Уранга ууланган Майлуу- Суу

Учурда Кыргызстанда ар кандай химиялык уулуу зат менен ууланган, экологиялык абалы өтө оор деп эсептелген бир катар кооптуу жерлер бар. Андай чектен чыга булганган жерлердин ана башында Жалал-Абад областындагы Майлуу-Суу шаары турат. Эсил кайран СССР учурунда Майлуу суу шаарында эле 30 миңден ашуун эл жашаган болсо, азыркы учурда Майлуу- Сууда жана анын тегерегиндеги айылдарда баары болуп 22 миңге жакын калк жашайт. СССР кезинде Москва Майлуу - Сууга элди жыш отурукташтырып, шаар статусун берип, шаарды талапка ылайык гүлдөткөнүн бирден-бир себеби - Майлуу- Суу жергесиндеги уулуу уран кенине тыгыз байланыштуу болгон. Бир сөз менен айтканда, Москва Жумгалдагы өз кезегинде атагы алыска тараган Миң-Куш шаарчасын кандайча өз көзөмөлүнө алса, Майлуу-Суу шаарын да ошондой эле жеке көзөмөлүнө алган. Ал кезде чынында Миң-Куштун да, Майлуу - Суунун да атагы таш жарып, жергиликтүү эл жакшы жашоодо жашады. Башка социалдык объектилерди эсепке албаганда да, эки шаарга тең миңдеген адамдар иштеген чоң заводдор курулган. Атап айтканда, Миң-Кушка "Оргтехника" заводу курулса, Майлуу-Сууга "Майлуу-Суу Электр Лампа" (МСЭЛЗ) заводу курулган. Союз ураганы "Оргтехника" заводу кошо "урап", түп орду менен жоголсо, МСЭЛЗ болсо, азыр мурунку күч кубатынан тайып, "иши кылып иштейт" деген абалда көн кечирип келет.

