагы үйдөн балдар да, мен да бул жакка качып турабыз. Шаар ичи ызы- чуу. Бул жер болсо тыптынч. Түнкүсүн жакшы уктайсың. Ал эми мүрзөдөн коркуунун кереги жок, ал жерде адамга зыяны жок денелер жатат. Биз өлгөндөрдөн эмес, тирүүлөрдөн корксок жарашат го. Себеби, азыр ташбоордук көп болуп жатпайбы.
- Көзү өтүп кеткен ата- эне, ага- туугандарынын эстелигине гүл көтөрүп келгендерди көп көрөбүз, деги эле мүрзөгө барып туруу туурабы?
- Мүрзөгө барып турган жакшы. Мусулманчылыкта "Мүрзөгө тез- тез барып тургула, ыйманыңар сакталат" деп айтылат. Аялдар албетте, эркек кишинин коштоосунда барышы керек. Ал эми, гүлдөрдү алып баруу туура эмес эле болуп калат. Себеби, бир карасаң, ал таштанды сыяктуу эле болуп жатпайбы. Мүрзөнү булгагандан башка пайдасы жок. Андан көрө гүлдүн уругун сээп же отургузуп койсо жакшы болмок.
- Мүрзөлөр арасында жашап, өлүмдү такай эстеп турсаңыз керек. Же бул сизге көнүмүш катары сезилип калдыбы?
- Жок, эч убакта көнүмүш болбойт. Тескерисинче, бул жерде күнүгө ажалды эстеп жашайсың. Жүрөгүң жумшак болуп калат. Кичинекей бала көрсөм, ичим эзиле жакшы көрүп, анын өмүрүн, ыйманын, бактысын тилей берем. Бул жерде кайгы, ыйды көрүп алар менен кошо кайгырасың. Айрыкча жаштардын өлүмүн көргөндө, эки-үч жумача эсиңен чыкпай кыйналган күндөр болот. Кишинин жаны чыгып кеткенден кийин түрү өзгөрүп калат. Ыймандуу өлүм болсо, татынакай болуп, жүзүнөн нур таамп турат. Кээ бир адамдар өлгөндөн кийин карарып, башкача сурданып калат.
- Анан ошолорду карап, ажал келчү күндөн коркосузбу?
- Ажалдан ар бир киши коркот. Ажал ар бирибизди унутпайт. Аны менен бетме- бет кезикчү күн сөзсүз келет. Бирок, ал качан, кандай келет- кеп ошондо. Кээ бири жакшы эле жүрүп, кыйналбай төшөктө жатып, ыйман келтирип уктап жаткан боюнча кете берет. Ушундай өлүм кандай бактылуу өлүм. Кай бири ар кандай кырсыктан, өлүм менен иши жок жүрүп эле ыйман келтиргенге жарабай узап кетишет. Кээ бир адам узак убакыт ордунан тура албай, жаны чыгаарда кыйналып, беш мүнөттө эле бүтүндөй жашоосуна тете кыйналууну көрүп туруп кетет. Бул өтө коркунучтуу өлүм. Мен ошон үчүн "Ээ, Аллах, мага ыймандуу өлүм бере көр!" деп тилейм.
- Мүрзөдө кызык сырлар болсо керек?
- Мүрзөдө сырлар өтө көп. Ошонун бирин айтып берейин. Бир жолу көр казып жатабыз. Тереңдегенде башка бир эски көрдүн казанпагы ачылып калды. Көрсө ал жерге бир кемпир коюлуптур. Бети кыбыланы карап арыкчырай, кичинекей адам жатат. Эми биз таң калганыбыз, ошол адам канча жылдар жатса да, түрү өзгөрбөй, уктап жаткандай жатат. Ушундай окуяга дагы бир жолу туш болгонбуз. Мына ушулардан кийин Кудайымдын:- Мен каалаган кишинин сөөгүнө эч нерсе келтирбейм,- деген сөзү бар экени эске түшөт. Анан бул окуядан кийин анын кудурети күчтүү экенине кантип таң калбайсың? Мына ушундай. Ошондуктан, биз өлүмгө татыктуу болушубуз керек. Азыр көп жаштар денеси көрүнгөн кийимдерди кийип жүрөт. Бул абдан жаман. Альхамдулла, биз европалыктарды туурабай, Мусулман болгонубуз үчүн бактылуу болушубуз керек.