Майлуу - Суу атом
бомбасын жасоого
катышкан

Согуш жылдары Москва Майлуу-Суудагы уран кени бар экенин иликтеп чыгып, ал жакта чалгындоо иштерин жүргүзгөн. Согуш бүтөр менен бардык күчтү, каражатты аябай ал жактагы уран кенин жогорку ылдамдыкта казып ала баштайт. Буга ошол кездеги төмөнкүдөй саясат оюну себеп болгон десек болот.
1945-жылы май айында фашисттик Германия СССРден талкаланган соң, дүйнө жүзүндө геосаясий кырдаал кескин түрдө өзгөрүп, дүйнөлүк аренада таасир жана тараза ташы кимге оойт деген мыйзам ченемдүү суроо туулган. Албетте андай даражага жетүү максатында алдыга эки ири империя: СССР менен АКШ чыгып, ортодо "муздак согуш" доору башталып, айрым бир учурларда көшөгө артында көрүнө да, көмүскө да түрдө ар кандай оюндар болуп келген.
Дүйнөдө теңдеши жок, талкалагыч , ал тургай жырткычтык күчкө эгедер мүнөздө сыпатталып келе жаткан аты жаман атомдук бомба куралын даярдоо демилгесин алгач фашисттик Германия колго алган. Бирок Германия бул жаатта өз максатына жетпей калган. Кокус Адольф Гитлер эки тизгин бир чылбырды мыкчып, беш манжасынан канды шорголотуп агызып турган учурда атом бомбаны жасоого үлгүрсө, анда дүйнө тарыхы таптакыр башка нук менен кетип, дүйнөнүн далай өлкөсү Гитлердин атом бомбасынын курмандыгына айланары турган иш болмок... Бирок атом бомбанын алгачкы автору болуп Америка аталып калды.
А
КШ 1945-жылы алгачкы атом бомбаларын сыноо иретинде Япониянын Хиросима жана Нагасаки шаарларына таштап, аталган шаарларды талкалап, миңдеген бейкүнөө адамдардын курмандыкка чалганы тарых барагында кара так менен жазылып калды. Чынында Американын бул сыноосу бүт дүйнөгө жана биринчи кезекте СССР империясына жасаган эскертүүсү эле.
Бирок СССР АКШнын мындай кара мүртөздүгүнөн коркуп калган эмес. Тескерисинче, атом бомба жасоо идеясын күчөткөн. СССРдин атомдук жашыруун программасы ага чейин, тактап айтканда 1942-43-жылдары согуш кызып турган маалда эле башталган. Бул ишти ишке ашыруу милдети НКВД башчысы Лаврентий Берияга тапшырылып, Иосиф Сталин өзү жеке көзөмөлдөп турган. Ошентип СССРдин алгачкы атом бомбасын жасоого Майлуу-Суунун жана Миң-Куштун руднигинен казылып алынган уран пайдаланылган. Албетте, ал кезде "дүйнөнүн тагдырын" чечип жаткан советтик бийлик кичинекей Майлуу-Суу менен Миң-Куштун экологиясына тиешелүү чараларды көргөн эмес. Уран алынуучу рудниктерде алгачкы жылдары немис туткундары иштесе, кийинчерээк алардын ордун өзүбүздүн абакта жаткан "зектер" алмаштырган. Анткени, Майлуу-Суудагы уран кендеринде уулануунун дозасы өтө күчтүү болчу.
АКШ СССРди атом бомбаны жакынкы жылдары жасай албайт деген жыйынтыкка келген. Чындыгында эле, Япониядагы сыноодон кийин өз күчтөрүнө ишенген АКШнын Ак үйүндө СССРге кол салуу планы да талкууланып, ал тургай алгач СССР аймагындагы 17 шаарды бомбалоо тууралуу сөздөр жүргөндүгү кийинчерээк ачыкка чыккан. АКШ гүм-жам кылчу шаарлардын алдыңкы катарына биздин уранга бай Майлы-Суу шаарын да киргизген.
А
том бомба жасоо иши кызуу жүрүп олтуруп, 1949-жылдын 29-август күнү Казакстандын Семипалатинск шаарында биринчи жолу СССРдин өзөктүк куралы сыналган. Ал жерде "20 тонналык атом бомба жардырылды" деген расмий маалымат тараганы менен, чындыгында 80 тонналык атом бомбасы жардырылганы кийинчерээк ачыкка чыкты. Маалымат катары, Америка да, СССР да, атомдук куралды жасоо ишинде немец окумуштууларынын "акылына" таянышкандыгын айта кетели.
Ошентип Майлуу-Суудагы уран менен Миң-Куштагы уран СССРди күчтүү державага айлантып, атом бомбалуу кылганы менен тарыхта калды. Уран Майлуу-Суудан да Миң-Куштан да 100дөгөн тонна казылып алынганы айтылып келет, чындыгында канча көлөмдөгү уран казылганы боюнча так маалымат жок. Себеби, бул маселе өз учурунда өтө жашыруун болуп эсептелген.
Б
ирок бул уран маселеси жалпы СССР кучагына камтыган өлкөлөрдүн эмес, жеке Россиянын гана пайдасына чечилген маселе бойдон калды. Ал эми Россияга ошончо пайда алып келген биздин алыскы Миң-Куш менен Майлуу-Суу шаарларыбызда казылып алынган урандын азабынан экология чектен чыга бузулуп, жергиликтүү элдин ден соолугун талкалап, эл жашоого мүмкүн болбой турган абалга жетти. Бул маселе бийлик тараптан талапка ылайык чечилбегенден кийин, ал жактагы карапайым эл кыргызчылыкка салып, ден соолугунун талкаланганына, өмүрлөрүнүн кыскарганына кайыл болуп жашап келишет. А, чынында байкуш элде эмне күнөө?
Майлуу-Суу дүйнөдөгү 3-орундагы булганган шаар

Ушу тапта Майлуу-Суу шаарында 23 уран калдыгы сакталган участок бар. Аталган шаарда 1946-1967-жылдары "Кыргызэлектроизолит" заводу уран калдыктарын иштетип келген. Ал завод иштеткен уран калдыктарын Майлуу-Суу дарыясынын оң жана сол жээгиндеги 23 участокко жана андан тышкары 13 тоо этектерине жалпы жонунан 2 млн. куб метрге жакын аянтка көмүлгөн. Сөздүн өтмө маанисинде айтканда, Майлуу-Суу шаары Кыргызстанда гана эмес, Орто Азияда эң коркунучтуу аймак болуп эсептелип, окумуштуулар тарабынан "кара тизмеге" алынган.
Мындан эки-үч жыл мурун АКШнын "Blacksmith" институту өздөрүнүн илимий иликтөөлөрүнө таянып, дүйнөнүн эң булганган 10 шаарынын тизмесин жарыялаган. Аталган институт бул жыйынтыкты дүйнө жүзүндөгү 1100 булганган очокторун изилдөөнүн негизинде чыгарышкан. Маалымат катары айта кетсек, булганган шаарлардын эң алдыңкы сабында Украинанын Чернобыль шаары турса, экинчи орунду Орусиянын Дзержин шаары ээлеген. Ал эми урандын калдыктары сакталган биздин Майлуу-Суу шаары 3-орунду "татыктуу жеңип" алган.

Азыркыга чейин шаарды уран калдыктарынан тазалоо маселеси чечилбей келет. Бирок буга чейин дүйнөдөгү эң абройлуу деп эсептелген МАГАТЭ, ОБСЕ, ООН сыяктуу эл аралык уюмдар Кыргызстандагы уран калдыгы көмүлгөн чуңкурларды рекультивация кылуу үчүн чоң суммадагы акча бөлүп келишкен. Тилекке каршы, ал акчалардын бир топ бөлүгү атка минер "азаматтардын" жеке чөнтөгүнө түшүп тургандыктан, уран калдыктар өз ордунан козголбой келүүдө. Бул көйгөйдү чечүүгө Дүйнөлүк Банк да бир нече жылдардан бери олутту көңүл буруп, уран калдыктарын тазалоо үчүн миллиондогон долларларды бөлүп келет. Маселен 2004-жылы 11 миллион доллар бөлгөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана жергиликтүү бийлик бул каражаттын 7,4 миллионуна уран калдыктары жергиликтүү калктын ден соолугуна зыян келтирбей турган башка жактарга көчүрүп, көмүү иштерин жүргүзүшкөн. Бирок бул акча Майлуу-Суудагы уран калдыктарын толук көчүрүүгө жетпейт. Жетсе, эң кооптуу деп эсептелген бир нече гана участокту тазалоого жетет. Бирок бул иш да өз кезегинде талапка ылайык жүргөн эмес. Мисалы, шаар тургундары Майлуу-Суу дарыясынын булганып жатканына нааразычылыгын билдиришкен. Тактап айтканда, эки жерде турган уран калдыгын башка жакка көчүрүү маалында жамгыр жааган кезде уран калдыктарынан дарыяга байкалбай агып турган. Ал дарыядан төмөн турган Ноокен районунун Кыла жана Бүргөндү айыл-кыштактарына агып баргандыктан ал жакта жашагандар уран калдыктарына булганган сууну ичүүгө аргасыз болушкан. Ошондой эле жергиликтүү тургундар шаардагы уу калдыктар калктын ден-соолугуна терс таасирин тийгизээрин, өзгөчө Сары-Бээ, Кара-Жыгач айылдарынын жашоочулары №3, №18-уран калдыктары ташылып жаткан жерди ачууга каршы экендиктерин билдиришкен. Майлуу-Суудагы уранга ууланып жашап жаткан калк көптөн бери өкмөттөн компенсация төлөп берүү талаптарын коюп келишет. Өкмөт болсо, "арабам сынба, өгүзүм өлбө" деген ураан менен эптеп күн көрүп келаткандыгына байланыштуу Майлуу-Суулуктардын талабын укса да, укмаксанга салып келет.

(Уландысы кийинки санда)

Айбек Шамшыкеев