- Биз мындан төрт- беш жыл мурда жолукканда ажыга барып келсем деген тилегим бар дечү элеңиз?
- Ошо тилегим былтыр орундалды. Алланын буйругу менен 40 күн жүрүп, кыйналбай барып келдим. Бир кызык окуя болду. Жатып түш көрдүм. Түшүмдө бир аксакал кирип: "Убактың келди, ажылык сапарга аттан,"- деди. Өзүм акча топтогонду жаман көрөм. Бирок, эмнегедир ошо маалда мага эстелик ташын жасап бер дегендер да, малымды сатып алабыз дегендер да келишти. Документтерим да шыр бүтүп, айтор, жол киреден башка чөнтөгүмдө 700 доллар болуп калды. Барганда жөө жүрүп, Пайгамбарыбыз жүргөн "Нур" тоосуна, "Аль- Сабыр" үңкүрүнө, Кааба ташына, Мединадагы 70 сахаба курман болгон Угутут тоосуна да чыктым. Кыскасы, эч нерсе калтырган жокмун. Ал жерде жүрүп бир чети таң каласың. Эч нерсе өспөгөн жерде баары бар жана арзан, жашоолору жакшы. Бизде болсо баары- жоктун баары өсүп туруп жашообуз- жакыр. Ушунун баары эле ыймандын аздыгынанбы деп ойлойсуң. Аллах: "Кайда ыйман болсо, ошо жерге береке берем",- деген турбайбы. Адам жакшы жашоо үчүн күрөшүп, бирок байлыкка жан дили менен берилип кетпей, Кудайды эсинен чыгарбашы керек.
- Ажылык сапар менен барып келгендердин кээ бири, маселен кай бир жетекчилер келип эле ичимдик ичип, намаз окубай, ажылыкка маани бербей эле жүрүшөт го, ошо учурда эле канчалаган мусулман ажы болууга зар болуп жүрөт?
- Туура, кээ бирөө "Ээ жараткан, Кудай!" деп жалынып койгон менен мусулман болуунун маңызын биле бербейт. Ажылык сапарга аттанаарда бараткандардарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Ошондо "Ажылык сапатыңарды жоготпогула!" деп айтылат. Бул өтө чоң жоопкерчилик. Ал жоопкерчиликти аткара албагандар Кафыр, Яхудийлерден да жаман. Мен ушу жерде бекер жүрөт дейсизби, сооп жыйнап, акыреттик жашоом үчүн аракеттенип жүрөм. Азыр байлар акчасын банкка салгандай, баарыбыз сооп жыйнашыбыз керек. Акыретте ошо сооптор тозоктон куткаруучу жол болот. Ал эми учурда көпчүлүк жыйнап жаткан байлык эч убакта жаныңа арачы болуп бербейт. Ал азыр дагы бир мүнөттө жок болуп кетүүгө жөндөмдүү туруксуз нерсе. Биз ошондуктан, эч убакта жок болуп кетпеген байлык- соопчулукту жыйнашыбыз керек.
Учурда депутаттар "Эл үчүн иштейбиз" деп жатышпайбы. Кыйын болсо эл үчүн миллиондорду коротпой эле иштесин, сооп жыйнасын. Мурда дубаналар эл менен бийлик ортосунда көпүрө болгон. Дубана десе, азыр кээ бири тилемчи дегендей түшүнөт. Жок, алар олуя кишилер болгон. Үстүндө түзүк кийими жок, эл үчүн кызмат кылып, жер кезип жүргөн. Биздин депутаттар алдында машинасы, жардамчысы, бекер күйүүчү май, бекер телефон, дагы- дагы көп жеңилдиктери туруп, эл менен жолуккандан качышат. Мунун өзү кызык болуп жатпайбы.
- Түшүмдө аян берди деп жатасыз. Шайык болуп калганыңыз да бекеринен эместир?
- Ооба, мен мечит менен көп ишим жок жүргөн күндөрдүн биринде түш көрдүм. Анда ата- энемдин үйүндө каза болуп калыпмын. Менин сөөгүмдүн жанында баары ыйлап олтурушат. Мен: "Өлгөн жокмун, мына мен",- деп кыйкырып жатам, эч кимиси көрбөй койду. Менден бөлүнүп, өзүнчө жаткан денемди майрам сууга алып, кепиндеп көөмп салганын да көрдүм. Мен болсо сыртта калдым. Эми денеме кантип кирем деп кайгырып жатып ойгондум. Өзүмчө ичээр суум бүтүп калган экен деп ойлогом. Бирок, кайра бир жумадан кийин түш көрсөм, мени ак кийинген адамдар кармап туруптур. Кете албай "Коё бергиле!" деп жатыпмын. Бир ак сакал келип: - Эми коё бергиле, - деди да: - Эй бала, сенин ордуңа башка киши кетти. Мечитке барып кызмат кыласың,- деди. Энем: Бул жакшы түш экен,- деп жоруп, мечитке барышым керектигин айтты. Мен мечитте жүрүп, кийин беш кандидатуранын ичинен Кудайдын буйругу менен шайык болуп калдым.
- Сиз азыр арапча окуй аласыз да?
- Ооба.
- Кимден үйрөндүңүз?
- Түш аркылуу. Эки молдоке түшүмдө мага кадимкидей сабак өттү. Балким башкалар үчүн бул болбогон бир кептей туюлушу мүмкүн. Бирок, кээде түшүмдө бир укмуш кереметтерди көргөм. Ажылыкка бара электе эле Каабада намаз окугам. Андан сырткары, Ирусалимде, Асман мечитинде да намаз окугам.
- Бул абдан кызык экен. Сиздин табыпчылык менен алектенгениңизде да сыр болсо керек?
- Мен дубаларды окуп дем салам, Кудайыман жардам берүүсүн чын ыкласыман сурайм. Шыбаа берүүчү - бир Аллах деп ишенем. Ошондуктан мага келгендер оорусунан айыгып кетет. Жакында эле бирөө келиптир. Караколдун, Бишкектин да дарыгерлери жүрөк оорулуусуң деп айтыптыр. Мен аны көрүп:- Бул оору жүрөгүң түшкөндөн болгон,- десем ишенбейт. Дем салып, жүрөк куйдум. Кийин Караколдун дарыгерлери " жүрөгүң таза" десе ишенбей Бишкекке барыптыр, ал жактан да ушундай жооп угуп келип, мага ыраазы болду.
- Сиз жин аралагандарды да айыктырат экенсиз, кара дуба окуган күндөрүңүз болду беле?
- Мен кара дуба окуганды билем, бирок эч убакта окуган эмесмин. Албетте, кайрылгандар болот. Ар түрдүү себептерди айтып келишет. Бирок, - Аллах кимди жакшы көрөт? - деген суроого - Сабырдуу болгон пенделерди жакшы көрөт,- деген жооп болгон. Ким сага канча жамандык жасаса, ошого сабыр кылып, тескерисинче алар үчүн дуба окуп: - Ээ, Кудай, ушу пендеңдин күнөөсүн кечир, - деп койсоң, эки эселеп сооп жазылат. Мен "Касыйда" окуган чоң молдолор менен көп жүрдүм. Алар: - Эң биринчи эле напсиңен сактан, өз напсиң өзүңө коркунучтуу жоо болот,- деген. Мен миллион сом берем десе да, кара дуба окубас элем, анын сурагы өтө чоң.

Маектешкен
Жумагүл БАРКТАБАСОВА